Маектөр

Бөдөш Мамырова, ЖК депутаты:
"Ошондогу карабууралыктардын
эрдиги менен ар дайым сыймыктанам"

Бөдөш Мамырова кыргыз саясатындагы лидер айымдардын көрүнүктүүсү. Акылы тунук, кайраты бекем, кеби нуска экенин буга чейинки бир катар саясий окуяларда дадилдеген. Ар дайым калыстык, чындык үчүн чыркырап келгенине коомчулук күбө. Касиеттүү Курманжан энебиз мекендеген Алай жергесинин кызы. Кадимки "темир генералдын" ишенимдүү шакирти. Учурда Жогорку Кенештин вице-спикерлик кызматын татыктуу аркалап келе жатат.

- Бөдөш эже, саясатка кандай жагдайда аралашып калдыңыз? Эмне себеп болду?
- Менин саясатка аралашуум так ушул "Ар-Намыс" партиясы менен байланыштуу. Партия түзүлүп, ага мүчө болгондон баштап биздин партиянын тегерегинде, лидерибиз Феликс Шаршенбаевичтин тегерегинде баарына белгилүү бир катар окуялар орун алып, аталган окуяларга катардагы жаран катары катышып калгандан кийин чындыктын жок экенин, акыйкаттыктын тепселип жатканын көргөндөн кийин баш-отум менен аралашууну чечтим. Эгерде мага окшогон жарандар чындык үчүн күйбөсө, акыйкаттыкты талап кылбаса анда коомго адилеттүүлүктү ким орнотот деген ой көкүрөгүмдө кадалып туруп алды. Ага чейин деле бир топ нерсени байкагандай болгом. Бирок жакындан аралашкандан кийин мен үчүн баары түшүнүктүү болду. Коомдун тескери тарапка массалык түрдө багыт алып жатканы мен үчүн өкүнүчтүү болду. Андан тышкары шайлоолорду бурмалоо, бийликке жакпаган адамдарды бир тараптуу куугунтуктоо ошол кезде эң алгач Феликс Шаршенбаевичтин тагдырынан башталган. Буга убагында туруштук берип, ачык каршылык көргөзбөсөк кийинкибиз эмне болот деген ой катуу кыйнап койду. Анан калса 2000-жылдагы Кара-Буура шайлоо округундагы Феликс Шаршенбаевич үчүн берилген добуштарды бир тараптуу бурмалашып, уурдашып жатканын көрүп, "бул нерсени бийлик билбесе керек. Төмөн жактагылар эле жасап жатат. Жогору жак калыстык кылат" деген баягы союз маалындагы баео түшүнүк менен жүргөнбүз да. Бийликтин ошондогу чыныгы жүзү кийин көрүндү го. Ошондон баштап бийликти ушундай маалында ооздуктоо зарыл деген тыянакка келип, мыйзам чегинде катуу күрөш жүргүзө баштадык. Ал убакта партиялар саналуу болчу. Анын үстүнө бийликке катуу каршылык көрсөтүп, тике турган биздин гана партия болгон. Ошол позицияны биз акырына чейин сактап кала алдык.
- Ошондогу окуялардан өзгөчө эсте калганын айтып бербейсизби?
- Ошол кездеги Акаев бийлигинин, кыргыз элинин эсинде калган бир окуя бар. Ал Феликс Шаршенбаевичтин адилетсиз камалышына каршы чыккан карабууралыктардын 6 айга созулган митинги болду. 6 күн эмес, 6 саат эмес, 6 ай! Бир принцип менен койгон талаптарынан баш тартпай, 6 ай бою көгөрүп отуруп Куловду боштондукка чыгарууга жетишти ошол эл. Акыры 2000-жылдын 9-августунда ошол кездеги Аскер сотунун эр жүрөк судьясы Нурлан Ашымбек уулунун калыс жана акыйкат чечими менен Феликс Шаршенбаевич акталып чыккан. Албетте бул анын жеке эркинин негизинде чыгарылган тарыхый чечими болгон. Ал өзүнүн көз каранды эмес экенин далилдеди. Бирок кайра эле бийлик көксөгөнүнө жетип, Нурлан Ашымбек уулун кызматтан алып, жогорку инстанциядан өздөрү каалаган чечимди чыгартышкан.
- Феликс Кулов акталып чыгуу үчүн Нурлан Ашымбек уулуна 1 миллион АКШ долларын берген экен деген сыяктуу кептер өкмөттүк басылмаларда жазылып жатты эле...
- Эми бул бийликтин чыгарган сөзү да. Ал убакта 1 миллионду бере турган Феликс Шаршенбаевич СНБнын СИЗОсунда отурган. Тууган, жакыны түгүл адвокаттарды дагы терезе аркылуу тиктетип, тыңшалган телефон менен сүйлөштүрүп калышкан. Абдан катуу кайтарууда болучу. Ал убакта Куловдон баары оолактап калышкан. Анан бир миллион долларды ким берет ага? Ал эми Нурлан Ашымбек уулуна даяр өкүмдү алып келип беришкен. Ал болсо кеңешүүчү бөлмөсүнө кирип, өкүмдү эч кимге ишенбей өз колу менен жазып чыгып окуп берген. Андан кийин аны Баткенге айдашкан. Ал жактан дагы жөн коюшпай, акырында эркин адвокаттык кызматты аткарып келген.
- Учурда аялзатынын коомдогу ролуна кандай баа бересиз?
- Аял эркек менен кошо коомдо башкаруучу чөйрөдө кызмат кылып келген. Ошондой эле үйдүн туткасы болуп келишкен. Ал эми тарыхтан мисал ала турган болсок абдан кыйын мезгилде кыргыздар аялзатынын сабырын, акылын, көрөгөчтүгүн жогорку бийликте пайдаланышкан. Буга жакынкы тарыхтагы Курманжан энебиздин таржымалы мисал боло алат. Учурда деле аялзатынын ролу коомдо өз ордун таап жатат. Мамлекеттеги азыркы кырдаал, мыйзам ченемдүүлүк буга жол берет.
Ал эми учурда аялзатынын өкүлдөрү жогорку бийликте абдан аз. Парламентте жетиштүү санда болгону менен өкмөттө бир дагы аялзатынын өкүлү жок болучу. Жакында гана Айгүл Рыскулованы шайладык. Баарынан кызыгы мамлекеттик администрациялардагы, министрликтердеги социалдык бөлүктү тейлеген 3-орун басарлыкты аялдарга жүктөп коюшат. Бул блок абдан оор блок. Мекеменин чыгаша тармагын тейлеп, абдан оор жумуштарды аткарышат. Бул туура эмес. Аял аким боло алат. Аял губернатор боло алат. А түгүл аял президент деле боло алат экен. Аны көрүп жатпайбызбы. Заман ошол аялзатынын зиректигин, толеранттуулугун, дипломаттыгын ж.б. тиешелүү баалуу сапаттарын талап кылып жатпайбы. Болбой эле биздин жигиттердин саясий оюндары, жеке амбицияларынан чыга албаган өзүмчүлдүктөрү коомдо үстөмдүк кылып, мамлекетти артка тартып жатат. Ошол эле учурда айрым популист саясатчыларга алданып, алардын заказын аткарып, кайсы жерди басып бер десе ошол жерге топтолуп барып ажылдаган аялдардын кылык-жоруктары мени катуу өкүндүрөт. Бул баарыбызды ойлонтчу нерсе.
- Президент тууралуу сөз болуп калды. Учурда Роза Отунбаеванын аракеттерин кыргыз коомчулугу карама-каршылыктуу баалап жатат. Бир тарабы өтө жогору баалашса, экинчи тарабы "эркек баштаса төргө, аял баштаса көргө" деген макалды мисалга тартышат. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Роза Исаковна абдан оор, кыйын, өткөөл мезгилде бийликке келди. Мен ачык айтып коюшум керек, 2-президент качып кеткенден кийин биздин мырзалар бул жерде абдан митайымдык кылып кетишти. Ал эми Роза Исаковна болсо "жок, мен карьерамды тобокелге сала албайм. Же шайласаңар 5 жылга шайлагыла" дебестен ошого макул болуп иштеп жатат. Мен өзүм канча ирет күбө болдум. Бул кишинин башкаруу учуру оңой болгон жок. Биринин сөзүн бири укпай, бири айтканына экинчиси каршы болуп, ону он жакка тартып жаткан мезгилде баарын бир столго баш коштуруп, колунан келишинче туура жана калыс чечим чыгарганга аракет кылып келди. Эми пешенеси ушул экен, бийликке келээри менен оор жоготууларга учурап, абдан кыйчалыш күндөрдү башынан өткөрүп, көтөрүп, ошонун баарына чыдады. Эркектер жасай албаган иштерди жасап, улуу көпүрөлүк милдетти аркалады. Ошондуктан мен бул киши тууралуу "тигинтсе болмок, мындай кылса дурус болот эле" деп дагы комментарий бере албайм. Эже эң сонун иштеп жатат. Мен бул кишиге ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, иштеринде ийгиликтерди каалайм. Ар дайым аман болсун, узак жашасын!
- Майрамга карата асылзаада айымдарга кандай каалоолорду айтаар элеңиз?
- Майрам да келип калды. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып апаларды, эжелеримди, сиңдилеримди, курдаштарымды, кыздарымды даңктуу майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Деги эле аялзаты муңайбасын, көңүлү чөкпөсүн, өксүбөсүн деп айтат элем. Жараткан аялзатына эки бакыт берет экен. Бири энелик бакыт, экинчиси аялдык бакыт. Эгерде аялзаты балалуу болуп, аны тарбиялап, адам катарына кошсо бул энелик бакыт. Ал эми аялдык бактыны алган жары тартуулайт. Эгер аял үй-бүлө куруп, бардык тилеги ишке ашса бул анын аялдык бакыты. Мен аялзатына бүгүнкү майрамдын алдында ушул эки чоң бакытты тилейм. Ар дайым аман болуңуздар!
Сизге дагы убактыңызды бөлүп кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз!
Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ