Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К. Келдибековго
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш. Атамбаевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Ф.З. Жамашевага
Бишкек шаардык сотунун төрагасы М. Жакыповго
Кайрылуу

Биз Талас облусунун тургундары сиздерге кайрылып, мыйзамсыз түрдө кылмыш жообуна тартылып, 8 жылга эркинен ажыратылып, жазаны режими күчөтүлгөн колонияда өтөгөнгө жана мүлкүн конфискациялоого күнөөсүз кесилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-секретары, биздин жердешибиз Бакиров Сүйөркул Керимкуловичтин тагдырына терең тынчсыздануу менен, сиздерден бул ишке токтоосуз кийлигишип, акыйкаттыкты орнотууңуздарды талап кылабыз. Бишкек шаарынын Ленин районунун соту Байсеитов Таалайбек Карыбаевичтин жогоруда көрсөтүлгөн адилетсиз жана мыйзамсыз өкүмүнүн кыскача таржымалы төмөнкүчө:


2009-жылдын 20-майында, эл аралык "Манас" аэропортунун ушул акционердик коомдун директорлор Кеңешине кат түрүндө кайрылып, "Манас" аэропорту түзгөн "Аалам сервиси" ЖЧКсын (Май куюучу комплекс) ЖАК "Манас аэрофьюэлске" сатуу маселесин карап берүүнү өтүнөт. Бул өтүнүчүн Башкарма коалициялык аскер күчтөрдүн 2009-жылдын август айында "Манас" аэропортунан чыгарылуусу кирешенин кескин азаюусуна алып келери, аэропорттун чоң карыздары бардыгы жана "Ош" менен "Ысык-Көл" аэропортторун реконструкциялоо, "Манас-2" комплексин куруу себептери менен негиздеген.
"Манас" ААКнын директорлор Кеңеши бул сунушту карап чыгып, аэропорттун башкармалыгына Май куюучу комплексти баалоону тапшырат. Көз карандысыз баалоочу эки компания Май куюучу комплекстин баасы 250,8 млн сомду түзөт деген чечим чыгарып берген.
Ушул баалоо чечимди директорлор Кеңеши бекитип, ЖЧК "Аалам сервисти"- ЖАК "Манас аэрофьюэлске" сатууга чечим чыгарган.
2009-жылдын 12-июнунда ЖЧК "Аалам сервис" менен ЖАК "Манас аэрофьюэлс" Май куюучу комплексти сатуу-сатып алуу келишимин түзүшкөн. Ошол эле күнү ЖАК "Манас аэрофьюэлс" сатып алуучу катарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Мүлк министрлигине кат менен кайрылып, сатылып алынган Май куюучу комплекске болгон менчик укугун Кыргыз Республикасынын Каттоо мамагенттигинен каттоодон өткөрүүгө уруксат сураган. Май куюучу комплекс ЖЧК "Аалам сервистин" менчиги болгондуктан, анын 100% үлүшү ААК "Аэропорт "Манаска" таандык болгонуна байланыштуу, ЖАК "Манас аэрофьюэлске" Кыргыз Республикасынын маммүлк министрлиги 2009-жылдын 12-июнунда кат жүзүндө жооп берген, копиялары ААК аэропорт "Манас"тын директорлор Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Каттоо мамагенттигине жиберилген. Көрсөтүлгөн жооп катта төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилген. Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор боюнча" мыйзамына ылайык каржы - чарбалык ишмердүүлүк боюнча чечимдерди акционердик коомдун башкаруу органдары кабыл алат. Ошондуктан, ААК "Аэропорт "Манастын" башкаруу органдары кабыл алынган тартипте Май куюучу комплексти сатууга алардын укугу бар. Сатуу-сатып алуу келишими мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Каттоо мамагенттигинен каттоодон өткөрүлүүгө тийиш деген.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын Транспорттук прокуратурасы Май куюучу комплекстин сатылуусу боюнча "Манас эл аралык аэропорту" АКК-сынын бир топ кызматкерлерине, "Манас Аэрофьюэлс" ЖАКнын башкы директору Н.А. Ташибековго каршы кылымыш иши козголот. Тергөөнүн жүрүшүндө, тергөө тобунун жетекчиси А.Б.Байгатаев тарабынан Н.А.Ташибеков жана ЖАК "Манас Аэрофьюэлс тун" түзүүчүлөрүнүн, аракетинде кылмыштын курамы жок деп, аларга каршы кылмыш иштери кыскартылган. Ошол эле учурда, С.К.Бакировдун жана Кыргыз Республикасынын Маммүлк министрлигинин кызматкерлери Мукамбетов.А.М., Н. Сариевдерге күнөө коюлуп, иштери сотко жиберилген. Булардын айыбы жооп катка кол коюп, Май куюучу комплекстин сатылуусу боюнча түшүндүрмө бергендиги. Бишкек шаарынын Ленин районунун соту Т.К.Байсеитовдун өкүмү боюнча С.К. Бакиров, А.Муканбетов, Н.Сариев күнөөлүү деп табылып, Бакировго кайрылууда көрсөткөндөй оор жаза берилген, Мукамбетов 5 жыл колония-поселениеде, Сариев 3 жыл колония-поселениеде жазаларын өтөөгө кесилген. Н.Сариевдин жооп катка эч кандай тиешеси болгон эмес, болгону катта анын фамилиясы жазылып калганы. Ошол эле учурда, Май куюучу комплекстин сатылышына түздөн түз тиешеси бар кадимки Б.У.Сыдыков "аракетинде кылмыштын курамы жок"- деп толук акталган, директорлор Кеңешинин үч мүчөсүнүн кылмыш иштери кыскартылып, жазадан бошотулган. Натыйжада, Май куюучу комплекстин сатылышына түздөн-түз тиешелүү адамдар кылмыш жазасынан кутулуп, бул келишимге такыр тиешеси жок Кыргыз Республикасынын Маммүлк министрлигинин кызматкерлери негизсиз, мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузуп, тагдырлары садага чабылып, аттары аталган тергөө тобунун жетекчиси менен соттун чечимдеринин негизинде негизги кылмышкерлерге айланган.
Биздин изилдөөлөр боюнча алардын мындай мыйзам бузууга баргандыгына эки себеп бар.
Биринчиси; Бакировду, Мукамбетовду жана Сариевди кылмыш жазасына тартып туруп, негизги күнөөлүүлөрдү кылмыш жазасынан алып чыгуу.
Экинчиден, мындай мыйзамсыз чечимдерге барууга Бакировдун 2010-жылдын башында "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро" жана " Чыгышэлектро" акционердик коомдорунун мамлекеттик акциялар пакетин арзан баага сатылышына каршы турган позициясы үчүн өч алуу акциясы деп түшүнөбүз. Анткени, айтылган акционердик коомдордун мамлекеттик акциялар пакетин сатуу боюнча түзүлгөн конкурстук комиссияларынын төрагасы С.К. Бакиров болгон. Ал ошол учурдагы бийликтегилердин катуу кысымына жана ар түрдүү коркутуусуна кабылган ооруканага жатууга мажбур болгон. Ошол себептен ал "Чыгышэлектро", "Ошэлектро", "Жалалабадэлектро" компанияларынын мамлекеттик акцияларын сатуу боюнча конкурстук комиссиянын төрагалыгынан четтетилген. Апрель революциясы болор замат Бакировдун төрагалыгы астында, Кыргыз Республикасынын Маммүлк министрлигинин коллегиясы аталган акционердик коомдордун мамлекеттик акциялар пакетин 2010-жылдын 8-9-апрелинде сатуу чечимдерин жокко чыгарып, акцияларды толугу менен мамлекетке кайтарган.
Мына ушул себептерден мамлекетибиздин байлыгын коргоодогу олуттуу эмгегин жана элдин менчигинин текейден арзан сатылышына каршы чыккан.
Бакиров Сүйөркулдун эмгегин биз бийик баалайбыз жана анын эч кандай күнөөсү жок болсо дагы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Байсеитовдун мыйзамсыз, адилетсиз жана негизсиз өкүмүнө терең нааразылык билдиребиз.
Сиздерге ушул маселе боюнча кайрылып, соттук адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту орнотууну, күнөөсүз кылмыш жазасына тартылган Бакировду, Мукамбетовду жана Сариевди толук актоону талап кылабыз. Эгер биздин ушул кайрылуубуздан тыянак чыкпаса, биз ар түрдүү акцияларга бара турганыбызды чечкиндүү билдиребиз.

Бардыгы болуп кайрылууга Талас облусунун 17 миң 598 тургуну кол койду.
Кол коюлган кагаздын көчүрмөлөрү редакцияда.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??