"Контрабандисттерге"
Улуттук коопсуздук кызматы менен
Финансы полициясынын күчү
жетчү эмес, азырчы?
Бакиев бийлик жүргүзгөн жылдары көмүскө экономикабыз жакшы эле гүлдөп, мамлекеттин казынасына түшчү акчалар бир эле эмес, бир канча бийликке жакын үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турганын жашырганда эмне?
Ошондо контрабандалык жол менен камаз-камаз менен сыртка чыккан же сырттан келгендердин баарын кыргыздын жеринде кыргыздар эмес, бир канча топ уйгур жигиттер көзөмөлдөшчү. "То есть" жүктөрдү чек арага чейин же чек арадан бери аталган жерине чейин коштоп жүрүшчү. Алар тууралуу күч структураларынын оперативдүү кызматкерлеринин баары эле билет, бирок айтайын десе үндөрү алыс чыкпайт. "Ошол уйгур жигиттерге эмне тие албайсыңар?"- деп сурасак, "ой бир нерсе болсо эле, аларың түз эле президенттин Улуттук коопсуздук кызматында иштеген уулу Маратка чыгышчу да. Анан ким эле ишинен айрылып калгысы келсин?"- деп кайра өзүңө суроо узатышат. Көрсө, ошол кезде парламентке келген "Ак Жол" партиясынын парламенттеги "моряк" деген кличкалуу депутаты аталган уйгур жигиттерге "крыша" болуп жүргөн экен. Албетте, өзү эле эмес. Ага ошол эле Мараттын бир тууган кайын агасы, ошол кездеги Чүй облустук МАИ кызматынын начальниги болуп жүргөн Мысаков деген да эр кол кабыш кылып келгендиги айтылып жүрөт. Бирок, бийлик оошса да, бүгүнкү күнгө чейин контрабандалык жүктөрдү коштоп жүрүү токтобой, аталган көмүскө бизнеске башкалар ээлик кылып алышыптыр. Алардын да улуту уйгур экен. Эми бул уйгурларга ким "крыша" болуп жатканын күч структуралары иликтеп, андан түшкөн каражаттын агымын, бюджетибизге буруп койсо, күргүштөп кире баштайт эле го.




Таластык "акжолчулар" талкалайбыз дейби?
Бир кезде Бакиевдин камчысын катыра чаап, Таластын ырыскысын сүлүк курттай соруп келген Эркин Турсункуловдун бийлигине таянып шаардык кеңешке толуп алган кечээги "акжолчулар" кайрадан баш көтөрүп жатышкан кездери. 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин дайынын таппай калган "акжолчу" депутаттар акырындык менен чээнден чыгышып, Талас шаарынын мэрлигине бир кездеги мансапкор кожоюну Эркин Турсункуловду, ал ишке ашпай калса шаардык кеңештин учурдагы төрагасын алып чыгууга белсенишип, Атамбаев өкмөтүнө азуу көрсөтүүгө ашыгып жатканын эшиттик. Ал эми алардын жылма кылыгына ызаланган ыңкылапчыл жаштар "эгерде шаардык кеңеш таратылбаса анда акыркы чараларга барабыз" деп күүлөнүп турушкан чактары. Президент Роза Отунбаеванын жакында эле Таласка болгон иш сапарында жаштар менен болгон жолугушууга киргизбей койгон облустук бийликке дагы нааразычылыктары күч. Же ага ажо айым кулак түрүп койбойт…




Сыйлыгыңыз кут болсун!
Өткөн сандарыбыздын биринде белгилүү ырчы эжебиз Гүлсүн Мамашева бизге кызыктуу маек куруп, ушу кезге чейин "Эл артисти" наамына ээ боло электиги тууралуу сөз кылганбыз. Ошондогу кептер бийликтин кулагына жеткенби же майрамга карата берели деп ыңгайын күтүп жүргөнбү, айтор кечээ жакында 8-март майрамына карата Президент улуттук филармонияда болуп өткөн салтанаттуу жолугушууда Гүлсүн Мамашева эжебизге "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамын ыйгарды. Көрүп алып аябай сүйүндүк. Гүлсүн эже буга чейин эле керемет үнү, аткаруучулук чеберчилиги, сиңирген эмгеги менен карапайым эл тарабынан андай наамга татып келгенин айта кетсек ашыкча болбос.




Ыр-күүгө ынтызар ажо айым
Убакыт өткөн сайын ажо айымдын жүрүштөрү бирине жакса бирине жакпай келе жаткан кези. Канткен күндө дагы анын жөнөкөйлүгү, тазалыгы, өз ишине сын көз менен карагандыгы мактоого алчу нерсе. Өткөндө президент айым Ат-Башыда Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык мааракесинде Нурзат Орозалиева аттуу комузчу Атайдын "Ак тамак, көк тамак" деген күүсүн жогорку чеберчилик менен аткарганын тамшана карап калган эле. Кечээ АКШга жасаган сапарында ошол кызды океандын ары жагына ала кетиптир. Бир кезде жыл сайын өткөрүлүп келген төкмөлөрдүн айтышын аткаминер аттуулар жерип, опера-балеттен чыкпай калган кезде жалгыз гана Роза айым үзбөй катышканын көргөн айтыш күйөрмандары сүйүнүп калышчу. Өнөр сыйлаган адам деп ушуну айтса болот. Баракелде Роза айым!




ГУБОПтун оперлерине кимдер электрошокер колдонду?
7-март күнү "Джунхай" базарында милиция кызматкерлери менен базардагы кароолчу жигиттердин ортосунда чатак чыккан.
ГУБОПтун оперлери кайсы бир кылмышка шектүү делген жигиттин изине түшүп, аны кармоо үчүн аталган базардын бажы терминалына келишет. Ал жерге келээри менен бажынын коопсуздугун камсыз кылган жигиттерге кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүп, шектүүнүн кармоого көмөктөрүн көрсөтүүнү суранат. Бирок, орой мамиле кылган оперлерге жини келген кароолчу жигиттер жардам берүүнүн ордуна электрошокер менен тогуртуп таштайт. Ортосунда чатак чыгып, натыйжада эки кароолчу жигит бутттарына ок жейт. Учурда, аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталыптыр.

"Алиби" пресс