ЭЛДИ АЛДАГАНДЫН КИМГЕ КЕРЕГИ БАР?
1-мартка карата жогорку саясый, административдик жана мамлекеттик, атайын кызматтарды ээлегендердин же бийлик бутактарынын жетекчилеринин, алардын аппараттарында иштеген жооптуу кызматкерлеринин, өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлеринин киреше мүлктөрү боюнча айкындамаларды тапшырууларынын мөөнөтү аяктады. Мыйзамга ылайык, 1-мартка чейин мамлекеттик 1530 кызматкер айкындама тапшырууга тийиш болушса, алардын 1273ү же 83,1 пайызы өздөрүнүн милдеттерин аткарышты. Мамлекеттик 258 кызматкер айкындамаларын тапшырышкан жок. Алардын арасында президенттин жана премьер-министрдин аппараттарынан 16, Жогорку Кеңештин депутаттарынан 4, губернаторлордон 2, өкмөт мүчөлөрүнөн жана министрдин орун басарларынан 4, Тышкы иштер министрлигинин карамагындагылардан 2 адам бар. Алсак, депутаттардан Өмүрбек Абдрахманов, Турсунбай Бакир уулу, Канатбек Исаев, Бахтияр Кадыров, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Мавлян Амиракулов, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов 31 мамчиновниги менен, Ысык-Көл облусунун губернатору Нурдин Абдылдаев, Президенттин аппаратынын протоколдук кызматынын жетекчиси Нурдин Казакбаев 7 кызматкери менен, Өкмөттүн аппаратынан Толкунбек Абдыгулов, Кадыр Токтогулов, Санжар Үмөталиев деген бөлүм башчылары,
Кыргызстандын Дубайдагы консулу Султан Закиров, БУУдагы туруктуу өкүлү Таалайбек Кадыров, Саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабеков айкындамаларын тапшырышкан эмес. Дип-ломаттардын алыста жүрүп, эстеринен чыгып кетүүлөрү мүмкүн, бирок, эртеден кечке кагаз толтуруу менен алектенишкен Президенттин, Өкмөттүн аппаратындагылардын айкындамалары убагында тапшырууларына эмнелер жолтоо болду экен?
Ырасын айтуу керек, айкындамаларды тапшыруу деген азыр эч кандай жоопкерчилиги жок, жөн эле кампаниялык мүнөздө жүргүзүлүп келаткан формалдуу иш чаралардын бири. Анткени, мамлекеттик кызматкерлер айкындамаларды тапшырбай коюшса деле мамлекеттик кызмат боюнча орган же башка мамлекеттик органдар эч кандай чараларды көрө алышпайт. Экинчиден, айкындамаларды бурмалап киреше мүлктөрүн азайтып көрсөтүп толтурушуп тапшырышкандардыкы деле текшерилбейт. Андай аракеттерге негиз болуп бере турган тийиштүү укуктук база жок. Ошондуктан курулай эле кагаздарды толтуруп, элди да, мамлекетти да алдагандын кандай зарылчылдыгы бар деген суроо туулат.
Биринчи президенттин тушунда ал жөн эле Батыштагы цивилдүү өлкөнү туурап, аларга жакшы көрүнүп, грант өндүрүп алуу үчүн киргизилген эле. Андан бери жети жыл өткөндүгүнө карабастан айкындамаларды чогултуу реалдуу маани мазмуну, таасири бар чаралардын бирине айланган жок. Таасирин аз да болсо жогорулатуу үчүн жок дегенде быйыл жогоруда аталган губернаторлорго, президенттин, өкмөттүн аппараттарындагы айкындамаларын тапшырбагандарга карата административдик чаралар көрүлсө туура болмок. Болбосо мындай эч кимге ысык суугу жок формалдуу нерсени жоюп салгандан өтөрү жок.

Бакай ЧИЛТЕГИН




  Пайдасыз балалык оюндар

Же альтернативдүү парламент жана өкмөт жөнүндө
Мындан бир айдай мурдараакта Кыргызстандагы өткөн парламенттик шайлоодо аутсайдерлердин катарларына кошулушкан жана уюштуруучулук, финансылык мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктарынан улам ага катыша албай калышкан жыйырмага жакын саясый партиялардын жана кыймылдардын өкүлдөрү чогулушуп, Улуттук конгресс деп аталган коомдук бирикмени, анын алдында альтернативдүү парламентти түзүп, анын жетекчилигине "Замандаш" партиясынын лидери Муктар Өмүракуновду, ал эми альтернативдик өкмөттүн башчылыгына "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловду шайлашты. Бул парламент менен өкмөттүн активисттери өлкөнү саясый, экономикалык жана социалдык жактардан өнүктүрүү, айрым кризистик көрүнүштөрдөн чыгаруу, башка маанилүү маселелер боюнча Жогорку Кеңеш менен ал түзгөн өкмөттүн программаларына жана чечимдерине альтернативдүү документтерди даярдап, аларды коомчулукка жеткирүүнү максат кылып коюшууда. Мындай көрүнүштөр биз үчүн жаңылык эмес. Мурдагы бийликтин тушунда жаңылбасак, эки ирет альтернативдүү өкмөттөр жана парламенттер түзүлгөн. Альтернативдүү парламентке академик Абдыганы Эркебаев төрагалык кылса, андай өкмөттөрдүн бирин А.Муралиев, экинчисин Р.Акназарова жетектечү. Бирок, ага анын кызматын дароо алар тартып ала кое тургансып, Жогорку Кеңештин ошол убактагы төрагасы А.Мадумаров гана чычалап, көпкө чейин көнө албай, альтернативчилердин даректерине куйкумдуу какшыктарын жылдырып тургандыгы да эсибизде. Байкашыбызча бул жолу А.Келдибеков менен А.Атамбаев экөөсү чычалашып, же куйкалары курушуп, алар менен урушкан же сырттан айтышкан деле жок.
Элибизде "бекер отургандан көрө, бекер иште" , " ачка отургандан көрө, айранга талкан чалып ичип тургун" деген сыяктуу жакшы сөздөр бар. Анын сыңарындай азырынча активдүү мамлекеттик башкаруу иштеринен сыртта калгандар бир чети саясый оппоненттерине тийишип, алардын нервдерине ойноп, экинчи жагынан бири бирин "мырза төрага, мырза спикер, мырза министр, мырза башкы прокурор, мырзайым депутат" деп атап өздөрүнүн көңүлдөрүн өздөрү көтөрүп туруу үчүн альтернативдүү министрликтерди жана ведомстволорду, алар да аздык кылып баратса, альтернативдүү облустарды, райондорду түзсө деле боло берет. Жеке мага алардын кымындай ысыгы да, суугу да жок. Мурда деле андай "альтернативчилердин" бир да идеяларына чындап көңүл бурган, же алар даярдаган документтердин бир барагын да окуган эмесмин. Антүүнүн тыйынча да мааниси же зарылчылыгы жоктугун да түшүнөмүн. Анткени, бир эмес экиден альтернативдик органдар түзүлсө деле алар аналогиялык расмий органдарда иштегендердин аллергияларын пайда кылып, шакыйларын карматкандан башка эч кандай позитивдүү натыйжа бербей тургандыгын, алардын аракеттери жөн эле сокур тыйынча да реалдуу пайдасы жок окумалдык оюндардан экендигин ким деле болбосун көрүп турат. Андай боло турган болсо мындай оюндарга жөн эле убакыт, кагаз коротуп, өзүн өзү алдоонун кандай зарылчылыгы бар? Андан көрө алар өздөрүнүн энергияларын, убактыларын башка конкреттүү иштерге багытташса туура болбойт беле?- деген мыйзам ченемдүү суроолор туулат.
Бирок, биздин оюбузча, кадр жагын тейлеген жетекчилер да саясатта, мамлекеттик башкаруу иштеринде жана бизнесте чоң тажрыйбалары, салмактуу орундары бар инсандарды даярдыктарына, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша башкаруу кызматтарына тартышса туура болмок. Ал бир жагынан мамлекеттик башкаруу органдарынын иштерин жакшыртканга түрткү болсо, экинчи жагынан коомдо саясый туруктуулукту бекемдеп, биримдикти чыңдаганга гана өбөлгө түзмөк.
Папан Дүйшөнбаев