Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Халал бизнес

ЭкоИсламикБанкы халал стандартына каршыбы?

Кыргызстанда "халал" деген ат менен иштеп жаткан кафе, азык-түлүк дүкөндөрү жана көчөдө тамак-аш саткандардын саны арбыды. Анда сатылган продукцияларды ар ким туш келди алып кете беришет. Адал деп ишенишет, шектенишпейт. Кыскасы, Кудайдын сүйгөн тамагынан бетер ичип-жешет. Бирок, бүгүнкү күндө алардын адал же арам экенин текшере турган бир да мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар жок. Ал эми дүйнөдө атайын мусулмандардын халал стандарты бар. Кыргызстан бул стандартка өткөнү менен кайсы бир себептерден улам кайрадан чыгып кеткен деген кеп бар. Дегеле өлкөдө халал стандарты деген барбы, болсо кандай аныктамаларга баш иет, анын бизге кереги барбы же жокпу деген суроолорго жооп издедик.

"Халал" деген кандай маанини түшүндүрөт? Халал же адал боюнча Куран китебинин 173-аятынын "Аль-Бакар" сүрөөсүндө "Аллахтын ысымын атап союлбаган мал-жандыктар, чочконун жана өлгөн малдын этин жегенге тыюу салынат"деп жазылган. Мусулмандардан тышкары да христиандар да, иудейлер да өлгөн малдын этин жебегенге аракет жасашат. Мисалы, христиандарга тиешелүү ыйык Библиясынын (деяние) 15- бөлүгүндө 1)"А написать им, чтоб они воздерживались от осквернённого идолами, от блуда, удавленины и крови, и чтобы не делали другим того, чего не хотят себе". 2)"А свинья, хотя копыто раздваивает, но жвачки не жуёт, не чиста она для вас; мяса их не ешьте и к трупам их не прикасайтесь" делет. Бирок, эки китепте тең так, даана көрсөтүлүп айтылганы менен жер планетасында толук ишке ашпай келет. Мусулманы деле, христианы деле ыйык китептеги айтылгандарды уруп да ойношпойт. Бардыгы бизнесин өнүктүрүү үчүн "Халал" маркасын соода брендине айландырды. Мындай аталыш менен өндүрүлгөн продукциянын сапаттуулугунун кепилдиги катары да коомдук көз карашты калыптандырды. Кыскасы, 148 өлкөдөгү 1 миллиарддан ашуун мусулмандардын жашоо образына айландырганга жетишти. Мындай ыйыктыкты бизнеске айлантуу менен 2005-жылы АКШ 500 миллиард доллар өлчөмүндө киреше тапкан. Американын бул жылга чейин колдонуп келаткан сетевой маркетинг ыкмасы (колдон-колго өтүп сатылуучу товар) менен жүргүзгөн пайдадан "халал" маркасынан түшкөн пайда бир топ жогорулаган . Бу соода маркасы пайда түшүрүү жагынан алып караганда сетевой маркетингин да, башкасын да басып өтүп, дүйнөгө кулачын кеңири жайды. Арийне, АКШ, Аргентина, Австралия, Канада, Кытай, Индия, Жаңы Зеландия, Улуу Британия, Таиланд жана Малайзия ж.б. мамлекеттер атайын халал корпорацияларын түзүү менен дүйнөлүк соода аренасынан орун табууга жутунушту. Учурда жакшы эле кирешелерди табууга жетишүүдө.
"Халал" деген ат менен өндүрүлгөн продукцияларды колдонгон мамлекеттер арбыды. Маселен, статистика көрсөткөндөй Малайзия биринчи орунда, андан кийин Бириккен Араб Эмираты менен Франция турат. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен коңшу Казакстан халал индустриясына шымалануу менен кирип, Малайзиянын халал стандартына өтүп, халал продукт өндүрүүчү 400дөн ашуун фирма бирикти. Малайзиянын халал стандарты 2005-жылы 8-апрелде Куала-Лумпур шаарында өткөн жалпы Ислам уюмунун конференциясында кабыл алынган. Буга 57 мамлекет катышып, атайын стандарт "жаратышкан". Мунун негизги максаты, мусулмандардын жеген тамактарын шариятка ылайыкташтыруу жана аны мыйзам жолу менен бирдей калыпка салуу демилгеси болгон. Тамак-аштан тышкары да күнүмдүк колдонуучу айрым косметикалык каражаттар жаныбарлардын суюктуктарынан же адамдардын сперматозоиддери курамына кирип калгандыктан арам болуп эсептелинет. Мындай ыкма менен жасалган боёнуучу каражаттар дүйнөнүн кайсы гана бурчунан кездешпейт дейсиң... Ушул сыяктуу туура көрүнүштөрдү алдын алуу максаты болгону менен андан пайда көрүү жагы алдыга озуп чыкты.
Кыргызстан Малайзиянын халал стандартына 2007-жылы өтөт. Муну ошол кездеги Каржы министр Акылбек Жапаров демилге көтөрүп, аны Жогорку Кеңеште мыйзамдаштырып, кабыл алышат. Ошентип, бул стандарт өз ишин улантат. Жыйынтыгында өлкө боюнча 15 ишканага сертификат берилет. Бирок, кейиштүүсү, республика боюнча 600гө чукул колбаса чыгарган кичи жана чоң цехтердин көбү, ошол сертификаттарга ээ болбой туруп эле "халал" деген маркалуу колбаса, эт азыктарын чыгарып келишет. Анткени, 2009-жылы качкын президент Курманбек Бакиев ошол мыйзамдаштырылган аталган халал стандартын жоюп таштаган. Буга ЭкоИсламик Банкынын ээси Шамил Муртазалиев демилгечи жана көмөктөш болуп берет. Себеби, ошол кезде Курманбек Бакиевдин дин иштери боюнча кеңешчиси болуп турган Шамил мырза, өзүнүн ислам атын жамынып жүргөн банкынын ишмердүүлүгү үчүн Малайзиянын халал стандартын алдыртып таштаган. Анткени, ЭкоИсламик Банкы ислам шарттары, шарият жолу менен насыяларды калкка таратуу идеясын "менчиктештирүү" болгон. Банктар ортосундагы атаандаштыкты жоюу максатын да көздөгөн десек болот. Ошондой эле такталбаган маалыматтар боюнча "20-й хутор" аталган хахал эт дүкөнчөлөрү Шамил мырзанын жеке менчиги. Мына ушундай кадамдардан улам өлкө халал стандарты жок эле "халал" делген тамак-аш менен күн кечирип келүүдө. Бардык мусулман жана мусулман эмес мамлекеттер да халал стандартына өтүп келатканы менен Кыргызстан ЭкоИсламик Банкынын кызыкчылыгы үчүн халал соода брендинен куржалак калуусу акылга сыярлык иш эмес. Учурда халал стандартын кайрадан кабыл алуу демилгелери көтөрүлүүдө. Эгер Өкмөт бул демилгени колго алып, мыйзамдаштыра турган болсо, ата-мекендик продукцияларды сыртка экспорттоого кеңири жол ачылат. Мыйзамдыштырып коюу менен гана чектелбестен, анын үстүнөн көзөмөлдөй турган орган түзүлүшү керек. Себеп, өлкөдөгү колбасадан тышкаркы толгон-токой азык-түлүктөр жана косметикалык, идиш-аяк жуучу каражаттарды бир калыпка келтирүү колго алынса,биринчиден -80 пайызы ислам динин тутунган калкыбыздын диний ишенимине шек туулбай, экинчиден-мындай сапаттуу, таза азыктардын өндүрүлүшү менен экономикалык өсүш жаралмак. Буга мисал, акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө адалданган тамак-аштарды колдонууну каалагандардын саны 6,6 миллиард кишини түзүп келсе, он жылдан кийин бул көрсөткүч 7,5 миллиардга жетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Жер планетасындагы халал стандартына болгон таңсыктыктын өсүп баратканын ушундан баамдасак болот. Жадакалса Казакстанда адалданган сауналар ачыла баштады. "Мусулмандар саунасы" деп атап коюшат. Учурда кардарлардын саны көбөйүп, мындай сауналардын ташы өйдөлөй баштаган мезгили.
Экинчи маселеге келсек, азыркы маалда адалданып жасалып жаткан товарга сертификат берүүчү ким болушу мүмкүн? Албетте, муфтият жана тиешелүү мамлекеттик органдар. Бирок, алар адалдашкан ишканалардын бардыгын тыкыр текшерип, шарияттын эрежелерине толук жооп берген ишмердикти жеткиликтүү текшере алышабы? Анткени, учурда "халал" деген атты жамынгандар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө миңдеп саналат. Бир эле мисал, Кыргызстандан Иранга атайын "халал" эт жөнөтүп жаткан кайсы бир фирма арзандыгына качырып, Кытайдан Кыргызстанга келген эттерди жыйнап, кыргыздын мөөрүн басуу менен экспорттоп жатканын көпчүлүк биле бербесе керек.
Аягында айтар сөз, Кыргызстан халал стандартын кабыл алуу менен эл аралык деңгээлде соода мейкиндигинен орун тапсак кандай сонун болор эле. Аттиң, ошону аткара алышабы? Акыйнек айтышкан ана башчыларыбыз. Же монополис болууну каалаган айрым шылуундарга дагы да алданып калышабы?

Улукбек КУТМАНБАЕВ




  Дүйнө дүрбөлөңү

Түндүк Африкадагы окуялар Өзбекстанды тынчсыздандырууда.
Айрым көз карандысыз эксперттер Түндүк Африкада жана Жакынкы Чыгышта башталган окуялардын акырындап постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн айрымдарына же Өзбекстанга, Тажикстанга жана Азербайжанга да таралышы мүмкүн экендигин болжолдошуп келе жатышкандыгы белгилүү. Андай божомолдор гипотезалык мүнөздө болгон менен айрым өлкөлөрдүн жетекчилерин чындап кооптондуруп, тынчсыздандыра баштагандыгы байкалууда. Алсак, кошуна Өзбекстандын мамлекеттик Байланыш жана маалыматташтыруу агенттигинин кызматкерлери шектүү мазмундагы маалыматтар пайда болору менен алар тууралуу бийликтегилерге токтоосуз билдирүү, эгерде зарыл деп табылса, аларды өчүрүп же үзүп таштоо жөнүндө тапшырма алышты. Андай чаралар Тунисте, Египетте элдик толкундоолор башталганда эле көрүлө баштаган. Алсак, өлкөдөгү "ВымпелКом", МТС сыяктуу негизги уюлдук компаниялар аталган өлкөлөрдөгү окуялардын убагында уюлдук байланыштын социалдык тармактарын жаап ташташкан болчу.
Казандагы Аймактык жана этнодиний изилдөөлөр борборунун директору Раис Сулайманов араб сценарийи постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөргө колдонулушу толук мүмкүн деп эсептейт.

Каддафинин убадасына ишенбей жатышат
20-март күнү таңкы саат төрттөн тартып, дүйнөдөгү алты өлкөнүн Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин режимине каршы багытталган "Одиссейдин таңы" деген аскердик операциясы башталды. Ага АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Даниянын, Италиянын, Канаданын аскер учактары катышышууда. Алгачкы күнү коалициялык күчтөр трабынан Ливиянын аскердик базаларына, аскердик инфратүзүмдөрүнө 115ке жакын ракеталык соккулар урулуп, бир нече жолку бомбалоолор да болду. Андан улам Ливиянын бир нече аскердик базасы, Бенгазинин жанындагы бир нече танкасы талкаланып, 50гө жакын адамдын өлгөндүгү билдирилүүдө.
Коалициялык күчтөрдүн соккуларына Ливиянын учактары жана зениттик түйүндөрү эч кандай каршылык көрсөтүшкөн жок. Ливиянын администрациясынын өкүлү Каддафинин режими аскердик кагылышууларды токтотуп, козголоңчулар менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр экендигин билдирди. Бирок, андай билдирүүгө коалициялык күчтөрдүн жетекчилери шектенүү менен мамиле жасашууда. Эгерде Каддафинин убадалары ишеним туугузбаса, соккулар дагы улантыла берүүсү мүмкүн.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??