Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Бишкек жаштыктын жашыл шаары эле...

Базар шаарга айланган
борборубузду маданияттын
ордосуна айланта алабызбы?

Бишкек биздин баарыбыздын жана ар бирибиздин жаштыгыбыздын шаары. Бишкек биздин таттуу кыялдарга, келечек максаттарга ортоктош болгон ордолуу шаар. Бишкек улуттук маданиятыбыздын, улуттук искусствобуздун, улуттук адабиятыбыздын, улуттук илимибиздин, билимибиздин шаары. Бишкек башкасын айтпаганда, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн куттуу ордосу. Бирок, өкүнүчтүүсү акыркы жылдарда Бишкек маданияттын, адабияттын, илим-билимдин очогунан саясый баталиялардын, саясый интригалардын, саясый күрөштөрдүн борборуна айланды.


Саясый оюндардын баары Бишкектен башталчу болду. Мындан саясатчылар пайда тапса табар, а карапайым калың калк андан эмнени утту? Жашоо-турмушубуз андан өзгөрүп, оңолдубу? Арийне жок, миң ирет жок. Мына акыркы мезгилде эле, баалардын кескин түрдө көтөрүлгөнү эмнени айтат. Араңжан экономикабыз тынымсыз ызы-чуудан аксап да, чарчап да турат. Былтыр дээрлик жыл бою чек аралар жабылып, чычкан мурду жөргөлөгүс болуп, сырт менен карым-катнашыбыз жок болду. К.Бакиев казынабызды какшытып, алдын-ала жүз миллиондогон долларларды чет тараптагы оффшордук эсеп-чотторуна чыгарып, качып кетти. Эми аны бир айтабызбы, миң айтабызбы.
Мактагандык эмес, жакшыны жакшы дегендин эмнеси жаман, жаңыдан топтолуп, иштей баштаган өкмөт өзүнүн берген убадасынын бирин, айталы, күйүүчү майлардын баасын, чындап эле 7-8 сомго арзандатууга жетишти. Бул эмне жаманбы? Биз анүчүн Россиянын жетекчилерине, биринчиден, өкмөт башчысы Владимир Путинге, анын тилин тапкан кыргыз жетекчилерине ыраазычылыгыбызды айтсак болот. Бул мындай да, күйүүчү майлардын баасы төмөндөшү менен, көптөгөн ташылып келген товарларга, ошол эле тамак-аштарга да баалар төмөндөшү мыйзам ченемдүү иш. Эми өзүбүз иштеп тапкан жер-жемиш, эт-сүт сыяктуу тамак-аштардын баасын асмандатпай, ирээтке келтирсе эмнеге болбосун? Болот, ал үчүн анча-мынча гана саясый эрк-күч керек.
Мына ушундан улам, пайда-батасы жок ызы-чуулардын, эл тажаткан тынымсыз митингдердин, революция-төңкөрүштөрдүн кереги барбы деген суроо жаралбай койбойт. Дегеле, ызы-чуу салган митингдердин артында кимдин жана кандай кызыкчылыктар жатышы мүмкүн? Митинг-ситинги жок эле жолдор жокпу? Маселен, элдик Курултайлар аркылуу бийлик чечкиси келбеген орчундуу маселелерди, тынчтык жол менен чечүүгө неге болбосун?
Биз тарыхый мезгилде жашап жатабыз! Тарых саясатчылардан гана эмес, ар бирибизден тарыхый чоң жоопкерчиликти талап кылат. Бизге, жалпыбыздын бакубат келечегибизге ынтымак-ырашкерлик, биримдик, тынч өнүгүү-өсүү аба менен суудай керек. Кандай болгон күндө да, кайсыл бийликке, кайсыл партиялардын өкүлдөрү келбесин, бардыгын бир өңчөй кара боектор менен шыбабай, сабырдуулук кылып, тиешелүү убак беришибиз абзел эмеспи.
Ооба, бийликке болгон элдин ишеничи какшып бүттү. Кооз, жалындуу, жалынычтуу убадаларга эч ким ишенбей калган. Элге көз көрүнөрлүк жыйынтык керек. Мына ушул өңүттөн алганда, Бишкек мэриясынын бир жыл аралыгында жасаган иштерин карап туруп, көз тоет. Баарыбыз эле көчөдө көп басабыз, жолдорду карагылачы, кадыресе оңдолуп-түзөлүп жаркырап калды го. Медеров, Тыналиев, Бах, ж.б. көчөлөр кечээ кандай эле да, бүгүн кандай?!
Акыркы жылдарда Бишкек саясый күрөштөрдүн гана шаарына, борборуна эмес, базар шаарга айланып калган. Эми өзүңүздөр эле калыс болгулачы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн куттуу ордосун базар шаарга айлантып алганыбыз кудайга жагабы?

(Уландысы 11-бетте)




Кой терисин жамынган карышкырларбы же чөөлөрбү?

Өткөн жылдагы апрель окуясынан кийин мурдагы бийлик ээлери тарабынан мыйзамсыз тартылып же ит бекерге сатылып алынган мүлктөр өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, мамлекетибиздин карамагына баш-аягы 47 объектинин өткөрүлүп берилгени белгилүү. Бирок, алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин илең-салаң болуп, тагдыры тараза ташына салынып, талаш-тартышта турат. Алардын ичинде, өзгөчө "Мегаком" деген бренд менен белгилүү уюлдук операторунун кимдин менчигинде калаары тууралуу маселе коомчулуктун көңүл борборунда турганын жашырууга болбойт. Баарынан кейиштүүсү, бүгүнкү күнү асмандан акча тапкан дал ошол "Мегакомго" кайдагы бир эл аралык шылуундардын көзү түшүп, аны талашып жаткандыгында. Андыктан, бүгүнкү саныбызда өздөрүн "орусиялык инвестор"- деп атап жатышкан адамдардын сырткы терисин сыйрып, алардын чыныгы жүзүн окурмандарга ачып берүүгө аракет кылмакчыбыз. Эмесе, сөз кезеги менен болсун!

Сөзүбүз түшүнүктүү болуш үчүн, артка кылчаюу жасап, 2010-жылдын апрель окуясынан кийинки абалды көз алдыбыздан өткөрүүгө аракет кылсак. Баарыбыз жакшы билгендей, апрелден кийин Максим Бакиевдин группалашы Алексей Елисеевге таандык делген "Мегаком" 100% улутташтырылбастан, кандайдыр бир калың элдин катмарына белгисиз себептерден улам, анын 49%зы гана улутташтырылып, калган 51%зы "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын карамагына өткөрүлүп берилет. "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын "Мегакомго" эч кандай тиешеси жок болсо да, эмнеге алардын карамагына акциялардын 51%зы өткөрүлүп берилгендигин бүгүнкү күнгө чейин иликтенүүдө.
Тиешеси жок дегенибиздин да өзүнүн жөнү бар. М.Бакиев башында турган А.Елисеев 2009-жылдын июнь айында "Альфа Телеком" ЖАКсын түзүшүп, уюлдук байланышка лицензияларды алып, ошол эле жылдын сентябрь айында "БиМоКом Лтднын" бардык мүлктөрүн сатып алышат жана "БиМоКом Лтднын" штатынын толук курамын да "Альфа Телекомго" өткөрүүгө жетишет. Ошентип, "Мегаком" уюлдук операторунун 100% акциясын сатып алганына карабастан, анын 51%зы Eventis деген компанияга тиешелүү "БиМоКом Лтдга" өтүп кетет. Себеби, "Мегакомдун" 100% акциясы А.Елисеев сатып алгандан кийин, анын 100% тең улутташтырылышы керек эле, бирок иш жүзүндө андай болбой калып жатпайбы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мамлекетибиз кайдагы бир компанияга өзүнүн 51% үлүшүн тарттырып жибергендей эле болду.
Бул тууралуу А.Елисеев өзү дагы 2010-жылдын 22-декабрындагы билдирүүсүндө мындай дейт (сөздөрдүн мааниси өзгөрүп кетпеши үчүн айтканын айткандай берели):
""Все происходящее с Мегакомом является ничем иным, как рейдерским захватом сотового оператора со стороны представителей компании Eventis. После апрельского переворота указанные лица смогли вступить в коррупционный сговор с гражданином Бекназаровым, который провозгласил себя куратором правоохранительных органов и судов. Именно по этой причине Eventis назначил своим представителем некую гражданку Р.Рыкунову, которая является родственницей "бульдозера революции". В рамках этого преступного сговора Бекназаров "продавил" принятие декрета о национализации 49 процентов акций ЗАО "Альфа-Телеком", а также передачу в управление компании Eventis остальных акций "- дептир Елисеев.
"Мегакомдун" жанагы 51% акциясын "эшиктен келип, төр меники"- деп ээлеп алган башкаруучулар мамлекеттен кирешелерин жашырып, 15 миллион доллардай акчаны оффшордук зоналарга чыгарып кеткендиги билинген соң, кыргыздын калпагын кийип, кыргызды алдагысы келген Силич жетекчилик кызматтан четтетилип, ага мамлекет тарабынан убактылуу жетекчи Азамат Мурзалиев дайындалып олтурат.

(Уландысы 11-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??