Кадырман карылар

Корчубек Акназаров, Социалисттик Эмгектин Баатыры:
"Отуздан ашык жерде өлүмдөн аман калдым"

Бул жолку ардактуу маектешим, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын туш-тарабында нагыз мээнетке ширелген эмгектин үрөнүн сээп, тоолук кыргызга жаңыча жашоону, кол жооруткан талаада эгин эгүүнү үйрөткөн 90 жаштын белесиндеги кадырман аксакалыбыз Корчубек Акназаров. Бул баарлашууда ал тээ 30-жылдардагы жетимдиктин кучагында күн көргөн азаптуу балалыгынан баштап, ортодогу согуш жылдары, андан кийинки шурудай тизилген даңктуу эмгек жолун сыдыргыга салгандай баяндап берди.

- Корчубек ата, сөз башынан болсун. Балалык күндөрүңүздөн айтып бербейсизби?
- Балалыгым Совет бийлиги жаңыдан тамыр жая баштаганда, эң оор, ачарчылык доордо башталды. Абдан түйшүктүү, жүрөк зыркыраткан учурлар баштан өттү. 1932-жылы мен 10 жашка чыкканда атамдын буту ооруп, такыр баспай калды. Эми кичинекей инимди, карындаштарымды, чоң энемди, атамды багуу түйшүгү апам экөөбүзгө жүктөлдү. Эртеден кечке талаада машак теребиз. Кечинде апам үйдөгүлөрдү карайт, тамак жасайт. Мен болсо терип келген буудайды токмоктоп, топондорунан ажыратам. Машакты кеч күзгө чейин терип, ошону менен кышка буудай даярдайбыз. Кичинекей болгондуктан кышкыга отун даярдай албай, сайдан барып куурай терип келчүмүн. Бир курдай оорулуу атамды, чоң энемди эки карындашым менен калтырып, апам экөөбүз Кетмен-Төбө тарапка өтүп жан сактап келгенбиз. Тоодо бара жатып, "алгы, сопкелди" деген өсүмдүктү казып жеп, жанчып, сүткө жууруп ботко кылып жеп жан сактайбыз. Арадан бир нече убакыт өткөндөн соң кайра айылга ашып келсек, кичүү карындашым каза болуп калыптыр. Айтор көрбөгөн кордугубуз калган эмес. Кийин атам жүн өткөрүп, акча алып келмек үчүн Таласка бара жатканда жолдон кармашып жалаа жаап, каматып коюшуптур. Кийин 5 жылга кестирип жиберишти. Атам камакта жатканда оорусу күчөп, апам төшөктө жатып каза болуп калды. Кийин атамдан кара кагаз келди. Ошентип томолой жетим болуп, чоң энем менен өлбөстүн күнүн өткөрүп, акчага жалданып иштеп жүргөндө жетим балдарды милиция машинеге салып балдар үйүнө алып кетип жатыптыр дегенди кулагым чалып, чоң энемдин, аталаш агамдын, жеңемдин каршылыгына карабай иним менен карындашымды алып, балдар үйүнө кетип калдым. Саман төшөлгөн машинеде отуруп, 2 күн дегенде Бишкекке жеттик. Ал жерде бир аз турган соң мени өзүнчө, инимди, карындашымды өз-өзүнчө бөлүп жиберишти. Мен Оштогу балдар үйүнө кеттим. Ал жактан шофер болобуз деп МТСте иштеп жүрсөк бир улгайган эле киши айтып калды, азыр окубасаңар мага окшоп арманда каласыңар, азыр барып директордон талап кылып туруп алсаңар силерди окууга жиберет. Бул жакта эмне кыласыңар, азыр силер билим алышыңар керек дегенинен анын айтканын аткардык. Эртеси биздин талабыбыз боюнча директор Оштогу айыл-чарба техникумуна алып барып окууга киргизип койду. Ошону менен узакка созулган өмүр жолум башталган.
- Согуш маалында кайсы жерде кызмат кылдыңыз?
- Согушта 14 ай жүрдүм. Белорусиянын Орел, Трубчевский, Стародуб шаарларын, Брянск облусун, ошондой эле жүздөгөн айыл-кыштактарын баскынчылардан бошотууга катыштым. Орловский, Курск дугасындагы Березин дарыяларынын алдындагы чоң салгылашууларда болдум. Жалпысынан алганда отуздан ашуун жерде ажалдан калдым. Жанымдагы курдаштарым боо-боо түшүп курман болгон учурлар болду.
- Бир эсте калган салгылашууну айтып бербейсизби?
- Бир ирет Богданов деген курбум экөөбүз жанаша окоп каздык. Ортодо эс алып, коктуга суу ичкени түшүп, ал жерде балдар менен сүйлөшүп отуруп уктап калыпмын. Бир убакта көзүмдү ачсам Көптүлүков деген казак жигит кыйкырат "Корчубек, тур тез, немецтер бомбалап баштады. Окопко жат!" деп. Мен окопко чуркадым. Тиги болсо окопко жетпейсиң, жерге жат деп кыйкырды. Мен ортодогу чала казылган окопко жатып калдым. Жонум чыгып турат. Бомбалар күпүлдөп түшүп жарыла баштады. Эми анык өлдүм дедим. Жаткан жерим ачык, бомбалар катар жатат. Аңгыча жарылуу токтоп, самолеттор узап кетти. Чаң, түтүн тарагандан кийин чогулуп калдык. Карасак баары эле түгөл. Бир аз өткөндөн кийин тактай келсек жанагы менин жанымда окоп казган Богданов жок. Көрсө окоптун жанына бомба жарылып, Богданов экөөбүз казган окопту топурак көөмп салыптыр. Казып алып тирилтүүгө аракет кылганыбызга карабай өлүп калды. Эми карабайсыңбы, эгер мен ошондо окопко жете барганда жан таслим болот элем. Ажалдын жогунан 20 метр жетпей жата калдым. Мындай учурлар ондоп саналат.
- Сизде дагы алгачкы махабат болгондур…
- Оштогу айыл-чарба институтунда окуп жүргөндө Төлөгөнова Бүбүкан деген курсташ кызым экөөбүздү СССРдин Конституциясынан сабак бересиңер деп Оштогу механизатор кадрларды даярдоочу мектеп чакыртып алды. Экөөбүз ошол жерде иштеп калдык. Бүбүкан сабакты менден эрте бүтсө да мени күтүп турат. Себеби үйү алыс эле. Экөөбүз Ак-Бууранын үстүнөн чогуу өтүп, бир топко чейин чогуу барчубуз. Ал тайгалакка шылтоолоп мени колтуктап алат. Бир күнү өзүнүн фронтто жүргөн Капар аттуу жигити тууралуу айтып калды, мен аны жакшы көрбөйм, ал болсо мени коркутуп кат жазып жатат деп. Өзү өңдүү-түстүү сулуу кыз болучу. Атасы облустук гезитте иштечү. Ошентип жүрүп мен аны жактырып калдым. Кийин согуш башталаарга жакын Бүбүкан Үч-Коргон районуна бир айлык практикага кетти. Коштошуп жөнөттүм. Ошону менен көрүшкөнүм жок. Кийин эки-үч жолу кат жазсам жооп болгон жок. Кийин Ак-Талаада райкомдун биринчи катчысы болуп турганда Бүбүкандын атасы менен көрүшүп, анын кабарын уктум. Көрсө 47-жылы катуу оорудан каза болуптур.
- Ак-Талаа демекчи, бир кезде эң артта калган районду алдыга сүйрөп, какыраган талаага гүл чыгарды деп аксакалдар айтып калат го…
- Жалпысынан райкомдун биринчи катчысы болуп 30 жыл 1 ай иштептирмин. Ага чейин Ала-Бука, Сузак, Базар-Коргондо экинчи катчы болуп иштедим. Эң алгачкысы Чаткалдан башталган. 1946-жылы Чаткалга Кара-Бууранын ашуусун ашып, мугалим болуп баргам. Ортодо бир топ кыматтарды аркалап, кийин Таласка барып үйлөнүп келдим да Чаткалда ишимди улантып, Таластагы Буденный районунда 2 ай иштеп келгенден кийин Чаткал райкомунда экинчи секретарь болдум. Ал кезде районду азыркы Искендер Айдаралиевдин атасы Рыспек Айдаралиев жетектечү. 1955-жылы Чаткал Жалал-Абадга караганда мен биринчи катчы болуп шайландым. Рысбек Айдаралиев Жалал-Абадга облисполкомдун орун басары болуп кеткени жатып, жолдон кырсык болуп, кызматында бир топ өзгөрүүлөр болуп кетти. Эми ал өзүнчө сөз. Ал кишидей жетекчилер кыргызда аз болучу. Анын кандай адам экенин таластыктар жакшы билишет.
Ошентип Чаткалда, Ала-Букада, Сузакта, Базар-Коргондо, иштеп калдым. Кийин 1960-жылы Ак-Талаага жиберишти. Ал жакка кетээрде Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Исхак Раззаков өзү кабыл алып, "жолдош Акназаров, партия Сизге ишенет, район артта калган, абдан кейиштүү абалда, ушул Ак-Талааны көтөрүп бериңиз, биз болгон жардамды беребиз. Зарыл болгондо мага түз кирип туруңуз" деп мени аталган районго жөнөттү. Чындыгында эле Ак-Талаада абал абдан кыйын экен. Мамлекетке төккөн пайдасы 22 миң рубль, ал эми карызы 24 миң экен. 160 миң кой бар экен. Болгону 5-6 кашар бар экен. Жазгы туутту болсо боз үйдө төлдөтүп, козулар суукта өлүп калчу экен. Анан а дегенде эле колхоздун башкармаларын чогултуп, кашар салгыла дедим. Ошол жылы 70 кашар салмак болдук. Кышы менен материалдарын даярдап, ошол жылы 74 кашар салдырдык. Бир колхоз 20 кашар салды. Калгандары 7ден, 5тен кашар салышты. Андан кийин Орто-Сыртка баруу үчүн айланып отурбай, ашып өтмө жол салдыруу керек деп чечтик. Буга чейин Айдаралиев экөөбүз Чаткалга жол салдырганбыз да. Ошондой кылып бул жерде дагы кетмен-күрөк менен жол салдырдык. Буга чейин жүгөрү айдаганы менен жарытылуу түшүм алчу эмес экен, мен келгенден кийин 1000 гектар жүгөрү айдап, гектарына 300 центнерден түшүм алдык. Мындай көрсөткүч Сузак, Базар-Коргондо дагы болгон эмес. 1961-жылы эгинден 5-7 центнерден түшүм ала албай жүргөн дыйкандар кийин 24 центнерден түшүм алды. Мен иштеген 10 жылда райондо эки жолу жут болду. Себеби кар калың түшүп, мал кырылып калган. Ошого карабай малдын саны 300 миңден ашты. 7-8-беш жылдыктардын планы толугу менен аткарылып, мен Социалисттик Эмгектин Баатыры болдум.
- Турдакун Усубалиев менен качан тааныштыңыз?
(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ