Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мамлекет "жаман кожоюн", жакшы кожоюн ким?
Таш-Көмүр шаарындагы уникалдуу "Кристалл" заводун казак агаиндердин жеринде катталган "Элимай" деген бир фирмага Бакиев бийлиги тушунда эч кимге жигин билгизбей сатып иеринде, Жогорку Кеңештин "Атамекенчил" депутаттарынын бири билип калып, саттырбай алып калышкан. Бирок, Бакиев көк бет экен, акыры сатып тынса керек, азыр ошол "Кристалл" заводу "TSP" ("Таш-Кумыр силикон продакшн") ЖАК болуп тынып, кечээ жакында анын башкы директору Аттокур Жетибаев деген азамат арадай жерге чарадай пресс-конференция берди. Маалымат агенттиктери: Аттокур Жетибаев "Кристалл" заводунун наркы "алтылык" "Жигулинин" баасындай эле, аны калыбына келтирүүгө 100млн. АКШ доллары керек деди дешип, бабырап жазып жатышат. Аттокур Жетибаев мырзанын кимдин атын токурун билбейбиз, "Кристалл" мамлекеттики болуп, аны иштетсек, аны менен жарым Кыргызстанды баксак болор эле. "Жакшы кожоюндар" өз жумушчуларын бага албай жатканына жол болсун! Ит бекер менчиктештиргенди билгендер, эл бакканды, жумушчуларга айлык акы төлөгөндү, электр энергиясына, салыкка, соцфондго чегеримдерди бериш керектигин билбегени кызык. .
Мамлекет "жаман кожоюн" дешет, анда жакшы кожоюн ким? Жумушчуларына айлык бере албаган, салык төлөй албаган Аттокур Жетибаевби?


Миллиондор жолдо жатса да эмне болуптур!
Китепканалар аңгырап бош турат. Мектептерде окуучулар жыртылып бүткөн, Улуу ата мекендик согушка катышып жарадар болгон жоокерлердей китептер менен окуп, билим алып жатышат. Алыскы эмес жакынкы тарыхты айталы, Бакиев бийлиги тушунда мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу укугу "Континент-принт" деген басма үйүнө берилген. Тендерди бийликтин аркасы менен "Континет-принт" утуп алган менен, аталган басма үйү өзү басууга күчү жетпей, ар кимдерге жалдырап бастырып алып жүрчү. Бакиев бийлиги кеткенден кийин ушул бакиевдик фирма мамлекетке 42 млн. сом зыян келтиргени белгилүү болду.


Элден уурдагандардын изин көргөн киши барбы?
Эл тишинин кирин соруп, кара нан, кара суу менен олтурганда, мугалимдер, врачтар жарыбаган айлык акы менен олтурганда, Кыргызстандын мурдагы бийлиги элдин миллиарддаган акчаларын жалган фирмалар аркылуу дүйнөнүн 170 өлкөсүндө айландырып турушкан. Бул эл аралык аферанын бир бөлүгү гана. Чет өлкөлөргө жүгүртүүгө кеткен миллиарддаган акчалардын канчасы кайтып келди, канчасы ошол жакта калды азырынча белгисиз. Улуттук банк бул акчалар кайда кеткенинин изин табууга аракет кылыбатабыз деп атышат. Бирок, оффшордук фирмалардын ишмердигин иликтегенге алы жетпесе, антип из кубалагандан эмне пайда? Андай экен, мамлекет оффшордук фирмаларды киргизбей, мыйзам менен жолун тосуп коюш керек эле да. Эң башкысы, кылмыш кылбагандар жазасын албаса, мамлекеттен, элден уурдагандар мамлекеттик ишмерлер делип төрдө олтурса ушу да. Бир-экөөнүн маңкасын чыгара койгондо, анан көрөт элек мамлекеттен, элден уурдагандарды!


"Залкар Банкты" ким сатып алар болду экен?
"АзияУниверсалБанктын" айланасындагы чыр-чатактан кийин "Залкар Банк" түзүлгөн. Мына ушул финансы-кредит мекемеси түзүлүп-түзүлө элек жатып, аны сатканы жатышат. Тагыраагы ушул жылдын ичинде Улуттук Банк "Залкар Банкты" сатыкка чыгарат деп, Улуттук Банктын төрайымынын милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаева чөнтөгүндө жана да жуулбаган байпактарында акчасы барлардын баарына алдын ала кулак кагыш кылып койду. Биздин түшүнүгүбүздө "Залкар Банк" "Азия Универсал Банктын" мүлкүнө, техникасына ээлик кылып, ошонун базасында түзүлүп олтурат. Демек, жаман байлыкка ээ эмес. "АзияУниверсалБанк" өз кезегинде ал байлыкты каратып туруп, "Өнөржайкурулушбанкынын" ээси Муратбек Мукашевден тартып алган. Кантип тартып алганын, эмне кылганын жакшы билебиз. Максим мырзанын андай аксым ишине Марат Султанов канчалык жардам берди, аны билбейбиз, бирок, чачы парпыраган Тажикан Калимбетова деген айым аябай эле жардам кылган деп жүрүшөт.
Убактылуу бийликтин тушунда, Азимбек мырза Бекназаров банкыңды кайра алып берем, колдо бийлик турат, көрүп турасың да деп, кыязы убада кылдыбы, Муратбек Мукашев "Бек" партиясы менен парламенттик шайлоого түшүп көрдү. А "Залкар Банкты" болсо быйыл сатабыз дебатышат, эгер эми бир колго өтүп кетсе, Муратбек абабыз "Өнөржайкурулушбанкынын" изин сыйпалап таппай калат ко.




Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө
Бул күнү миңдеген жаштар ак калпак кийип, колуна туу көтөрүп жүрүшкө чыгууда. Иш-чара атуулдарды мекенчилдикке үндөөгө жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу мындан 19 жыл илгери легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. 2009-жылдан тартып бул күн мамлекеттик туу күнү деп белгиленип келет.
Бул жылы болсо, Кыргызстанда мамлекеттик түү күнүн мекенчилдик жана улуттар аралык ынтымак чакырыктары менен өткөрүүнү жаштар министрлиги демилгелеген. Туу күнүндө өлкөнүн бардык аймактарынан миңдеген жаштар тынч жүрүштөргө чыгышат. Алар колдоруна Кыргыз туусун көтөрүп, атуулдарды чыдамдуулукка жана өз өлкөсүн сүйүүгө чакырышат дешет уюштуруучулар.

Антимонополия билдирет
Кыргыз Республикасы боюнча күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарларына, күйүүчү-майлоочу майга, цементке жана көмүргө 24.02.2011 ж. 02.03.2011ж. чейинки убакыт ичинде орточо эсеп менен алынган базар баасынын динамикасы тууралуу маалымат
Айрым азык-түлүк жана андан башка товарларга баалар 24- февралга салыштырмалуу 2011-жылдын 2- мартында өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгына ылайык бир аз кымбаттаганы байкалат (буудай, сортуна жараша ун, нан, цемент жана көмүр).
Бир топ азык-түлүк товарларына жана күйүүчү-майлоочу майларга ошол эле талдоого алынган убакыт ичинде баалар арзандаган (быштак, кумшекер, каймак майы, өсүмдүк майы, эт, бензин-А80), анын жыйынтыгын төмөндө келтирилген таб-лицадан байкаса болот:


Бир сомдун тегерегинде баанын кымбатташы төмөнкүлөрдөн байкалды:
- буудай (0,60 тыйынга),
- ж/с ун (0,10 тыйынга),
- 1-сорттогу ун (0,40 тыйынга),
- 2-сорттогу ун (0,30 тыйынга),
- 1 сорттогу ундун наны (0,20 тыйынга),
- 2 сорттогу ундун наны ( 0,20 тыйынга),
- цемент ( 0,10 тыйынга)
Баанын бир кыйла кымбаттаганы төмөнкүлөрдөн байкалат:
Республика боюнча суук катуу болгондугуна байланыштуу көмүрдүн баасы кымбаттаган.
Сүттүн, айрандын, Бензин-Аи-93 жана күйүүчү майдын баасы өзгөргөн жок.
Кыргыз Республикасынын аймагына күйүүчү-майлоочу майлар Омск нефти иштетүүчү заводунан түз алынып келинет.Республикадагы күйүүчү-майлоочу майларга баанын төмөндөөсү камсыздоочу заводдун баасынын өзгөргөндүгүнөн улам келип чыгууда.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??