Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Атамбаевдин айткандарынан

Кошумча акча
табылса, жаңы
конуштарга
жумшалат
"Эгер кошумча акчаларды тапсак, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшайбыз"- дейт премьер-министр.
Атамбаевдин айтымында, өткөн жылы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө бюджеттен 130 млн. сом бөлүнгөн, ал эми быйыл кошумча каражаттар табылса, аталган көрсөткүч былтыркыдан да жогору болушу мүмкүн.
Тилекке каршы, жогоруда бөлүнгөн сумманын баары максаттуу жумшалып жатканына конуш тургундары эле эмес, айрым шаардык кеңештин депутаттары да ишенишпейт. Себеби, өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчалар кайда жумшалып жаткандыгы кагаз түрүндө гана толтурулуп, иш жүзүндө эч кимдин көзүнө көрүнбөй калат. Андыктан, Атамбаев ушул жагын да тыкыр көзөмөлдөөгө алса деген ойду ортого салгыбыз келет.


  Тартыштык

Бюджетиң канча экенин айтсаң, мен сенин ким экениңди айтам
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорун Өкмөт менен бирдикте карап, тактап чыкты. Натыйжада, бюджеттин киреше бөлүгү 68 753 552,9 миң сомду, чыгаша бөлүгү 90 010 934,6 миң сомду түздү. Бюджет каражатынын тартыштыгы - 21 257 381,7 миң сом. Анын 5 853 329,6 миң сомун ички булактар аркылуу, 15 404 052,1 миң сомун тышкы булактар аркылуу табуу жагы каралган.
КР Ички иштер министрлигине кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн кошумча 364 млн. сом каражат каралган. Депутат Жылдызкан Жолдошева "Курманжан Датка" көркөм фильмин тартуу үчүн 40 млн сом сурап жатыптыр. Бюджет каражатынын тартыштыгы, 20 млрд.дан нары болубатса, Жолдошеванын 40 млн. сом сурап турганы кызык. Көлдүктөр өзүбүз жерге жетпей жүрөбүз деп чыркырашып жүрсө, Курманжан Датка энебиздин неберелери да апабыздын арты менен акча жыйнап атканды токтотсун деген билдирүүлөрүн аз күн мурда айтып чыгышкан.





Эриктирбеген эки
"ашына"
Бири экс-омбудсмен, бири эки тизгин, бир чылбырды кармаган ушу күндөгү омбудсмен, ажылык жайлары дагы бар Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу деген эки "ашына" бар. Бу экөө эмнегедир бири-бирин ушунча "жакшы көрүшөт" десеңиз. Бири-бирин эстеген сайын ичтери бышып, эбедейи эзилип турат окшобойбу! Турсунбек ажы Акун мырза Турсунбай ажы Бакир уулу омбудсмен болуп турганда, экс-акыйкатчыга карата сын айтуу жагынан оңко тургузду го. Анын айткан сындарынан Турсунбек ажы Акундун бүткүл болгон чыгармачылыгы сезилип турчу. Эми Турсунбай ажы Бакир уулу "ашынасына" карата бардык чыгармачылык талантын пайдаланганы калды. Анүчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, бул ишке депутаттык корпусту тартуу менен, омбудсмен институтунун ишмердигин текшергенге депутаттык комиссия түзүүгө жетишти деп угуп жатабыз. Сыягы "ашынасын" Акыйкатчылыктан алып түшөм деп жатат сыяктанат. Жыйынтыгы кандай болорун көрө жатарбыз. Эмнеси болсо да, бир топко эрикпейт окшойбуз.





  Күлкү келет да

Курултай керек же керек эмес
Жаздын экинчи күнү Коомдук каналдагы "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнө СДПК фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков менен "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов чыгып, бийлик тууралуу бирдемелерди талашып-тартышкандай болушту. Курултай өткөрүү керекпи же жокпу деген маселени талкуулашып, биринчиси бийликтин атынан, экинчиси оппозициянын атынан сүйлөп жатышкандай түр жаратышты. Бирок, кечээ эле экөө тең элге каршы саясат жүргүзгөн Бакиевдин Ынтымак курултайында жүргөндөрүн унутуп калышкандай. Анан Мухтар мырза "биз кийин бийликке келебиз"- десе, Чыныбек мырза "буюрса, буюрбаса кийин да келбей калышыңар мүмкүн"- деп маңдайындагы адамдын бетине кан жүгүрттү.


Жети-Өгүз курортунан чыккан ыплас суулар ичүүчү таза
сууга кошулуп жатат
Жалганда үч жетим бар, тыңдап алгын,
Жай айтам, пенделерим жакшылап ук!
Жамгыр жаабаса - жер жетим,
Падыша жаман болсо - эл жетим.
Жетимиштен өтүп, кемпири өлсө,
Сексенге оогон - чал жетим...
(Бир думананын айтканынан)


Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз айылынын жашоочулары Жети-Өгүз курортунан чыккан ыплас суулар ичүүчү таза сууга кошулуп жаткандыгына нааразы болушууда, деп маалымдайт "Чыгышэлектр" ААКсынын басма сөз катчысы Эдил Мелисбеков.
Бул боюнча айыл тургундары кечээ облус жетекчиси Нурдин Абдылдаевге дагы билдирүү жасашты. Айыл тургундарынын билдирүүсүндө курорттун суу тазалоочу жайы эчак эле иштен чыккан. Мындан улам курорттон чыккан ыплас суулар түз эле айылды аралап өтчү агын сууга кошулат. Бул суудан Жети-Өгүз айылы жана Чырак айылынын жарымы таза суу менен камсыз болушат. Азыркы учурда айыл тургундарынын арасында ашказан жана ичеги оорулары менен жабыркагандар көбөйүүдө. Маселенин чечилишине жергиликтүү чиновниктер чара көрө алышкан эмес.
Айыл тургундарынын айтымында, бир нече жолу атайын комиссия түзүлүп, алардын ишинин жыйынтыгы тийиштүү тараптарга билдирилген. Азырынча алардын баары жоопсуз.

"Алиби" пресс







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??