Бейнелерге сүртүмдөр

Ишекебиздин неге кабары угулбайт?
Тажикстанда коогалаңдар башталган мезгилде бир партфункционер бир күн мамлекет башчысы болгонго үлгүрсө, 2005-жылдагы март революциясынан кийин Ишенбей Кадырбеков үч күн Кыргызстандын биринчи жетекчиси боло калганы бар. Бирок, Ишекебиз ошондо эле ага эч качан баш бийлик тийбей тургандыгын билгенби, же аябагандай жекече кызыкчылыгы болгонбу, айтор, үч күндүн ичинде Жогорку Кеңештин бир нече квартирасын менчиктештирүүгө берип жиберүүгө үлгүргөн экен. Ишекебиз кокус үч күнгө эмес, үч ай мамлекет башчысы болуп калса, парламенттин имаратын да башка бирөө ээлеп ала коет беле, анысын ким билет. Бирок, эл алдында, ЖМКларга маалыматтарды жана интервьюларды берүүгө келгенде аябагандай сабаттуу, аргументтештирип сүйлөп, өз позициясына башкаларды ынандыра билген менен жер, жай, мүлк, курулуш маселелерине келгенде эле акыйкаттык үчүн күрөшүүчү акебиздин кристаллдай таза колдору кир нерселерге аралашып, жаңжалдардан башы чыкпай калат. Ал өзүнүн буйругу менен өзүнө Бишкектен жер участкасын бөлдүрүп ала койгондугун да билебиз, "тиричиликтин" айынан транспорт жана коммуникациялар министрлигинде тирешүүлөрдү уюштургандыгына да күбөбүз. Айрым адамдар суудан корксо, айрымдардын бийиктиктен баштары айланат. Айрымдардын дарактардын, гүлдөрдүн айрым түрлөрүнө карата аллергиялары, фобиялары болот. Бейнекерибиз бир курулуш иштерине аралашты дегиче эле же алар өз нарктарынан эки-үч эсе ашыкча бааланып жиберилет, же бышкан кыш, цемент, шифер сыяктуу материалдар ашыкча сарпталып кетип, сөзсүз бир жаңжал келип чыгат. Кочкордо жер титирөөлөрдө кыйрагандарды, жарылгандарды калыбына келтирүүдө да Ишекебиздин курулуш материалдарына карата "фобиялык оорусу" кармап кетип, чоң жаңжал келип чыккандыгы, ал чыгаан инсандын имиджине, ден соолугуна да аябай эле терс таасирин тийгизгендиги эсибизден чыга элек. Бирок, бизде имидж деген азыр кирдей түшсө кийинки революцияда таптаза болуп жуулуп, айнектей болуп тазарып кала турган бет аарчыгычтай эле нерсе. Ишекебиздин мурдагы бийликтин тушундагы кир-кокторун кийинки бийликтегилер жууп берип коюшту. Мындай учурда абийир, ар намыс, анан эл-пел деген абстракттуу нерселерди унутуп таштап, азыр эмне пайдалуу болсо, ошону жасасаң боло берет. Ишекебиздин деңгээлиндеги, анан төмөнүрөөктөгү көпчүлүк саясатчылар ошентип эле келе жатышат. Бирок, аркан канча эшилбесин, жомок канча айтылбасын баары бир аягы боло тургандыгы да шексиз. Акыркы убактарда таптакыр дайыны чыкпай калгандыгына караганда китепкөйлүгү менен айрымаланган Ишекебиз ушундай маанайдагы философиялык ой жүгүртүүлөргө көбүрөөк берилип, кудай жолуна түшкөнгө аракеттене баштаган сыяктанат. "Ак буудайдын барар жери тегирмен" дегендей, ал - акылдуу адамдар эртели кеч түшө турган жол.




Физиктен комузчуга айланып бара жаткан инсан..
Жылуу сүйлөп, мышыктай жыла басып, башкаларга түгүл өзүнүн үй бүлөсүндөгүлөргө ачуулануу дегенди таптакыр билбеген, эмоциясы батпай баратканда гана бирде кызара түшсө, бирде бозоро түшүп, бирок дайыма өзүн көзөмөлдөп, аяр сүйлөгөн бул инсанды бийликте, турмушта да ушундай эч кимге пайдасы да, зыяны да жок, суудан жапыз, чөптөй ийкемдүү жан дегендер аябай эле жаңылышат. Сыртынан эч ким менен ачык конфликтиге баргысы, бирөөгө катуу сөз айткысы келбеген менен бул инсан эч качан өзүнүн жактаганын бербейт, өз көз карашынан, бир ээлеген позициясынан оңой менен кайтпайт. Өзүнө бирөө жасаган жакшылыкты да, жамандыкты да эч качан унутпайт. Убагында анын мындай жумшак төшөгөнү менен катуу жаткыза турган өзгөчөлүгүн билишпей, "аа, Жумалиевди койгулачы. Мен ажого өзүм айтып эле өзүм бүткөрүп таштаймын" деп дөөгүрсүгөн далай министрлер, губернаторлор айга бүлөйбүз деген азууларын андан мокотушкан, а түгүл айрымдары сындырып да алышкан. Анын биринчи ажого карата таасирин төмөндөгү бир фактыдан эле байкаса болот. Азыр кайда экени белгисиз Талгарбеков деген желпилдеген неме губернатор, кадимки Апас Жумагулов премьер министр болуп турганда экөөсү бир райондун акимин иштен алмак болуп калышат. Губернатор акимди кызматтан бошотуу тууралуу коллегиясынын чечимин чыгарат, аны Премьер-министр ачык эле колдойт. Бирок, сунуш Жумалиев отурган президенттик администрацияга келгенден кийин эле анын эмне болгону белгисиз болуп дайыны чыкпай калат. Мурда таптакыр андай болчу эмес, губернатор сунуш берип, премьер колдогондон кийин кандай аким болбосун кызматынан заматта ыргып кетчү экен. Акимдикти башка бирөөгө убада кылып коюп, алакан чабышып, далыдан тапташып алган губернатордун тынчы кетип, ал акимди кызматынан бошотуу тууралуу экинчи ирет токтом чыгарат. Бирок, ал токтомдун да кайда кеткени билинбей калат. Көп өтпөй тынчы жок губернатор өзү кызматынан бошоп, Апас Жумагуловичтин ордуна Жумалиев барып отуруп калат. Талгарбеков кызматтан кетип жатканда тигил акимди чакырып алып, "мени деле Аскар Акаевич аябай колдочу эле. Бирок, сизди гана кызматыңыздан ала албай койдум. Деги аны менен кандай байланышыңыз бар?" деп сурайт. Көрсө ал аким колхоздун башкармасынын төрагасы болуп иштеп турганда аспирант Жумалиевге бир чоң жакшылык кылган экен. Ал жакшылыгы үчүн Кукебиз агайы менен сүйлөшүп, губернатор менен премьерди тийиштүү жакка айдап коюптур.
Биринчи ажонун убагында Кукебиздин чындыгында эле кадрлар маселесин чечүүдө, инвестицияларды бөлүштүрүүдө аябагандай чоң таасири болгондугу чындык. Жумалиев болбогондо кичи мекениндеги Таш- Көмүрдөн Кара-Жыгачка чейинки жол эч качан асфальтталмак эмес дешет. Аксылыктар ага ушунусу үчүн деле өмүр бою ыраазы болушса болот. Азыркы төбөлөрү көрүнгөн саясатчылардын, ишкерлердин сезилерлик бөлүгү бири жардамчы, бири бөлүм башчы, министрдин орун басары болуп жүрүп Кукебиздин колтугунда чоңоюшкан. Ал айрымдарына өкүл ата болуп, чоң кызматтарга чейин сүйрөп да жеткирди. Алардын бири азыр арстандай күркүрөп Ак үйдө олтурат. Бирок, ошол эле убакта бейнекерибиздин күркүлгө айланбаса да түзүк эле байып, бир нече соода, тейлөө түйүндөрүнүн ээси болуп, ортодон жогорку оокаттуулардын катарына кошулуп, анын арасында аялын да алмаштырып дегендей бир гүүлдөп алгандыгы да ырас. Бирок, ал ичтейине ысык-жылык бир нерсе кирсе эле этиркеген жылкы баласындай мүнөз күтүп, бирөөлөргө тийишип, досторунан душмандарын көбөйтүп, анан саясатчыга айланып, колунан бир нерсе келсе келбесе деле "кыйратам" деп жулкуна берчүлөрдөн эмес. Бийлиги канчалык жогорулап, акчасы да ошончолук көбөйгөн убактарда да ийкемдүү, жоош , эч кимге зыяны жок жан болуп көрүнүүгө, өз максатына тымызын жолдор аркылуу жетүүгө аракеттенчү. Бейнекерибиздин Роза Аманова айымдын мурдагы күйөөсүнөн башка бир да душманы деле болбосо керек. Кала берсе аны "агайын саткан жок, туруктуу адам" деп саясый идеялык жактан кайнаса каны кошулгус супер радикал Азимбек Бекназаров да жакшы көрөт. Өткөн парламенттик шайлоодо Кукебиздин аялы Роза ырчы Каганатка качып кетсе, ал иниси экөөсүнүн БЭК партиясынын штабынан чыкпай жүрүшкөндүгү да эч кимге жашыруун эмес.
Кубанычбек Жумалиевди мурда элдин баары биринчи ажонун жолун жолдоп, ишин уланткан физик катарында билишсе, ал Аманова айымга үйлөнүп, эки балалуу болгондон бери илимий иштерге көп ыклас кылбастан көбүнчө комуз чертүү менен алектенип, филармонияда иштегендердин көбүнө караганда "Маш ботой" менен "Сынган бугуну" так кайрып калган дешет. Ошентсе да андан агасы Ниязалыдай комузчунун чыгышы кыйын. Бирок, азыркыдай алабарман заманда делбетаптардын бирине кошулуп алып, сасыган саясат менен алектенип жүргөндөн көрө Роза айым экөөсүнүн Көк - Жардагы хан сарайды жаңырта шартылдата комуз чертишип, биринин көңүлүн бири көтөрүп отургандары деле чоң иш деп айтса болот. Ким билет, мүмкүн келечекте экөөсү комуз боюнча үй бүлөлүк дует түзүшүп, анан ага эгиз тайлактай болгон эки баласын кошуп алышып эл алдына да чыга башташаар.


Дани Сарыке