Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

  Коом

Куруганы бараткандар Курултай өткөрүшөт..
Сая албаган ийне тандайт
Биз көз карандысыздыкка жетишкенден берки мезгилдин ичинде башкаруунун бардык формасын сынап көрдүк. Президенттик-парламенттик, президенттик, супер президенттик, азыр болсо парламенттик- президенттик...Парламенттин формасы ар беш жылда эле өзгөртүлүүдө. Же эки палаталуу болот, же депутаттардын сандары көбөйтүлүп, аларды шайлоонун формалары можаритардык, можаритардык -пропорционалдык , пропорционалдык болуп алмаштырылат. Парламенттин комитеттерин, министрликтерди жана ведомстволорду бириктирип, кайра бөлүү биз үчүн чемичке чаккандай эле болуп калды. Ал арада Баш мыйзамга жети жолу алымчалар жана кошумчалар киргизилди. Же бир нерсени баштаарыбыз менен аны практикада жакшылап сынап, кандай жыйынтыктарды берерин күтпөстөн эле кайрадан өзгөртүүдөбүз.
Бардыгын чөп башылап бүтүп, эми жалпы элдик курултай институтун түзмөйүнчө болбойт экен, башкарууну курултайлаштырабыз дегенге өттүк. Бирок, совет бийлигине чейинки курултай деген түшүнүктү маани мазмунун жоготпостон азыркы коомго киргизүүгө мүмкүн эместигин, антсе азыркы бийлик бутактарын , башкаруу органдарын дагы бир жолу түп тамырынан реформалап чыгуу керектигин ойлогон жан жок. Мурдагы совет бийлигине чейинки курултайлар коомдо кандай функцияларды аткарган?

Мурдагы курултайларда эмнелер чечилген?
Совет бийлигине чейинки курултайлар кыргыздарда төмөндөгүдөй милдеттерди аткарган: Биринчи, зарыл учурларда хан шайлоо же сырттан коркунуч туулуп жатса, уруулардан куралган кошундарга жалпы жетекчилик кыла турган бирөөнү аныктоо. Бирок, курултайлар көбүнчө тынчтык мезгилде чакырылгандыктан, уруу башчылары өздөрүнүн үстүлөрүнөн жетекчилик кыла турган бирөөлөрдүн болушун каалашпагандыктан ага көпчүлүк учурларда муктаждык болгон эмес. Экинчи, талаш-тартыштарды, дооматтарды, арыздарды чечүү. Бир нече жумаларга созулган курултайлардын убактысынын көпчүлүгү жерге, сууга, күнгө, адам өлтүрүүгө, уурулукка, бирөөлөрдүн кыздарын, аялдарын уурдоолорго, алдамчылыкка, карыздарды убагында бербөөгө ж.б. маселелерге байланышкан чатактарды кароо менен өткөн. Маселен, Ысык-Көл уездинин бийлеринин 1887- жылы ноябрь-декабрь айларында болуп өткөн курултайында 386 доо, арыз каралган.
Мында эске сала кетчү нерсе, уурулук кыргыздарда кайсыл убактарда болбосун ошол уруудагылардын бардыгынын аброй, беделдерине доо кетирип, намыстарына көө шыбаган жийиркеничтүү кылмыш катарында эсептелип, катуу жазаланса, башка уруудагылардын мал-мүлктөрүнө карата каракчылык,талап тоноочулук эрдик катарында эсептелип, такай жылкы тийип, мал уурдаганга машыккандар баатыр катарында баркталган. Бул жагынан курултайлар Жогорку Соттун милдетин да аткарышкан. Үчүнчү, курултайга катышкан уруулардын бардыгына милдеттүү Эрежелерди иштеп чыгуу болгон. Ал эрежелерде адам өлтүрүү, бирөөлөрдүн денелерине , мал мүлктөрүнө, үй-бүлө мүчөлөрүнө зыян келтиргендерге ж.б. кылмыштарды жасагандарга карата жазалардын, айыптардын өлчөмдөрүн, айыптарга төлөнчү малдардын акчалай эквиваленттерин аныктоо болгон. Маселен, 1889-жылы майда Ысык-Көл, Жаркен уезддеринин бийлери, өкүлдөрү катышкан курултайда 37 пункттан турган Эреже кабыл алынып, анын кириш бөлүмүндө он жылдан мурдагы кылмыштар , окуялар каралбай тургандыгы айтылып, адам өлтүргөн үчүн 200 жылкы , 2 төө, 200 сом ( ошол учурда чоң букалар 8 сомдон бааланган) кун төлөө, ат уурдаганга 15 жылкы, 1 төө айып салуу сыяктуу ж.б. эрежелер киргизилген. Мындан мурдагы замандардагы курултайлардын мыйзам чыгаруучу функцияны да аткаргандыгы көрүнүп турат. Эреже деген сөз - азыркы мыйзам деген түшүнүк. Төртүнчү, Совет бийлигине чейинки курултайларда салаватка келүү, же азыркы тил менен айтканда мунапыс берүү, Көкөтайдын ашындагыдай чырлар боюнча элчилик, журтчулук кылып бир бүтүмгө келип, анын күнөкөрлөрүн териштирип отурбастан ал маселени биротоло жабуу да чечилген. Ошондуктан ал курултайлардын коомдогу таасири да, мааниси да, алардан элдин күткөнү да аябагандай чоң болгон. Ага катышышпаган менен анын кандай чечим кабыл ала тургандыгын жүздөгөн, миңдеген адамдар чыдамсыздык менен күтүп турушкан. Жер суулардын, жайыттардын, кун алып кун төлөөлөрдүн ж.б. бүтпөгөн чатактары бир жагына чечилгени жатса, анан кантип көпчүлүк кайдыгер болуп тура алышсын.
Ошол убактардагы курултайлардын маани маңыздарын, функцияларын жана таасирлерин азыркы курултайларга киргизип, колдонууга болобу?

(Уландысы 10-бетте)




  Улуттук идеология го керек, а улуттук ар-намысчы?

Наристени кайырчылыктан сактай албаган кыргыз...

Борбор калаанын борборунан анча алыс эмес, Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиштеринде "Ош", "Берекет" базарлары, "Беш-Сары" соода борбору жана "Кыял" улуттук кол өнөрчүлүк бирикмеси жайгашкан. Базар болгон жерде анда соода кылгандардан да, ал жерге келип соода кылгандар, ары-бери өткөндөр да көп болот эмеспи, ошол көпчүлүк менен бирге, ушу тегеректе кайыр сурагандар да көп. Кайырчылар арасында сакалдуусу да, сакалсызы да, эркеги да, аялы да, соосу да, масы да бар, ким гана жок. Адам пешенесине жазып койсо айла жок, алар деле жыргаган турмуштан улам бул кадамга барбаса керек. Эгер алар кайырчылыкты бизнес деп эсептеген болсо, анда ал кайырчылар баштарын жоолук менен чүмкөп, жер карабастан, "келе магалап" артыбыздан чуркамак беле?

Кайырчылык кыргызга тиешелүү эмес
Кайырчылык кыргыздын улуттук менталитетине тиешелүү нерсе эмес. Ал аргасыздыктын, айласыздыктын иши. Бирок, буга деле таңгалбаса болот, акыркы жыйырма жылда адам эмес, мамлекет өзү кайырчыга айланды! Андай болгондо, кайырчы өлкөдө кайырчылар болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эмеспи. Ошондой болсо да, бул утурумдук көрүнүш, кайырчылык кыргыздын улуттук менталитетине тиешелүү касиет, адат, мүнөз деп эсептейбиз. Кыргызга кайырчылык эмес кайдыгерлик мүнөздүү. Кайдыгерлик кыргыздын канында бар, кайдыгерлик кылымдап-кылымдап кыргыздын менталитетине айланган. Андан да кыргыз ар-намыс дегенди унутуп баратат. Улуттук ар-намыс батектин алдында тепселип калды.
Эмне үчүн минтип кескин бүтүм чыгарып жатабыз? Мындан бир ай мурда, "Кыял" улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесинин түндүк тарабындагы тротуарда сыз жерге олтуруп алып, кыштын чилдесине карабай, эмчектеги бөбөгүн бооруна кучактап алып, кайыр сурап олтурган тестиер бала тууралуу жазды элек. Ушул тестиер баланын колундагы бейкүнөө наристени канча көрбөйлү, бир жолу көзүн ачканын, бир жолу ыңаалап ыйлаганын көрбөдүк. Көргөн сайын, ушул тестиер баланын жана анын бөбөгүнүн жанынан өткөн сайын бут алдыңан жер көчөт десеңиз. Ошондо, ошол кайырчы бөбөктүн мисалында, кыргыздын мына ушу наристеси эне сүтү оозунан кете элек жатып, кайыр сураганы улут үчүн уят иш го, кайырчылык кыргыздын улуттук менталитети эмес, келгиле Кыргызстанды кайырчысы жок мамлекетке айланталы, анүчүн ар бирибиз күнүнө бир сомдон берсек эле, күнүнө беш миллион чогулат, чогулган акчаны күнүнө бирден кайырчыга бергенде, ошондо өлкөдө бир да кайырчы калбайт, кайырчылар миллионерге айланат деп демилге көтөргөн элек. Айтылган сөз айтылган жеринде калды. Ошол демилгени эч ким укпай, эч ким окубай калды деп ойлобойбуз. Окуду, көрдү. Бирок, ошол тестиер бала бөбөгүн бооруна кысып дагеле ошол жерде кайыр сурап олтурат. Жаз деле келди. Бирок, эч нерсе өзгөргөн жок. Муну менен эмнени айткыбыз келет, маселе, мында кыргыз баласынын чөнтөгүндө ашыкча бир сом бар, же жоктугунда эмес, маселе, баарыбыздын жана ар бирибиздин кайдыгерлигибизде, ар-намыссыздыгыбызда, эч кимибиз улут намысы тууралуу күйбөгөнүбүздө, улут намысын ойлобогонубузда. Барып-келип улуттук ар-намыстын жоктугунда.

Саясатташкан кыргыз коомчулугу
Акыркы 20 жылда кыргыз коомчулугу өтө саясатташып кетти. Сүйлөсө саясаттан, болбосо бийик материядан сүйлөйт. Бир атанын балдарынан таралган кыргыз эли азыр бири-бирине душман, бири-бирине оппозиция. Улуттук идеология, Манас, Теңирчилик, кыргыз гана дүйнөнү сактап калары тууралуу айтабыз. А тиги эне сүтү оозунан кете элек жатып, өз өмүрүн кайырчылык кылуу менен баштаган бөбөктүн деңгээлине эч ким түшкүсү жок. Кыргыз коомчулугун, улуттук аң-сезимди бөбөктөрүбүз эненин курсагынан жерге түшпөй жатып, кайырчылык кыла баштаганы ойлондурбаганы, аны кадыресе күнүмдүк көрүнүштөй кабыл алганы, кыргыздын бир кичине наристесин кайырчылыктан сактай албаган эл дүйнөнү сактап калат деген көзү ачыктык жомок экенин түшүнбөгөнү, түшүнгүсү да келбегени тынчсыздандырбай койбойт.
Кайдыгерлик, ар-намыссыздык улуттук мүнөзгө ээ болду жана кайдыгерлик да, ар-намыссыздык улуттук менталитетке айланып баратат. 7-апрелден кийин "кыргыздар баатыр эл" деп кыйкырганды жакшы көргөндөр эмне үчүн кыргыздар боорукер эл эмес экенин түшүндүрө алар бекен? Акаев менен Бакиевди Ак үйдөн кубалап чыкканда бир муштумдай биримдикте боло аларын, ар-намысы бар экендигин көрсөтө алган эл эмне үчүн кыргыздын канынан жаралган бөбөктү кайыр суратып көчөдө олтургузуп койгондон уялбайт? Эмнеге бетибиз кызарып койбойт? Мүмкүн, ким бирөөлөр ошол бөбөктүн ата-энесин күнөөлөр - "баласын бага албагандан кийин, төрөбөй эле койбойбу" деп. Ар бир бала өз насиби менен төрөлөт, кеп алиги бөбөктүн ата-энесинде эмес.
(Уландысы 10-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??