Окурмандарын неге
ойлобойт
Мурдагы чыгаан журналист айымдардын арасынан саясатчылар, элчилер чыкты, бирок, өз кесибине мамлекеттик кызматтарды жана дипломаттыкты, ага кошо илимпоздукту да айкалыштырып жүргөн азырынча бир эле "чоң кыз" бар, ал Кыргызстандын Россиядагы вице- консулу, Сибирдеги мекендештерибиздин кызыкчылыктарын коргоодо кызмат кылып, ийнеликтей иймейсе да алар менен бирге кышында 50 градустук сууктарга, жайында кан соргон чиркейлерге да чыдап келе жаткан Азиза Турдуева болуп саналат. Кыймылы шамалдай элпек, бийчиден бетер кооз туруп, кооз жүргөн Турдуеванын шаңкылдаган дабышын кыргызстандыктар он жыл бою "Азаттыктан" эшитишкен менен анын бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеп элге таанылып, чолосу боло калганда Кытайдагы кыргыздардын тарыхын, маданий жана этнографиялык өзгөчөлүктөрүн иликтеп жүрүп бир нече эмгек жаратып, диссертациясын жактаган илимпоз да экендигин билишпейт болуулары керек. Биздин оюбузча, Турдуеваны билбегендер, ал жөнүндө укпагандар да анын Кытайлык кыргыздар тууралуу акыркы килтейген эмгегин билүүлөрү парыз. Жөнөкөй адамдар үчүн ашыкча болбойт, ал эми мекенчилмин, улутманмын деген кыргыз баласы үчүн милдет. Азиза айымдын полиглоттук жөндөмдүүлүгү да чоң. Ал буга чейин үч тилде эркин сүйлөсө, азыркы дипломаттарга ал да аздык кылат деп Сибирдеги хансы-мансылардын, нанайлардын, ненецтердин, аларга кошо шамандардын тилдерин да үйрөнүп жатат дешет. Канча көп тил билсе, өзүнө ошончолук жакшы деңизчи, бирок ал кызматыма жардамы тиет деп өзүн эле ойлой бербестен, Шыбырлык кыргыздардын өтмүш таржымалдары, адабияттары жана маданияттары жөнүндө да Кытайлык кыргыздардыкындай кылып жазып келсе, биздей окурмандары, эл үчүн, өзү тийип кача мамиле жасаганга өтө баштаган тарых илими үчүн да чоң иш жасамак.




Күлбөс айым
Өмүр бою сот тармагында иштеп жүрүп, адамдардын турмуштарындагы жакшы да, жаман да нерселерди көрө берип, биротоло Сфинкс-тей философко айланып калганбы , же жашынан эле мүнөзү ушундайбы, Айгүл айым өзү да күлбөйт, күлгөндөрдү да жаман көрөт. Аны менен көп жылдардан бери иштешкендердин арасында Айгүл айымдын күлмөк түгүл, жылмайганын көрө электер да көп. Ал мектепте окуп жүргөндө эби жок тийишкен балдарды самбонун ыкмасына салып көтөрө чаап, каратисттерче муштагылап, заматта сазайын берип койчу, сот органдарында иштеп жүргөндө да тээжиктенген, качкысы келген айыпталуучулардын да далайын чаап жыккан дешет. Ошондой мүнөзүнөн улам бирге иштешкен эркек таналардын көпчүлүгү андан коркуп да турушса, экинчи жагынан Айгүл айым да аларга таптакыр көңүл бурбачу экен. Ал артынан чуркаган ырчы-пырчы, мугалим-сугалим, акын-пакындардын , эсепчи-месепчилердин баарын жактырбай аскер кызматкерин издеп жүрүп таап, ошого турмушка чыккан экен. Ал убактагы лейтенант азыр подполковник наамына жетсе, Айгүл айым андан эбак озуп кеткен. Бирок, ошондо тапкан лейтенантын аябай сыйлайт, ак көңүлү кармаганда "менин генералым" деп эркелетип турат дешет.
Азыр Айгүл Рыскулованын кайрадан министрлик постко келгенин жактыргандардан жактырбагандар көп. Революционерлер аны Акаевдин, Бакиевдин адамы деп чүйрүңдөшсө, акаевчилер менен бакиевчилер анын аларга кошулбагандыгы үчүн жаман көрүшөт. Бирок, Айгүл айымды кызматтан алып салышса, оппозициячыл болуп кетпей, кызматка коюп коюшса, дароо бирөөлөрдү жандап, кутумханум болуп кетпестен өз ишин гана кылып ортодо келатканы туура го деп ойлойбуз.




Ырчы айым
Эгерде министрликтердин арасында "Ыр кесе" уюштурулса, республиканын Эмгек жана калкты жумуш менен камсыз кылуу, миграция министринин орун басары Нурийла Жолдошева сөзсүз биринчи болбосо да экинчи орунду ээлемек. Билгендер мектепте ал өздүк көркөм чыгармачылык кружогунун бир да иш чарасынан калбачу, ал эми Россияда инженер-технологдукка окуп жүргөндө орусча, украинче ырдап, бийлегенди үйрөнсө, Ташкентте жогорку партиялык мектепте окуган убагында "Көздөрүң сенин капкара" дегенди ырдай берип, кыргыздар менен казактарды мындай кой, далай өзбек , тажик, кара калпак жигиттердин тынчтарын алган дешет. Чындыгында Өзгөндүн күрүчүндөй болгон бул кызыл жүздүү айым ырдап, бийлегенди гана эмес, уюштуруу, башкаруу иштерин да жакшы билет. Бекеринен Оштогу ири фабрикалардын биринин партиялык жетекчисинен тартып, губернатордун орун басарлыгына, Өкмөттүн аппаратынын бир чоң бөлүмүнүн башчылыгына чейинки жолду басып өткөн эмес. Дайыма жайдары жүргөн бул айым эртеден кечке чейин энеликти жана балалыкты коргоого байланышкан иштер менен алектенсе, бош убактысынын көпчүлүгүн эки небересине бешик ырларын ырдап, жомокторду айтып берүү менен өткөргөндү жакшы көрөт. Акыркы убактарда көкүрөгүнөн бир жашыл канаттуу чоң чымын ойгонуп, анысы балдарга арналган ырларды да жаздыра баштады деп жүрүшөт...


Атасындай баатыр боло алабы?
Элибиздеги "алма сабагынан алыс түшпөйт", "аккан арыктан суу агат" деген сөздөр эң туура айтылгандыгын даңазалуу Корчубек абабыздын Төкөлдөштүк төрт төөдөй чыгаан кыздары ырастап келатышат. Бирок, абабыздын алты кызынын ичинен да Жаңыл мырзадай суурулуп чыгып, илимде гана эмес, мамлекеттик иштерде жана саясатта да таанылганы Роза айым болду. Фигурасы Мая Плисецкаяныкындай, көздөрү Бриджит Бордонукундай, интеллекти Хакамаданыкынан калышпай турган бул айым эмнеге киришпесин, нени колго албасын, бардыгында бараандуу ийгиликтерге жетишип келе жатат. Адегенде өзү тандаган кесиби боюнча экономикалык илимдин доктору болуп, ашык кеми жок 12 китепти, дагы 60ка жакын эмгекти жарыкка чыгарууга жетишти. Социалдык фондунун төрайымы, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри болуп иштеп турганда бизнес-инкубаторлордун апасы болуп, төлөм баланстарын чыгаруу, калкты жумуш менен камсыз кылууну, пенсиялык системаны реформалоо боюнча көптөгөн жаңылыктарды киргизди. Роза Корчубековнанын илимде, мамлекеттик башкаруу иштеринде жөндөмдүүлүгү канча болсо, саясаттагы дымагы да андан кем эмес. Азыркы альтернативдүү өкмөт дегенди биринчи болуп ойлоп таап, ага өзү алгач башчы боло коюп, анан "Эл ынтымагы" деген партия түзүп, кийинчерээк аны республикачыларга кошуп жиберип, алар менен бирге Жогорку Кеңешке келген жан.
Корчубек абабыз кыздарына кээде"бирөө жармың мага окшоп алтын жылдыз тагынбасаңар да өз иштериңерде баатыр болсоңор болду" деген сөздү көп айтат дешет. Эгерде Роза айым бир күнү альтернативдүү эмес, реалдуу парламенттин же өкмөттүн башчылыгына келип кала турган болсо, чын эле өз ишинин баатыры болот. Чамдаңыз, Роза Корчубековна!


Дани Сарыке