Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тургула, сот келатат!

Апрель окуясы боюнча сот иши кайра жанданды
Спорт Ордосундагы жардыруудан соң, апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот процесси үзгүлтүккө учураганы маалым. Ал ортодо себеби жок ишти созо беришкенин токтотушпаса, жабыр тарткан тарап нааразычылык акцияларына чейин чыга турганын билдирип жиберишкен.

Эми сот иши кайра жанданып, качып кеткен Башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун келиши менен уланууда.
Эң кызыгы, "кайда жүрдүң?"- эле деген суроого, Нурлан мырза "менин өмүрүмө коркунуч келген, себеби ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болгом. Ошондон улам, жашынып турууга туура келген, бирок сырт жакка качпай эле, өлкө ичинде болгом"- деп жооп берди.
Ким коркутканын жана кайда жашынганы тууралуу ооз ачкан жок.
"Эң негизгиси, анын кайрадан сотто пайда болушун бийлик өкүлдөрү менен же сотттор менен жең ичинен сүйлөшүп тил табышып алгандыгына байланыштуу"- дешет жабырлануучу тараптын өкүлдөрү.




  Таң калбай калдык го

Кыдык Исаев К.Бакиевдин
кудасы беле?
Кыдык мырза тиги К.Бакиевдин расмий эмес жубайы Назгүл айымды өзүнүн кызы күйөөгө тийип жаткандагы тойго чакырып, ага өкүл апа кылып бергени маалым. Эми бүгүнкү күнү Кыдык мырзанын кызы жакшылыктарда өкүл апасы менен катташа албай, кыйналып турса керек. Же барып, келип жатышат болду бекен, ыя?
Ии баса, мындан туура 9 жыл мурда Болот Шерниязов Кыдык Исаевге жолугуп, тамаша-чын аралаш минтип калат:
"Эй Кыдык, мен үйдөн жакшылап ойлонуп көрсөм, бул 2002-жыл сенин жылың экен. Ушул жылы эмнелерди гана жасабагын, баары сен ойлогондой болот. Ал эми сенин жылың дегеним, 2002ни алдынан да, артынан да окусаң, 2002 бойдон тура берет. Сенин атың да ушундай"- деген экен Б.Шерниязов.
Кыдык мырзанын дагы башка кызыктары менен 7-беттен тааныша аласыздар.




  Ырк кетип…

Нарындыктар "Дасмияда",
көлдүктөр "Достукта" чогулушту
Бир айдай убакыт мурда Нарындын тың чыкмаларынын баары "Дасмияга" чогулуп, келечекте бир муштумдай түйүлүү учуру келгендигин айтышып, ар кыл темада кененирээк кеп козгошкону маалым.
Алар "бири-бирибизге арка-жөлөк болбосок болбой калды. Бул бийлигиң Нарындан чыккан бир дагы азаматка бир дагы министрлик креслону ыраа көрбөй койду, андыктан өзүбүздүн арабабызды токтотпой, ынтымакта акылдашып иш кылалы"- дегендей сөздөр айтылат. Эң башкысы, колунда бар немелеринин бири спорт зал салмай болушса, экинчиси тамтыгы кетип бараткан жолду оңдоп, дагы бири элди иш менен камсыз кылуу максатында ишкана ачуу сыяктуу чоң маселелерди моюндарына алып, тарап кетишкени маалым.
Нарындыктардан үлгү алганбы же "алардан биздин эмнебиз кем?- дештиби, айтор аз күн мурда жалаң көлдүк атка минерлер да "Достук" мейманканасына чогулушуп, ар кайсы маселенин учугун улашыптыр. Өзгөчө, депутат Ж.Жолдошева айымдын Курманжан Датканын эстелигин куруу үчүн 20 гектар аянтты сураганына нааразы болушуп, улуу инсандын эстелиги бир канча жерде тургузулганын жана анын атына жамынып алып, өз кызыкчылыгы үчүн бирдемелерди кылуу үчүн депутатка жол беришпеээрин баса белгилешиптир. Кыскасы, баары эле өз-өзүнчө бөлүнүп, өзүнүн арабасын өздөрү түртүп же тартып кеткиси келгендей. Минте берсек, алакандай кыргыз эли алыска бара албайбыз го? К.Бакиев бийликке келгенде элибизди түндүк-түштүккө бөлүп келгени аздык болуп жатабы? Анын аягы жакшы бүткөн жок го, эсибизге келбейлиби, ыя туугандар?

Байтур Акылбеков




  Коррупцияны азайтуунун дагы бир жолу

Декларацияда кирешени эле эмес, чыгашаны да көрсөтүү зарыл
Генерал Артур Медетбеков мамлекеттик кызматкерлер декларацияны толтуруп жатышканда бир гана кирешелерин эле эмес, чыгашаларын да көрсөтө тургандай мыйзам кабыл алуу керек деп эсептейт. Анын айтымында, ушундай мыйзам кабыл алынып, ал иш жүзүнө ашырылса, өлкөбүздөгү коррупция бир топ азаймак.
"Себеби көптөгөн аткаминерлер бираз гана кирешесин көрсөтүп койгону менен укмуштай чыгаша жасашат. Тагыраак айтканда, кайсы бир кызматка дайындалганынан көп убакыт өтпөй эле зыңгыраган үйлөрдү курушуп, кымбат баалуу машинелерди минип калышат. Аларды изилдеп-иликтеп кирсең, баары ошол аткаминердин жакын туугандарына жазылып, кээде өздөрүнүн үйлөрү да жок болуп чыгат. Ошондуктан, мыйзам кабыл алынса, жанагы туугандары ошол үйдү кайсы, кайдан келген акчаларга курганын жана башка мүлктөрдү кайдан тапканын тез эле иликтеп-изилдеп, аныктап койсо болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алардын чыгашалары менен тапкан кирешелери бири-бирине төп келиши керек."- дейт генерал Медетбеков.





  Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуп

Артур Медетбеков, Улуттук коопсуздук
кызматынын генерал-майору:
"Соттордун ооздугун тарта тургандай мыйзам керек"
Бүгүнкү күнү уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү "жашынмак" оюнуна окшоп тургандай. Окшоп дегеним, бул оюнда да "раз, два, три, четыре, пять, я иду тебя искать, кто не успел спрятатся, тому я не виноват!"- деп айтылат. Бизде да ОПГ менен күрөшөбүз деп айланага жар салып, башчыларынын баарынын качып кетүүсүнө өзүбүз өбөлгө түзүп бердик. Мындай чоң иштерди дайым жашыруун жана ыкчам жасаш керектигин оперативдүү кызматкерлердин баары эле жакшы билишет, бирок тилекке каршы бул чыныгы күрөш эмей эле, өзүнчө бир "компанейщинага" айланып кеткени өкүнүчтүү.
Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн убакыт өткөн сайын көбөйүп жатышына өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык абалыбыздын начардыгы, бийлик алмашканда анын үзүрүн жалпы эл көрбөстөн бир ууч топ гана көрүп, байып жатышы да себеп. Анткени, акыркы 20 жыл аралыгында калайык калктын салыгынан чогулган миллиондогон акчаларды уурдаган жана оор кылмыш кылган мамлекеттик кызматкерлер жазасын алышпай, эркиндикке кое берилип келүүдө. Тилекке каршы, андай көрүнүш бүгүнкү күнү да уланууда. Жумушу жок, эптеп кара курсактын айынан бир тоок уурдагандар темир тор артына кетип жатканы эч кимге деле жашыруун эмес. Коомго көп коркунуч келтирбеген андай адамдарды, өзгөчө жаштарды соттор камагандын ордуна чоң айыптарды салып же бир тоок уурдаса, ага 100 тооктун акчасын төлөтүп койсо, акылы болсо ал экинчи андай кылмышка барбайт эле. Түрмөгө түшкөндөр түзөлүп, мүнөзү оңолбой эле, тескерисинче эркиндикке чыгаары менен эле ОПГнын бардык ишине даяр, активдүү мүчөсү же алмашылгыс кадры болуп чыгып жатышпайбы. Андыктан, гумандуу мамлекет болгонубуздан кийин, жеңил кылмыш кылып, коомго коркунуч келтирбегендерди темир тор артына айдаган соттордун ооздугун тарта тургандай мыйзам кабыл алуу учурдун талабы экендигин айтып кетким келет.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??