Кайсы үч партия?

Ахматбек Келдибеков:
"Эгер эртең шайлоо болсо, анын жыйынтыгын эч ким айта албайт"
Март революциясынын 6 жылдыгына арналган конференцияда Ахмат Келдибеков укмуштай кызыктуу билдирүү жасап, бирок алардын аттарын так атабагандыгы кызыгууну жаратууда.
"эгер Кыргызстанда эртең кайра парламенттик шайлоо боло турган болсо, анын жыйынтыгы кандай болорун эч ким айта албайт. Ооба, азыр Жогорку Кеңеште олтурган беш партиянын үчөө революциялык жол менен келсе, экөө андай эмес. Бирок, бул эч нерседен кабар бербеши керек. Демек, парламентке өткөн ар бир партиянын артында өзүнүн электораты (шайлоочулары) турат"- дейт спикер.
Бирок, Ахматбек мырза революциялык жол менен келген үч партиянын аттарын атабай кеткени көптөгөн табышмактарды туудурууда. Же ал, эл өзү анын жандырмагын жандырып, тапсын дегениби? Себеби, биздин билишибизче, "Ата Мекен" партиясы менен СДПК экөө гана революциялык жол менен келсе керек эле, а спикер айтып жаткан үчүнчүсү кайсы партия болду экен? "Ата-Журтпу", "Республикабы" же "Ар-Намысбы"? Биле албай турабыз, сизчи окурман?




  Акчанын эмес, майдын жоктугунан

Ыссык-Көлдө май куюучу станциялар жабылууда
Көл өрөөнүнүн борбору болгон Каракол шаарында күйүүчү майлардын тартыштыгынан май куюучу станциялар жабылып жатканы маалым болду. Ушундан улам, бензин саткан жайларда кезек күткөн унаалардын саны көбөйүп, АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 32ден 33 сомго, А-92 болсо 33дөн 34 сомго секирик жасаган.




  Камсыздамай

"Кумтөрдө" күн сайын
270 тонна бензин сарпталат
Кыргызстандын эң чоң салык төлөөчүсү болгон "Кумтөргө" күн сайын 27 тонналык 12 машине бензин ташып кирээри маалым болду.
Эгер күнүгө ушунча тоннадан май кирип турса, анда бир айда 9 миң 720 тонна май менен камсыз болушат экен. Бизди кызыктырганы, "Кумтөрдү" ким күйүүчү май менен камсыз кылып, андан түшкөн пайдалар кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы. Эми бул го килейген айсбергдин кичинекей гана бөлүгү, ал эми коомчулукка билинбей жүргөнү канча? Деги эле "Кумтөрдүн" айланасын казып көрсөк, өтө кызыктуу жана сенсациялуу маалыматтар сыртка калкып чыга берет экен.




  Күтө туралы, анан көрөбүз да

Түштүктөгү ооруканалардын курулушуна донорлор жардам берет
Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Ж.Сатыбалдиев түштүктөгү инфраструктуранын өнүгүшүнө жана ооруканалардын курулушуна эл аралык донорлор салым кошкону жатканын билдирди.
Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Ош менен Жалал-абаддагы таза суу, канализация маселесин жана тамтыгы чыккан жолдорду курууну колго алаарын маалымдашкан. Ал эми түркиялык ТИКА агенттиги облус борборлорундагы ооруканаларды капиталдык ремонттон өткөрүп, керектүү шайман, жабдыктар менен камсыз кылууга көмөгүн беришет экен.




  Кол ийрисине тартып кетпесе

Соттор соттолобу?
"Голос свободы" деген коомдук фонд Бишкек шаарынын жана район аралык сотунун айрым судьяларына карата кылмыш ишин козгоо боюнча арызын Башкы прокуратурага жөнөткөнү дайын болду.
Анда Ө.Закиряев, Р.Ирисов, С.Джунезова жана П.Байбосуновду жоопкерчиликке тартуу керектиги, себеби аты аталган инсандар Бакиев бийлигинин камчысын "ой да" чабышканы айтылат. "Өзгөчө, 2007-жылдагы параменттик шайлоо учурунда "Ак Жол" партиясынын депутаттары мыйзамдарды одоно бузуп, депутат болгондоруна көз жумуп, аларга укмуш эле жан тартышкан"- дейт аталган фонддун адвокаты Нурбек Токтакунов.
Аталган материал басма сөзгө чыгаары менен Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Ө.Закиряевдин жана С.Джузенованын мыйзамсыз, бир тараптуу чыгарган чечимдерине нааразы болгон материалдар көп келе баштады. Эң башкысы, ушундай репутациясы бузулган адамдар быйыл кайра судья болуп келебиз деп, бийлик башындагылардын тилин таап, үчүнчү бийлик бутактарына жулунбаса болду. Эгер жулуна турган болсо, анда алардын быкшып жаткан былыктары четинен чубалып кетпегей эле...




  Ушундай болбойт да...

Облус начальниги машине алам деп 5 миң сомдон чогулттубу?
Талас облустук чекара кызматын жетектеп турган Жолдош Сариев деген бир эрен бар экен. Ошол мындан 15 күн мурда облустагы кол алдында иштеген кызматкерлердин ар биринин айлыгынан 5 миң сомдон кармап, машине алганын Таластагы чекарачылар нааразы болуу менен кабарлашты.
Мындан сырткары, облустук чек ара башкармалыгы айрым кызматкерлердин "отпускнойлорун" да ар кайсы шылтоо менен кармап, толугу менен бербегендиги айтылууда. Эптеп жанын багып жүрүшкөн кол алдындагыларга көз артып, алардан акча топтоттурганына караганда Жолдош мырзага өзүнүн айлыгы аздык кылып, жетпей жатабы? Ушул маселе боюнча аталган ведомствонун жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, чын-төгүнүн бышыктап, жыйынтыгын бизге маалымдап койсо...


Байтур Акылбеков