Абайлагыла, Кыргызстанда бир караан жүрөт!

Арабызда Остап
Бендерлер жокпу?

Акыркы беш, он, жыйырма жылдагы Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаал жана ошол саясый кырдаалга жаманбы-жакшыбы "погода" жасагандардын саясый репутациясы, адамдык парасаты, абийири, ар намысы бизде ар качандан бир качан кейишти жана өкүнүчтү жаратып келет. Кейиши кыргыздын мен-мен деген саясатчыларынын баарын бир автобуска салса, автобус жарымы да толбой калчудай. Өкүнүчү ошол бир автобуска жетпеген кыргыз саясатчыларынын дээрлик баары эле камокчунун деңгээлинен бийик көтөрүлүп ойлонуша албагандыгы! Аргасыз, аттигиниң деп бармакты тиштейсиң!!!

Биз бийликке аралашып, же оппозицияда жүргөндөрдүн баарын эле үстүртөн саясатчы деп кадырын көтөрүп атпайбызбы!!! Чындыгында, ошол эле бийликке, же оппозицияга аралашкандардын баарысын саясатчы десек, чоң жаңылышабыз. Базаркомун деле, спиртсмендерин деле, нефти ташыгандарын деле, заводу барларын деле, кызматка таарынгандарын деле айтор, мурду менен тынып, оозу менен дем алгандарынын баарын эле саясатчы дей берсек, САЯСАТ жана САЯСАТЧЫ деген чоң түшүнүктөр батектин астына басылып калат. Анда баары эле: саясаты деле, саясатчысы деле шыбоо жыттанып кетет го. Өзү мындай да, илимдин артынан түшүп, академик болсо болот экен, ырдын артынан түшсөң, жакшы акын болосуң, же эл үчүн, мекен үчүн абийирдүү кызмат кылсаң, генерал болушуң мүмкүн. Аны айтпаганда, адам жакшы салыкчы, жакшы финансист, жакшы юрист, жакшы физик, таланттуу мугалим боло алган менен, баары эле жакшы саясатчы боло алышпайт. Бул тарыхый факт. Саясатчылык бул чоң искусство, кайталангыс өнөр экенин, Кыргызстандагы акыркы жыйырма жылдагы окуялар көрсөтүп койду. Баары эле тумшугу менен саясатка аралашкан болушат да, тумшугу канап, канабайрам болуп жатканы...
Эмне үчүн минтип пессимисттик маанайда айтыбатабыз. Биздин ынанымыбызда, саясатчы адам мамлекеттик деңгээлде, бийик чабыттап ой жүгүртө алган, эч качан майдаланбаган, эч качан ызаланбаган, элди бөлүп-жарбаган, жеке керт башынын кызыкчылыктарын, жеке таарынычтарын мамлекеттин, элдин кызыкчылыктарынан төмөн койгон, руханий дүйнөсү бай, көрөсөн адам болушу керек. Ушул өңүттөн алганда, быякты карайсыңбы, же ал жактыбы, бул чен-өлчөмгө татыктуулары өтө аз, саналуу гана. Алыска барбай эле, депутаттык корпусту карагыла, алардын баарын эле чоң саясаттын адамы катары кабыл алуу кыйын. Өкмөттү алалы, Өкмөт курамында мүмкүн өз ишин кыйын билген, мыкты-мыкты министрлер бар чыгар. Бирок...
Кыргыз саясатчыларынын, же кыргыз саясатынын шору эмнеде деп ойлойсуз??! Кыргыз саясатчыларынын шору - саясатка аралашкандардын баары эле базаркомдун жашоо образы менен жашап, чөнтөгү менен ойлонгондугунда.
"Мен улуттун каймагымын" деп бапырап сүйлөп, эч кимге сөз бергиси келбей жаткандарды көрүп, сөзүң тилиңин учунда турса да, тилиңди тиштөөгө туура келет. Каймак деле көп туруп калса, бузулуп кетет, жесең ичиңди бурап, айлаңды алты кетирет эмеспи. Анысы кандай, акыркы жыйырма жылда баягы эле саясатчылар саясатта келатышат. Бир күнү тиги жээкте, бул күнү бул жээкте. Айтпадыкпы, каймак деле көп туруп калса, ич оорутат деп. Тилекке каршы, биздин саясатчыларыбыз - кыргыз элинин каймагыбыз дегендер ичти буратып оорута баштаганын өздөрү түшүнбөй жатабы, же түшүнгүсү келбейби, айтор түшүнбөйсүң. Беттерин крокодилдин терисиндей кылып, он-жыйырма жылдап кыргыз саясатынын "прогнозун" аныктап келатышат. Каддафи, Мубарак деле саясый аренадан кетти, бизде деле ушундай бир тазаланып ала турган мезгил келип жетти көрүнөт. "Кыргыз элинин каймагыбыз" дегендер капкачан эле ачып-кычып калганын билбегени, же билгиси келбегени - мамлекеттин, элдин шору болуп жатат. Бул бир. Экинчиден, саясатка аралашкандардын көбү базаркомдун жашоо образы менен жашап, чөнтөгү менен ойлогону мамлекеттин шору болубатпайбы. Бу базаркомдор саясатка аралашып калганын миңдеген жумушчу орундарды сактап калгысы менен түшүндүргөндө, айтарга сөз табылбай, Алла ыраазы болсун дейт экенсиң аргасыз. Деги өзүңөр эле калыс болгулачы, базар менен саясаттын кандай байланышы бар? Бир базар жабылып калгандан жашоо токтоп калабы? Анан ушундан соң, кыргыз саясатчылары качан камокчунун эмес, мамлекеттик ишмердин деңгээлинде ойлоно алат деп суроо берсек болобу? Кошуна Россияны алалы, эмне деген дөө-шаа саясатчылары бар? Башкасын айтпайлы, ошол эле Жириновскийдин деңгээлинде ойлонгон саясатчы бизде барбы??!
Мына күз келелек, президенттик шайлоонун мөөнөтү али такталбай жатып, марафонду баштап алгандар, саясатка аралаша элек жатып, өзүн өзү пиар жасоону калп айтуудан, чын-жалганды койгулаштыруудан баштады. Бакиев саясатка, бийликке аралашкандан кийин, калп айтканды баштады эле, булар саясатка, бийликке келбей жатып калп айтып жатышат, билбейбиз, эгер кокус ошондойлордун бири бийликке келип калса, Кыргызстандын тагдыры эртең эмне болот? Заман ырайы бузулуп баратканы ушубу, сакалдуу саясатчысы да, сакалсыз саясатчылары да аферист болуп баратат. Анан акылдуу сүйлөгөндөрүчү??? Булардын акылдуусунган сөздөрүн угуп олтуруп, жүрөк айланат. Кускуң келет!
Баса, ушул жерден бир нерсе эске түшөт. Мамлекеттин коопсуздук жана мамлекеттин бүтүндүк маселеси баарынан жогору турууга тийиш. Муну өткөн күздө болгон парламенттик шайлоодон улам айтып жатабыз. Парламенттик шайлоого коррупцияга жана кримдүйнөгө тиешеси бар деп шектелген адамдар түгөлү менен "оптом и в розницу" катышканы эч кимге жашырын эмес. Бирок, БШК тарабынан да, укук коргоо органдары тарабынан да бул маселеге эч нерсе болбогондой, эч ким эч нерсени көрбөгөндөй мамиле жасап коюшту. Коррупционерлери да, кримдүйнөдөгүлөрү да топ баштап жүрүштү. Эгер, президенттик шайлоодо бул көрүнүштөр кайталана турган болсо, мамлекетти жеп-ичкенге жана кримдүйнөгө тиешеси бар адамдар шайлоого катыша турган болсо, БШК да, укук коргоо органдары да бул көрүнүшкө кайрадан көз жума турган болсо, анда азыр эле ачык айтып коюу керек, андай шайлоонун эч кимге кереги жок. Минтип эмитен добулбас кагып жатканыбыз, президенттик шайлоого кимдер катышабыз дегендерин жалпы жонунан билебиз да. Андай президенттик амбициясы барлардын арасында, мамлекетти жеп-ичкендер, кримдүйнөгө байланышы барлар жок эмес.
Кыргызда бир жыл жатып-ичкен акмактан өмүр бою акыл сураба да, ага ишенбе дейт, анысы кандай, өмүр бою мамлекеттен уурдап жеп, элдин эсебинен жашап келаткан адам президент болсо, жебей-ичпей калмак беле? Жейт, ичет, уурдайт, тонойт, талайт. Же жаш кезинен бандит, рэкет болуп келаткан адам үстүнө костюм-шым кийип, жасанып-түзөнүп алса эле, бандит, баш кесер болбой калмак беле.
Бир автобуска толуп-толбогон саясатчынын кимиси ким экени көзгө дароо эле көрүнүп турат экен. Былтыр Россиядан келе калып, парламенттик шайлоого катышкан Темирбек Асанбеков анчейин тааныш эмес эле, өткөндө анын партиялашы Ырсалиев Жамалбек ал тууралуу жазганын окубалып, оозубуз Москваны карагандай болду. Президенттикке аттанам деп жүрүшкөн бир-экөөн бирөөлөр артынын баары шакмар, кримдүйнө менен аралашкандай дебатышат. Алар болсо, эч кимге кереги жок акылдын баарын айтып, "пуп земли" болуп алышты. Ушундан улам, бул Улуттук Коопсуздук Кызматы жана Ички иштер министрлиги деп аталган мамлекеттик мекемелер диний терроризм жана ОПГ деп, эки эле ырды улам кайталап, керели кечке ырдай бербей, президенттик шайлоого чейин Кыргызстанда пайда болгон Остап Бендердин урпактары - аферисттердин ким экенин тактап, кимдин артында кандай күчтөр турганын, ким кимдин ырын ырдап жатканын тактай берсе жаман болбос эле деп ойлойбуз. Улуттук копсуздук жана мамлекеттик бүтүндүгү бул президенттик шайлоодон да алда канча жогору турат!!!
Болотбек
Таштаналиев