Геосаясат Арабдардагы окуялардын бизге кандай таасири тийиши мүмкүн? "Дүйнөдө бир гана империя болууга тийиш" Адатта АКШда, деги эле Батыш өлкөлөрүндө атайын кызматтардын иштерине байланышкан сырлардын купуялыгы эң кеминде 40-50 , а түгүл жүз жылга чейин сакталат. Маселен, Американын атом бомбасына байанышкан документтердин көчүрмөлөрүн 1994 - 1950-жылдарда КГБнын агенттерине бергендерди аныктап, кармоого байланышкан окуялар азырга чейин толук ачыкка чыгарыла элек. Бирок, компартия кыйрап, мурдагы Союз таркагандан кийин АКШнын ошол убактагы эйфорияга алдырган саясый жетекчилери, жогорку даражалардагы мамлекеттик чиновниктери СССРге каршы жүргүзгөн диверсиялык иштери жөнүндө биринен бири өтө мактана айтып беришкен. Бир документте СССРди ичтен кыйратуу үчүн 1985- 1992 - жылдарда Америка союздаштары менен биргеликте 90 миллиард доллар жумшагандыгы айтылса, Мамлекеттик катчы Г.Бейкер "биз СССР менен болгон кансыз согушта жеңишке жетишүү үчүн триллиондогон долларларды сарптадык" деп жарыялаган. Ал эми ошол убактагы президент Билл Клинтон 1995-жылы октябрда сүйлөгөн сөзүндө Трумэн атом бомбасы аркылуу да жеңишке жетише албаса, АКШ азыркы этапта долларлар аркылуу тынч жолдор менен жеңишке жетишип, ага кошумча чийки заттардын чексиз ресурстары жайгашкан аймакты үстөгүнө кошуп алгандыгын сыймыктануу менен белгилеп, "Ооба, биз Россияга держава болгонго мүмкүндүк бердик. Бирок, дүйнөдө бир гана өлкө империя болууга тийиш, ал - АКШ" деп көкүрөгүн каккылаган. СССР кыйрагандан кийин АКШнын атайын кызматтарынын ресурстары мурдагы Союздун аздыр-көптүр саясый, аскердик жана экономикалык таасирлери, кызыкчылыктары болгон аймактардан Россияны акырындап сүрүп чыгарып, ал жерлердеги мурдагы Союзга, азыркы Россияга лоялдуу , айрымдары симпатия менен мамиле жасашкан жетекчилерди ар кандай жолдор менен жаманатты кылуу аркылуу бийликтен кетирип, алардын ордуларына проамерикалык, пробатышчыл маанайлардагы жаңы жетекчилерди алып келүүгө багытталууда. Ал Түндүк Африка менен Батыш Азиядагы көтөрүлүштөргө, элдик толкундоолорго себеп болгон мотивдерден эле ачык көрүнүп турат. Алсак, Тунисте, Египетте массалык акцияларга катышкандар экономикалык, социалдык талаптар менен чыгышса, Йемендегилер трайбалисттик, уруучулук талаптарды коюшту. Марокко, Оман, Иордания сыяктуу өлкөлөрдө жашагандардын нааразылыктарына коррупциялык, ал эми Бахрейндегилердин акцияларына кландык көрүнүштөр себеп болууда. Эгерде андай мотивдер табылбай калса, башка бир араб өлкөсүндө төөлөр менен эчкилерге гумандуу мамиле жасалбай жаткандыгы деле нааразылыктарга себеп болмок. Өзүңүздөр билесиздер, жакшылап алдын ала уюштурулуп, жоомарт каржыланган жерде бийликке каршы ар кандай мотивдер менен элди көтөрүп чыкса боло берет. Алар да аздык кылып жатса айрым араб өлкөлөрүндө шейиттер менен сунниттердин ортосунда тирешүүлөр келип чыгуусу да мүмкүн. Араб өлкөлөрүндө кайсыл программа аткарылды? АКШнын, Батыштагылардын атайын кызматтарынын андай аракеттери өз максаттарына жетип жатабы? Кеңири өңүттөн алганда негизинен жетип жатат, анткени Араб дүйнөсүндө толкундоолор, тирешүүлөр, жарандык кагылышуулар канчалык күчөп, тереңдей берсе, долларга эквиваленттүү бирдиктүү валюта киргизүү, саясый , экономикалык жактан араб дүйнөсүнүн Еврошериктештиктей биримдигин түзүү , ОПЕКти чыңдап, күчтөндүрүү жөнүндөгү идеаяларды ишке ашыруу ошончолук кийинкиге жылдырыла берет. Батыштагылардын пландары таптакыр ишке ашпай, куулуп кулатылгандардын ордуларына жалаң панисламисттик маанайдагы фундаменталисттер келишкен күндө деле алардын бири- бири менен тил табышып, бири бирине көнүгүшүп, бирдиктүү саясый, экономикалык позицияларды иштеп чыгуулары үчүн көп убакыт керек. Бирок, тактикалык жактан алганда көтөрүлүштөрдү, толкундоолорду пландаштырышкандардын көздөгөндөрү толук ишке ашпай жаткандыгын ачык эле айтуу зарыл. Бир мисал. Египетте толкундоолор башталар замат көп жылдардан бери АКШда жашаган Фарадей пайда боло калып, өзүн оппозициячылдардын лидери катарында көрсөткөнгө аракеттене баштаган. Бирок, карт түлкү Мубарак Америкалыктар каалашкандай , аны тымызындан арбап, өздөрүнө ар кандай кепилдиктерди алышкандыктарына карабастан бийликти Фарадейге өткөрүп берген жок, ал аларга өчөшкөндөй өзгөчө ишенгендеринен Жогорку аскердик кеңеш түзүп, ыйгарымдарынын баарын ошолорго өткөрүп берип салды. Эми ал Кеңеш менен Фарадейдин да, проамерикалык башка саясатчылардын да тил табышуусу аябай эле кыйын. Анткени, алар биринчиден, Мубарактын эле адамдары, экинчиден аскердик жетекчилер жана атайын кызматтардын өкүлдөрү дайыма консервативдүүлүктөрү, ийкемдүү эместиктери менен айрымаланыша турушкандыктары белгилүү. Тунистин президенти Бен Али бийликтен кеткени менен өлкөнү мурдагыдай эле анын соратниктери башкарышууда. Же салыштырмалуу бархаттык деп аталган төңкөрүштөр биринчи кезекте мурдагы башкаруучулар, алардын айланасындагылар үчүн да бархаттык болуп калууда. Андай көрүнүшкө нааразы болгон тунистиктердин бир бөлүгү египеттердиктей эле кайрадан каршылык акцияларын уюштурушууда. Бархаттык төңкөрүштүн сценарийи Ливияда таптакыр көзөмөлдөн чыгып, кеңири масштабдагы жарандык согушка айланып бара жатат. Деги мурдагы социалисттик лагерге жана Союзга карата колдонулганда мыкты натыйжаны берген ыкма бул жолу өзүнө жумшалган миллиарддаган "инвестицияларды" актап, күткөндөгүдөй натыйжаларды береби? Эгерде Араб өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларга аларды уюштуруучулардын көздөрү менен карап, минимум жана максимум деп бөлө турган болсок, минимумдук программа аткарылгандыгын көрөбүз. Анткени, көп жылдардан бери туруктуу, ишенимдүү өнүгүп жаткан араб дүйнөсү кайрадан туруксуз, баш аламан өнүгүү тилкесине киргени турат. Ал "инвесторлор" пландаштырышкандай башкарылма "баш аламандыктар" болобу, же көзөмөлдөн чыгып, өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп кетеби, ал азырынча белгисиз. Бирок, албетте, биздин окурмандарды Жер Ортолук жана Кызыл деңиздердин жээктеринде кандай программалардын жүзөгө ашырылып жаткандыгына караганда ал процесстердин постсоветтик мейкиндикке, биздин аймакка кандай деңгээлде өз таасирлерин тийгизүүсү мүмкүн экендиги көбүрөөк кызыктыра тургандыгы шексиз. Төңкөрүштөрдүн режиссерлорунун түпкү максаттары эмнеде? Постсоветтик мейкиндиктеги Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түрмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөрдүн саясатчылары, жетекчилери Араб дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларды кош сезимде (амбиваленттүү) байкаштырып турушат. Бир жагынан араб өлкөлөрүндө баш аламандыктар көбөйүп, нефтинин баасы акырындап өйдөлөй баштагандыгына сүйүнүшүп, өздөрүнчө болжолдорду жасашып, нефтинин баасы жогорулай бере турган болсо, таза кирешелери канчага арта тургандыгын эсептеп чыгарып жатышса, экинчи жагынан чындап кооптоно башташкандыктары да ачык эле байкалууда. Жакында жөндөн жөн туруп эле, эч ким сурабаса деле президент Д.Медведев араб вариантындагы төңкөрүштөр Россияда болбой тургандыгы жөнүндө айтып жиберди. Президенттик марафонго катышып жаткан Нур агабыз кайсыл телеканалдан көрүнбөсүн кабагынан кар жаап жүрөт. Анткени, постсоветтик мейкиндиктеги автократтардын, түшпөс хандардын бардыгы араб өлкөлөрүндөгү көтөрүлүштөр жана толкундоолор океандын ар жагындагылар пландаштырышкан авторитардык, тоталитардык режимдерге, геосаясаттагы потенциалдуу атаандаштарга каршы уюштурулган "кресттик жүрүштүн" башталышы, эртең эле ал процесстер постсоветтик мейкиндикке жетүүсү мүмкүн экендигин билип турушат. Кытайдан, Россиядан өзгөчөлөнүп, АКШ нын администрациясы өзүнүн геосаясый, экономикалык кызыкчылыктары дүйнөнүн бардык жеринде, анын ичинде Борбордук Азияда, Кавказда жана Украинада да экендигин эбак эле жарыялаган. Америкалык аналитиктер: Борбордук Азиядагы негизги өлкө - Өзбекстан, ал кимдин фарватеринде болсо, калгандары анын жолуна түшүшөт. Ал эми Казакстан Россиянын Инди океанга карата таасирин чектөөчү калкан, демек ушул эки мамлекетте АКШнын таасирин күчөтүүгө артыкчылык берилүүсү керек, ал эми Украинасыз Россия эч качан улуу державалардын катарына кошула албайт деп эсептешет. Ал эми Россиянын өзүнө карата конгресстин комитеттеринин бири эбак эле Сибирди Аляскадай кылып 3 триллион долларга сатып алып же убагында Англия Гонконгду 100 жылга арендалагандай узак мөөнөткө ижарага алып, ал жерге 7 штатты жайгаштыруу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап коюшкан. Алар баары бир Россия өз күчү менен Сибирди толук өздөштүрө албайт, демек чөп кайтарган иттей болбой башкалар менен бөлүштүрүшү керек деп эсептешет. Сибирь үчүн болгон улуу күрөш Жер Ортолук деңиздин жээгинен башталып жатуусу да толук ыктымал. Эгерде АКШ шериктештери менен Араб өлкөлөрүндөгү нефти корлорунун басымдуу көпчүлүгүн көзмөлдөгөнгө жетише ала турган болсо, ал 1985 - 1989-жылдарда Сауд Аравиясы менен тымызын сүйлөшүп алып ( ага арзан бааларда сапаттуу аскердик техникаларды берип), нефтинин баасын кескин түшүрүп жиберип (1986-жылы бир баррель нефти 12 долларга чейин түшкөн), ал аркылуу мурдагы Союздун валюталык кирешелерин 500 миллиард долларга азайтып, аны банкроттукка учураткандай эле, көшөгөнүн артындагы ошондой операциялардын жардамы менен, каржы министри Алексей Кудрин "нефтилик ийне" менен гана жашап жатабыз" деп көп кейигендей, ал "ийнени" сууруп таштап, Россиянын экономикасын, бюджетин комага дуушар кылып ташташы толук мүмкүн. Мындай алысты болжогон масштабдуу геосаясый оюндарда Кыргызстандай майда өлкөлөр бечара статисттердин ролдорун гана аткарышат. Бирок, Россияда нефти продуктулары жылма темпте кымбаттай баштаса, ал биздеги бааларды дагы өстүрүп, экономикабызды биротоло кургуйга кептеп салышы мүмкүн. "Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы" , бирөөнүкүндө той болсо, бирөөнүкүндө ый дегендей, Африкадагы төңкөрүштөрдүн азабын биз мына ушул жагынан тартпасак болду. Папан Дүйшөнбаев |