Гүласал Садырбаева,
Жогорку Кеңештин
депутаты:
"Саясатка аралашпайм, депутат болбойм дегем"
- Майрамыңыз менен маанайыңыз кандай?
- Рахмат. Ар бир майрам жөн эле болуп калган эмес, артында өзүнчө тарыхы бар. Назик жандуу аял затынын майрамы эң жакшы айга туш келиптир. Кылычын сүйрөгөн кышты узаткан соң, жаздын алгачкы айы биздики экен. Учурдан пайдаланып Кыргызстандын бүткүл аялзатын майрамдары менен куттуктап коеюн.
- Эки тизгин бир чылбырды колго алып, үй-бүлөнүн түйшүгүнө кошуп, саясат деген оор жүктү артынып, Жогорку Кеңешке келип олтурдуңуз. Эл түйшүгү кандай экен?
- Биздин үй-бүлөдө ата-энебиз баарыбызды чынчылдыкка тарбиялаган. Ошондуктан, өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө көз жумуп олтура алган жокпуз. Саясий көз карашым Дооронбек акемди ээрчип жүрүп калыптанды. Облуста жөнөкөй мугалим болгонум менен оппозиционерлердин иш-чараларына активдүү катышып жүрдүм. Бакиевдин баскынчылык заманында куугунтуктан биздин үй-бүлө да куру калган эмес. Ал күндөр да өттү.
Ар бир шайлоочудан келген каттарга колумдан келишинче жооп берип, туура талап коюшса аткарганга аракет кылам. Чын дилинен элим деген киши үчүн, депутаттык кызмат деле оңой эмес экен.
- Мурда мугалим болчу турбайсызбы?
- Ооба, Педучилищаны артыкчылык диплом менен аяктагандан кийин мугалимдик кесипти аркаладым. 1980-жылы Жалал-Абад облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга интернат ачылган. Ошол мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп отуз жыл эмгектениптирмин. Ортодон башка мектептерге да директор болдум.
Бирок, ден соолугума байланыштуу кайра эле ошол мектепте мугалим болуп иштеп жүргөм. 2007-жылы Партиялык тизме менен алгачкы шайлоодо акем экөөбүз тең "Асаба" партиясынан талапкер болгонбуз. Ал мезгилде "Ак жол" партиясынын үстөмдүгү күч болуп тургандыктан шайлоого катыша албай калдык. Ошондо, ыплас шайлоодон көңүлүм калып, саясатка аралашпайм, депутат болбойм дегем. Бирок 7-апрелден кийин "Ата Мекен" партиясынан сунуш түшкөн соң катуу ойлондум. Кыргыз элиме, жаштарыбызга, өзүмдүн кесиптештерим мугалимдерге жардамым тийээр деген ниет менен шайлоого аттанып, кудай буйруп өтүп калдым.
- Үй-бүлөңүз туралуу да кеп кыла кетсеңиз.
- Жолдошум кесиби боюнча бухгалтер. Төрт балабыз бар. Экөөбүз байлык чогултпадык, балдарыбыз билим алсын деп тапкан-ташыганыбыздын баарын аларга жумшадык. Кудайга шүгүр, окууларын бүтүп баары орун-очок алып, үй-бүлөлүү болуп калышты.
Депутат болсом да баягы аялдын түйшүгү мойнумда. Үй-жайымды акча берип жууп-тазалатпайм. Бардык тирилигимди өзүм кылам.
- Балдарыңызды кичинесинде кантип тарбиялачу элеңиз?
- Ушул жашка чейин балдарыма колум тийип, же жаман сөз айтып шагын сындырып тарбиялачу эмесмин. Бардыгын жай түшүндүргөнгө аракет кылчумун. Жаман эмес, акыл-эстүү, күйүмдүү болуп чоңоюшту. Эми өздөрү балдарын тарбиялап жатышат.
- Кандай аялдарды бактылуу деп эсептейсиз?
- Бала-чакасы аман-эсен, үй-бүлөсү оору-сыркоодон, кырсыктан алыс, ашыкча түйшүгү жок аялдардын баарын эле бактылуу деп эсептейм.
Акбермет Руслан кызы




  Үчүнчү бийликте

Феруза Жамашева, Жогорку соттун төрайымы:
"Эки жансакчым бар"
- Феруза айым, айтыңызчы аял кишиге сот тармагын жетектеген кыйынчылыктарды жаратпайт бекен?
- Эгер бул тармакта такыр иштебей жаңы келсем, балким ошондой кыйынчылыктарга дуушар болмокмун, бирок өзүм аралашып жүргөн эле ашканадан өзүмдү кантип жаман сезейин? Анын үстүндө мага чейин да бул кызматты бир канча айымдар аркалап келген жана биздин тармакта айымдар өтө көп иштешет. Мисалы, Бишкек шаарындагы судьялардын 70%зын айымдар түзөөрүн белгилеп кетким келет.
- Жогорку соттун жетекчилигине келгенге чейин кайда иштедиңиз эле?
- Ушул жерде эле судья болчумун, ал эми Жогорку сотко келгенге чейин Ош облустук сотунун жетекчисинин орун басары болуп иштегем.
- Сот болуп калууңузга эмне түрткү берди?
- Атам өзү юрист болгондуктан, бир туугандарымдын арасынан мен гана анын жолун жолдоп кеттим десем болот. Себеби, мен алты бир туугандын эң кенжеси болуп, эмнегедир атама аябай жакын болчумун, ушундан улам ушул тармакты аркалап калдым.
- Жансакчыларыңыз барбы? Муну сурап жатканым, өзгөчө апрель окуясынан кийин автоматчан жигиттердин кароосунда жүрүү "модага" айланып кетпедиби. Буга сиздин жообуңуз?
- Негизи мурда Жогорку соттун төрагалары эч кандай жан сакчылары жок эле жүрүшчү. Бирок, апрель окуясынан кийин саясий чечим кабыл алынып, Конституциялык сот жоюлуп кеткенин жакшы билесиздер да. Ал эми Консоттун төрагасы жансакчылардын кайтаруусунда жүрчү экен. Ошондон кийин Жогорку соттун жетекчисине ошол жансакчыларды кошуп беришкен. Буга жеке өзүмдүн оюмду айта турган болсом, башында башкалардын коштоосунда жүргөнүм аябай эле ыңгайсыз абалды жаратып жатты. Себеби, мурда жалгыз жүрүп, анан кайтарып калышса өзүңдү башкача сезет экенсиң. Бирок, убакыттын өтүшү менен ага да көнүп калдым, азыр алар жардам бергени болбосо, эч кандай ыңгайсыздык жаратышпайт. Анын үстүнө, апрель окуясынан кийин чуулгандуу көп иштер каралып жатпайбы, ошондуктан аткаруу бийлиги сот тармагынын жетекчисинин да коопсуздугун камсыз кылалы деп кам көрүшкөн чыгар.
- Аз күн мурда сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп өтүптүр, ушул датага карата кесиптештериңизге эмне айтмакчысыз?
- Эми судья болуу өтө чоң, жоопкерчиликтүү кызмат экенин эске алсак, алардын ар бир чечиминен кээде адамдардын тагдыры, жашоосу да чечилип калаарын унутпасак. Андыктан, жаңы эле канат кагып, парламенттик башкаруу системасына кадам таштап жаткан жаш мамлекеттеги демократиялык өнүгүү сот системасынын натыйжалуулугуна байланыштуу болоорун баса белгилегим келет. Ушундан улам, ар бир судьяга өз кызматын туура жана так аткаруусун айтып, алардын ишине ийгилик, өздөрүнө бекем ден соолук каалап кетмекчимин.

P.S. Гезитибиздин кийинки сандарында Феруза айым менен сот тармагындагы олку-солку абал, сотторго болгон элдин нааразычылыгы кеткени, калктын ишенимине кайра кантип ээ болуу керек экендиги ж.б. толгон-токой кызыктуу маселелерди талкуулаган маекке күбө болмокчусуздар!

Маектешкен Улан МАМБЕТОВ, bloknot23@mail.ru