Керегем сага айтам, келиним сен ук!

Коррупционер менен таракандын эмне окшоштуктары бар?

К оррупционер менен тараканда эмне окшоштуктар бар? Эң биринчи окшоштук коррупционерлер да таракандар сыяктуу эле бат көбөйүшөт, тукумдашат экен. Айырмасы, таракандар өтө оор шарттарда жашаганына карабастан ылдам көбөйсө, коррупционерлер бардык ыңгайлуулуктары бар шарттарда жакшы көбөйүшөт. Адамзаты атамзамандан анысы менен да, мунусу менен да күрөшүп келатат. Таракандар менен күрөшкөн жеңил, кытайдын кырма дарысынан сээп койсоң, өлгөнү өлүп, өлгөндөн калганы жер оодарып кете беришет. Коррупция менен күрөш ага салыштырмалуу оор.

Коррупция менен канчалык күрөшүп, канчалык жоготобуз деген сайын, ажыдардын башындай болуп, бир башынын ордуна экөө өсүп чыгыбатканын карап олтуруп, жаныңан түңүлөсүң. Мунун өзү кээде коррупция менен күрөшкөндөн көрө күрөшпөй эле койгон оң болуп жүрбөсүн деген ойду пайда кылат. Анысы кандай, азырынча, азыркы бийлик коррупция менен күрөшүү тууралуу ооз ача элек, бирок, мунун өзү коррупциянын куйругу үзүлдү дегенди түшүндүрбөйт. Эгер калыстык үчүн айта турган болсок, коррупция менен мурдагы эки бийликтин тушунда күрөшүп келгендей болгон, кандай майнап чыкканын жакшы билесиздер, өздөрү коррупциянын анабашыларына айланышты да, Кыргызстанда коррупция болуп көрбөгөндөй чегине жетип, өздөрү анын курмандыгы болду.
Бийлик коррупция тууралуу оозанбаган менен, аныбыз түп орду менен жоголуп кетпептир. Өлкөнүн өкмөттүк эмес уюмдары Кыргыз Республикасындагы айрым коррупциялык схемалар тууралуу аналитикалык отчет даярдаган экен, ошондо ак-карасынан жазылып турат, мамлекеттик сатып алуулардагы, тендерлердеги коррупциялык схемадан эле Кыргызстанга жыл сайын 40-50 млн. АКШ доллары тегерегиндеги чыгаша келет деп. Демек, коррупция жашап гана эмес, гүлдөп жатат.
ӨЭУлардын тастыктаганына караганда, коррупциялык схеманын кеңири тараган жана жолго коюлган мисалы аффилирленген фирмалардын тендерге катышкандыгы болуп эсептелет. Тендер демекчи айта кетели, чынын айтыш керек, тендер бул биздин кыртышта пайда болгон "оокат" эмес. Тыштан импорттолуп келген "оокат". Бирок, биздин атка минерлер ушунча "таланттуу" эмеспи, тендерди чыгармачылык менен өркүндөтүшүп, жакшы деген нерсенин ит акмагын чыгарып салышты. Биздин кыртышта тендер терең тамыр байлап, жакшы өстү. Азыр тендер десе эле, прокуратура деле, салык инспекциясы деле, эсеп палатасы деле коррупция жыттанып турганын түшүнөт. Эмне үчүн дейсизби, эмне үчүн дегенде тендерге катышкан фирмалардын бирөө, же экөө ошол тендер тагдырын чечкен жетекчилерге тийиштиги болот, же тендерди уткусу келген фирмалар "колкесери" жок тендерди утуп алууга мүмкүн эмес экендигин жакшы түшүнүшөт. Баарыбызга белгилүү, Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо тууралуу айталы. Азыр адистер айтып жүрүшпөйбү, жол бардык стандарттарга ылайык курулган эмес, мынча тонна асфальтты жеп коюшкан деп. Биз буга ишенбей кое албайбыз. Бишкек-Ош жолунун реконструкция болгонуна төрт-беш жыл өтпөй, жолдун дээрлик бардык участокторунда өңгүл-дөңгүл жерлер пайда болгонун, кай бир жери таптакыр эле талкаланып калганын жолдон ары-бери өтүп көрүп жүрбөйбүзбү. Андан алда канча кийин курулган береги Суусамыр-Талас жолун эле карагылачы, курулуп бүтө элек жатып, асфальты четинен оюлуп, кайра ремонтту талап кылып калды. Дээрлик бир миллиард АКШ долларына жакын акча сарпталган Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас жолун курууда эмне үчүн чет өлкөлүктөргө артыкчылык берилген дегенде баягыл коррупциялык схеманын дал атасы, эң жаркын мисалы ушу экенине ынанса болот.
Кыргызстанда миңдеген адамдар жумушсуз жүрөт, жол кура турган ондогон мамлекеттик жол курулуш мекемелери ишсиз олтурат да, каяктагы бир атабыз тааныбаган чет элдик фирмаларга жолду курдуруп, реконструкция жасатып жатканыбыз кайсы кудайга жаксын деп далай эле ирет айтылды. Бишкек-Ош жолу жана Суусамыр-Талас жолу боюнча тендер өткөргөндөр аны угуп коюштубу? Же анда тендер өткөрүлүп жатканда, Кыргызстанда бийлик жок беле? Антейин десең, ошол тендердик комиссиянын башында өлкөнүн тагдырын мыкчып тургандар турду да. Көрсө, коррупция мурдун тыгып алган жерге ийне сайсаң өтпөй калат экен. Кыргыз чиновниктери чет өлкөлүктөргө эмнеге артыкчылык берет дегенде, көрсө алар тендерди утуп бергендерге канча бергенин эч убакта айтпай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат тура.
Эмнеге эле кызмат үчүн жанталашып жүгүрүп, кызмат орундары сатылып атат дейсиз? Эмне үчүн бизнесмендер саясатка аралашып жатат деп ойлойсуз? Себеби, коррупцияга баткан, белчесинен малынган бийликте акча жасоо, мамлекеттен тендер-мендерлер сыяктуу иш-чаралар аркылуу мыйзамдуу уурдоо бизнес жасаганга караганда алда канча жеңилирээк экен. Кол жоорутуп жумуш кылбай, тиги, же бу кызмат орунунда туруп, баш оорутуп, өз жанын азапка салып, чыгаша болуп, бир күйүп, бир пайда тапкан бизнесменге караганда, кызмат абалынан пайдаланып, калеминин учу менен, тендерлерге коюлган бир колу үчүн миллиондорду таап алуу жакшыбы, же жаманбы? Бизнеске караганда, бу алда канча жеңил оокат болуп жатпайбы.
... Коррупционерлер менен таракандарда окшоштуктар барбы? Бар! Эң башкысы, анысы да, мунусу да, зыяндуулугунан, санитардык талаптарга жооп бербегенинен мурда, өтө жийиркеничтүү. Качан болбосун, кускуңду келтирет.

Бек Мамашов




  Датым бар

Уюшкан кылмышкерлердин бирин жазалап,
калгандарын неге жоопкерчиликтен качырышууда?
2010 - жылдын 12-июну биздин үй-бүлө үчүн трагедиялуу күн болду. Ошол күнү атам Маматумаров Абдыалим түштөн кийин мечитке барып, намаз окуп, кечки саат бештерде үйгө кайтып келатканда, мурда өзү З.Ормонов атындагы орто мектепте чогуу иштешкен Мирсалимов Асылбек деген мас адам жолдон тосуп алып, чатак чыгарат. Көрсө ал ошол күнү мектептеги бүтүрүү экзаменине катышып, ал жерден аракка тоюп алып жолго чыккан экен. Мирсалимовдун атама тийишип жатканын апам көрүп, жүгүрүп барып, атамды андан арачылап үйгө алып келет. Бирок, арадан көп өтпөй Мирсалимов Асылбек иниси Мирсалимов Мансурду, баласы Жусупбеков Баатырды, аялы Мирсалимова Буркияны кошуп келип, биздин короодо дагы жаңжал чыгарышат. Атамдын жана апамдын Мирсалимов Асилбекке " мас экенсиң, сөзүң болсо башка күнү сүйлөшөлү, азыр үйүңө кетип калгын" дегендерине көнбөй атамды ургулап кирет. Аялы Буркия кайниси менен баласына "эмне карап турасыңар, ургула" деп тигилерди көкүтө кыйкыра атамдын ар жерин тыткылай баштайт. Апамдын жана кошуналардын арачалап, ортого түшкөндүктөрүнө карабастан агасы менен жеңеси атамды ургулап, тыткылап жатышканда Мирсалимов Мансурбек жерден таш ала коюп, атамды башка уруп жиберет. Кийин тергөөнүн жүрүшүндө анын салмагы 3 килограммдай таш экендиги аныкталган.
Атам ошол күндөн тартып бир айдай Баткен облустук ооруканасында оор абалда жатып, 5-июнда алган жарааттан каза болуп, артында он баласы жетим калдык. Атам кырк бешке жаңы гана чыкты эле. Бирде мугалимдиги менен алектенсе, бирде базарларга чыгып соода сатык кылып, бизди багып жүргөн. Сиңдилеримдин эң кичинеси бешке жаңы чыккандыктан апам үйдөгүлөрдү карап иштебейт. Ошентип биздин чоң үй-бүлө жападан жалгыз багуучусунан айрылып, эки миң сомго жетпеген жөлөк пулдун эсебинен өлбөстүн күнүн көрүп келе жатат. Бирок, "өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып" бизди өзгөчө майыштырып, кабыргабызды кайыштырган атамды өлтүргөндөрдүн бирөөсү , же аны таш менен урган Мирсалимов Мансурбек гана камалып, мас абалында жаңжалды баштап, адегенде атамды көгала кылып урган Мирсалимов Асылбектин жана анын "ургулалап" аларды көкүтүп, атама бир нече жолу кол көтөрүп, кийимдерин тыткан аялы Мирсалимова Буркиянын күнөөсүздөр катарында эсептелип, таптакыр кылмыш жоопкерчиликтерине тартылбай калгандыктары болууда. Райондук жана облустук соттор эмнегедир алардын кылмыштарын талдап тастыктагылары келбей коюшту эле , Жогорку Сотко ырахмат, биз апелляциялык арыз менен кайрылгандан кийин анын кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча коллегиясынын М.Осмонкулов төрагалык кылган курамынын мүчөлөрү Баткен райондук сотунун Мирсалимов Мансурбекти гана кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылуу жөнүндөгү 2010- жылдын 16 -сентябрындагы, облустук соттун 2010- жылдын 26 -октябрындагы өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти башка курамда кайрадан кароо үчүн Баткен райондук сотуна жөнөткөн. Бирок, райондук соттогу ушул жылдын 7 - апрелине белгиленген соттук кароо ишинин түшүнүксүз себептер менен белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылгандыгы гана биздин үй-бүлөнү тынчсыздандырып жатат. Анткени, мурда Мирсалимовдордун үй-бүлөсүндөгүлөрдүн айрымдарынын ар кимдерге "бирөөбүздү камашса да башкаларыбызга тийише алышпайт, тийиштүү адамдар менен ишти бүтүрүп койгонбуз" деп мактана коюшкандыктары бизге да жетип калчу. Ошондуктан чындап эле алар "тийиштүү адамдар менен сүйлөшүп коюшса" райондук сот бул жолу да ишти тигилер каалагандай чечип коебу, - дегендей күдүк ой баарыбызга уйку бербей жатат. Биз бир гана Мирсалимов Мансурбек камалып, калгандары четте кала бербестен атабыздын өлүмүнө тиешелери барлардын бардыгынын мыйзам алдында күнөөлөрүнө жараша жазаларын алууларын талап кылабыз.
Маматумаровдордун үй-бүлөсүнүн атынан:
Динара Абдыалим кызы,
Бишкек шаары