Энергетикадагы
коррупциялык иштер кайдан башталууда?
Бирөөлөргө алтын
жаадырган жардыруу

2009-жылдын аягында Камбар- Ата -2 ГЭСинин биринчи агрегатын куруп, монтаждоо иштери аяктап, Нарын дарыясын жардыруу жолу аркылуу бөгөө түз телерадиоберүүлөр аркылуу көрсөтүлүп, ооз көптүргөн сөздөрдүн баары айтылып, 1975 - жылы Токтогул ГЭСин ишке киргизгендегидей эле даңазаланган. Ал расмий органдар, расмий маалымат булактары тарабынан ийгиликтүү ишке ашкан дүйнөдөгү эң уникалдуу, Кыргызстанда биринчи жолу колдонулган эксперимент катарында жараналанган. Бирок, ошондо эле айрымдардын "жардыруу толук өз максатына жетпей, пландаштырылгандай көлөмдө топурак түшпөй калыптыр" деп айтып жүрүшкөндөрү да чын. Андай сөздөргө эч ким деле анча маани берген эмес. Элибизде "бышкан аштын ээси көп, бүткөн иштин сынчысы көп" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай ич күйдүлөр чыгарып жатышкан көп сөздөрдүн биридир деп койгонбуз. Бирок, имиштер чын экендигин кийинки мезгил көрсөттү. Дарыянын нугуна кулаган топурактын көлөмү аз болгондуктан курулушчулар өткөн 2010-жылды дамбага кошумча топурак, шагыл жана таш ташып төгүп, бекемдөө иштери менен өткөрүштү. Андай долбоордо каралбаган иштер үчүн бюджеттен он миллиондогон сомдор жумшалды. Мында, албетте, 3 миң тоннадан ашык жардыруучу заттар коюлган менен эмне үчүн жардыруу өз максатына жеткен эмес?- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Жооп жөнөкөй. Же тоннель долбоордогудай өлчөмдө казылып даярдалган эмес, же жардыруучу заттар долбоордогудай көлөмдө тоннелге киргизилип, туюкталбаган. Көз карандысыз эксперттердин пикирлери боюнча, бул эки операцияда тең техникалык талаптарды бузууга же жалпак тилге салып айтканда, көз боемочулуктарга, кошуп жазууларга жол берилген. Ошол убактагы биринчи вице-премьер- министр, азыр коррупцияга каршы күрөштүн "добулбасчысы" болуп жүргөн Акылбек Жапаров салтанаттуу түрдө пультту басып, жардырууну ишке ашыргандан кийин Нарынды бөгөөгө байланышкан кошуп жазуулардын, көз боемочулуктардын бардыгы эч ким таба алгыс болуп көк түтүн менен кошо асманга учуп кетти. Азыр тоннелдин долбоорго ылайык казылгандыгын же казылбагандыгын, ага факты жүзүндө канча тонна жардыруучу зат коюлуп, канчасы уурдалгандыгын эч ким так аныктай албайт. Бирок, эгерде тоннель долбоордогудай казылып, бекемделип, белгиленген өлчөмдөгүдөй жардыруучу заттар коюлса, жардыруу сөзсүз толук өз максатына жетпей коймок эмес. Россиядагы андай операциялардын бардыгы эле ийгиликтүү ишке ашырылып жатат, ал эми биздегинин үзгүлтүккө учурагандыгында сөзсүз бир мандем бар. Жардыруудан кийин ошол убактагы энергетика министри И.Давыдовдун Ширшов жана "Нарынсуукурулуш" ишканасынын жетекчилери менен кайра -кайра кучакташып өбүшүп, ал окуяны өздөрүнчө эки күн майрамдашкандыктары да бекеринен эместир. "Дүңк" эткен дабыш менен кошо ар кандай түстөрдөгү миллиондогон акчалардын жиктери билинбей кетип жатса анан кантип майрамдабай коюшпасын. Энергетика министрлигинин ошол убактагы жетекчилери Бишкекке чейин бийлеп келишсе деле эч ким таң калмак эмес.

Көп акча жеген параны
да көп берет, же Давыдов,
Ибраев жөнүндө
Дамбага байланышкан афералардын бардыгы жардыруу менен кошо жабылды, бирок эсептөө палатасынын аудиторлору Камбар- Ата-2 ГЭСинин курулуш, монтаждоо иштерин жүргүзүүдө жалпы көлөмү 270 миллион сомдон ашык кошуп жазууларга жана уурдоолорго жол коюлгандыгын аныкташып, текшерүүлөрдүн материалдарын тергөө органдарына өткөрүштү. Тергөө кызматкерлери дагы канча уурдоолорду, кошуп жазууларды табышат, аны жакынкы убакыт көрсөтөт. Бирок, бул тармакта коррупция адаттагы көрүнүштөрдүн бирине, ал эми коррупционерлердин дайыма суудан кургак чыгып, а түгүл жогорку кызматтарга көтөрүлүп кете берүүсү нормага айланып калгандыгын белгилөөбүз керек. Тармактын кайсыл чөйрөсүнө үңүлө карабагын бери эле дегенде ондогон миллиондогон, ары дегенде миллиарддаган өлчөмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн издери көрүнөт. Алсак, жакында "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун эмгек жамаатындагылар 2003 -жылдан 2010 - жылдын апрелине чейинки мезгилдин ичинде өздөрү кошулуп уурдагандардын бир бөлүгүнүн ордун жабуу үчүн Гоголдун "Өлүк жандарындагы" Чичиковдой кылып жалпы көлөмү 473 миллион 713 миң киловатт-сааттык электр энергиясын жок абоненттерге жазып салышкандыктарын аргасыз моюндарына алышты. Бул бөлүштүрүп сатуучу төрт компаниянын бирөөсүндөгүлөрдүн гана өз моюндарына алгандары. Моюндарына алгылары келбей техникалык жоготууларга шылтап жатышкандары мындан көп. Калган бөлүштүрүп, сатуучу компаниялардагы жел эсептер деле "Түндүкэлектродогулардыкынан" аз эместигин бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Гоголдун романындагы Чичиковдун тизмесине киргизилгендер тирүү болушпаса да мурда жарык дүйнөдө жашашкандар болушса, ал эми бөлүштүрүп, сатуучу компаниядагылардагы азыркы Чичиковдор уурдагандарын, уурдоого ортоктош болгондорун таптакыр жарык дүйнөгө жаралбагандарга , өздөрүнүн ойлорунан чыгарылгандарга жазып жатышпайбы. "Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгып өкүрөт" дегендей, мындан өткөн ээнбаштык, эсирип элдин байлыгын чачкандык болобу. Туш тарабы коррупцияга чырмалган жерде жокту- бар, барды- жок кылып, сатылып алынды деген техникаларга, материалдык баалуулуктарга каалагандарынча үстөктөрдү кошуп жазып, элдин байлыгын тоной берсе деле боло бере тургандыгын Ширшов, С.Балкыбеков,И.Давыдов, Т.Ибраев, М.Айткулов дегендер тармакты жетектеп турганда толугу менен далилдешти. Булардын ар кимисинин артында корруциялык көрүнүштөрдүн баш аяктары көрүнбөгөн шлейфтери созулуп жатат. Алардын баарын санап чыгуу да кыйын. Качып кеткендерин да жөн эле коелу, алардын иштеринин аягына укук коргоо органдарындагылар да чыга алышпай жатышат. Бул жерде жашап, иштеп жүргөндөрүнүн жасагандарынын айрымдары жөнүндө гана айтсак, Таалай Ибраев деген инсан "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары болуп иштеп турганда 2009-жылы 30-октябрда Россиянын Новосибирск шаарындагы "Сибирь-Экспорт" ЖЧКсынын жетекчилиги менен 36 миллион рублге мурда пайдаланылган ТДТН-40000( 110( 35(10- У1 маркасындагы күчтөндүрүүчү трансформаторду , 2010-жылы 23-мартта ошол эле шаардагы "Технотранс" ЖЧКсы менен жогорудагыдай трансформаторду 45 миллион рублге , ошол эле айда Бишкектеги "SOFT REAL Ltd" ЖЧКсынан АС-150(24 маркасындагы жалпы көлөмү 388750 долларлык кабелди сатып алуу жөнүндөгү келишимдерге кол коюп, аталган товарлардын айрымдары которуу жолу менен алынган. Бирок, эсептөө палатасы текшерген учурда жогоруда аталган күчтөндүрүүчү трансформаторлордун базардык эң жогорку баасы 15 миллион рублден ашпай тургандыгы, алар боюнча электрондук маалымдоо каражаттарында жарнамалык материалдардын толтура экендиги, андай келишимдерден улам акционердик коомго ондогон миллион сомдук зыяндар келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иштери козголуп, алар азырга чейин аягына чыгарылбай жатат. Бирок, козголгон кылмыш иштеринин аягына чыгарылуусун күтпөстөн эле министрликтин жетекчилигинин Т.Ибраевдин документтерин даярдашып, аны "Кыргызстан Улуттук электр тармактар" ААКнун Башкы директорунун орун басарлыгына дайындоону сунуш кылышып жатышкандары жөнүндө эмнелерди айтууга болот? Сыягы, министрликтин азыркы жетекчилери ким көбүрөөк жегенди билсе, ал ошончолук пара бергенди да билет деген көз карашты карманып жатышат окшойт. Болбосо аркасынан кылмыш иши чубалган Ибраевди Башкы директордун орун басарлыгына даярдашмак, ал эми паракорчулукка байланышкан иш үчүн бир нече күн ИВСда жатып чыккандыгына карабастан Энергетика министри болуп, тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдүн бардыгына, биринчи кезекте Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги кошуп жазууларга, жарым жардырууга керт башы менен жооп бере турган И.Давыдовду министрдин орун басарынын деңгээлиндеги бөлүм башчы кылып алып жүрүшмөк эмес. "Электр станциялары" ААКнун башкы директору М.Айткулов мамлекетке жалпы көлөмү 2 миллиард сомдон ашык зыян келтиргендиги үчүн жазалануунун ордуна "Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ААКнун башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгын мурда айтканбыз.

Балык башынан сасыйт.
Дүйнөдөгү бардык цивилдүү өлкөлөрдөгүдөй эле бизде да жогорку деңгээлдеги мамчиновниктерге өз кызматтарына илимий, окутуучулук иштерден башкаларды айкалыштырууга, башка ишкана, уюмдардан ортомчу, кеңешчи ж.б. катарында акча жана материалдык баалуулуктарды алууга мыйзамдык жактан тыюу салынган. Давыдов министр болуп турганда бөлүштүрүп, сатуучу компаниялар, ГЭСтер менен кандай жекече каржылык иштерди жүргүзгөндүгү тууралуу тийиштүү маалыматтарыбыз жок, бирок ортомчулук кылгандыгы үчүн деген формулировка менен "Нарынсуукурулуш" ишканасынан ай сайын ашык-кеми жок 8 миң доллардан айлык алып келгендиги чындык. Же тармактагы ишти уюштуруп, жөнгө салуучу өзүнүн министрлик функционалдык милдетин аткаргандыгы үчүн өнөктөш ишканадан ай сайын өзүнүн негизги айлыгынан жыйырма эседен ашкан "сыйлык" алып турган. Бул энергетиктердин тилинде кандай деп аталат билбейбиз, бирок башка бардык жерлерде көшөгөлөнгөн түрдө пара алуу деп эле эсептелет. Мындан Давыдов министр болуп турганда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоочу мамчиновниктин эмес, "Нарынсуукурулуш" ишканасынын, Ширшовдун командасындагылардын министрликтеги лоббистинин милдетин аткарып келгендиги көрүнүп турат. Ким көбүрөөк төлөсө, чиновник ошонун сөзүн сүйлөйт, ошонун кызыкчылыгын коргойт. Бул эки жерде эки төрт, эртең да таң атат дегендей эле талашсыз аксиома. Камбар-Ата - 2" ГЭСиндеги жардыруунун толук максатына жетпей калгандыгынын коомчулуктан жашырылып, тескерисинче ал өзгөчө чоң жетишкендик катарында көрсөтүлүп, ал жерде жана тармактын жана башка чөйрөлөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн азаймак түгүл көбөйүп бараткандыгынын чыныгы себеби ушунда. Акылман элибиз "балык башынан сасыйт" деп бекер айткан эмес. Тилекке каршы, бул тармакка жетекчиликке келип жаткандардын арасында "баштары түгүл, куйруктарына чейин сасыгандар" көбөйүп баратышат.
Бакай Чилтегин