Ринг

Николай Валуев
эң узун бойлуу, эң оор
салмактагы чемпион
Баскетболчу
мушкерге айланган
Мектепте окуп жүргөндө боюнун узундугунан баскетбол менен машыгып, өспүрүмдөр курама команданын мүчөсү болуу менен СССРдин чемпиону болууга үлгүрөт. Бирок, анын көлөмүн байкап калган бокс машыктыруучулар 1993-жылы жазында (20 жашка келгенде) эптеп көндүрүп, бокс залына алып келип, колуна мээлей кийгизишип, машыктыра башташат. Профессионалдык карьерасындагы алгачкы беттешин 15-октябрда өткөрсө, баш-аягы 50дөн ашык таймашты башынан кечирген. Ал 34дө нокаут менен жеңишке жетишсе, 2 жолу утулууга дуушар болгон.
Жубайы 1977-жылы туулган Иринадан 2002- жылы уулдуу жана 2007-жылы кыздуу болот. Саясатка аралашуу максатында, 2010-жылы "Единая Россия" партиясына (мушкер Костя Цзю да аталган партиянын катарына кошулган) мүчө болуп кирет, бирок партия жетекчилиги аны шайлоо учурунда гана пиар иштер үчүн тартпаса, саясатка аралаштырайын деген ойлору байкалбайт.

Профессионалдык
карьера
Орустун дөөсү жарк этип, элдин эсинде кала турган деле таймаш өткөргөн эмес. Анын бокста тыюу салынган ыкмаларды көп колдоноору жана таза боксташпаары айтылып келет. 2005-жылы америкалык негр Клиффорд Этьен менен болгон тирештин 3-раундунда да аны кекиртекке уруп кулатканына жана жерде жаткан Клиффорд кекиртегин көрсөтүп, далбас урганына карабастан, калыстар Валуевдин пайдасына чечип, анын эрежеден чыгып кеткенине көңүл бөлбөй коюшкан. Бирок, анда калыстардын жардамы менен жеңишке жетишсе, арадан эки жыл өткөн соң Валуев баары бир өз энчисин алгандай болот.
Атап айтсак, ал 14-апрелде Германияда өзбекстандык Руслан Чагаев менен ринг үстүндө кездешип, атаандашынын өзүнөн 50 килограммдай кичине болгонуна карабай, ага бир канча упайга алдырып, уттуруп жиберет. Маалыматка караганда, ошол беттешүү алдында таразага тартылышкан Валуев 151,50 кг. болсо, Чагаевдин салмагы болгону102,50 килограммды түзгөн. Таймаш башталып, 12-раундга жеткенге дейре Чагаев кичине болгонуна карабай тимеле "груша" сымал Валуевди ургулап, тынчын кетирип, андан чемпиондук курду оңой эле жулуп алган.
2008-жылы орустун дөөсү олимпиада чемпиону, Майк Тайсонго кулагын тиштеткен легендарлуу Эвандер Холлифилд менен кездешип, беттеш эч кандай солк эттире турган таамай соккулар менен айырмаланбай, өтө пассивдүү өткөн. Жыйынтыгында, жеңиш таразасын кимге беребиз деп турушканда, калыс-тардын пикири эки ачага бөлүнүп, акыры бир добуш көбүрөөк алып, Николай утуп кетет. Бирок, батыштын спорт аналитиктери чындыгында чемпиондук кур атаандашынан 50 кг. аз салмакта болгон Холлифилдге берилиши керектигин, бирок калыстар тобунун мүчөлүгүндө Эвандер менен начар мамиледе болгон айрым судьялардын олтуруп калуусу анын утулуусуна алып келди деген ойлорун ортого салышкан.

Организмине катуу күч келсе, Валуевдин буттары көтөрө албай калат
2009-жыл, 7-ноябрь. Германиянын эл жык толгон спорт аренасы. Ортодо англиялык Девид Хей менен орустун дөөсү маңдай-тескей туруп, тиктешип, бири-биринин сүрүн текшерип турушкан кези. Калыстын "баштагыла!"- деген сөзүн угаар замат, бири-бирин тытып жечүдөй болгон супер оор салмактагы эки атаандаш. Таймаш башталгандан бүткүчө Николай өзүнүн спорттук карьерасында атаандашына эң көп соккуу урууга жетишкендиги байкалган, бирок ал Хегайды канча ирет соккулаганы менен уруп жерге түшүрө алган эмес. Акыркы 12-раунд чечүүчү болуп калды окшойт, себеби Хегайдын жаак талаштыра урган соккусуна кабылган Валуев дароо эле жанагыдай салмагы менен жерге кулайт. Ошентип, жеңиш англичандын энчисине тийет.
Дал ушул беттештен соң, Валуевдин дарегине карата Орусияда эле эмес, бүткүл дүйнөдө көптөгөн сындар айтылып, анын карьерасына чекит коюлду деген пикирлер жайыла баштайт. Өзгөчө немец дарыгери Вальтер да билдирүү жасап, эгер Валуевге машыгуу учурунда дагы бир жолу чоң күч келе турган болсо, анын буттары өзүнүн денесин көтөрө албай калышы мүмкүн экендигин айтып чыгат. Бирок, кандай гана сөздөр айтылбасын, Валуев оңой акча тапкан проф-бокстан азырынча кетпей турганын билдирип тим болот.

Абышкага кол көтөргөн Валуев же теректей бой бергенче теменедей акыл берсин!
2006-жылдын январында Николайды орусиялык журналисттердин баары укмуш шыбап киришет. Себеби, "Спартак" спорт ордосуна келген Николайдын жубайы Галина өз машинесин туура эмес жерге токтотуп койгон учурда, 61 жаштагы кароолчу келип, андан машинесин алууну суранат. Экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүк чоң чырга айланып, Галина дароо эле өзү ишенген дөөгө телефон чалып, анысы заматта келип, араң жүргөн абышкага муштумун түйүп эле койбостон, бир канча жолу ургулап, мээсин чайкап, үч кабыргасын сындырып таштайт. Тез жардам менен ооруканага түшкөн кароолчу кийин мушкерди сотко берип, айласын алты кетиргени маалым.
Бирок, анын дарегине кандай гана сындар айтылбасын, ал баары бир бокс тарыхындагы эң узун бойлуу жана эң оор салмактагы чемпион катары элдин эсинде сакталып кала бермекчи.

Байтур АКЫЛБЕКОВ