Акча санап...

Эсеп палатасын эсептеп бүтө алышпай жатышат
Президент Роза Отунбаева Эсеп палатасына 4 талапкерди сунуштап, Жогорку Кеңеш тарабынан анын үчөө Ишенбек Медетов, Сабырбек Молдокулов жана Гүлжан Эгимбаеваларды Эсеп палатасынын аудиторлугуна бекитүүгө макулдук берилди. Азырынча СДПК фракциясы гана өз кишисин Эсеп палатасына сунуштай элек. Маалыматтарга караганда, "Ата-Журт" фракциясы өз адамын Эсеп палатасына төрага кылып дайындоого кызыкдар болуп, ал орунга Азамат Кангелдиевди кудалап жатканы айтылып келет.
Эсеп палатасынын төрага орду оңой кызмат эмес. Өлкөнүн финансы жагындагы абал ачса алаканында, жумса колунда болуп, баарын көзөмөлдөп турат. Мурдатан бул кызмат орду чарбалык эмес, саясый кызмат орду катары бааланып, өлкөнүн эң биринчи адамынын көздөй адамы гана дайындалчу. Акаев тушунда, Бакиев тушунда да ушундай болду. Ушул өңүттөн алганда, "Ата-Журт" фракциясынын эмне үчүн ушул орунду көздөп турганы айтпаса да түшүнүктүү. Жаңылбасак, Азамат Кангелдиев бул кызматта мурда да иштесе керек эле.
Андыктан, төрагалык орунга фракциянын биринин өкүлү шайланбай, калыс тараптын, айталы президент сунуштаган аудиторлордун бири дайындалса, калыстык да, адилеттик да болмок. Эсеп палатасынын азыркы төрагасы Сабырбек Молдокулов эч кандай интригаларга, саясатка аралашпаган, көрүнүктүү финансисттердин бири эмеспи. Ушу жигит деле ордунда кала берсе, жаман болмок эмес.






  Кызматка олтуруп...

Депутат болгондон көрө аудитор болгон жакшы
Жогорку Кеңеш, жаңы шайланган депутаттык корпус иштей баштаган күнүнөн бери канча мыйзам кабыл алып, канча мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду кабыл алды анысын айталбайбыз. Бирок, тегирмендей болуп, күндүр-түндүр иштеп жаткандай түр жаратышат. Парламент өкмөткө жана башка мамлекеттик структураларга кадр даярдоонун өзүнчө бир уникалдуу устаканасына айланды. Депутаттардын алды депутаттык креслосуна жытыгышканча башка кызматка секирик жасап атышат. Жаңылары болсо келибатат. "Ата-Журт" фракциясынан Жусуп Иманалиев Эсеп палатасына кетти эле, анын ордуна БШК партиянын тизмесинде 37-кезекте турган Абдумиталип Кочкорбаев келди. Андан бир күн мурда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Кангелдиевдин ордуна Улугбек Кочкоров депутат катары катталган болчу. Эгер депутаттык креслодон Эсеп палатасын тандап кетип жатышса, анда акча оголе көптөй көрүнөт...Кайдан табат болду экен?




  Олтургула, сот кетти!

Соттор элдик чечим чыгара алабы?
Илгери-илгери Бакиев парк аралап баратып, заңгыраган хан сарайларды көрүп, "Эмне үчүн эс ала турган жерге үй салып алышкан? Бир мамлекет ичинде минтип ар кимиңер өзүнчө хандык куруп алганыңарды токтоткула. Бул хан сарайларды куруу үчүн паркка тиешелүү жерлерди берүүгө ким уруксат берген? Мунун канчалык мыйзамдуу, же мыйзамсыз экени аныкталып, тийиштүү адамдар жооп берсин"- деп адилет маселе койгон. Ошол хан сарайлардын айынан 1-май районунун акими Тилек Акамбаев кызматтан кеткен. Бакиевде көптөгөн каталыктар болду деңизчи, бирок парк аймагындагы хан сарайлар тууралуу чечими чыныгы элдик чечим болчу.
Бирок, арабызда мына ошондой элдик чечимдерди эч нерсеге арзыбаган нерседей, керексиз буюмдай кабыл алган, Бакиевден да адилетсиз адамдар да бар экен. Мамлекеттүүлүк, миллиондогон карапайым адамдардын жашоосу, айталы биз үчүн ыйык түшүнүк. Мамлекет ичинде хандыктардын, княздыктардын түзүлгөнүнө ырасында эле бардык карапайым адамдардай биз да каршыбыз. Андай болгондо, эмне үчүн шаардык сот, Жогорку Сот биз сыяктуу, карапайым адамдардай ойлой алышпайт. Дегенибиз, Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан хан сарайлардын курулушун мыйзамсыз деп тапкан райондук соттун чечимин шаардык сот жокко чыгарып, Жогорку Сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып олтурат. Эмне үчүн хан сарай ээлеринин укугу миңдеген шаардыктардын укугунан жогору туруп, соттор тарабынан баягы эле экс-министрлер, экс-депутаттардын кызыкчылыктары корголушу керек? Элдин сотторго болгон ишенбөөчүлүгү мына ушундай элдик эмес чечимдерден улам пайда болуп жатканы эч кимге жашырын эмес. Соттор каалайбы, же жокпу, Ататүрк парк аймагындагы хан сарайлар курулган жерлердеги бир сотых участоктун баасы 40 миң АКШ доллар турары тууралуу эл арасындагы кептерди капка салып да катып кое албайт. "Хан сарайлардын" курулушуна уруксат берүү, келечекте хандыктардын түзүлүшүнө алып келбес бекен?





  Көк асаба

Туубуздун өңү асмандын өңүндөй болуп көгөрөр бекен?
Карганбек Самаков өткөндө Америкага барып, ЮНЕСКОдо "Манас" эпосуна байланышкан талаш маселенин башын ачып келгенде, баарыбыз "бали" деп кол чапканбыз. Болбосо, акыркы бир жылда көптөгөн адамдар "Манастын" тегерегинде кыйкырып-өкүрүп, өзүнө саясый упай топтогусу келгени менен, колун колго уруп коюшкан эмес. Эми да, Карганбек мырза жөндүү демилге көтөрүп олтурат, Мамлекеттик тууну алмаштыруу керек деген. Бул маселе ошол азыркы Мамлекеттик тууну кабыл алып аткан кезде да айтылган. Кыргыз коомчулугунун каршылыгына карабай, "легендарлуу парламент" азыркы кыпкызыл канга окшогон тууну кабыл алып койгон. Ошондо эле, туубуздун так ортосуна түндүктүн элеси түшүрүлүп тартылган күн күн карамага окшоп турат, башкаларга көз каранды болуп калбасак экен деген коогалуу ойлор айтылган. Депутат-жазуучу Төлөгөн Касымбеков туунун түсү көпкөк болушуна караманча каршы болгону азыр да көз алдыбызда турат. Азыркы "жомокчу" депутаттар Карганбек мырзанын Мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын колдошор бекен?




  Эсеп-кысап

Ажылык сапарга кеткендер эбак келишкен, чыры бүтө элек
Ажылык сапарды уюштуруу ишине байланышкан чыр-чатакка алигиче чекит коюла элек. Өткөн жылы Сауд Аравиясы тарабынан Кыргызстанга 5140 кишиге ажылыкка барууга квота берилген. Мунун ичинен болгону 3 миңдей гана кыргыз жараны ажылыкка виза алганы белгилүү. Коомчулукта кыргызстандыктарга каралган квотанын калган бөлүгү чет өлкөлүктөргө 2,5-3 миң долларга сатылган деген имиштер чыгып, Бишкек-Жидда-Бишкек каттамы боюнча авиабилет да атайын кымбаттатылган дешет. Өздүк баасы 1,4 миң доллар болгон билеттер 2.5-3 миң доллардан сатылыптыр. Эми өзүңөр эсептей бергиле, туугандар!





  Ортодогу байланыш

Америкалык база
2014-жылы кетеби?
"Манас" эл аралык аэропортундагы Америкалык база-транзиттик борбор 2014-жылы Кыргызстандан чыгарылат өңдөнүп калды. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Европадагы иш сапары учурунда айтты. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы Транзиттик борбор жагдайындагы келишим Бакиев бийлиги тушунда түзүлгөн. Ал келишимге ылайык, транзиттик борбор 2014-жылга чейин гана турат жана кошуна Ооганстандан да альянс күчтөрү 2014-жылы чыгарылары белгилүү.


"Алиби" пресс