Түбөлүктүү достор болбойт, түбөлүктүү кызыкчылыктар гана бар

Ж а р а к а
2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын түз да, кыйыр да уюштуруучуларынан жана демилгечилеринен болгон "Ата Мекен" менен СДПКнын ортосунда жарака кетти. Кыргыз парламентине Бакиев бийлигин кулаткан оппозициянын өкүлдөрү катары келген бул эки фракция Жогорку Кеңеште коалиция түзүү учурунда бириге алышкан жок. Ошондон бери айдан ай, күндөн күн өткөн сайын алардын ортосундагы жарака чоңоюп баратыр.


Бүркүттү тээп салууну көздөгөн ителгиден бетер, "Ата Мекен" фракциясы "Республика" фракциясына тиш салып, анын бошоң жерлерин кармалап көрдү. Пирматов туурасындагы Текебаевдин билдирүүсү жөн-жай эле жеринен пайда боло калган жок. Текебаев кыргыз саясатына тээ атамзамандан бери аралашып, тиш кагып калган саясатчы. Кимге кай жагынан кол салышты жакшы билет. Далай-далай бөрү саясатчылар ага баш тоголотуп, аңчылыкка үйрөнгөн. Аны эске албаганда, ал саясатка адеп келгенде эле, батыл аралашканы белгилүү. Андан бери канча өттү. 1990-жылдардагы Текебаев менен азыркы Текебаевди салыштыруу мүмкүн эмес. Эки Текебаевдин ортосунда асман менен жердей айырма бар. Ал эми Текебаевге салыштырмалуу Пирматов али сары түлөк балапандай. Текебаев саясатка түз эле мектептен, мугалимдиктен таза келсе, Пирматов саясатка бизнестен келди. Пирматов "Кыргызнефтегазда" иштеген жылдарымда таза иштегем, таза жүргөм деп актанып жатпайбы. Чындыгында, мындай да, саясатта ушу - ким канчалык актанган сайын анын тегереги, коомчулук ага ошончолук шектүү карай баштайт. Анүстүнө, Пирматов Карл Маркстын айтылуу: "Коомдо жашап туруп, андан четте болуу мүмкүн эмес" деген афоризмин унутуп жатат окшойт. Бизнес бар жерде, өндүрүш бар жерде, дайым эле мыйзамдын түз сызыгынан четтебей, анын ар бир тамгасы менен болуу кыйын. Бизнесмендер ыйлап жүрүшпөйбү, айла жоктон айрым иштерди көмүскө жасоого туура келет, эгер салыктардын баарын төлөп олтурсаң, анда өзүңө эч нерсе калбай калат деп. Демек, бизнес жүргөн жерде анча-мынча болсо да, сөзсүз мыйзамдан четтеген жерлер болбой койбойт. Бул мыйзам ченемдүү. Жок дегенде, айлык акыларды төлөй келгенде, айлыкты аз көрсөтүшүп, ошондон да үнөмдөшөт. Биз, албетте, Пирматов да башкалар жасаган финансылык тартип бузууларга барды дегенден алыспыз, бирок, "Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болууга мүмкүн эмес". Бизнестен саясатка келген Пирматов түгүл, Текебаевге Акаев бийлиги тушунда кайсы бир финансылык ишке кириптер экени, канча бир миллиондор менен байланышы бардыгы тууралуу айыптар коюлган. Бул факты тууралуу Пирматов билбесе да, биз билебиз. Акаевдин жападан жалгыз оппозициясы болгон Текебаев Акаев жөнүндө сын айткан сайын, бийлик да Текебаевдин ошол миллиондорго катыштыгы тууралуу аргументти көтөрүп чапчу. Өмүрбек мырза унчуга албай калчу.
Өмүрбек мырза катыштыгы бар делген ал ишке караганда, "Кыргызнефтегаз" эмне деген чоң ишкана. Пирматов түгүл бизнеске эч кандай катышы жок Кубатбек Байболов деле Нуржамал Байболова деген "тууганы" бар болгон үчүн, моралдык-этикалык жагы эске алынып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлук кызматынан кетти.
Чындыгында, кеп Пирматовдо деле эмес, "Кыргызнефтегазда" да эмес. СДПК менен "Атамекендин" ортосунда бириккис жарака кеткендигинде. Алдыда келе жаткан президенттик шайлоого карата даярдыктар эмитен башталгандыгында. Бирок, мунун баары биригип келип, парламенттеги коалиция түзүү менен байланышкан СДПК, "Ата Мекен", "Республика" фракцияларынын ортосундагы таарынычтарда жатат. Алгачкы бул аталган үч фракция коалиция түзүп, Текебаевди төрагага шайларга келгенде, "Республика" фракциясы аркылуу келген айрым депутаттар Өмүрбек мырзага каршы добуш берип коюшпады беле. Депутат Пирматов ошолордун бири менмин, Текебаев ошон үчүн менден өч алгысы келип жатат дебатат. Чындыгында, Пирматов менен эрегишсе, Өмүрбек Текебаев Текебаев болбой калбайбы. Ал антип улуу башын кичик кылбайт. Мында жарака андан алдаканча терең. Биерде, лидерликтин тегерегинде талаш-тартыш жүрүп жаткандай. Ошондон улам, СДПК фракциясы артында турган Премьер-министр Атамбаевди алсыратыш үчүн "Ата Мекен" анын өзүнө, же СДПК фракциясына эмес, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана анын артында турган "Республика" фракциясына "бүткүл фронт" боюнча чабуул жасабатышат. "Фронт" болгон жерде сөзсүз жоготуулар болот. Бүгүнкү факт мындай, биринчи жоготуу "Атамекенчилер" тарапта болду. "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов ээлеген кызматынан кетти.
Жыгылган күрөшкө тойбойт. Саясатта да дайыма ушундай. Бийлик үчүн бардыгына кайыл болуп күрөшүш керек. Акаев менен Бакиев бийлигине "түбөлүк оппозиция" болуп келген Өмүрбек Текебаев жана анын партиялаштары бул жолу да келген ооматын тарттырып жибергенин эми моюнга алып, кайрадан саясый күрөшкө аттанып жатат десек болот. Бирок, бул жолу алар кечээ эле фронттун бир тарабында өзүлөрү менен ийиндеш жүргөн Атамбаевге каршы ачык чыгыша алышпаса да, Бабанов жана анын артында турган "Республика" фракциясына чабуул жасоо менен Атамбаевге укурук ыргытып коюшту. Азыр берки тарап кандай кабыл алат, кандай жооп берет деп күтүп жатышат. Байболов Башкы прокурорлуктан кеткен менен, ал өзү менен кошо берки тарапка жооп кылуу иретинде Кыргызстанды солкулдата турган компроматтарды ала кеткени түшүнүктүү. Эми ал колунда бийлиги жок туруп бийликте тургандагыдан да күчтүү бийликке ээ.
Акыркы саясый жүрүштөргө караганда, "Ата Мекен" менен "Акшумкар" бириге турган өңдөнүп калды. Бул 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын бир жылдыгын белгилегенде ачыктан ачык байкалып калды. Ата-Бейитке барып, курман болгон 87 эр-азаматтын арбагына куран түшүрүү зыйнатында кечээги достор, бүгүнкү эки жээктегилер бирге болушкан менен, "Атамекенчилер" менен "Акшумкарчылар" эски аянтта чогулушуп, андан кийин Ала-Тоо аянтына келишти. Бул байкаган адамга кечээги пикирлештер ортосу улам ажырап баратканын айкындап турат. БЭКтин башында турган Азимбек Бекназаровдун кадамы кандай болот, бул азырынча белгисиз. Айрым саясый көзү ачыктар аны Жогорку Кеңештеги Президенттин өкүлү болууга кудалап бүтө электе эле, ал ал орунга отуруп калды. Анткен менен, алдыдагы Президенттик шайлоого карата "Ата Мекен" менен "Акшумкардын" тегерегине Мухтарбек Өмүракунов менен Аликбек Жекшенкулов башында турган альтернативдик өкмөт менен альтернативдик парламент келип кошулушу толук ыктымал.
Кантсе да, түпкү максаттары бир эмеспи, президенттик шайлоого "Ар-Намыс" менен "Ата-Журт" бир мунасага келишет. Ушул позициядан алганда, СДПК менен "Республиканын" жолу бир. Эми мунун баарын убакыт көрсөтөр, түбөлүктүү достор мына ушундай түбөлүктүү кызыкчылыктарды көздөп, ал ортодо ортодогу жарака күн санап чоңоюп баратат. Кечээ эле билинбеген жарака бүгүн көзгө даана көрүнүп тур. Муну алчы-таасын жеген саясатчылардын эле эмес, карапайым адамдар деле көрүп-билип турат деп ойлойбуз. Эмнеси болсо да, түбөлүгү түз болсун. Биз а, же бу дегенден бир нерсе өзгөрүп кетмек беле?
Биз бир гана нерсени ачык айта албайбыз, кандай гана түбөлүктүү кызыкчылыктар болбосун, ал атажурттун, мамлекеттин бүтүндүгү, элдин эртеңкиси алдында, эч нерсеге арзыбайт.

Болотбек Таштаналиев




  Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң

Парламенттик башкаруу бактыбызбы, же шорубузбу?
Акаев бийлигинин оппозициясы, а мүмкүн анын ичинде Өмүрбек Чиркешович да бар болсо керек, "Бу окумуштуу президент Кыргызстанды эксперименттик аянтчага айлантып иймей болду" деген маанайдагы сындарды көп айтышар эле. Ырасында да ошондой эле, ал жылдарда Кыргызстан мамлекетти башкаруунун эксперименттик аянтчасына айланганы да ырас. Азыр эксперименттер өтпөй калдыбы дейин десең, Акаев кетсе да, анын ачыткысынан жаралган тукумдары ал баштап кеткен эксперименттерди чыгармачылык менен улантып жатышат.
Кыргызстанга мамлекетти башкаруунун парламенттик-президенттик формасынын киргизилиши кайрадан эле баягы эксперимент улантылып жаткандыгынын ачыктан ачык далили эмегенде эмне? Анан да буйтактатпай айтып коюу керек, саясатчы мырзалар өздөрүнө карап эле, көп партиялуулук, парламенттик башкаруу системасын киргизип алышып, колдорун ушалап кудуңдап жүрүшөт. А эл буга ачык эле нааразы. Эл арасында көз караш түз эмес. Өткөндө: "Орустар "бөлүп-жар да анан башкара бер" деп коюшат. Сырткы күчтөр Кыргызстанды дал ошентип бөлүп-жаруу жолу менен башкарып жатат. Башкарганы ошо. Алгач Кыргызстандын жерин бөлдү, жерди жеке менчикке берүү урааны менен. Конституцияда Кыргызстандын аймагы - территориясы бөлүнгүс деп, ак-карасынан жазылып турат. А биз аны сырткы күчтөрдү уктук да бөлүп салдык. Анан Кыргызстанды диний ишенимдери боюнча бөлүштү, улам бир сектасын жиберип. Мындан кыргыздын үй-бүлөсү бузулду, атасы мусулманмын десе, баласы баптист, кызы ... болуп. Андан көп өтпөй көп партиялык системаны таңуулашты. Кыргыздын мурдунан тынган жигиттери менен кыздары көчөнүн бурчуна камок ачкансып, бирден саясый партия каттатып, анысына үй-бүлөсүн, урук-туугандарын, ойношторун мүчө кылып каттатып алышты. Эми минтип парламенттик башкаруу системасы кирди. Мына эми парламентти карап алгыла, ит менен мышыктан бетер ыркырашып-чыркырашып жатышат. Ушул бизге керек беле? Көп партиялуулук жана парламенттик башкаруу Батыш мамлекеттери тарабынан бизге таңууланган нерсе экенин саясатчылар түшүнбөсө да, түшүнгүсү келбесе да карапайым эл, биз түшүнөбүз.
(Уландысы 6-бетте)