Ортомчулар

"Мега Ойлго" түшкөн киреше мамлекеттин чөнтөгүнө түшсө болбойт беле?
Бар экен, жок экен, илгери-илгери өткөн жылдын июнь айында "Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик "Манас" ишканасы түзүлүп, аталган компания транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн тендер жарыялап, аны "Мега Ойл" компаниясы уткан экен. Арадан 9 ай өткөн соң, "Мега Ойлдун" жетекчиси Мурат Саралинов компания дарегине карата айтылган сындар чындыкка жатпайт деп актанып жатат. Ал кимдин кулагына кесме илгиси келип атат, анысын билбейбиз, мүмкүн ырасында эле, "Манас" мамлекеттик ишканасына күйүүчү май ташуу учурунда эч кандай мыйзам бузуу, акча жеп алуу көрүнүштөрү орун албаса, албаган чыгар. Биерде, маселе таптакыр башкада, коррупциялык схемада болуп жатпайбы!
Айталы, бу өмүрү узун болгур, "Манас" мамлекеттик ишканасы антип тендер-мендер жарыялабай эле, Россиянын "Газпромнефть-Аэросунан" өзү сатып алып, транзиттик борборго өзү ташып барып берсе, "Мега Ойлго" түшкөн киреше мамлекеттин чөнтөгүнө түшпөйт беле! Же ушуга да чоң акылдын кереги барбы? Ошого акылы жетпегенден кийин андай мамлекеттик ишкананын мамлекетке кереги эмне дейсиң да.




  УКК телефон чалып...

Өзүңө-өзүң сак бол, коңшуңду
ууру тутпа!
Өткөн саныбызда Президент Роза Отунбаеванын Нарынга болгон иш-сапарын чагылдырып, этегинде мамилеси орой, шалаакы жансакчылар тууралуу кыстырма кыла койгонбуз. Кечээ редакциябызда телефон чырылдаганынан ала койсок, СНБнын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн Алмаз аттуу кызматкери экен. Аны-муну сурамыш болуп, баягы күзөт кызматкерлеринин "косяктарын" айтып берсеңер, териштирет элек дейт. Кандай болгон күндө дагы кызыккандарына рахмат, бирок журналисттерди акырая тиктеп, ар бир объекттерден документтерин текшерип, сен кир, сен чык деп аларды чектеп турган орой кызматкерлерди өздөрү эле тартипке салып кое турган жөнү бар эле. Ансыз да журналист журтун нааразы кылганы аз келгенсип, Нарындыктарды үймө-үй текшерип, элдин үшүн алып, чатырларга бугуп жаткан көзгө атарлардын жоругун өткөндө бир гезит жазып чыкты. Ошонун баарын теске салып, тартипке келтирип коюшпаса Роза эжекебизди дагы жаманатты кылышат го, ыя?




  Козголоң

Кезек Сирияга жеттиби?
Айтылуу Америкалык Facebook баракчасында Сириялык жаштар тарабынан аталган өлкөдө кезектеги массалык толкундарды баштоо тууралуу чакырыктар чыга баштады. Аталган билдирүүлөрдө массалык акциялардын мөөнөтү аныкталбаганы менен жакын арада Сириянын президенти Башар Асадга каршы даярдалып жаткан бул акция 25 миң адамды камтый тургандыгы болжолдонууда.
Эске сала кетсек, Башар Асад өлкөнү 2000-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал өлкөнү атасы Хафез Асад каза болгондон кийин мурастап алган. Он жыл айтканга оңой болгону менен оңбогондой эле убакыт. Буга чейин Египетти титирете башкарган Мубаракты муңайткан массалык толкундоолор Башар Асаддын башын жутуп тынышы толук мүмкүн.





  Оендун ойт бермелеринен...

Чолпонкулов чолпондой жана алабы?
Гезитибиз басмаканага кетип жаткан учурда, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору, жашы кырктын кырынан ашса да такыр үйлөнө элек (мунун өзү эле көптөгөн суроолорду жаратат) Таалайбек Чолпонкулов деген эр тууралуу өтө кызыктуу маалыматтар редакциябызга келип түштү.
Убакыттын тартыштыгына байланыштуу Чолпонкуловду чолпон жылдыздай жарк эттирип жандыра турган материалга окурмандарыбыз гезитибиздин кийинки сандарында күбө боло алышмакчы. Азырынча, бир аз күтө туруңуздар!


  Мыйзамдын башын атташып...

Президент аппаратынан декларация тапшыра электер кимдер?
Кечээ, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийик даражадагы кызматкерлердин декларация тапшыруу күнү аяктады. Мамлекеттик кадр кызматынын билдиргени боюнча, 28-февралга карата парламенттин 41 депутаты, өкмөт аппаратынын 28, өткөөл мезгилдеги президенттин аппаратынын 31 кызматкери, Жогорку Соттун алты судьясы, Тышкы иштер министрлигинин он жогорку даражадагы кызматкери - элчилер, Чүй областынан башка областтардын губернаторлору өз декларацияларын тапшыра элек экендиги дайын болду.
Биз бул эмнеси деп, таңгалып турабыз. Өлкөбүздүн аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын иштешине жана сакталышына кызыкдар адамдар минтип өздөрү мыйзамдын башын аттап, аны сыйлагысы келбей жатышса, калгандарыбыз талаалап басып кетпейбизби? Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев ооз ачып койсо болмок.




  Акча сындыргычтар

Орун майлуу-сүттүү болсун, аудиторлор!
Жаңы тартип боюнча, Эсеп палатасындагы 9 аудитордук орундун үчөө башкаруучу коалицияга, үчөө парламенттик оппозицияга, үчөө президентке берилген. Мына ошо Эсеп палатасына парламенттеги фракциялардын төртөө өз талапкерлерин сунуштап, анын жыйынтыгында азырынча беш талапкерге макулдук берилди. Алар - "Ата-Журттан" Азамат Кангелдиев, Жусуп Иманалиев, "Республикадан" Алмазбек Султанкулов, "Ата Мекенден"Алмамбет Шыкмаматов, "Ар-Намыстан" Эрнст Абакиров, СДПК фракциясы Эсеп палатасына өз талапкерин бир жумадан кийин, Президент тарабынан сунушталчу талапкерлер менен бирге сунуштаарын билдиришкен. Эсеп палатасынын жетекчиси болуп, "Ата Журт" партиясынын мүчөсү Азамат Кангелдиевдин болоору айтылууда.
Адатта, кызматка келген адамды "орун майлуу-сүттүү болсун!"- деп куттукташат эмеспи. Анысы кандай, биз да Жогорку Кеңеш тарабынан жашырын добуш менен бекитилген Эсеп палатасынын 5 аудиторун "Кызмат ордуңар майлуу-сүттүү болсун!"- дегибиз келет. Бирок, аны кызматка келгендер таптакыр башкача түшүнүп алышып, ар бир министрлик, ведомстволордун жеп-ичкендерин таап алып, аларга көз жумуп коебуз деп, аларды сындырып жүрүшпөсүн!

"Алиби" пресс