Ич күйдү

Кыргыз тилинин түбүнө
"киргиздер" жетишет

Тилибизди колдоо керек, коргоо керек. Ким колдойт?... Биринчи өзүбүз. Президент, спикерден баштап, баарыбыз жапа тырмак такай мамлекеттик тилде сүйлөшүүбүз зарыл. Кимден коргойбуз?... Эне тилин жериген "киргиз" маңкурттан жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү аракетине каршы чыгып, тилибизди сүйбөгөндөрдөн. Мисалы кыргыз тили жөнүндө жөн эле бир ооз сөз айтылса, ошого каршы эртеси орус тилдүү гезиттерде үч макала чыгат.

Ошентип алар өзүлөрүнүн наны болгон орус тилин мындан ары да жогорку деңгээлде сактап, мамлекеттик тилге үстөмдүк кылуусун камсыздап жатышат. Бул эми табийгый инстинкт дечи. Өзүн өзү сактоо, өз аймагын коргоо деген бар. Бирок аша чапкандары айдан ачык. Эми ошол гезиттерди кимдер сатып алып, аларды ким байытып ким кутуртуп атат?... Дагы өзүбүз. Баарыбыз орусча сүйлөйбүз. Анда жаман жок. Бирок жаштарыбыз өзүнүн тилинде сүйлөбөй, орусча сүйлөгөнү уят экенин түшүнбөй жүрүшөт. Бул маданиятка сыйбаган, шылдың боло турган көрүнүш экенин билген деңгээлге качан жетебиз? Ошону үчүн көптөн көп аракет кылбасак, мамлекеттик тилдин абалы начарлап отуруп, акыры ордун жоготот. Эми анан кыргыз тилинде эч ким сүйлөбөсө, эмне кылыш керек?! Башка тилди, эл көп колдонгон тилди мамлекеттик тил деп жарыялайбыз. Ушундай... Мындай абал КМШнын бир дагы Рес-публикасында жок. Баса, айланайын Ырыскелди, жанагы Топчубек кеңешчини ээрчитип алып, экөөң чет өлкөнү бир айланып келгилечи! Кошуналарды көрүп да арыбызга келбедик. Тажрыйба алмашуу иретинде биринчи Украинага баргыла, алардын мамлекеттик тил боюнча мыйзамдарын, жарлыктарын, токтомдорун алгыла. Анан телевизор, радиосунда орусча сөз сүйлөнбөсүн деген бир жарлыгы бар эле, ошону да унутпагыла. Андан келе жатып Өзбекстанга киргиле. Ошол жерде өзбек тилин Өкмөт кантип өнүктүрүп жаткан документтерин чогултуп келгиле. Олий мажилисинде өзбек тилин билбеген бир депутат бар бекен, аны көргүлө. Андан бери чыкканда Казакстанга кайрылгыла. Алар казак тилине кандай камкордук көрүп жаткандыктарын иликтегиле. Ошентип отуруп үйгө келгенде, Маскөөгө телефон чалып, Россиянын Думасында орус тилин билбеген депутат бар бекен, аны уккула. Анан ошол фактыларга жараша, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жолун салыштырмалуу вариантта жазып чыккыла. Ошондо карандай каршы болгондорго: "дооматыңарды Украина, Өзбекстан, Казакстандын жетекчилерине айткыла. Ал жакта ушундай" экен дегиле. Бирөөдөн жазганып, өзүнүн кызыкчылыгын коргобой койгон да мамлекет болобу?! Ырас ошол тиш салып жаткандардын деңгээли жогору. Кылдан кыйкым таптырбайт.
Ал дагы өзүбүздүн чабалдыгыбыздан... "Жоош элдин жоосу көп, ээн жердин ээси көп" деген ошол. Акыры бул жагын да колго алууга туура келет. Израилде иврит тилин билбегендерди чек арадан өткөрбөйт экен. Германияда немис тилин билбегендерге кызмат берилбейт. Эстония башка тилдеги мектептерди жоюп таштады. Буларды эч жерде улутчул деген сөз да болгон жок. Бизде да акырындап аз аздан жылыштар боло баштады окшойт. Тарыхта биринчи жолу премьер- министр жыйналышын мамлекеттик тилде өткөрүптүр. Спикер Келдибеков: "Суроолорго жооп мамлекеттик тилде берилсин. Айылдык элге түшүнүктүү болуш үчүн. Котормочулар бар." деген эскертүү жасады. Буга ыраазы болдук. Мурда мындай сөздү Усубалиев да, маркум Масалиев да, Акаев да, Бакиев да айткан эмес. Кээ бири карьерасын көздөдү.
Усубалиевдин убагында борборубузда элүү орус мектеп, бир кыргыз мектеп бар эле. Бул киши Маскөөгө план толтуруп рапорт берем деп, алыстан адистерди алып келип, үй берип, жай берип, иштетип, шаарды орустарга бастырган. Кыргыздарды "пропискаң жок" деп, көчүктөрү жаргылчактай болгон отдел кадр орус аялдар ишке алчу эмес. Ошту болсо, Обком дегени, бүт соода түйүндөрүн, ишканаларды, бардык майлуу жерлерди парага сатып жиберип шаарды өзбектерге бастырган. Бул тарыхый факт. Статистика. Ошентип биз тилибиз да, үйүбүз да жоголуп бараткан заманды башыбыздан кечирдик. Баарыбыз койчу болдук. Ии, баса, бир койчу Рес-публиканын президенти болгон. Ал жакшы киши болчу. Анан койлорду кой кайтарганды билген киши башкарбаганда, чочко кайтарган киши башкармак беле? Бир айыл лезгиндерче да болбойбузбу? Барып келип биздин бардык проблемаларыбыз маркум Салижан Жигитов ыйлагандай, өзүбүздүн аңкоолугубуздан, жалкоолугубуздан болуп жүрбөсүн?! "Жамбаштап жатсаң сонун да!" деген ким? Биз. Ага тамакты ким алып барып берет, аракты ким алып барып берет, катыгүн?! "Алма быш, оозума түш" деген ким? Алма оозуңа түшпөй, бутуңа түшсө эңкейип алыш керекпи?! Жок, биз кайра эле болбой, оозубузду аңырдай ачып асманды карайбыз. Асманда эмне бар?
Муну моюнга алып көзүбүздү ачпасак болбойт. Башкаларга жем болгонубуз болгон. Алар үстөмдүк кыла беришет. Мунун баары дилибизге да, тилибизге да залакасын тийгизбей койбойт. Европада элдин көбү эки-үч тилде сүйлөйт экен. Биз дагы англис тилин сүйлөгөнгө жетишсек болот. Израилде бир районго жакын лезгиндер жашайт экен. Алар "эне тилибиз лезгинче, мамлекеттик тил ивритче, анан эл аралык тил англисче да эркин сүйлөйбүз" деп атат. Биз да ошондой болсок болбойбу? Ошого да каршы чыгып, "мен жалаң орусча сүйлөйм, башка тилди үйрөнгүм келбейт" деп чыккандар болот. Ал өзүнүн иши. Таарынса Таласка барсын...

Сатар Али,
Эркин Сай - Орто-Кайырма




Сурагыла, жооп беребиз!
Бир кабат жогору жашаган кошуналар ушуну менен экинчи жолу суу каптатышты. Аларга кандай чара көрсө болот, келтирилген зыянды мага ким төлөп бериши керек жана кандай жолдор менен?

Сиз кошуналарыңыз менен сүйлөшүп, кимдин квартирасынан суу каптап жатканын тактап, өз каалоосу менен келтирилген зыянды толуктоону сунуш кылыңыз. Макул болбосо, үйкомду (домком) чакырып, күбөлөрдүн катышуусунда үйүңүзгө келтирилген зыян жөнүндө акт түзүүңөр зарыл. Эгер кошунаңыз материалдык зыянды төлөөдөн баш тартса, анда сотко кайрылыңыз. Арызга жогорудагы айтылган актыны, квартираны өз калыбына келтирүүгө кете турган чыгым жөнүндө тиешелүү адистин эсептеп чыккан тыянагы тиркелип, кете турган курулуш материалдардын баасы аныкталуу болушу керек.
Жарандык кодекстин 14-беренесине ылайык, сизге келтирилген зыянды ордун толтурууну талап кыла аласыз. Ушул эле кодекстин 1010-беренесинин негизинде сот сиздин арызыңызды отурумда карап, эки тарапты, адистин, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тактап, талабыңызды чечип берүүсү зарыл.
Эгерде зыян келтирген жак ал зыян анын күнөөсү боюнча келтирилбегендигин далилдесе, анда зыяндын ордун толтуруудан сот аркылуу бошотулуп, тиешелүү тарапты аныктап, үйүңүзгө келтирилген зыянды төлөп берүү боюнча чечим чыгара алат.

Бишкек шаарынын Соода, кызмат көрсөтүүлөр
жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы
Жаныбек Ботоев жооп берди.






Суроо: Мен күйөөм менен эки жыл мурун ажырашып кеткенмин, ал экинчи аялы менен бирге турат, бирок ушул убакытка чейин мурунку дарек менен каттоодо турат, квартирага төлөбөйт. Мен аны каттоодон чынара аламынбы?
Айнаш

Жооп: Ооба болот, бирок сот аркылуу

хххххххх

Суроо: Күйөөм менден кеткен, мен беш жыл бою балам менен кайненеме караштуу квартирада турамын. Мен бардык коммуналдык төлөмдөрдү өзүм төлөйм, бул квартирада эч ким катталган эмес. Менин бул жашап жаткан квартирага укугум барбы?
Соня

Жооп: Сиздин квартирага болгон менчик укугуна ээ болууга эч кандай шарттар жок.

хххххххх

Суроо: Мен имаратты арендалоону каалайм. Мен имараттын ээсинен кайсы документтерди талап кылуум керек?
Рина

Жооп: Аренда берүүчүнүн укугун далилдөөчү документтер болуп менчик укук жөнүндө күбөлүк келишими, ал келишимде аренда берүүчүнүн имаратты субарендага берүүгө укугу бар жөнүндө шарт болушу керек.

"Юридическая помощь"
коомдук фонду жооп берди

Г.Холкин