Генералдар көз жашка ишенбейт

Мекенди коргоочуну ким коргойт?

К ечээ жакында Лейлектеги "Катраң" чек ара тозотунда мекен коргоочусунун өлүмүнө алып келген каргашалуу окуя болуп өттү. Мекен алдындагы ыйык кызматын өтөп жаткан Абдыразак уулу Назарбек куралдаштарынын уставдык эмес, жырткычтык, мыкаачылык мамилесинен улам кайтыш болуп, анын ата-энеси кара кийинип олтурат. Назарбектин ата-энесинин көз жашын жүрөк оорубай карап олтурууга мүмкүн эмес.

Армияда мекенди коргоочуну мекенди коргоочулардын өзүнөн коргой турган кырдаал түзүлгөнү тарыхый факт. Эгер мекен коргоочуларды бири-биринен коргосок, анда мекенди ким коргойт? Эмне дейбиз, Мекенди коргоо ыйык милдет. Аны эч ким талашпайт да, жокко чыгарбайт да жана танбайт. Ал атадан балага, муундан муунга келаткан ата наасат гана эмес, атуулдук милдет жана мекен алдындагы эр жигиттин жоопкерчилиги. Арийне, бүгүнкү күндө, өзгөчө акыркы жыйырма жылда "Катраң" чек ара тозотундагыдай тозоктой каргашалардан улам, мекенди коргоочуну да коргош керек деген ары өкүнүчтүү, ары кейиштүү, бир сөз менен айтып түшүндүрүп бере алгыс парадокс пайда болду.
Ооба, эң өкүнүчтүүсү ушунда, бүгүн мекен коргоочусун тышкы душмандардан, же сакал-муруттары апсайган боевиктерден эмес, "Катраң" чек ара тозотундагы тозоктой окуя айтып тургандай, мекенди коргоочу менен чогуу кызмат кылып жаткан куралдаш досторунан, теңтуштарынан коргош керек экени эч кимге жашырын сыр болбой деле калды. Турмуштун бул ачуу чындыгы жашоонун реалдуулугуна айланганын, мекен коргоочуларын - бири-бирине жасаган уставдык эмес, жарым криминалдык, мыкаачылык, айбандык мамилелеринен коргош керек экендигин бүтүндөй кыргыз коомчулугу, анын ичинде кыргыз генералдары жакшы билишет. Анда эмнеге коомчулук да, генералдар да кыргыз армиясындагы уставдык эмес мамилелерди, солдаттардын бири-бирине жасаган мыкаачылык, жырткычтык, жарым криминалдык мамилелерин билсе да, билмексен, көрсө да көрмөксөн болуп, кайдыгер карашат? Эмнеге мекен коргоочуларынын арасындагы уставдык эмес, жарым криминалдык мамилелерин кан буугандай токтотуп, кыргыз армиясына темирдей бекем тартипти орното албайбыз?
Маселе мына ушунда! Эгер, кыргыз армиясын Советтик Армиянын мураскорлорунун бири катары карасак, "дедовщина" армияда мурда деле болуп келгенин моюнга алууга туура келет. Кыргыз Республикасынын эле эмес, Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө да ушу күндө "дедовщина" бар экени жакшы белгилүү. Бирок, бүгүнкү күндө армиядагы "дедовщина", уставдык эмес мамилелердин масштабы болуп көрбөгөндөй тереңдеп кетти.

Мунун бирден бир
себеби, мектеп рэкетиби?
Өлкөдө криминалдык кырдаал өтө курчуп, а түгүл мектеп рэкети гүлдөп өсүп, кечээги мектеп партасындагы балдар армияга кызмат өтөөгө келип жаткандыгында да деп ойлойбуз. Кыргызда "уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" деп коет. Андай болгондо, кечээ мектеп партасында мектеп рэкетинин тарбиясын алгандар армиядан аны логикалык жактан улантып, ары өркүндөтүп жатышат. Өзүнө өзү ишенген спортсмен болсо да, мектепте мектеп рэкетинин "жазылбаган мыйзамдарына" баш ийгендей, армияда да "дедовщиналыктын" мыйзамдарына кыңк этпей баш ийип, моюн сунууга туура келет. А мыйзам эле ушул: "Бүгүн сен "молодой" болуп, "деддердин" айткандарына кыңк этпей моюн сунуп, урса урганына унчукпай, мына ушундай болушу мыйзам сыяктуу кабыл алып, жооп кайтарбай көтөрүшүң керек. Анткени, эртең өзүң "дед" болосуң. "Молодойлордун" баары кол алдыңда болот. Ошондо өз кезегиңде, аларды камыр кылып жууруп, ылай кылып ийлесең болот. Армияда "деддердин" үстүнөн арызданган солдат "стукач" катары эсептелет. Ал эми "деддерге" кол кайтарган солдатты "деддер" эмес, өзүнүн эле "молодойлору" жазалашат. "Бирөө бардыгы үчүн, баардыгы бирөө үчүн".
Мектеп рэкети да мына ушундай принцип менен жашайт. Мектептеги абал армиядагыдан да оор. Ондогон өспүрүмдөр мектеп рэкети менен жападан жалгыз калып, анын кысмагына чыдабай, өз өмүрлөрүн кыюуга аргасыз болууда. Аны эмне, коомчулук билбейби? Билет, эң сонун билет. Бирок, мектеп рэкети да, армиядагы "дедовщина" да, коомчулуктун унчукпаган макулдугу, бийликтин кайдыгерлиги, генералдардын акмакчылыгы астында жасалып жатат.
Мектеп рекэтин тыйыш ошончо эле кыйынбы? Жок. Бирок, аны милициялар да, прокурорлор да, соттор да, бийлик да эч ким каалабайт. Болбосо, көрдүк го, бийлик кааласа, ОПГлар менен деле күрөшө алат экен го. Же кыргыз генералдары мурутунун түгүн али кыра элек сары ооз балдарды тартипке сала албайт дейсизби? Албетте, сала алат. Армияда өзү катардагы солдатка караганда, офицер көп, мундирдин намысы бийик жана ыйык болорун алар билбесе да, биз билебиз. Бирок, эч ким мектеп рекэти менен да, "дедовщина" менен көрүшкүсү жок. Жыл сайын мына ушу каргаша, кесепеттин айынан ондогон балдар өмүрлөрүн кыйып, ден соолуктарынан ажырап жатат. Муну эмне ата-энелер билбейби, мектеп билбейби, милиция билбейби, же армия билбейби? Билет. Бирок, карап туруп сокур, угуп туруп дүлөй болуп жатабыз.
Эртеби-кечпи, коомчулуктун, тартип коргоочулардын, генералдардын кайдыгерлиги бир чоң жамандыкка алып келет. "Деддерден" ыза көргөн солдат автомат колуна тийгенде, тиги ыза, кордук көрсөткөндөрдү барып, ит аткандай атып салган фактылар армияда көп эле болгон. Бүгүн болбосо эртең ал окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик кыла албайт! Эгер, бийлик жана коомчулук бүгүн мындай мыйзамсыздыкты, адамгерчиликке сыйбаган мыкаачылык, жырткычтык иштерди кан буугандай токтотпосо, канга кан, өлүмгө өлүм деп, өч алуу принциптери менен жашап калбастыгыбызга да кепилдик жок.
"Баласы үчүн ата-энеси, ата-энеси үчүн баласы жооп бербейт" дешет. Чындыгында, бул принцип туура эмес. Баласы үчүн ата-эне, ата-энеси үчүн баласы жооп бериши керек. Мүмкүн, мына ошондой болгондо, ата-энелер балдарын, балдары ата-энелерин тыйып, үй-бүлө бир бүтүндүккө келер.

Бандити көп мамлекеттин генералдары да ошончо көп болот дешет
Бизде деле генералдар аз эмес. Бирок, генералдар көп мамлекетте мектеп рэкети да, армияда "дедовщина" да гүлдөп өсүп жатат. Бул талашсыз факт.
... Абдыразак уулу Назарбек кайтыш болгондон эки-үч күндөн кийин, эртең менен саат жетилер чамасында жумушка баратсак, Арча-Бешикте автомат көтөргөн бир сержант, бир прапорщик, бир спортивка кийген жигит шашып-шушуп жүрүшкөн экен. Атайылап барып: "Бирөө качтыбы" деп сурасак, унчукпай баш ийкешти. Армиядан качуу дезертирлик катары эсептелет. Армиядан качкан солдат мыйзам алдында жооп берет. А солдат качпайын десе, армиядагы уставдык эмес мамиле, "дедовщинанын" айынан баталгага баш тосуп берип жатпайбы. Кандай кылуу керек? Буга генералдарыбыз эмне деп жооп берер экен? Бир жыл армияда кызмат кылуу жүз жыл тозоктун отунда жашоо барабар болуп жатса, байкуш балдар армиядан качпаганда, башка эмне аргасы калат?
Жолдош генералдар, армиядагы бардак үчүн качан жооп бересиңер??! Армияда мекенди коргоочуну мекенди коргоочулардын өзүнөн коргой турган кырдаал түзүлгөнү факт болсо, анда мекенди ким коргойт?

Болотбек
Таштаналиев