Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Эл багабыз дегендерди
эл багып жаткан жокпу?

Мындан жыйырма жылдай мурда белгилүү адабият сынчысы Салижан Жигитов: "1 миллиарддан ашкан Кытайда болгону 350дөн ашпаган акын-жазуучу бар экен, 3 млн.го жетпеген Кыргызстанда деле ошончо акын-жазуучу бар. Бул эмне деген парадокс" деди эле. Эсил кайран Салижан ага ушу бүгүн көзү тирүү болгондо, Жогорку Кеңештин 120 депутатын, 30-40тай министрлерди, губернаторлорду, акимдерди, төрагаларды, алардын орунбасарларын бир сөз менен айтканда, мамлекеттик чиновниктердин 10-15 миңге жакын зор армиясына карап туруп, эмне деп айтмак эле деп ойлойсуң.

Кыргызстанга канча чиновник керек? Бир караганда, бул чарбалык маселедей, каалайбызбы, же жокпу акыр-аягы финансылык маселеге байланыштуу иштей туюлат. Академиктерди айтпаганда, мектептин окуучусу деле 5 млн.дон бир аз ашып-ашпаган элге мынча министрлик, мынча область, мынча район, мынча депутат керек деп, калькуляторду колго алып, алеки сааттын ичинде эсептеп чыкса болчудай, жөнөкөй арифметикалык эсептей көрүнөт. Акыркы жыйырма жылдын аралыгында мамлекеттик башкарууну эки жерде эки төрт дегендей, эсеп катары көргөндөр да болду. Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана системалаштыруу багытында көп иштер жасалып, эки жерде эки төрт дегендер бир министрликти бир министрликке кошуп, же министрликти агенттик, агенттикти министрлик кылышып, башкаруу системасын чалмакей чалышты. Аткаруу бийлигинин структурасын кандай гана өзгөртүшкөн жок. Жалпак тил менен айтканда, камыр гана кылып ийлеген жок, калганынын баарын жасады. Президенттик администрацияда, Өкмөттүк структурада иштегендердин саны ушунча көп, мүмкүн анын ийкемдүү иштей албаганынын себеби, ушунда болуп жүрбөсүн деп, Акаев бийлиги тушунда жыл башталганда ал өз администрациясынын санын 15-20 пайызга кыскартып атчу. Анан гезиттер эле, Аскар Акаевичтин демилгесин мактап чуулдап калышчу мактап-жакташып, аны көргөн Жогорку Кеңеш нары карап ыйлап, бери карап күлүп, өз штаттарын кыскарта баштачу. Жыл аягына келгенде эле, ачык айтылбаса да, баягы 15-20 пайызга кыскарат деген штаттар тескерисинче, 15-20 пайызга көбөйүп кетчү. Президенттик администрацияга барсаң деле, Өкмөткө барсаң деле, Жогорку Кеңешке кирсең деле, шымын үстөлгө сүртүп, мурдун чукуган, бакыраң көз, кечээ эле окууну бүтүп келген, "чиновничий" жумуш эмне экенин билбеген, сары ооз балапандар олтурчу.
Акаев таарынбаса керек, ал башкарган 15 жыл аралыгында мамлекеттик башкаруу системасын бир нукка сала алган жок. Анын бийликти реформалоо демилгесинен эч кандай натыйжа чыкпады. Тескерисинче, мамлекеттик бийлик структураларынын улам эле бир түзүлүп, бир жоюла бериши иштин илгерилешине кедерги болду.
Ошол эле мыйзам чыгаруу бийлигине болгон мамилени алалы! Окумуштуу-президент парламентке канча жолу эксперимент жасабады. Конституцияны бийликти бөлүштүрүү деп түшүнгөн Акаев жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин баш мыйзамын канча жолу алмаштырып, канча жолу шайлоо, референдумдарды өткөрүп, ураалап, кол чапкан жокпуз. Бүт баарынан өзүн акылдуу сезген президент ошентип олтуруп, өзүнө кантип ор казып алганын өзү да билбей калды.
Бирөөгө ор казсаң терең каз, өзүң түшүп калбаска деп коет эмеспи. Аскар Акаевичтин трагедиясы мамлекеттик башкарууну өтө эле саясатташтырып, бийликтин баарын бир колго жыйнап, Баш мыйзамды, Баш мыйзамга ылайык бийликти жеке өзүнө, өз үй-бүлөсүнүн гана кызыкчылыгына ыңгайлаштырып жасап алганында болду. Натыйжада, бийлик гана эмес, мамлекеттин байлыгы, элдин байлыгы да бир үй-бүлөнүн гана кызыкчылыгына жараша бөлүштүрүлүп калды.
Бакиев ашынасы асти Акаевден ашса ашты, бирок кем калышкан жок. Акаев ташын талкан чыгарып кеткен мамлекеттин Баш мыйзамын, мамлекеттик бийлик структурасын андан ары талкалап, жок кылып берди. Азыркы бийлик мына ошо мурдагы эки президент талкалап кеткен мамлекеттик бийлик структурасынын урандыларында олтурат. Оңдолуп-түзөлүп кайра жазылган Баш мыйзам эсил кайран советтик "деревянный рублдай" болуп ийге келбей жатат. Пушкиндин айтылуу "Алтын балык" деген жомогундай болуп, алтын балыктан алтын сарайды, падышалыкты сураган менен, сынык тепшини кучактап олтурабыз. Айталы, азыр деле башкаруу бийлигине реформа кыла турган болсо, министрликтерди кыскарткан сайын министрликтердин, агенттиктердин, комитеттердин саны өскөндөй эле, Президенттин администрациясынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппаратын, министрликтердин штаттык бирдиктеринин санын канчалык кыскарткан сайын, алардын саны ошончо көбөйүп олтурарын бөркүбүздөй көрсөк болот.
Өткөн бийлик жергиликтүү деңгээлде айыл өкмөттөрүн ирилештирип, айыл округдарын түздү эле, натыйжасы эмне болду? Бардак! Алыс барбай эле айталы, мына бу Бишкектин жака-белиндеги айыл округдарында орун талаштан эмне деген гана чыр-чатактар болуп жаткан жок. Ирилештиргенден эле акча үнөмдөлүп, телегейибиз тегиз болуп калат деп, башкаруу маселесине чарбалык көз караштан караган туура эмес деп ойлойбуз.
Чындыгында да, бардык мамлекеттерде ошондой. Мамлекеттик башкаруу системасын ашкере саясатташтырып да, же мамлекеттик башкарууга жөн-жай чарбалык маселе катары караганыбыз туура эмес.
Учурда кандай болуп жатат? Конституцияны реформа кылганыбыз, парламенттик-президенттик башкарууга өттүк деген менен, көп жерлери чийки болуп калган экен. Мезгилдин өтүшү менен, эмне кемчилик, эмне жаңылыштык бар, шымдын жыртыгы бардай көрүнүп калып атыр. Ошол эле Бишкек шаарынын мэрин дайындоо маселесин айтсак, биерде кайсы мыйзам иштеш керек эле, мэрди шайлаганын шайлап, дайындап бекитип койгонубуз менен, маселе дагы эле ачык бойдон калды. Бул бир деп туруңуз. Акаев менен Бакиев бийлиги тушунда бюджеттен Президенттик администрацияга делип, олчойгон каражат бөлүнүп жатса да, ага мыйзам ченемдүү нерседей карачубуз. Эми болсо, Президенттик аппаратка каралган 829 млн. сомдон чоң саясат жасап жатышат. Бирок, ал саясатта да логика бар. Анткени, Конституциянын жаңы долбоору боюнча президенттин ыйгарым укуктары кыйла кыскарды. Демек, ага ылайык Президенттик аппаратты кармаганга каралган каражат да кыйла кыскарып, ал кыскарган каражат, ошол эле Жогорку Кеңешке, Өкмөткө кетүүгө тийиш эле. Президенттин аппаратына эмнеге мынча көп каражат бөлүндү дегендер эмнегедир маселенин бул жагын айтпай жатышат.
Анча болду, айта кетели, Президенттик аппаратка (мурдагы администрация) караштуу - Президенттин иш башкармалыгы деген мамлекеттик мекеме бар. Мына ушул жерде өмүр бою иштегендер Бакиев бийлиги тушунда аталган башкармалыктын штаттык бирдиги эбегейсиз көбөйгөндүгүн, жамгырдан кийинки козу карындай болуп, Президенттин иш башкармалыгынын алдында саны бар, сапаты жок дирекциялар жамырап ачылгандыгын, ошондой эле Иш башкармалыктын өзүндөгү штаттык бирдиктер көбөйгөндүгүн айтып, бул мамлекеттик ишке жасалган мамлекеттик мамиле эмес экенин айтып келатышат. Арийне, Бакиев бийлиги кулады, бирок анын тушунда Президенттик иш башкармалыгында болгон структуралык өзгөрүүлөр ошол бойдон калды. Быйыл Президенттин аппаратына 829 млн. сом каралды деп, баарыбыз эле Президент аппаратынын аппетитин сындабатабыз. Президент аппараты - Президенттин иш башкармалыгы үчүн насыя жеме угуп жатат. Сын айтып жаткандар да, сын угуп жаткандар да, Президент аппаратына караганда да, мына ушул Иш башкармалыкка көбүрөөк каражат бөлүнөрүн жакшы билишет. Арийне таңгалычтуусу Президент аппаратын сындагандар Иш башкармалык тууралуу эч качан айтышпайт.
Эгер реалдуу карай турган болсок, Президент иш башкармалыгы мамлекеттин тешиги жыртык бюджетинен миллиондогон акчаларды бөлдүрүп алгандан көрө, тескерисинче, акча апкеле турган мекеме. Дегенибиз, анын карамагына Кыргызстандын аймагында жайгашкан ондогон-жүздөгөн мамлекеттик имараттар карайт. Мына ошол мамлекеттик имараттарга кимди киргизип, кимди чыгарарын да ушул Президенттин иш башкармалыгы чечет. Азыр бекер эч нерсе жок жакшы билесиңер, Иш башкармалык канчалаган квадрат метрлерди ижарага берерин, андан канчалаган каражат түшүп, канчасы кайда кетерин эсептеген бирөө жарым барбы?
Мамлекетти башкаруу деген бир короо кой кайтаргандай кеп эмес. Бирок, антип оңой-олтоң көрүнгөн менен, койду да малдын сырын билген, малдын түйшүгүн көтөргөн, жазында жамгырдын, кышында кардын алдына калганга кайыл болгон адам гана кайтарат. Ооба, мамлекет башкарган бир короо кой кайтаргандай иш эмес деген менен, мал баккан да өзүнчө чоң өнөр. Генералга, же академикке, акимге, губернаторго бир короо койду ишенип тапшыруу кыйын. Буларды бир короо койдун артынан салып койсоң, эртеси аларга ишенип берген малыңдын сайда санын таппай калышың ыктымал! Анысы кандай, бир короо кой эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин тагдырын ишенип бергендер мамлекетти башкаруунун искусствосун билбесе, анда эле мамлекеттин шору. А тилекке каршы, мамлекетти башкарып келгендер мамлекетти башкарганга бир короо койду алдына салып айдагандай мамиле жасашты. Элди багабыз дегендерди - тескерисинче эл багып аткан турмуштук реалийге сиз түшүнө аласызбы? Биз буга эч түшүнө албайбыз, түшүнүп болбойт.
Андыктан, биз мамлекетти бага тургандар: Президент аппараты, Өкмөт, Жогорку Кеңеш мамлекеттен акча алгандын ордуна мамлекетти багыш керек деген улуу озуйпасын аткарганы туура го деп ойлойбуз.
Кыргызстанга канча чиновник, аларды кармаганга канча каражат кетиши керек. Бул саясый да, чарбалык-финансылык да маселе эмес, бул мамлекеттик маселе. Керекпи, жүз министрлик болсун, керекпи жүздөгөн миллиарддарды бөлөлү, бирок, кой да, койчусу да аман болсун.

Болот Таштаналиев




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??