Асанов неге желим бөтөлкөлөрдү
жакшы көрөт?

Бирөөнүн ырыскысы малдан, экинчисиники жерден, үчүнчүсүнүкү элден, төртүнчүнүкү дагы бир нерседен деген сөздө калет жок. Бирөө жер айдап, эгин эгип жанын багат, экинчи адам мал-кел менен тиричилик кылат, үчүнчү бирөө элге чочоңдогон чоң болуп жүрүп буйруганын терип жейт. Ал эми Бектур Асановдун ырыскысынын артуусуна кадимки эле желим бөтөлкөлөр себепкер болгон экен. Ал бөтөлкөлөрдүн ичиндегилерди канчалык деңгээлде жакшы көрөт, алар менен айрылгыс достордонбу, же анда-санда саламдашып эле жүргөндөрдүн бириби, анысын акы-чүкүсүнө чейин билбейбиз, бирок Бекебиз кола-мола, фанта-санта, пиво-водка, аршан -паршан сыяктуулар куюлган желим идиштерди жанындай жакшы көрөт. Аны алгач азыр эч кимге кереги жок болуп калган "Эркин Кыргызстан" деген саясый партияга Тургуналиев же Текебаев дегендер мүчө кылышып, андан ары парламентке депутаттыкка түртүшкөн эмес, аны чоң саясатка таштандыларга ыргытылган, кафе- ресторандарда, күркөлөрдө, пляждарда, көчөлөрдө ар кимдердин буттарына илешкен желим бөтөлкөлөр чогулушуп, ашар менен аркасынан түрткүлөп отурушуп араң алып чыгышкан. Анткени, элибиз эгемендүүлүккө жетишкенден кийин элдин баары жерлерди, майлуу кызматтарды, базарларды, дүкөндөрдү д.у.с.ж.б. нерселерди талашып, жакалашып чачташып эки экиден кырды бычак болуп, кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп жатышканда , эки метрдей бою, кайыктын калактарындай колдору бар экендигине , мушташкыч достору да аз эместигине карабастан бейнекерибиз аларга аралашпастан, атаандаштары жокко эсе ишке же бошогон бөтөлкөлөрдү жыйнап кайра тапшыруу бизнесине баш оту менен киришкен болчу. Бөтөлкөлөрдүн ичиндегилер адамдарды кээде айнытып жиберсе, сыртындагылар кээде бийигирээктердин арасында отургандардын катарларына кошот да экен. Желим бөтөлкөлөрдүн аркасы менен чоң саясатка аралашкан Бекебиз биринчи президенттин тушунда оппозициячылдардын катарына кошулуп, пикетчи, митингичилерди, ачкачылык жарыялагандарды колдоп жүрүп дурус эле саясый дивиденд топтогон болчу. Бирок, жердеш акасы бийликке келгенде адегенде анча-мынча иштерге аралаштырганы менен кийинчерээк "бөтөлкөчү" деп аны теңине албай коюп, аябай эле дыкаатын ашырды. Мүмкүн өткөн жылдагы революция болбогондо Бекебиз дыкааты ашып жүрүп, бир күнү кайрадан мурдагы сүйүктүү ишине киришмек. Кудай ишин оңдосо желим пакеттерди жыйнап, кайра иштетип жүрүп миллиардерге айланган Алишер Усмановдой болуп да кетет беле, анысын ким билет.
Айылдаштарын артынан калтырбай ээрчитип жакалашып, мушташып жүрүп араң и.о. губернатор болгон Асановдун айласын өткөн жылы жазда Бакиевчилер, Батыровчулар, Масировчулар аябай кетиришти. Алар эки жолу кабинетинен кубалап чыгарып таштап, бир жолу стадиондон кармап алып сабашты. Ошондо Бекебиз аны ар жерине муштагылагандардан да башына желим бөтөлкөлөр менен ургулагандарга, көчөлөрдө томолонуп жаткан бош бөтөлкөлөрдү өрттөгөндөргө катуу нааразы болуп, аларды өзүнүн жекече душмандары катарында жарыялаган дешет. Бөтөлкөлөрү, өзгөчө боштору курусун деңизчи, Бекебиздин кыргыз элине, атпай кыргыз журтуна керектүү башы аман жүрсө болду.





Тагдыры азыркыларга сабак

Коомдо кескин өзгөрүүлөр башталган мезгилде адамдын карьерасы үчүн анын билимдик, кесиптик даярдыктары, инсандык сапаттары анча деле роль ойнобойт. Эң негизгиси, керектүү учурда керектүү жерде гана болуп калуу керек. Ысык-Көл облусунун экс-губернатору, азыр издөөдө жүргөн Кыдыкбек Исаевдин пешенеси ачылып, жылдызынын жануусуна анын ополоңдуу тополоңдуу таламай убагында Балыкчыдагы ун азыктары боюнча комбинаттын башкы жетекчиси болуп тургандыгы өбөлгө түзгөн, ал комбинаттан аймактагы калың капчыктуулардын бири гана эмес, түз эле Жогорку Кеңештин депутаты болуп чыккан. Маркум Рысбек Акматбаев менен өзгөчө ысык мамиледе болгон, эгерде анын тобундагылар колдобосо, эч качан депутат боло алмак эмес деп да жүрүшөт.
Мурдагы бийликтин тушунда Кыдыкбек Шайдиновичтей эркелегендер чындыгында эле аз болду. Ал убакта капчыктуулар каалагандарындай эле талтаңдашты. Кыдыкбек Исаев да депутаттыктан жадаганда "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясына башкы жетекчиликке барып, ишкананы транспорт министрлигинин карамагынан чыгартып, түз өкмөткө гана баш ийе турган түзүмгө айландырып алды. Антип министрдин укугуна ээ болгон менен деле тармакты жыргатып жиберген жок. Ишкананы банкротко учуратарына аз калганда колдоочулары касиеттүү Көлгө алып барып губернатор кылып отургузуп коюшту. Бирок, анын губернатор деген эле аты болбосо иш жүзүндө Көлдү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, анан Жаныш, Максим Бакиевдер башкарышкан деп жүрүшөт. Бирок, каймакты эркелер ашашса да келтекти жетим жейт дегендей, өткөн жылдагы революциядан кийин Көл аймагындагы жерлердин мурдагы бийликтин айланасындагыларга мыйзамсыз бөлүнүп берилүүсүнө, арзан бааларда ар кимдерге сатылуусуна ж.б. коррупциялык көрүнүштөргө байланышкан иштердин баары Исаевдин башына келип тийди. Ага убагында мамлекетке жалпы суммасы 300 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген айыптоолор менен ондон ашык кылмыш иштери козголсо, айыпталуучунун жоктугуна байланыштуу аларга алиге чейин чекит коюла элек. Ал азыр океандын аркы жагында баш калкалап качып жүрөт.
Бир убакта атасы менен энеси ага кыдыйса да элдин арасында аман жүрсүн деген тилек менен атын Кыдыкбек койгон экен. Эми минтип напсисин тыйбагандын айынан туулган жеринин тузу, ар кандай жолдор менен тапкандары буйрубай, өз элинен качып чет жакта мусапыр болуп жүрөт. Табалаган болбойт, тобо кылуу керек. Анын тагдырынан араандары жүрүп турган азыркылар сабак алышса болду.

Дани Сарыке