Кыргызстандын
эң таасирлүү айымдары!

"Алиби" гезити 8-март аялдар майрамына карата таасирлүү айымдардын ысымдарын тизмектеди. Назар салыңыздар!

Акаев учурундагылар:
Биринчи президент башкарган жылдары өлкөдөгү жогорку кадрдык маселелердин көбүн Аскар Акаевич эмей эле, биринчи леди Майрам Акаева чечип келгени баарына белгилүү. Кайсы бир жогорку кызматка дайындалгысы келген адамдар "Мээрим" фондусунун эсебине жайнаган жашылбайларды которуп койсо эле, бир канча убакыттан соң, ошол адамды бир жетекчилик кызматка дайындаган Аскар мырзанын жарлыгы чыга калчу. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мамлекеттик кызматтар параны колго берүү жолу менен эмес, которуу жолу менен сатылып келгендиги ачуу чындык. Таасирлүү айымдардын 2-тепкичинде Майрам апчебиздин бир тууган сиңдиси, Талас облусунун губернаторунун орун басары болуп келген Аязгүл Саркишеванын тургандыгы айтылып келет. Облустук, кээде республикалык мааниге ээ болгон маселелерди чечүү үчүн элдер губернатордун эмес, анын орун басары болгон Аязгүл айымдын кабылдамасында кезек күтүп, кире албай турушчу дешет. Мындан соң, атасынын бийлик мөөнөтү бүтүп жаткан кезде өлкөнү парламенттик башкарууга айлантып, анын спикери болуу менен мамлекеттеги эки тизгин, бир чылбырды кайра колго алгысы келген Бермет Акаеванын да көп маселелерге олуттуу таасир эте алгандыгын айта кеткенибиз оң. Ушул жерден Аскар мырза бийлик жүргүзгөн жылдары айымдарды жогорку бийлик тепкичтерине жакшы эле тарткандыгы байкалып турат, эң башкысы өзүнө жүктөлгөн жүктү же арабаны алардын орто жолдо калбай, тартып кете алгандыгын да өзгөчө белгилеп кетүү керек.
Ал эми үй-бүлөдөн тышкары адамдарга келе турган болсок, анда Башкы прокурор, Конституциялык соттун төрайымы болууга жетишкен генерал айым Чолпон Баекованы , Майрам апчебиздин "подружке" сөрөйү болуп жүргөн Билим берүү министри Ишенгүл Болжурованы жана Ысык-Көл облусун башкарган Токон Шайлиева менен вице-премьер-министрлик креслодо жүргөн Мира Жангарачеваны да айта кетпесек болбос. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары Билим берүү тармагына жетекчи болгон Чолпон Жакыпованы , Юстиция жана Жогорку сот төрайымынын кызматын аркалаган татынакай Неля Бейшеналиеванын жана Эмгек жана социалдык коргоо эле эмес, Юстиция министрлигин да жетектеген азыркы депутат Роза Акназарованын жана "Кыргызстан" банкынын мурдагы кожейкеси, депутат Шарипа Садыбакасованын ысымдарын атап кетмекчибиз. Ошондой эле эркектерге чейин титиреткен "Республика" гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын да таасирин белгилей кетүү керек.

Бакиев учурундагылар:
Бакиев президенттик такка олтурары менен, аны менен кайра жарашып алган жубайы Татьяна Бакиеваны , президенттин секретариятын жетектеп, өлкөдөгү чалды-куйду абалдын жаралышына опол тоодой салымын кошкон Оксана Малеваная , баягы эле Чолпон Баекова , Финансы министри, вице-премьер-министр болгон Тажикан Калимбетова , Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Өктөмхан Абдуллаева , Миграция министри Айгүл Рыскулова , "Ак Жолду" мыйзамдаштырып, миңдеген мекендештеринин добуштарын уруп ойнобогон Боршайкомдун төрайымы Клара Кабилова , Данчик Үсөновдун бизнесмен жубайы Динара Исаева , Жогорку соттун төрайымы Жаңыл Алиева , кошоматты мыкты өздөштүргөн Кыргызстан Ассамблеясынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаеваны атап кетсек болот.

Апрель окуясынан кийинкилер:
Калыгул олуя илгери эле кыргыз элинин башына кыска убакытка аял жетекчи келет деп айткан жери бар экен. Анын сыңарындай, ооматы келген Роза Отунбаева мамлекеттеги башкарууну колуна алып, тарыхтагы эң таасирлүү айымдардын алдыңкы сабында турары бышык. Андан кийин техникалык өкмөттөгү вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева , Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева , Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева , Эмгек жана коргоо министри Айгүл Рыскулова , Саламаттыкты сактоо министрлигин аз убакытка болсо да жетектеп калган Дамира Ниязалиева , Убактылуу өкмөттүн социалдык тармагын көзөмөлдөп жүргөн Элмира Ибраимова, Юстиция министри болгон Аида Салянова жана миграция жагында шайлоого чейин иштеген Бөдөш Мамырованы атай кетсек болот.

P.S. Эгерде таасирлүү айымдардын жогорудагы тизмесине чындап эле өзүн таасирлүү деп эсептеген айрым айымдарыбыздын ысымдары кирбей калса, алардан кечирим сурап, таарынбай туруусун айтып кетмекчибиз.

Улан МАМБЕТОВ