Эл башынын эл билбеген тарыхы

Мен билген Назарбаев

Казакстанды 21 жылдан бери башкарып келе жаткан ажо Нурсултан Назарбаев тууралуу дүйнө коомчулугунда ар кыл пикирлер жаралып келе жатат. Батыш өлкөлөрү Нурсултан Назарбаевди советтик диктатор катары тааныганы менен Казакстандагы учу-кыйыры чексиз дүнүйө-мүлккө, кен-байлыкка көз артканынан улам, калп жылмайып мамиле күткөн өңдүү. Ал эми Россияда жана Орто Азияда бул инсанды өз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлогон чыгаан патриот катары санашат. Айрыкча кыргызстандыктардын Путин менен Назарбаевди жогору баалаганы факт.

Оратор Президент
Нурсултан Назарбаев ораторлугу боюнча дүйнө лидерлеринин алдыңкы сабында турат. Акыркы 20 жылда сөзмөр президентке жарыбаган кыргыз элинин Нурсултан Назарбаевге суктануусу да ошондон. Анын өзгөчөлүгү аудиторияны эч качан тажатпайт. Сөзүн уйкаштырып, баптап-таптап сүйлөйт. Ар бир мисалында дүйнөдөгү чыгаан ойчулдардын сөзүн мисалга тартып, сөзүн байытып сүйлөйт. Ошону менен катар казак калкынын даанышмандарын, акын-жазуучуларын, тарыхый инсандарын терең изилдеп чыккан. Учурдагы чыгармачыл интеллигенция менен тыгыз байланышта. Казак телелери Назарбаевдин чыгармачыл инсандар менен болгон жолугушууларын көп чагылдырат. Бир ирет "Хабар" телеканалына койсом Назарбаев улуттук интеллигенциянын каймактарын жыйып, казактын улуттук идеологиясын, эгемендүүлүк темасын талкуулап жатыптыр. Карап отуруп суктанат экенсиң. Баарынын оюн угуп, акырында сөз алган Нураке казактын идеологиясы эмненин негизинде куралаары тууралуу кенен сөз сүйлөдү. Казактын түпкү тарыхын, ким менен кошулуп, кимден бөлүнгөнүн, казак тилин дагы да байытып, аны сактап калуу үчүн акырындык менен латын алфавитине өткөрүү керектигин, а түгүл компьютердик клавиатуранын кайсыл тамгаларына кайсы арипти алмаштыруу керектигине чейин шурудай тизип айтып берди. Бир жагынан анын сөзмөрдүгүнө, 70 жашты белестеп калганына карабастан оюнун тунуктугуна, дүйнө таанымынын кеңдигине тан берсем, экинчи жагынан заманбап технологияларды, интернет ааламын, компьютердин аки-чүкүсүн терең түшүнгөнүнө суктандым.

"Назарбаев кыргыз экен"
Ушундай имиштер кыргыз-казак коомчулугунда кеңири жайылып келе жаткан кези. Кыргыздар аны кыргыз экен деп сыймыктанышса, айрым казактар ушинтип жээришет. Айрыкча Нурсултан Назарбаев экс-ажо Аскар Акаев менен куда болгондо мындай пикирлер казак коомчулугунда кеңири тарап кеткен. Бул жүйөөлүү пикир. Албетте Нурсултан Назарбаев кыргыз эмес, бирок анын эки чоң энеси кыргыз кыздары болгон. Жаш кезинде кыргыздар менен жанаша жашап, кыргыз жигиттерден дос күтүп чоңойгон Нураке Фрунзе шаарына да тез-тез каттап, республикалык архивден кыргыз акындары, санжырачылар, тарыхый инсандар тууралуу арбын маалымат топтоп турган. Токтогул, Жеңижок, Арстанбек, Барпы, Коргоол, Алымкул, Осмонкул, Ысмайыл ж.б акындардын чыгармаларынын көбүн окуп чыккан. Жаш кезинде эркин күрөштүн чебери болгондуктан кыргыздардын атынан күрөшкө чыгып намыс алып берген жайы бар. Көк бөрүгө кызыгып, кыргыздардын атынан казактар менен тартышып далай ирет тай казанга улак таштаганын курбулары айтып жүрүшөт.

Кеминдик кыз менен болгон махабат
Нураке кыргыз досу Марат Акматаев аркылуу анын аталаш эжеси Турган Абдыкеримова менен таанышып, жактырып калат. 1961-жылы ноябрь айында досу Мараттын үйлөнүү тоюна самолет менен учуп келген Нурсултан Тургандын ата-энесине барып алдынан өтүп, таанышканы менен кыздын атасы "кызымды алыскы жерге бере албайм" деп баш тартып коет. Атасынын ыгынан чыга албаган Турган бүтө элек окуусун шылтап, кыя албай кала берет. Ага өчөшкөн Нурсултан Тургандын комнаталаш дос кызы Зинаидага сүйүүсүн арнап, экөө үйлөнүү тууралуу кыялданышып, бир жума жүргөн соң Нурсултан Караганды шаарына кайрадан учуп кетет. Ортодо 1 жылдай кат алышуу болгондон кийин ал жерден жубайы Сара менен таанышып, 1962-жылы баш кошушкан.

Чыгармачыл жан дүйнө
Нурсултан Назарбаев чыгармачылыкка өтө берилген адам. Бул тууралуу коомчулук жакшы кабардар. Анын жан дүйнөсүнөн жаралган "Үш коңыр" аттуу керемет чыгарма учурда казак эстрадасынын көч башында жүргөн "Музарт" тобунун башкы репертуарына айланып, атагы артып турган чак. Жаш кезинде аккордеон, гитара, домбурада абдан чеберчилик менен ойногонун, романтикалуу ырларды аткарып келгенин курбулары эскерип жүрүшөт. Интернетте Нурсултан Назарбаев, Леонид Кучма жана Аскар Акаев Киев шаарында эл алдында украиндердин атактуу "Пидманула" аттуу ырын бериле ырдап жаткан видеожазуу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып келет. 1991-жылы Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген казак ажосу аны Кордайдан тосуп чыккан казак кызы ыраматылык Майра Керим кызынын ырдап жатканын көрүп, Аскар Акаевге: "Ой боордоштор, мен Кыргызстанга казактын ырын угайын деп келе жаткан жерим жок го. Мен кыргыздын ырын угуп, кыргыздын тамагын татуу үчүн келе жатам" деп тамашалаган экен. Анын каалоосун илгиртпей түшүнгөн Аскар Акаев дароо төкмө акын, ыраматылык Эстебес Турсуналиевди Ысык-Көлгө алдыртып, ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин Эстекебиз Назарбаев менен жакын катташып келген. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин эскерүүсүндө Назарбаев келген сайын резиденциясына Эстебес Турсуналиевди алдыртып, күндөп-түндөп ыр угуп, чогуу ырдап отурганда жанындай көргөн. Таңшыган үнү менен ташкындаган ыр берметин чууруткан Эстекебиз кыргыз-казак акындарынын достугун, кызыктуу тарыхын айтып берип казак ажосунун көңүлүн тапкан экен. Назарбаев ошондой эле казак акындары Кенендин, Үмбөтаалынын насаат ырларын домбурада созолонтуп ырдаганды жакшы көрөт. Кыргыз ырларынан "Сары-Ойду", Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр ырын" созолонтуп ырдайт.
Кыргыз калкына, Кыргызстанга болгон урматы бийик экени анын бизге жасаган мамилеси далилдеп турат. 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандагы курчуп бара жаткан кырдаалга кабатыр болуп кайрылуу жасап, кыргыз элин тынчтыкка чакырганы, Курманбек Бакиевдин 5 жылдык башкаруусундагы 2 жолку ант берүү аземинде тең чет өлкөлүк лидерлерден жалгыз гана күбө болуп, ак жол каалаганы, орус бийлигинин мисалын туурап кыргыз саясатчыларын чабыштырбастан, аларды чакырып, элдештирип, бир күчкө айландырууга жасаган далалаты анын кыргыз элине боордоштук менен кылган чыныгы мамилеси экенин аңдап билгенибиз дурус. Нурсултан Назарбаевдин: "Мен үчүн дүйнөдө жакшы көргөн эки гана эл болсо анын бири кыргыз, эгерде жалгыз гана эл болсо, ал дагы кыргыз боорлорум!" деген чын жүрөктөн чыккан сөзү кулагымда дале жаңырып турат.

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru