8-марттагы эстен кеткис белегиңиз
эсиңиздеби?

Жаздын тентек жели жандан өтүп турганына карабай айымдардын көңүлүн жылытып келген 8-март аялдардын майрамы да жылмаюу менен кирип келди. Ушундан улам, айрым айымдарга кайрылып, 8-мартта берилген эстен кеткис белектерин билүүгө аракет жасадык.

Жыпара Исабаева,
акын, журналист:
- Өмүрлүк жарым табиятынан бирөөгө белек бергенди же алганды элес албаган адам. Анын мындай мүнөзүнө ачык айтпаганым менен ичимен сызып, таарына берчүмүн. Бир жылы 8- март күнү кар жаап, суук болуп турган мезгилде жолдошум экөөбүз көчөдө кетип баратсак, ал бир жерден кармалып калды. Аны күтүп турсам аркасына бир нерсе катып келип, мага үч тал жоогазын гүлүн сунган. Үйлөнгөнүбүзгө бир топ жыл болсо да мага ошондо биринчи жолу көңүл бөлүп, барсайып ачылган, чоктой кыпкызыл гүлдөрдү бергенде дүйнөдө өзүмдү эң бактылуу жан сезип, жүзүмөн сүйүнүчтүн нурлары жанганын жолдошум да байкаган. Ошол бактылуу көз ирмемдерден соң жубайым айымдар ар дайым аяр мамилеге муктаж экенибизди түшүнүп, майрам сайын кыпкызыл жоогазын гүлүн таап, белек кылганды адатка айланткан.


Каныкей Эралиева,
КР эмгек сиңирген артисти:

- Чыгармачыл адамдардын ички дүйнөсү өтө сезимтал келип, романтик болушат. Мен дагы ошондой адамдардын катарында экенимди билген жолдошум, мындан көп жыл мурда мен сүйгөн белекти берген. Ал кезде экөөбүз кыз-жигит болуп ээрчишип, ар бир майрамда бири-бирибизге белек берип турчубуз. Мекен коргоочулар майрамына ага мелүүн көйнөк берсем, ал мага пластмассадан жасалган буту бар жоогазын гүлүн белек кылган. Ошондон тарта гүлдөрдү жашоомду кооздогон жасалга катары карап, үйдө да гүлдөрдүн ар түрүн өстүрүп келем.


Замира Акбагышева, Аялдар конгрессинин
президенти:

- Жаңы рынок шарты пайда боло баштаганда үчүнчү жана төртүнчү класста окушкан менин Актан, Абай деген эки уулум да гезит сатышып, акча топтошуп, мага 8-мартка карата үтүк алып беришкен. Колдонуп жүргөн үйдөгү үтүгүмдүн жанында буусу чыккан, акыркы үлгүдөгү үтүк көзүмө укмуш көрүнүп, абдан кубангам. Буга чейин баалуу белектерди алып жүрсөм да, балдарым сатып берген үтүктүн наркына эч бир башка белек тең келбейт.


Алтын Асанова, БГУнун журналистика факультетинин деканы:
- Москвага жаз кечигип келет. Кар жаап, күндүн көзү сууктан көрүнбөй турганда 1989-жылдын 4-мартында мен өзүмө-өзүм унутулгус белек кылгам. Анда мен Москва мамлекеттик университетинин журналис-тика бөлүмүндө "Ч.Айтматов-публицист" деген темада кандидаттык диссертациямды жактаганым, мен үчүн бул ары машакаттуу да, ары пайдалуу да белек болгон.


Жылдыз Белекова,
"Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи:

- 8-март дегенде эле жолдошумдун кыз-жигит болуп жүргөндө берген белеги эсиме түшөт. Анда ал Москвадан жаңы келип, ал жактан жаздын алгачкы майрамына мага чакан аюу белекке ала келип берген эле. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин Рустам менден "сага белекке берген гүлдү өстүрүп жатасыңбы?",- деп сурап калды. Мен ага катуу таарынып, "кимге эмне бергениңди билбейсиңби, мага сен гүл эмес, сувенир-аюу белек кылгансың" деп бир тийгем. Ошондо жолдошум мага күлүп, "ал ошондой гүл, аюунун үстүнө күнүгө суу куюп турсаң андан чөпкө окшогон гүл өсүп чыгат" деп таң калтырган. Айткандай кылып, тереземе коюп, маал-маалы менен суу куюп багып турсам, аз убакыттын ичинде аюунун үстүнөн бажырайган гүлдөр өсүп чыккан. Тилекке каршы, ал гүлдөрдүн өмүрү узак болгон жок, бирок, ушул күнгө чейинки алган белектеримдин ичинен эң оригиналдуусу болуп эсимде калган.


Нуржамал Бурханова, алып баруучу:
- Мен экинчи класста окуп жүргөндө атам мага 8-мартка карата пианино белек кылган. Өзүм музыка дүйнөсүнө кызыккан жан болгонум үчүнбү, айтор, пианинодо ойногонду бат эле үйрөнүп алгам. Атамдын белеги мен үчүн абдан кымбат болгондуктан, кийин өзүнчө бөлүнүп жашаганда да аны ала кетип, уулума белекке бергем.


Замира Молдошева,
стилист:
- Жолдошум акыркы он жылдын ичинде майрам күндөрү жыпар жыттуу атырларды же күмүш асем буюмдарын белекке берип, көңүлүмдү алып келген. Бир жолу ал адаттагыдан өзгөчөлөнтүп, философиялык ойду камтыган кружка белек кылган. Анын формасы таң каларлык болуп, кружканын бир капталынан жүрөк чыгып турчу. Ал мага кымбат белек болгондуктан ага мен майрам күндөрү гана кофе куюп ичкеним болбосо, башка күндөрү аны колдонбой катып коём.


Суроо узаткан Аида Асанбек кызы