Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Улуттук идеология го керек,
а улуттук
ар-намысчы?
Наристени
кайырчылыктан
сактай албаган кыргыз...
(Башталышы 6-бетте)
Кеп, кыргыз деген улуттун улуттук аң-сезими мокоп, кайдыгерлик менен ар-намыссыздык улуттук менталитетке айланып бараткандыгында. Мен менен сенин кайдыгерлигиңде, ар-намысыбыздын жоктугунда. Эмне болсо эле баарын замандын кыйындыгына шылтаганга көнүп алганбыз. Кыргыз кыргыз болгону эл башында мындай кыйынчылыктар болбоптурбу? Болгон! Кийинки эле тарыхты алсак, кыргыздар калмактардын кол алдында бери дегенде 300-400 жыл кул болуп жашаган мезгилдер болгон. Кечээги эле Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында биздин аталарыбыз, энелерибиз, агаларыбыз бир сындырым нанга зар болуп, аңыздардан машак терип жеген күндөр болду деп айтышат го. Азыр кымбат да болсо наныбыз, Кытайдан келсе да кийимибиз бар эмеспи! Эмнеге Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда кайырчылык кылбаган кыргыздар бүгүн кайырчылык кылат? Эмнеге, өз канынан жаралган бөбөктү ачарчылык жылдарында кайырчы кылбаган кыргыз бүгүн бейкүнөө наристесин кайырчы кылып, кыштын чилдесинде көчөгө олтургузуп коет? Бул майда маселе эмес. Бул бир адамга гана тиешелүү маселе эмес, бул - улуттук маселе. Ошол наристенин жанынан күн сайын өтүбаткан миңдеген адамдардын баарынын жүрөгү таш болуп катып, акылы сенейип иштебей, бүт баарына кайдыгер карап, ар-намыссыз болуп калганбы? Эгер ар-намысы жок калса, анда кыргыздар кайсы намысты айтып, "кыргыздар баатыр эл" деп мурдуларын дердейтишет. Кайсы арына, кайсы намысына? Мейли, тиги Чүй проспектисинен ары-бери өткөндөр тиги бөбөктү элес албайт дейли, а "Кыял", "Ош", "Берекет", "Беш-Сарыда" иштегендерчи? Ошол бир бөбөктү кайыр суратпай койгонго, берки базарларды айтпайлы, береги "Кыял" улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесинде мүмкүнчүлүк жокпу? Улуттук деген атты алып жүрүш деген билгенге оңой жүк эмес.
Кыргыздар айкөл эл болгон
Ата-бабалар илгери кыргыздарда бей-бечаралар көп болсо да, кайырчылар болгон эмес дечү эле. Кыргыздар айкөл эл болгон. Эч качан бөбөгүн кайырчы кылган эмес. Башкасы билбесе да, муну "Кыял" улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесинин башкы директору Султан Макашов жакшы билет деп ойлойбуз. Же ошол жерден күн сайын бери дегенде он жолу өткөн Султан авабыз "Кыялдын" айланасында олтурган кайырчыларды көргөн жок деп ойлойсузбу? Кантип көрбөсүн? Анан ошол элге төбөсү көрүнүп калган адамдын кыргыздын бир наристесинин тагдырына кайдыгер караганына таң калып турабыз. Ары анүчүн уялып, сынып турабыз. Эл караган бетибиз жер карап турат. Айлана-терегерегин бүтүндөй бойдон базар кылып алган "Кыял" бирикмесинде кыргыздын бир наристеси үчүн акча табылбайбы. Мейли, "Кыялда" жок экен, "Ош", "Берекет" базарларындагы, "Беш-Сары" соода борборундагы базарком байкелерде улуттук ар-намыс болсо, айлана-тегерегин кайырчыларга толтурбай, ошолорго иш таап берип, иштей албаганына ай сайын акчалай жардам берип турса, же ити чөп жебей ачка калабы? Берки базаркомдорду айтпайлы, ошол жерде Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевге тиешелүү деле базар бар. Башка базарком байкелердин көзү дүйнөдөн катып калса да, Мар Байжиев Ташым Байжиев деген атанын баласы. Ал өз чыгармаларында дайыма гумандуулукту даңазалап келген. Анын чыгармаларындагы каармандар колунда жок бей-бечарага акыркы сындырым нанын берип, өзү жылаңач калса да, үстүндөгү кийимин чечип берет. Анда эмнеге пайгамбар жашынан өтүп калган, дүйнөгө бийик философия менен караган агабыз кыргыздын бир наристеси кыштын кыраан чилдесинде кайыр сурап олтурганга жүрөгү түтөт. Өңгө кайырчыларды айтпайбыз, эмчектеги наристени кайыр суратпай, багып алар адам жокпу?
Кыргызстан эмне болгон мамлекет? Мейли, базарком байкелерди, базарда соода кылгандарды айтпайлы, бу шаарда бийлик барбы, же жокпу? Бар. Биз бул аймак түздөн түз тиешелүү болгон районду жана анын жетекчилигин айталы. Албетте, Ленин райондук мамлекеттик администрациясында олтургандар аерде текей терип олтурган жок, иштешибатат, аны көрүп эле жатабыз. Бирок, кары-картаңдарга, жаш балдарга, көчөдө кайыр сурагандарга жардам көрсөтүү райондук администрациянын ишмердигинин ажырагыс бир бөлүгү болушу керектигин биз айтканыбыз өтө эле осол нерсе го..
"Бүт дүйнөнүн байлыгы баланын бир жолку жылмаюусуна да арзыбайт" деген. А Кыргызстанда наристелер эненин курсагынан жарык дүйнөгө келбей жатып, кайырчыга, сурамчыга, бомжго айланып жатат. Бул бир адамдын, же бир үй-бүлөнүн гана трагедиясы эмес, бул улуттун трагедиясы. Наристелер эне сүтү таңдайынан кете элек жатып кайырчы болуп жатса, улуу идеяларды, улуттук идеологияны айтып, Манасты биздики деп талашып эмне кылабыз. Саясатчыларыбыз кайсы арына бири-бири менен папке талашып, таасир көрсөтүү чөйрөсүн талашып, дердейип жатышат.
Болотбек Таштаналиев




  Коом

Куруганы бараткандар Курултай өткөрүшөт...
(Башталышы 6-бетте)
Азыркы курултайлар кандай милдеттерди аткара алышат?
Биздин оюбузча, теңирчилер менен улутмандар Курултай институтун канчалык идеалдаштырышып, андай идеяны бизге канчалык таңуулашпасын аны совет бийлигине чейинкидей мазмундарда жана формаларда реанимациялоого таптакыр мүмкүн эмес. Ага биринчиден, көчмөнчүлүк, калк кат сабатсыз мезгилде башкаруунун, уруулар арасында консенсуска келүүнүн ыкмасы катарында колдонулуп келген мурдагы Курултайдын формасы да, философиясы да азыркы реалийлерге таптакыр ылайык келбейт. Ал алда качан эскирип, парламентаризмдин киргизилиши менен архаикалык нерсеге айланган көрүнүш. Азыркы шартта ал эч качан парламенттин да, Жогорку Соттун да, Өкмөттүн да функцияларын аткара албайт. Демек, булар жок болгондон кийин элдик Курултай деген көрнөктүн алдында кандай жыйындар чакырылбасын алардын бири да чыныгы Курултайдын ролун, милдетин аткара албайт, алар жөн эле скелети турган менен денесиз, аты бар, заты жок, бир да маселени чече албас, ар ким өз оюндагыларын айтып-айтып таркап кетүүчү форумдардын биринен болот. Ал эми андай көрүнүштөрдү оңдоп, курултайларды теңирчилер каалашкандай маани мазмунга, таасирге ээ кылдыруу үчүн бийлик бутактарынын бардыгынын ыйгарымдарынын бир бөлүгүн алып, аларды Курултайдын функциясына өткөрүп берүү талап кылынат. Бирок, анда бийлик бутактары импотенттерге айланышып, өздөрүнүн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткара албай кала тургандыктары да ачык иш. Эмне дебейли , өлкөдөгү экономикалык жана социалдык абалдарга Курултайлар таасир көрсөтө да, оперативдүү башкара да алышпайт, бийлик бутактарынын башындагылар гана оперативдүү башкара алышат, өздөрүнүн ыйгарымдагыларына кирген чөйрөлөргө керт баштары менен жооп беришет. Демек, Өкмөттүн, парламенттин ыйгарымдарына кол тийгизилбөөсү керек. Ал эми Жогорку Соттун ыйгарымдарынын бир бөлүгүн берген менен деле аларды Курултайлар аткара алышпайт. Ал үчүн биринчи кезекте атайын даярдыктар, анан убакыт талап кылынат. Бир сөз менен айтканда, азыркы жалпы элдик деп аталган курултайлар айрым бийлик бутактарынын жетекчилеринин билдирүүлөрүн угуп, аларга кеңеш, сунуш берүүчү органдын гана милдетин аткаруусу мүмкүн. Азыркы мезгилде жалпы элдик Курултайга андан кеңири ыйгарымдарды берүүнү талап кылуу объективдүү шартка ылайык келбейт.

Провокатордун
милдетин
аткарбоосу керек
Өзүңүздөр күбөсүздөр, көз карандысыздыктан берки мезгилде расмий бийлик тарабынан чакырылган курултайлар бир нерсени шарданалап, чогулуп чай ичүүгө себеп болчу ( мас. Дүйнөдөгү кыргыздардын курултайындай) иш чаралардын бири катарында гана өткөрүлсө, оппозициядагылардын курултайлары ич күптүлөрдү чыгарып, нааразылыктарды билдирүүчү дискуссиялык клубдардын милдеттерин гана аткарып келүүдө. Биз мында курултайларды жандандыруу идеясы алгач оппозициялык иш аракеттерди жүзөгө ашыруунун бир формасы катарында пайда болуп, анан аны расмий бийликтегилер өздөштүрүп ала коюшуп, атаандаштардын аракеттерине бут тосуу катарында колдоно башташкандыктарын, Курултай десе элдин көпчүлүгү бир нерсеге каршы же жагымсыз көрүнүштүн алдын алууга багытталган чара катарында кабылдаша турушкандыктарын эсибизден чыгарбообуз зарыл. Азыркылар үчүн Курултай бабаларыбыздын мезгилиндегидей элди тынчытып, ынтымак- ырашкерликке болбосо да бир пикирге келтирип, чатактарды чечүүчү маанисин жоготуп, саясый күрөштүн атаандаштарды бутка тээп, аларды контрчараларды көрүүгө мажбурлоочу козуткуч формасына айланган. Элдин көпчүлүгү Курултай дегенди ушундай түшүнөт, оппоненттерге карата каяшанын бир формасы катарында кабылдайт. Алсак, 2009-жылдын аягында оппозициядагылар өздөрүнүн Курултайына даярдык көрө башташканда бийликтегилер алардан озунушуп 2010- жылдын 23-мартына Ынтымак Курултайын чакырышкан. Ынтымак деп аталган ал Курултай өз максатына жеттиби? Жок. Чоң шаан шөкөттөр менен ал Курултай өткөрүлүп, бир күн кечке чейин ынтымак , биримдик тууралуу ооз көптүргөн көп сөздөр айтылгандан он беш күн өткөндөн кийин элдик революция ишке ашып, мурдагы бийлик кыйрады. Революциянын андай чапчаң ишке ашып, өз максатына тез жетүүсүндө Ынтымак Курултайы оппозициядагылардын кыжырларын күчөтүп , тополоңдун тездөөсүн шарттоочу катализатордук козуткучтук милдетти гана аткарды. Андай өз баштарына муш боло турган Курултайдын мурдагы бийликтегилерге зарылчылыгы бар беле?
Тилекке каршы, жаман ат бир баскан жерин үч басат, дээринде жок адамга эч нерсе сабак болбойт дегендей, былтыркы ушул маалдагы Ынтымак курултайынын сабагы эстен чыкканбы, же айрымдарга баары бир болуп калганбы, айтор, быйыл бийлик башындагылар чоң Курултай өткөргөнгө өздөрү демилгечил болушууда. Анын алгачкы этаптары жер жерлерде өтүүдө, биз билгенден Таласта, Нарында курултайлар өткөрүлүп, эми алардын өкүлдөрү Бишкектеги чоң Курултайга даярданышууда. Аны бийликтегилер былтыркыларды туурап ынтымакчылдыкка айландырууга аракеттенишсе, оппозициядагылардын өз максаттарына пайдаланууга умтулуша тургандыктары айдан ачык. Кимиси кай жакка тарткан күндө деле анын эл үчүн эч кандай реалдуу пайдасы деле болбойт, баягы эле дүжүр сөздөр айтылат, уга берип бышы кулак болгон жарамазандар ырдалат. Бирок, пайдасы болбосо да былтыркы Курултайга окшоп зыяны тийбесе экен.

Папан
Дүйшөнбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??