Космонавтика күнүнө карата

Адамдын космоско
учканына 50 жыл толду
СССР мезгилинде кичинекей балдардан "чоңойгондо ким болосуң?"- деп сурашса, көпчүлүгү "космонавт же летчик болом"- деп жооп берчү эле. Эмнегедир, азыркы муундун өкүлдөрү бийиктиктен коркушабы же акчасы аз дегениби, айтор "юрист, экономист, банкир же бизнесмен" болууну калашат. Космос тууралуу сөз кылганыбыздын башкы себеби, ошол эле Союз мезгилинде 12-апрелди кадимкидей майрамдап, эң алгачкы учкуч Юрий Гагарин тууралуу кененирээк сөз кылар элек, эсил кайран СССР таркап, ар бир мамлекет өзүнчө эгемендүүлүк алган соң, аталган майрам да унутта калып бараткандай.
Бул дата 1961-жылы Гагарин биринчи ирет Казакстандагы Байконур космодромунан космоско учкан күндөн тарта белгиленип келет. Быйыл адам баласынын алгачкы жолу космоско учканына туура 50 жыл толот экен.
Ушундан улам, үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясында атайы резолюция кабыл алынып, 12-апрель мындан ары расмий түрдө эл аралык майрам катары белгиленмекчи. Аталган резолюцияга 60тан ашык мамлекеттин өкүлдөрү кол койгонун белгилеп кетмекчибиз.
Эске салсак, Ю.Гагарин 1934-жылы 9-мартта туулуп, 1968-жылы 27-мартта учакта машыгып жатып, табышмактуу шарттарда каза тапкандыгы айтылат. Бүгүнкү күнү анын сөөгү Москванын Кызыл аянтында Владимир Лениндин сөөгүнүн жанында жатканын айта кетмекчибиз. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин, СССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келгендигин баса белгилеп кетмекчибиз.




  Сыймыгыбыз

Кыргызстандык Гагарин
Бүгүнкү күнү Кыргызстандык жарандарыбыздын ичинен эң жогорку бийиктикке чейин көтөрүлгөн инсан ким десе, баарыбыз бир ооздон Оштун Өзгөнүндө туулуп-өскөн Салижан Шариповду айтаарыбыз талашсыз.
Салижан мырза алгачкы жолу 1998-жылы 23-январда космоско көтөрүлүп, андан 31-январда гана жерге түшүшкөн. Экинчи жолу 10 адамдан турган космонавттын командири болуп, 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин космосто болгон. Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттердин бир канча жогорку сыйлыктарына ээ болгон.
Салижан мырзаны жакындан тааныгандар аны өтө боорукер, колунан келсе жардамын аябаган жылдыздуу адам катары сыпаттап келишет. Учурда, ал бир кыз менен бир уулдун бактылуу атасы.




  Көз көрүүгө үлгүрбөйт

Жер планетасынын ылдамдыгы канча?
Окумуштуулар аныктап чыгышкан маалыматка таянсак, жер шары секундасына 305 километр ылдамдык менен Күндү айланып турат экен. Сиз ушул сүйлөмдү окугуча эле, канча деген километр узактыкка узап кетээриңизди элестетип көрдүңүзбү?




  Келип, көрүп кет!

Балбандар таймашы өтөт
Шаршемби, 13-апрель күнү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтмөкчү. Анда биринен бири өткөн балбандар күч сынашуу үчүн килем үстүнө чыгып, мөөрөй талашмакчы. Биринчи орунду жеңгендер "спорттун чебери" деген ардактуу наамга ээ болоору да маалым. Мындан тышкары, аталган мелдеште ийгилик жарата алгандар дүйнө чемпионатында да бактысын сыноого мүмкүнчүлүк алышмакчы.
Биздин маалыматка караганда, аталган мелдешке 55 килограмм салмак боюнча эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Тууганбай уулу Уларбек да чыгайын деп жатыптыр. Анын чоң спорттон кеткенине 4 жылдын жүзү болгон экен, эми ал кайрадан килем үстүнө кайтып келгени кубанарлык көрүнүш. Бирок, күчү толуп-ташып турган жаштар менен кармашуу Уларбекке оңойго турбаса керек. Эмнеси болсо да, күчтүүсү жеңсин демекчибиз.




  Бөрү карыса да бир койлук алы бар

Абышка сөзгө жыгылбайт!
Бир айылда аябай сөзгө чечен абышка жаш балдарды көргөн жерден эле чалып сүйлөп, тамашалай берчү экен. Жаш балдар канча аракет кылса да, абышканы такыр сөзгө жыга албай коюшат. Бир күнү эле балдардын бири "жигиттер тиги абышканын жалгыз ити өлүп калыптыр, көңүл айтымыш этип, сөзгө жыкпайлыбы?"- деп калат. Досунун сөзүн башкалары да туура таап, абышканын үйүнө жөнөп калышса, анысы көңүлү жок эшигинин алдында насывай атып олтурган экен.
Жигиттер кирип барып эле, "ага, итиңиздин арты кайырлуу болсун, анын жаткен жери жайлуу болсун, болду эми көп кайгыра бербеңиз!"- дешсе, муну уккан абышка "эй кемпир, чай даярдачы, Ак төштүн достору көңүл айтып келип калышкан экен"- деп тигилердин өйдө караган башын кайра дагы бир ирет жер каратыптыр.