Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кадыржан Батыров кыргыздардын эмес, өзбектердин душманы

Ош, Жалал -Абад областындагы июнь окуялары боюнча улуттук комиссиянын төрагасы А.Эркебаевдин Жогорку Кеңеште берген маалыматынан кийин "издөөдө" жүргөн К.Батыров WWW.FERGANA.RU сайтынан өзүн аппак кылып көрсөтүп, бийликти, кыргыз мамлекетин сындап кеңири маек берди. Жогорку Кеңеште чындык үчүн чыркырап патриот болумуш болгон депутаттар, бийлик өкүлдөрү оозуна талкан салып алгансып, унчугушпай калды. Ушундан улам булардын бир немеси бар го, деген бүдөмүк ой пайда болот экен. Ар кимдин өз абийири бирок, мен Жалал-Абадда жашап, иштеп К.Батыровдун "ишмердигин" жакшы билгендиктен, анын айрым айткандарына тактоо берип, жүзүн дагы бир жолу ачып коёюн дедим. Анткени мен он жылдан ашык Жалал-Абад областында пресс-катчы болуп иштеп, анын "ишмердиги" менен түз жана кыйыр катышып жүрдүм.

К.Батыров буга чейин "ак иштеп", кылган ишинин баары мыйзам чегинде болгондугун, өзбек улутунан кыскасы мыйзамды сыйлаган киши катары, өзбек улутунун кызыкчылыгын коргогон атуул катары көрсөтүүгө аракет кылыптыр. Аны биз түшүнбөй "сепаратист" деп атап жатыптырбыз. Муну окуган коомчулук "и-ии, чын эле ушундай турбайбы" деп калбайбы? Мисалы, ал Жалал-Абад областындагы өзбек маданий борборун эгемендүүлүк алгандан бери жетектеп келатканын, улутташтарын мыйзамды сыйлоого, ынтымак- ырашкерликке, чыдамкай болууга чакырып келатканын айткан. Калп. Кептин баары ошол мыйзамды сыйлабагандыгында болуп жатат. Мыйзамды бузуп, өзбек маданий борборун саясатташтырып, радикалдык чечимдерди кабыл алууга чакырышы, ириде өзүнүн улутташтарын кабыл алып, Жалал-Абаддагы өзбек маданий борбору бөлүнүп жарылып, К.Батыровду колдобогондор "Давр" өзбек маданий уюмун түзүшкөн. Өзбек деп күйгөн К.Батыров өзбектерди "өз" жана "өгөй" кылып экиге бөлгөн. Бул боюнча Жалал-Абад шаарынын тургуну өзбек улутундагы жаран Исламжан Ишанжанов канча жолу какшап айтып жүрдү. К.Батыров мыйзам боюнча өзбек маданий борбору саясатка аралашууга болбосун билип туруп, маданий борборду экиге бөлүп, аны эски бийликке оодара салган. Башканы кой тил деп күйгөн Батыров өзбек тилдүү массалык маалымат каражаттарын да өз жана өгөй кылып экиге бөлгөн. Мисалы мен координациялык кылган мамлекеттик "Жалалобод тонги" гезитине такай артын салып келди. Муну он беш жылдан бери башкы редактор болуп иштеп келе жаткан Б.Газибаев да ырастап берет. Анткени ал гезит К.Батыровдун сепаратисттикке багытталган саясатын колдобойт эле. Ошондуктан өзбек тилиндеги гезитти чанып, ультра улутчул "Дийдор" гезитин уюштуруп, идеология боюнча орун басарын редактор кылып дайындаган. Ал июнь айына чейин эле улут аралык жаңжалга жол берген макалалары, көз карашы бир катар талкууларга негиз болгон. Мисалы, ошол учурда губернатордун орун басары болуп иштеген Д.Алимжанова катышкан жыйында У.Абдысаламовдун ашкере улутчулдук бир жактуу көз карашы айыпталган.
Өзүнө караштуу жалаң өзбек улутундагы жарандарды топтоп алып маданий борбордун курултайын өткөрүп, анда да көбүнчө саясый көйгөйлөрдү тил, кадр, кылмыштуулук маселесин коюп келген. К.Батыровдун мындай бир жактуу саясаты жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынган эмес. Эсимде, бир жолу өзбек маданий борборунун областтык маданий курултайы болуп, анда республикалык курултайына делегаттарды шайлашкан. Бирок К.Батыров демейдегидей эле саясый маселелерди көтөрүп, күч түзүмдөрүндө, мамлекеттик кызматтарда өзбек улутундагы адистер жок деген нааразылыгын айтып, элди мамлекетке каршы үгүттөгөн. Ошондо мен мамлекеттик кызматкер катары чыгып, К.Батыров койгон маселелер жалаң өзбектерди чогулткан курултайда эмес, областтын ар кайсы улутунун өкүлдөрү катышкан жыйында, коллегияларда каралышы керектигин айтып, кадр маселесинде өзбек улутунун кызыкчылыктарын эске алып жатканын, акыркы жылы эле областтык мамлекеттик администрацияга канча кадр келгенин айтып мисал кылгамын. Ошондо өзбек улутундагылардын ичинен мени да колдогондор болгон.
Ар жыл сайын К.Батыров тарабынан өткөрүлгөн курултайлар өзү айткандай Акаевдин учурунан баштап, Бакиевдин тушунда уланып, ушундай маанайда өтүп, жалаң өзбек улутундагылар бөлүнүп алып, саясий маселелерди көтөрүп жатышы жалал-абаддыктардын нааразылыгын жараткан. Мисалы, күч түзүмдөрүндө өзбек улутундагылар жок, жалаң кыргыздар иштейт- деп митингде чыгып сүйлөгөнүн мойнуна алып жаткан К.Батыров ошол эле Бакиевдин тушунда Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары, наркотикалык кылмыштуулуккка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймагынын жетекчиси болуп иштеген Ш.Мырзакаримовду, Жалал-Абад, Баткен областынын ички иштер башкармалыгынын орун басарлары болуп иштеген Юнусовду, Умарахуновду эмне үчүн көрбөйт. Демек мындан орун басарлык орундарга ичи чыкпаган К.Батыров башында Кыргызстанды башкарган өзбек улутундагылар болуш керек деген сасык ой, сепаратизм жатканы байкалып жатпайбы. Ар бир улут өзүнчө курултай өткөрүп мамлекетти сындап, маселе чече берсе, анда мамлекеттин мамлекеттүүлүгү кайда?
Эсиңиздерде болсо керек соңку жылдары К.Батыров өзбек тил маселесин курч коюп келүүдө. Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер кыскарып жатат деп маселе коюп келет. Бул анын өзбек улутундагыларга кылган душмандыгы. Анткени, өзбек элинин Кыргызстандын шартында кыргыз, орус тилин билбей, өзбек тилинде окуп, ошону менен чектелип калышы мамлекеттик кызматтарга келүүдө, күч түзүмдөрүндө иштөөдө кедерин тийгизип жатат. Мисалы, кыргыз тилин, орус тилин билген өзбек улутундагылар үчүн эч кандай тоскоол жок. Алар эл аралык уюмдарда, массалык маалымат каражаттарында, мамлекеттик кызматтарда иштеп эле жатышат. Ошондуктан К.Батыров көтөрүп чыккан тил маселеси жөн эле саясый упай топтоо максатындагы популисттик аракет.
Эмне кыргыздар Россияга барып иштеп, жашап, кыргыз тилин маселе кылып жатабы? Жок.
Дагы бир мисал, К.Батыров Жалал-Абад шаарында "Нооруз" майрамын өткөрүп ага жалаң өзбектер чакырылып, бийликтен губернатордун орун басары Д.Алимжанова барып катышып, бул иш чарага нааразылыгын билгизген. Ушундай обочолонуу такай жүрүп турган. Ал эми Батыров ушулардын баары, туура мыйзам чегинде болчу деп актанууда.
Фергана. ру сайтындагы маегинде каршылашы К.Бакиев качып кеткенден кийин кимден, эмнеден коргонуп автоматчан адамдар менен жүргөнүн, жалаң өзбектерди менчик университетине чогултуп алып, бирин-экин бийликтин өкүлдөрүн катыштырып жыйындарды өткөрүп, "биз жыйырма жыл күткөн күн келди" деп күпүлдөгөнүнүн себебин айткан эмес. Тейит айылына барганда кыргыздын символу болгон боз үйдү, Кыргызстандын желегин "байкабай" өрттөп алган экен. Силерди билбеймин, мен ага ишенбеймин.
Учурунда К.Батыров сепкен үрөн акырындап өнүп жатат. Алар июнь окуясынан сабак алган жок. Батыровдун арыгын чапкан Эрик Исаков (атайылап кыргыздын атын коюп койгон) өзбек журналист кесиптешим быйылкы жылдын 7-февралында WWW.CENTRAZIA.RU сайтына дагы бир ойдун башын кылтыйтып жазып чыкты. Анда "Өкмөт өзбектерди жок кылууну ойлогон" деген макалада Ала-Бука районундагы Мамлекеттик тил жөнүндөгү Мыйзамдын аткарылышын талап кылган аракетти, "Кыргызстандын бийликтери өзбектердин укугун тепселеп, этникалык азчылык катары геноцид кылып жок кылуу аракетин жасап жаткандыгын" жазып чыкты. Райондун ортосундагы №16 Навои атындагы мектепке жалаң өзбектер окуса да, Исках Раззаковдун аты коюлганына нааразылыгын билдирет. Ушундан улам суроо туулат. Эмне И.Раззаковдун Өзбекстанда жетекчилик кызматтарда иштеп, өзбек элине кылган кызматы жалганбы? Эки элге тегиз кызмат кылган чынчыл И.Раззаковдун аты өзбек мектептерге коюлууга мүмкүн эмеспи? Бул эмнени билдирет. Июнь окуясынын башаты да Ала-Бука районунда башталып, өзбектердин көчөгө чыгып кыргыздарга допу кийгизебиз деген аракетинен жаңжал чыкканын эмне менен түшүндүрүүгө болот. К.Батыровдун санаалаштары, өзбек маданий борборунун активисттери Ала-Бука районунда экени жалганбы?
Бул дагы бир жаңжалдын башы эмеспи? Жакында Жалал-Абад шаарынын мэри кыргыз, өзбек журналисттерди чогултуп алып мындан ары улут аралык ынтымакты кантип бириктирсек, сактасак болот? -деген суроосуна катышкандардын дээрлик бардыгы улут аралык ынтымак сакталуу, биригүү болот бирок, аны бузууга кызыкдар күчтөр бар, ошондуктан сактануу керек деп, туура жооп берди. Карапайым кыргыздардын ортосунда карама-каршылык, жек көрүү сезими жок. Бирок, ошону каалаган күчтөр бар. Кеп ушунда.

Орозалы Карасартов, Жалал-Абад областы





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??