Кыргызча аталыштагы көчөлөрдү Токтогула,
Баканбаева деп атагандарга кандай карайсыз?
Күмүшкан Султаналиева, мугалим:
- Токтогул Сатылганов залкар акын болгон. Кыргыз адабиятын окуган мектеп окуучулары, студенттер билет болуш керек.Орусча - кыргызчаны аралаштырып сүйлөгөндү мода көргөн студенттер Токтогула дешет.Ар бир нерсеге кылдаттык менен көңүл буруп, Токтогул көчөсү деп эле айтсак жакшы болмок .Себеби, ал адам биздин атыбызды Орто Азияга чыгарган.
Элдер Баканбаева дешет бирок, чынында Жоомарт Бөкөнбаев да туурабы? Муну дагы орусчага бурмалаштырып алганбыз.Бөкөнбаев мен сыйлаган, урматтаган, ырлары кандайдыр бир деңгээлде жүрөгүмөн орун алган адам.


Нурлан Токтакунов, аскер кызматкери:
- Олуттуу акын же поэт болсо керек.Таанымал болгону үчүн көчөгө ысымы берилген да. Мен деле орусча өсүп калганыма байланыштуу Токтогула деп эле айтам. Советтер союзунан кийин орусчалашып калганбыз да, ошол себептен тилибиз бурмаланып калса керек.Чыгармаларын деле билбейм. Өзүңөр билесиңер, шаардын мектептеринде кыргызчаны анчалык деле үйрөтпөйт.
Баканбай дагы чоң адам болгон, современный жашоодо аларды эч ким деле окуп кызыкпайт да, чынында ал адамдын чыгармаларын, өмүр баянын билбейт экенмин.


Жакыпбек Осмонакунов, Шаар тургуну:
- Баарыбыз эле орусча, англисче сүйлөгүбүз келет. Кыргызча сүйлөмөк тургай көчөлөрүбүздүн атын да кыргызча койгонду каалабайбыз. Жанагы Школьная, Рабочий городок жана башка ушул сыяктуу аталыштагы көчөлөрдүн бизге эмне кереги бар? Биз эмне кытай, орус же дунган белек? Мына дунгандарды карайлычы, бизге окшогон жери жок, ар кайсы жерде күн өткөрүшөт, бирок тилин-дилин унутпайт. А биздикилер бүгүн Токтогул деген ким болгонун, эмнеге анын ысымы Борбордун чоң көчөсүнө коюлганын жаштар эмес, орто жаштагылар деле билишпейт. Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы фонтанда кыз-жигиттер көп эс алышат. Жап-жаш кыздар келип тамеки чегишип, жалжаңдап олтурушат. Бирок, көпчүлүгү Токтогул ким экенин билбейт.
Кыргыздар "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" -дейт. Демек, аларды ата-энеси ошентип, кыргызга жугумсуз кылып тарбиялаган. Өзүнүн кыргыз экенин билбеген адам, эч качан Жоомарт Бөкөнбаевди изилдеп окубайт. Мен айтат элем, урматтуу ата -энелер наристелериңерди туура тарбиялагыла, бүгүнкү жаштар эртеңкинин келечеги.


Бекказы Кайыпбек уулу, студент:
- Башкаларды билбейм, мен "Токтогул көчөсүнөн токтоңузчу"- деп эле айтам. Токтогул атабыздын эң мыкты акын болгонун билем.
Жоомарт Бөкөнбаев акын-драматург. Анын чыгармаларын мектеп окуучуларынан баштап, студенттерге чейин кызыгып окушат деп ойлойм. Анан көчөлөрүбүздү да өз атынан атаганыбыз эле оң болмок. Экиленип эркелетпей эле.


Тунук Тулкунова, студент:
- Маршруткага түшкөндө эгер айдоочу орус болсо, "Токтогуладан токтотуңузчу" деп айтам. Кыргыз болсо Токтогул көчөсүнөн деп эле айтам. Көп эле байкайм, маршруткадан элдер көчөлөрдү аялды атап жаткандай болушат. Бул нерсе албетте, мени өкүндүрөт. Токтогулдун күүлөрүн бүгүнкү күнгө чейин чертип келебиз.
Жоомарт Бөкөнбаев акын- жазуучу болгон. Бул адамдын көп ырларын окугам. Маршруткадан кызык окуяга туш болгом.Эки шаардык кыз бири-бирине Бөкөнбаев көчөсүнө жетели деп калганда "Баканбаева деген аял ким болду экен?"- дейт. Анан айдоочуга "ББдан дан токтоп коюңузчу"- деп түшүп кетишти. Бүгүнкү күндө шаардын жаштары жашап жаткан көчөсү кимдин атынан коюлгандыгын билбей, аял же эркек экенин да айырмалай алышпайт.


Кошой Станбеков, Спортсмен:
- Токтогул Сатылганов кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын. Айтыш өнөрүн өмүрүнүн акырына чейин улантып, насаат айткан. Акын өз мезгилинин көрүнүктүү комузчусу да болгон. Миң кыял, Алымкан аттуу күү, обондорун жакшы билем. Ал мыкты комузчу да болгон. Бүгүнкү күндө жаштардын ал адамдын ким экенин билбегени, өтө уят. Күндө өткөн көчөбүздүн кайсыл адамдын ысымынан коюлганын билбесек, башка улуттарга таарынып эмне кылабыз. Мен Эл аралык университетте окуйм. Группалаштарым, дегеле студенттердин баары орусча сүйлөшөт. Кыргызча сүйлөгөн жаштар аз гана өлчөмдө.
Жоомарт Бөкөнбаев да залкар акын-жазуучуларыбыздын бири, драматург болгон. Бул адамдын атын дагы эч ким сыйлабайт. "Ө" деген тамганы айткандан уялган кээ бир кыргыздар "Баканбай"- дешет. "Баканбай"- деген да сөз болобу? Айылдан эч нерсе билбей келгендер деле ошентип аташат. Кулакка жаман угулат. Бул маселени туура көтөрүптүрсүңөр. "Алиби"гезитинен окуган соң, балким айрым намыстуу окурмандарыбыз ойлонушаар.


Марина Сырдыбаева, китепканачы:
Токтогул Сатылганов акын болгон да. Азыркы күндө көчөлөрдү кыргызчага которобуз деп жатышат. Бирок, аны которгон күндө деле эч ким кыргызча атабайт.
Которулган көчөлөрдү атап өтсөм, мына Совет көчөсүн Абдрахманов деп которушту. Аны эч ким кыргызча айтпайт. Карл Маркс, Белинский баары эле эски аталышы менен аталып жатпайбы .Ошондуктан, ар бир адам өз ичинен которуу жүргүзүшү керек. Муну биз кыргыздар өзүбүз колдоп кетишибиз керек эле. Чоң көчөлөрдүн бирине Чыңгыз агабыздан ысымын ыйгарып койсо. Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы бир да көчө жок.
Баканбаева деп союз учурунда кандай аталса, ошондой эле бойдон. Биздин чоңдор телевизорго чыкканда кыргызча сүйлөмүш болушканы менен, эшикке чыкканда эч нерсе жок. Баары иш кагаздарын орусча жүргүзүшөт. Анан кантип кыргыз тили өнүгүп-өсөт, колубуздан эч нерсе келбейт?!


Максат Кудайбердиев, студент:
Кыргыздын залкар инсанынын атынан коюлуп жатса, Токтогул Сатылганов деп эле аташ керек да. Залкар адамдардын ысымын, келечектеги жаштар унутпай билип жүрсүн деп коюлду да. Мындай асыл баалуулуктарыбызды өзүбүз баалабасак, орустар келип баалап береби? Ованы кошуп сүйлөгөндө эмне, кадыр баркыбыз көтөрүлүп жатабы? Тескерисинче кыргыз тили жоголуп, башкалардын алдында алсыздыгыбызды көргөзүп жатабыз. Токтогулдун идеялары азыркы күндө эң керектүү жан дүйнө азыгы болуп жатканы талашсыз. Бирок, аны түшүнүп окугандар аз.
Жоомарт Бөкөнбаевди билбей коюу уят.


Байгазиева Салтанат, жеке ишкер:
- Токтогул Сатылганов, комузун колдон түшүрбөгөн төкмө акындардын бири болгонун билем.
Көчөлөрдүн аталышын кыргызчалаганыбыз менен, баары бир көпчүлүк орусча вариантын айтышат. Себеби, биздин жүрөгүбүз кыргыз деп сокпой калган. Автобуска түшүп кокус " Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн токтотуп коюңузчу"- десең ичиндеги жүргүнчүлөр "ой айылдан келген "коха" го" дегенсип, бардыгы карап калышат. Анан айла жок "Баканбаева" - дейсиң да. Биздин идеологиябыз ошол нукка бурулуп калган.

Даярдаган Руслан кызы Акбермет