Турсунбек Акун:
"Акыйкатчы институтунда Турсунбай Бакир
уулунун 100 миң долларлык кызыкчылыгы бар"

Акыркы убакта ММКларда Акыйкатчы институтунун жетекчилиги менен Жогорку Кенештин айрым депутаттарынын ортосундагы тирешүү күч алып жаткандыктан, аталган маселени териштирүү максатында биз Турсунбек Акунга бир катар суроолор менен кайрылдык.

- Бир нече убакыттан бери Жогорку Кеңештин көңүл борборунда болуп келе жатасыз. Катуу "косяк" кетиргенсиз го ээ?
- Биринчиден Омбудсмен институту колдон келген аракетин жасап жатат. Албетте башкалардай эле кемчиликтер жок эмес. Кеп менин кетирген "косягымда" эмес. Кептин баары ошол Жогорку Кеңештин адам укуктары боюнча комитетинин кээ бир мүчөлөрүнүн кызыкчылыгында болуп жатат. Ошол комитеттин мүчөсү урматтуу депутат Турсунбай Бакир уулу 3 жыл мурда менден утулуп калган. Ошондон бери мени көргүсү келбейт. Кабинеттин ачкычын дагы мага бербей Адахан Мадумаровго таштап качып кеткен. Компьютерлердин баарын өчүрүп, будуң-чаң кылып алып зуу коюптур. Мен кызматка киришкенден кийин ал кишини чакырып, сүйлөшөлү, элдешели деп канча жолу күттүм. Такыр келбей туруп алды. Кийин баламдын тоюна дагы чакырдым. Анда да келген жок. Абдан кекчил адам экен. Эми бул негизги маселе эмес. Биздин Акыйкатчы институтунун балансында 4 бөлмөлүү кызматтык квартира бар. Болгондо дагы борбордогу "Океан" магазининин жанында. Баасы болжолу менен 100 миң долларга чамалаш. Ал киши ошол квартираны Биринчи май районунун мурдагы акими Тилек Акамбаев менен сүйлөшүп, мыйзамсыз түрдө менчиктеп алган. Учурда ошол маселе боюнча биз Бакир уулу менен соттошуп, жеңе баштадык. Ал жерде анын аялдарынын бири жашайт экен. Эми бул кызматтык квартира да. А мен болсо тээ Кожзавод жактагы чакан үйдө бала-чакам менен тыгылышып жашап жатам. Омбудсменге ким жетекчи болуп келсе ошол жашап, кеткен жетекчи аны бошотушу керек. Эртең менден кийин дагы бирөө келет. Мен ага бошотуп берем дегендей. Мыйзам деген болуш керек да, туурабы?
- Орун басарыңыз Таалайбек Кошоков менен да чырдашып жаткандай болдуңуз эле. Ал маселеге чекит коюлдубу?
- Кошоков Турсунбай Бакир уулунун жардамчысы болучу а дегенде. Кийин аны эптеп өзүнө орун басар кылып алган. Орун басар болгондо дагы эч кандай эмгек сиңирбей туруп эле көтөрүлүп кеткен. Бул жигиттин дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жактары бар. Өзүнүн нотариуста иштеген бир карындашына институттун атын пайдаланып, 3 телефон койдуруп берген. Андан тышкары Канттагы цемент-шифер комбинатынан 10 тонна цементти институттун атына жаздырып дагы бир тууганына бердирткен. Мындан тышкары бул жигиттин шаарда ишканалары, бизнестери бар. Машине сатат. Анан мен жогорудагы кемчиликтерин эске алып, Акыйкатчынын бир орун басарын түштүк борборго которуу боюнча чечим чыгарсам аны чымын чакканчалык да көрбөй өз билгенин жасап туруп алды.
- Эгерде ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса анда Сиз эмнеге укук коргоо органдарына кайрылып, чара көрүүгө аракет кылган жоксуз?
- Эми мен ага чара көрө албайт экенмин. Орун басарларымды кызматтан ала албайт экенмин. Бул функциянын баарын Жогорку Кеңеш өзүнө алган. Негизи бул туура эмес. Мен Кошоковго бир эмес 3 ирет буйрук чыгардым. Анын бирин да аткарган жок. Анан сөгүш жарыяладым. Андан кийин катуу сөгүш жарыяладым. Акырында айтты "билгениңизди кылыңыз, мен барбайм" деп. Бир күнү шаар ичинен кызматтык машинесине наркотик салып жүрүп ГАИге кармалып, 28 миң сомго штраф салдырды. Ал машинени дагы шофер болуп иштебеген бирөөгө айдатып жатпайбы. Анын жаманаттысы мага тиет да. Жанагы шоопур кылып айдатып жүргөн Ибрагимов деген немеси Ысык-Көлдөн көп адамдарды коюп кетип качып жүргөн бирөө экен. Ошону приказы жок эле машинеге отургузуп жатпайбы. Негизи менин буйругум менен ишке алынышы керек эле да. Ошонун баарын эске алып, Эмгек кодексинин 76-статьясынын 6-пунктуна ылайык иштеги одоно кемчиликтери үчүн 2010-жылдын август айында убактылуу кызматтан четтеттим. Ага да болбой айлыгын алып жүрө бергенинен кабинетинен кууп чыктым. -Учурда ММКларга "Турсунбай Бакир уулунун мурдагы командасына бир тараптуу куугунтук болуп, алардын 90 пайызы себепсиз кызматтан четтетилди" деген маалыматтар жарыяланбадыбы.
- Биринчиден Турсунбай Бакир уулу ал жерге өзүнүн курсташтарын, тааныштарын, туугандарын, жакындарын толтуруп алыптыр. Бул жерди ал өзүнчө эле вотчина кылып алган. Келсем баары эле сакалчан, топучандар жайнап кетиптир. Бир жагында намазкана бар экен. Бул жер өзүнчө эле диний мекеме болуп калыптыр. Анысы аз келгенсип Акыйкатчынын жалпы кызматкерлери 150гө жетиптир. Эми элестет, Россиянын Омбудсменинде болгону 195 адам иштейт. Россия кандай чоң өлкө. Облустары, аймактары канча. Ошонун баарындагы өкүлчүлүктөрүн кошкондо 195 адам иштейт. А бул жерде болсо 150 адам иштейт экен. Бул деген мамлекеттин акчасын соруп эле жан багуу дегенди билдирет да. Андан тышкары 10дөн ашык адам штатта жазылганы менен жумушка келбейт. Бири Казакстанда, дагы бири Россияда иштеп жүрүшөт. Албетте айлык алышпайт. Бирок эмгек стажы кетип жатат. Анан мен келип катуу талаптарды койдум. Структуралык өзгөрүүлөрдү жасадым. 50гө жакын кызматкерлерди кыскарттым. Буга чейин мен бир гана адамды статья менен кетирдим. Ал Маматтокторов Шайырбек деген ЭРК партиясынын төрагасы болуп, учурда ак үйгө кирип-чыгып иштеп жүрөт. Калгандарына талапты катуу коюп экзамен алдым. Адам укуктары деген эмне, мониторинг деген эмне, ООН деген эмне ж.б. элементардык суроолорду берип, кызматкерлердин деңгээлин текшерип көрдүм. Андан кийин эле алардын көбү "аке, мен Турсунбайдын аркасы менен келдим эле, өзүм эле арыз менен кетейин" деп арыздарын жазып бошоп кетишти. Айрымдары структура өзгөргөндө кошо кыскарды. Ортодо эч кандай ызы-чуу жок. Айрымдары менен ага-инидей мамиледе жүрөм. Колумдан келип калганда жардам берип турам дегендей. Ошол кыскартуулардын негизинде айлыктарды бир канча эсеге көбөйттүк. Биздеги айлык учурда министрликтердин айлыгынан 2 эсеге көп.
- Акыйкатчынын айланасындагы айрым маселелер боюнча жумушчу топ түзүлдү эле. Алар кандай жыйынтык чыгарып жатышат?
- Ошол жумушчу топтун башчысы Шарапаткан Мажитова деген Турсунбай Бакир уулунун шериги бар экен. Буга чейин кызматта иштебесе керек. Маданияты дагы начар адам экен. Келип эле териштирүү жасагандын ордуна кыйкырып-өкүрүп кемчилик издеп баштады. Келээри менен эле Акыйкатчынын аппараты ушактын ордосу деп, ал эми Талиева Камила деген депутат болсо ынтымагы жок коллектив деп, кыс-касы булар комиссиянын иши бүтө электе эле жеке адамдардын аброюна асылып, күнөөлөгөнгө өтүштү.
Эми өзүңөр жакшы билесиңер, депутаттардын милдети бул эмес да. Алар келип ар бир мамлекеттик органдын ичиндеги талаш-тартышка кийлигишкенге акысы жок. Эгерде кандайдыр бир адамдын же кызматкердин укугу бузулса бизде сот, прокуратура деген органдар бар го. Эгерде баарын эле депутаттар текшере берсе, анда тиги органдар эмне кылып жүрөт? Мына ушундай маселелер бар.
- Учурда Жогорку Кеңеште Сизди кызматтан кетирүү маселеси козголуп жатат. Сиз буга кандай карайсыз? Эгерде кетирген каталарыңыз далилденсе мөөнөтсүз кызматтан кетүүгө даярсызбы?
- Албетте ар бир адам кетирген катасы үчүн жоопкерчилик тартыш керек. Эгерде туура эмес иштерди кылсам өзүм эле кетип калмакмын. Бирок мен өзүмдү абийир алдында акмын деп эсептейм. Убакыт баарын ордуна коет. Чындык далилденээрине ишенем. Буга чейин кызматтан бошотулуп, сотко кайрылып, бардык инстанциялардан утулган адамдар жумушчу топко кайрылып барышкан экен, алар аныктама чыгарышыптыр сотко кайрылгыла деп. Эми өзүңөр ойлосоңор, алар дагы кайсы сотко кайрылат? Алар кайрылып бүтүшкөн да. Ушундай одоно кемчиликтер айрым депутаттар тарабынан кетип жатат. Ошентсе дагы жалпы Жогорку Кенеш бул маселени кылдаттык менен карап, калыс тыянак чыгарат деген ишенимдемин.

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ