Таалайгүл Чабдарова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Быйыл Кыргыз радиосунун
80 жылдык мааракеси"
- Балалыгыңызды көп эстейсизби?

- Ананчы. Менин балалыгым, Ысык-Көлдүн алыскы Долон, Миң-Булак, Арал деген айылдарында өткөн. Биздин муундун жаштары сыяктуу эле айылдын түгөнбөгөн түйшүгүндө ата-энеме жардам берип, эрте жаздан кеч күзгө чейин айыл чарба жумуштарын жасап чоңойгом. Балалыктын таттуу издери калган, алгачкы арипти таанып, турмуш деген улуу сапарга узаткан мен окуган мектеп азыр КРнын эмгек сиңирген артисти, таланттуу диктор агабыз Жеңишбек Ашымовдун ысымын алып жүрөт.


Мектепти жакшы аяктадың деп башка кесипти сунуш кылган жакындарымдын сөзүнө көнбөй, журналисттикке аттангам. Мени каалаган окуусун окутам деген апам Түптөн Каракол, Бишкекке чейин редакцияларды өзү кыдырып, жарыкка чыккан макалаларым боюнча жолдомо кат алып бергени эсимде. Мектепте акылын айтып, турмуштук улуу сапарга даярдаган КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, коомдук ишмер Жангороз Каныметов, маркум Ш.Тезеков таланттуу мугалимдер С.Мааданбеков, Гүлжан Качаганова, Жоомарт Муканбетов сыяктуу агай-эжелерим менен сыймыктанам. Балалыкты көп эстейм, сагынам. Кичинемден эле жол жүргөндү жакшы көрөм. Балалык таттуу кыялдардын коштоосунда табияттын кооздугуна, көк тиреген тоолорго суктанчумун, жол бойлоп түшкөн Ысык-Көлдүн ар бир айылы жүрөгүмө жакын эле. Азыр дагы берекелүү Сары-Өзөндөн кереметтүү Ысык-Көлгө кеткен жол жылуулук тартуулап турат. Ошол жол мени чоң үмүт, ишенич, кайрат-дем менен коштогондой таасир калтырат. Ата Мекендин туулган жерден башталганы ушул окшойт.
- Улуттук Радиого кантип келип калдыңыз?
- Алгач Улуттук радионун босогосун 1989-жылы аттадым. Кыргыз мамлекеттик Университетинин журналистика бөлүмүндө 2-курста окуп жүргөндө эле сырт кабарчы катары жаштар жана балдар редакциясына келип, радиопрограмма даярдоонун жол жобосун үйрөнүп, эфирге чыгып жүрдүм. Борбордогу Ленин, Фрунзе, Кыргызавтомаш, айнек ишетүүчү ж.б.заводдордон, ошол кездеги иштеп жаткан фабрикалардан иш процессинен "Жаштар үнү" уктуруусуна репортаждарды даярдоо милдетим эле. Менин алгачкы кабарчылык изим Союз учурундагы күүлдөп иштеп турган ири-завод фабрикалардын цехтеринен башталган. 1990-жылы МТРКнын жетекчилиги жаш журналисттер арасынан сынак аркылуу кадрларды тандап калышты. Ошондо КМУнун төрт студенти Кыргыз радиосуна редактор болуп кабыл алындык. Ошондон бери радио менин турмушумда маанилүү орунда турат. Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан баштап бүгүнкүгө чейин радиодогу жаңылануу, өзгөрүүлөр көз алдымда өттү. Радиого, анын тарыхына байланышкан көптөгөн материалдарды чогулттум. Буюрса быйыл Кыргыз радиосунун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн, жаш болсо да кыргыз драматургиясы, искусствосу үчүн бараандуу салымын кошуп келе жаткан драматург, таланттуу журналист Кайрат Иманалиев КТРКнын радио боюнча орун басары катары бул мааракени жөн эле чогулуп тарап кетпей, келечек муунга маалымат бере турган эстелик калсын деген аракетин көрүп жатат.
- Кайсы кесип болсо да устаттын орду өзүнчө го...
- Албетте, устаттарым көп, өзүм баарын жараттым дегенден такыр алысмын. Сени колдогон сени сүрөмөлөгөн жакшы адамдар, ак пейил устаттарың болбосо кайсы кесип болсо да ийгиликке жетишиң күмөн. Мага биринчи репортер менен иштегенди, репортаж жасаганды, деги эле радиожурналистиканын майда бирок, өтө зарыл сырларын үйрөткөн ага-эжелерим: КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын, таланттуу журналисттер Ырыс Осмоналиеванын, Өкүмбек Бөкөлөевдин, азыр да эриш-аркак эмгектенип, билгенин үйрөтүп жаткан Кадыр Калиловдун мен үчүн жумшаган эмгектерин эч качан унутпайм.
Менин радиожурналистикада биротоло калып калышыма шарт түзүп, зор ишеним арткан устаттарым КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери Байма Сутенова, ошол кездеги редакциянын жетекчиси, азыр КРнын социалдык коргоо министрлигинин статс-катчысы Бакыт Жекшенов деп эсептейм.
- Сиздин эфирдеги темаңыз коомдук-саясий багытка ооп бараткансыйт, өзүңүзгө сезилеби?
- Азыркы татаал мезгил, өлкөдөгү абал 20 жыл коомдук саясий программалар редакциясында эмгектенген мен эле эмес, аксакал карыдан жаш балага чейин саясатка аралаштырбадыбы. Өлкө келечегине кайдыгер эмес атуул катары коомдук-саясий абалга, бийлик бутактарындагы ар кандай баш аламандыктарга карата менин да ой-пикирим көз карашым бар. Кыргызстанды кризистен ушулар гана чыгарат деп көпчүлүк ишеним арткан саясаттын алдынкы сабында жүргөн далай мыктылар менен бир эмес эки жолку бийлик алмашуудан кийин ар кыл темада маектешүүгө туура келди. Бир эле саясатчынын эки башка пикирлери, саясаттагы оюн, жеке, кландык кызыкчылыктар элдин эртенкисине, мамлекеттин бүтүндүгүнө күйгөн адам болуп, бирок түпкүлүгүндө башка максат көздөгөндөр менен жан дүйнөсү баладай таза, жакшы сөзгө, куру убадага ишенген, чыныгы мекенчил таза адамдар бири бири менен жуурулуша албай, бири-биринен чоочуркап турганын көргөндө зээниң кейийт. Саясаттагы ушундай ыпластыкты саясатчылар өз колдору менен эле жасап коюшаарына, саясат деген таза болбойт дегендер аны таза кылгысы келбегендер экендигине көзүм жетти. Бирок, журт башына кыйынчылык түшкөндө бекем чеп боло турган эр азаматтардан уучубуз куру эмес экендиги сүйүнтөт. Мезгил токтобойт, убакыт учкан куштай кетип жатат. Элибиздин эртеңи, балдарыбыздын жаркын келечеги деген кызыкчылык, кыргыз эр азаматтарынын жеке тирешүүсүнөн бийик болсо деп энелик жүрөк менен каалайт элем.
- Айрымдар азыркы учурда аялзаты үчүн кызматтык карьера жасоо оңой дешет?
- Эч качан оңой болбойт жана оңой болбош керек. Кызматка дайындоодо аял катары эмес, анын кесипкөйлүгүнө, эл менен иштеше билүүсүнө жана ишти алдыга жылдыра ала турган жөндөм-шыгына караш керек да. КТРде иштеген эмгек стажымдын көбү башкы редакторлук, продюсерлик менен өттү. Бирок, мен өзүмдү кызматтык карьерага кызыккан аялдардын катарынан көрбөйм. Тирүүчүлүктө кызмат менен гана эмес, атуул катары деле көп иш аткарып, элге пайда келтирсе болот. Ошондо сыйлык, урмат-сый, кадыр-барк өзү артыңдан барат. Бирок, болгон күч аракетин, акыл-көрөңгөсүн жумшап өзүнүн ак эмгеги, мээнети менен бийиктиктерди багынтып, үй бүлөнүн да, ага-тууган, жоро-жолдоштун да кадырына жеткен аялзатын сыйлайм. Бирок, аялзатына арка-жөлөк болуп, оорун колдон жеңилин жерден алган эркек жолдоштордон да көп нерсе көз каранды. "Аял жакшы-эр жакшы" деп эле бардык нерсени аялдарга жүктөп коюу азыркы учурда таптакыр тескерисинче десем болот. Кыргызда эркектерди үй-бүлө башы деп коет эмеспи. Баштоочуң түз болбосо, аялзатынын ийги болууга жасаган аракети баары бир текке кетет. Ошондуктан үй-бүлөдө бекем дубал, Ата мекендин башына иш түшсө бекем чеп боло турган ага-инилердин катары көбөйсө деп тилейм. Күнүмдүк көр тириликтен сырткары адам турмушунда көңүл жаркытып, жүрөк кубанткан жагдайларга топук кылам.
- Үй-бүлө жөнүндө...
- Үй-бүлө деген улуу көчтү татыктуу улап, ата-бабанын уучун узартып, канат-бутагын жайылткан ар бир коломто ыйык. Бузулган үй-бүлөлөргө, ата-эненин чырынан запкы жеген балдарга жүрөгүм ооруйт. Мен үчүн үй-бүлөнүн бүтүндүгү менен балдардын амандыгы бийик. Үй-бүлө да мамлекет сыяктуу экени талашсыз. Алдыга койгон асыл максаттарың, уул-кызыңдын келечеги деген изги тилегиң болбосо баш аламандык, чар жайыттык үй-бүлөдө да болот. Үй-бүлөнүн барк-баасын сезип, балдардын келечегин биринчи койгон, ар дайым мени колдоп турган жолдошум менен сыймыктанам. Жооптуу жана татаал кесипте эмгектенгенине карабай үй-бүлө муктаждыгын, үй- бүлө түйшүгүн бүт өз мойнуна алган. Балдарыбыз №69 гимназияда билим алышат. Улуу кызым Айпери мектепти аяктоо алдында турат. Кызым Нурайым, эгиздерим Улан менен Анара гимназиянын алдыңкы окуучуларынан. Биздин чакан мамлекетте да саясатчыбыз, экономистибиз, юристибиз бар. Балдар өз алдынча адабият, тарыхтан баштап бүгүнкү саясатчыларга чейин талкуулашат. Азыркы балдардын эркин ой жүгүртүүлөрү, тартынбай пикирин айта билгени мезгил талабы. Адам катары калыптануусуна шарт түзөт. Бардык аракетибизди балдардын эртеңки күнү жарык, максаттары айкын болушуна арнаган, башка замандаштарыбыз сыяктуу эле ага-тууган, жек-жааттын ысык-суугуна аралашкан үй- бүлөбүз десем болот.
- Бош убактыңыз кандай өтөт?
- Китепти көп окуйм. Эки сап ыр чүргөй албасам да кыргыз поэзиясынын артынан түшкөн күйөрманымын. Эл, Жер, Ата Мекен темасында жазылган саптар жагат. Патриоттуулукту ойготууда поэзиянын таасири чоң. Саптарында от болуп күйүп, жалындап турган Мирлан Самыйкожо, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов аттуу акындар кыргыз жигиттеринин сынбаган, багынбаган мүнөзүн ырларында ачып келишет.
Азыр менин көзүм жеткен нерсе жараткан ден соолук менен өмүр берсе, адам турмушунун жакшы жаман болушу өздөрүнөн гана көз каранды экен. Бул жашоодо жакшы адамдар көп, маектешсең жан дүйнөң тазарат, дилиң агарат. Агарып аткан таңдан, кызарып баткан күндөн ырахат алган, тирүүлүктүн баркын билген замандаштарыбыз толтура. Бирөөнүн ийгилигине маңдай жарыла сүйүнүп, кубанычын ак жүрөгүнөн тең бөлүшө билгендер бар экенине кубанам. Андай адамдарды тааный билиш гана керек. Сөзүмдүн акырында жаз менен жарыша кирип келген Аялдар майрамы менен бардык апаларды, эже-сиңдилерди куттуктап, ар дайым коломтоңордун оту алоолоп күйүп, табы өчпөй турушун каалайм.

Маектешкен
Акбермет Руслан кызы