Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди, кыргыз деп бил!
Ала-Тоо койнунда жашоосун кечирип келген кыргыз улуту баш кийимди өзгөчө аздектеп, барктап-баалап келишкен.
Буга чейин турмуштун далай сыноосуна бет келип, кыйноосуна кептелип, бурганактуу бороону буюп турганда, туш тараптан куюндатып уруп турганда да башындагы ак калпагын түшүрүшкөн эмес.
Себеби, тикмечилердин айтканына кулак салсак, кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон жылуу, жеңил баш кийим. Калпактын актыгы анын аруулугун, актыгын, тазалыгына символдоштуруу менен акылдын тунуктугун билдирет. Тилекке каршы, акыркы жылдары кыргыз калпагы көп кийилбей, анын баркы кете баштаганы айтылууда.
Жетекчилерибиз өздөрү барктап кийишпегени аз келгенсип, бөтөн эл, бөтөн жерден келген коноктордун баарына зордоп калпагыбызды кийгизмейди адатка айлантып алышкандай. Ошол келген коноктор кыргыздар жөнүндө же бир жакшы сөз айтып койсочу. Мына үч жылдай мурда Орусиянын жинди чалыш, өзү еврей болсо да "орусмун" деп жүргөн Жириновскийге Кыргызстанга келгенде депутаттар ак калпак кийгизип узатышып, аны менен оголе көп сүрөттөргө түшүп жатышканын көргөндө мыйыгымдан жылмайгам. Жагалдангандын да чеги болсо деп. Же эл өкүлдөрү анын "эгер президент болсом, кыргыздарды кул кылам"- деп айткан сөзүн унутуп коюштубу? Эртең Жириновский аны текчесинин үстүнө койбостон, мончого кийип, шыпыргы менен чабынбайт деп ким кепилдик бере алат? Мындай толгон-токой жанды кашайткан мисалдарды биринин артынан экинчисин тынбай тизмектей берсең деле болот. Бирок, ушул бир эле мисалды келтирүү менен ушундай адатты бийликтегилер токтотсо деген ой. Бийлик өкүлдөрү башкаларга кийгизбей, өздөрү кийип, уулдарына жана башкаларына да кийгенди үйрөтүшсө дегиң келет. Анткени, жакшылап баам салып көрсөк, бүгүнкү күнү айтышка чыккан акындар, чет жерге барган спортчуларыбыздан башка бийлик өкүлдөрүнөн калпак кийгендер өтө сейрек учурайт экен. Аларды дүрбү менен издеп олтуруп араң табасың. Анан тапканыңа кудуңдап сүйүнөт экенсиң. Эмесе, биз билген, биз тапкан калпакчан саясатчы, коомдук ишмерлердин айрымдарын назарыңыздарга тартууламакчыбыз.
Атап айтсак, А.Акаевге президенттик тактыда жүргөн убагында калпакты башынан түшүрбөгөнүнө рахматыбызды айтсак жарашат. Ал кишинин сүрөттөрүн карап көрсөк, көргөн көздү сүйүнтүп, анын башына кыргыздын баш кийими тимеле сопсонун отуруп калат экен. Ал эми, андан кийин Хан Ордонун башына келген К.Бакиевдин калпакка көп деле жакындыгын байкаган да, көргөн да жокпуз. Бирок, архивди казып жатып, тээ Чүйдүн губернатору кезинде Акаевге окшошоюн деген ойдо калпак кийип, өзүнүн биринчи мугалими менен түшкөн сүрөтүн таап алдык. Үчүнчү мамлекет башчыбыз аял киши болгондуктан, калпактын көрүнбөгөнүнө кабатыр болбой эле койсок болот. Бирок, кечээ жакында Брюсселге болгон иш сапарында Кыргызстандан барган расмий делегациянын көркүн ачып, жаркылдап-жайнап калпак кийген, бир мурутчан агабыздын жүргөнүн айтып коюшубуз керек. Жогорудагы көрүнүштөн улам, ким гана болбосун, Тышкы иштер министрлигин ээлеген жетекчи (эгер эркек болсо) чет жерге барганда дайым кыргыз калпагын кийип жүрө тургандай кылышыбыз учурдун талабы го деген ой пайда болду. Себеби, чет элдиктердин аң-сезиминде Тышкы иштер министрибизди көргөндө гана, "кыргыздар ушундай эл турбайбы"- деген ой калыптанат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Тышкы иштер министрибиз кыргыздын жүзү болушу керек.
Саясатчыларыбыздын ичинен калпакты башынан түшүрбөгөндөр И.Айдаралиев, А.Бекназаров, Т.Тургуналиев экендигин өзгөчө белгилеп кеткибиз келет. Балким, дал ушул калпак Азике менен Топчукеге кыргыздын духун берип, эч нерседен тайманбас кылып жүргөн чыгар. Ички иштер министрлигинде иштеген же иштеп кеткен генералдардын арасынан А.Султанов, Ө.Субаналиев менен О.Гуроновдун гана калпак кийгенин көргөнүм бар. Өмүрбек аттуу саясатчыларыбыздан Бабановдун гана калпак кийгени байкадык. Мурда митинг учурунда кепкасын булгалаганды жакшы көрчү эле, "ак калпагын булгалаган араңарда бирөө бар"- деген ырды уккан соң, шайлоо учурунда башынан калпагын түшүрбөй, кепканын ордуна калпакты булгаламайга өткөндүгүн белгилеп кеткибиз келет. Ал эми дин өкүлдөрүнүн арасынан чалма чалынгандын ордуна калпак кийгенди жактырган А.Нарматов менен Өзүбек ажыны да айтып кетпесек болбос. Такай күнүмдүк жашоодо да Теңирчиликтин тамгасы чегерилген калпакты кийип жүргөн жаштардан жалгыз гана журналист Мирхамид Токтогул уулунун да ысымын белгилеп кетким келет, ушундай жаштар көбөйсө экен деп да тилек кылам. Ал эми кыргызчылык жолунда жүргөн Д.Сарыгулов, А.Усупбаев, К.Кошалиев башынан калпакты түшүрүшпөйт. Ошондой эле калпак кийгенди жактырган Э.Каптагаев, А.Карашев, К.Темирбаев, Т.Акун, Б.Мураталиев, К.Чаргынов, Т.Жумагулов сыяктуу саналуу гана адамдардын бар экендиги өкүндүрөт.
P.S. Ии баса, мен дагы Талас-ка болгон сапарымда дарактын түбүнө жөлөнүп, досумдун калпагын башыма кийип чарк эттирип койдум эле. Эми, аталган материалдан кийин атайы базарга барып, жакшы калпак сатып алсамбы деп жатам. Буюрса!

Улан МАМБЕТОВ,
bloknot23@mail.ru