Турса экен Элим аман, Өлкөм бүтүн
Жыйырма жыл ичинде канча кандуу окуялар өтүп, ага аралаш чек арабыз улам жыла берип, жерибиз О.Бальзактын сары булгаарысындай куушурулуп баратат. Элибиздин үчтөн бир бөлүгү сыртта. Улуттук идеологияны издеп жатабыз дешет көп жылдан бери атка минерлер. Натыйжасыз убараланбай "Элибиз аман, Өлкөбүз бүтүн болсун" деген ураандын тегерегинде бирдиктүү иш жүргүзүү зарыл. Бак талашпай, так талашпай, ар ким өз ишин ак жана так аткарса мамлекетибиз түбөлүк турат деген тилек бар.


Турса экен Элим аман,
Өлкөм бүтүн

Ала-Тоо, Кыргызстан дайным үчүн,
Ата-Журт башаты бар айлым үчүн,
Аталар калтырышкан урпактарга
Алкайбыз элдин рух байлыгы үчүн.
Оо, Жараткан!

Бейкутта калк жашаган калаа үчүн,
Береке төгүп турган талаа үчүн.
Бел ашып, конуш тандап, желе керип,
Бээ байлап, саамал бышкан
сабаа үчүн,
Таазим, Сага! Таазим, Сага!

Жер бермети аталган Көлүм үчүн,
Жайлоодо жашыл тулаң төрүм үчүн,
Жаш жетип, бар вазипам өтөлгөндө,
Жай алып барып жатаар жерим үчүн,
Таазим, сага! Таазим, сага!

Кызматын элге деген уулдар үчүн,
Кыздардын орун тапкан
туурлары үчүн.
Угулуп ар бир үйдөн бала үнү
Уланып өмүр көчү турганы үчүн,
Таазим, Сага! Таазим, Сага!

Улутту улут кылган тили үчүн,
Улуттун айкөл, ачык дили үчүн.
Умтулуу кудуретин бергениңе
Ушуну туура таанып билүү үчүн,
Таазим, Сага! Таазим, Сага!

Кетирген билип, билбей
калк күнөөсүн
Кечир деп сурайм Сенден күнү да түн.
Түбөлүк, канча кылым карыса да,
Турса экен Элим аман, Өлкөм бүтүн!
О, Жараткан!

Канткенде өсөт кайран эл

Акындар мурда айткандай,
"Баштасак сөздү термеден"
Айтсак калкым жөнүндө,
Ала-Тоону жердеген.

Азыр жагдай өзгөчө,
Мурда кетип-келбеген.
Кандай заман болсо да,
Эр тагдыры эл менен.

Башчылар болсо талашта,
Башкалар "болот куймакта".
Жарытпаган иш күтүп,
Жумушсуздар "кул бакта".

Келечеги улуттун,
Тачка тартса базарда.
Өнөрсүз да, билимсиз,
Өмүрлөрү азар да.
Кантип өсөт кайран эл?

Базарда жыртпай баштыгын,
Багышса малын, аштыгын.
Карысын камкор кадырлап,
Кайраса ишке жаштыгын.
Өнүгөт эле кайран эл.

Балкасын өзү чапканда,
Тарыхын туура жазганда,
Кагыштырбай ар кимди,
Кара өзгөй өңдөн азганда.

Кендерин өзү казганда,
Көөрүгүн өзү басканда.
Калатпай отту башкага
Казанын өзү асканда,
Өркүндөйт эле кайран эл.

Карысы көсөм кайраттуу,
Кыздары аруу, салмактуу,
Келиндери ыймандуу,
Уулдары болсо айбаттуу
Өнүгөт, өсөт кайран эл.

"Чоңдорду" карап жалтактай,
Чоң портфель үчүн жан сатпай.
Тааныштыкка карабай,
Талантты бакса мансаптай,
Өнүгөт, өсөт кайран эл.

"Жалпынын үйү" деп койсо
Жакшы, жаман жойлосо,
"Отун албай, от жагып",
Опурулуп тойлосо,
Өнүгө албайт анда эл.

Жер чегин бекем сактаса,
Жер түгүл чаңын сатпаса,
Жалпыбызга тең үйгө
Жаман ойлуу баспаса,
Өнүгөт, өсөт кайран эл.

Жан дүйнөң бийик жаралган,
Майдаланба Кыргызым,
Көр дүйнөңө "күл тартып",
Көмбө улут жылдызын,
Өссүн десең кайран эл.

"Бетеге кетет, бел калат,
Бектер кетет эл калат".
Бедели таза азамат
Бейкуттукка жол салат,
Сакталсын деп эли-жер.

Таптап мыкты уулдарын,
Кадырлап калк көтөрсө
Ата-Журтту гүлдөтөөр,
Ак кызматтар өтөлсө,
Өнүгөт, өсөт кайран эл.

Жактайт калкы бийликти,
Жан аябай эл бакса.
Биринин ишин бири улап,
Биримдиктен баар тапса,
Өркүндөп өсөт кайран эл.

Бүбүгүл ЭШИМБЕКОВА




Сезимдер алып учуп турган кезде
Негедир ыр жазууга шашылбадым

КЫМБАТЫМ
Кандайсың кымбатым,
кандайсың,
Асманда ак нурлуу айдайсың.
Кошулбас арманда жүрсөк да,
Күнүгө күттүргөн таңдайсың.

Кандайсың асылым,
кандайсың,
Мойнумда ак жибек
шалдайсың.
Алыста жүрсөк да көп
жылдар,
Жандагы жан
бирге жандайсың.

Кандайсың ардагым,
кандайсың,
Туптунук татымдуу
балдайсың,
Карааның көзгө зар болсо да
Жанымда жароокер
жардайсың.

Жүрөктө жүрө бер ыр болуп,
Жашоомдо бир аруу сыр болуп.
Кайрадан жаралсак дүйнөгө,
Калаарбыз өмүрлүк жар
болуп.

хххххххххх
Сезимдер алып учуп
турган кезде
Негедир ыр жазууга
шашылбадым,
Акындык зор милдет деп
өз оюмда
Тек гана кээде өчүп, кээде жандым.

Албууттанган бул турмуштун
шарында
Келем мен да сен сыяктуу
агылып,
Кээде калсам жаным
тынып жай агып,
Кээде калам аска-зоого
чабылып.

Чабылсам да чарчабасам
экен дейм
Эрк жеткенче өзүмдү өзүм
бекемдейм
Теңир берсе ден соолукту,
өмүрдү
Мен акыры максатыма
жетем дейм.

Көөдөнүмдү көөдөй ойлор
басканда,
Акыл куруп шайтан
ээрчип шашканда,
Теңиримден теңчиликти
суранам
Турмуш жүгү оордугун
салганда.
Салтанат Алиева,
Эл агартуунун
Отличниги