Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Айжан Газиева, ырчы:
"Уулумдун
атасыз өскөнү өкүндүрөт"
- Айжан, айтсаңыз, жеке турмушуңузда кандай жаңылыктар бар?
- Көптөн бери пландап келаткан оюм ишке ашып, үч кыздан куралган топ түздүм. XIX кылымда Грецияда кыздар башына таажы кийишип, анын асем жасалгалары диадема деп аталчу. Ошону ырымдап, кыздарым да сахнага көрк берген ырчылардан болушсун деген тилек менен топко "Диадема" деген атты ыйгардым. Учурда окуучу-кыздарым болуп жаткан концерттерге катышып, жаңыдан шоу- бизнеске аралаша башташты. Канткен менен алар менин эмгегимдин аркасында өз таланттарын элге тартуулап жаткандан кийин, аларды мен өзүм жараткан чыгармам катары көрүп, сыймыктанып келем.
- Демек, сизди мындан ары продюсер катары да тааныйт экенбиз да. Сиз бул топту таланттарга жардам бериш үчүн ачтыңызбы же акча табуунун бир булагы катарыбы?
- Мага он жашымдан тарта эле Рафаэль Сарлыков деген агай эстетикалык вокалдан билим берип, тарбиялап келген. Анын ар бир окуучу балдардын тилин таап сүйлөгөнүнө суктанып, "чоңойгондо мен да ушул агайдай болуп, балдарга сабак берсем"- деп кыялданчумун. "Жаштын тилегин берет"- дегендей, арадан бир канча жыл өтсө да көксөгөнүм эми орундалып отурат. Ал эми акча жагына келсек, түзгөн тобумдун ырын жаздырууга, костюмдарын тиктирүүгө каражат жумшаганым болбосо, алардан азырынча эч кандай финансылык пайда көрө элекмин.
- Биздин билишибизче, биздеги продюсерлер "тапкан балдары" менен өз ара контракт түзүшүп, анын шартына ылайык иш алып барышат. Сиздердин дагы ортоңуздарда өз ара келишимиңиздер барбы?
- Эгерде, адам баласынын дээринде уяттуулук деген сапат болбосо, анда анын адамгерчилигин эч кандай контракттык келишимдер оңдой албайт. Мен топту түзүп жатканда эле, кыздарга "эч кандай жазуу түрүндөгү келишим жок эле, адамгерчилигибизди жоготпой иштешебиз"- дегем. Ошентсе да, кыздар баралына жетип, өз алдынча ырдайбыз же турмушка чыгып, сахнадан кетебиз деген сунуштарын айтса, мен алардын чечимин сыйлап, батамды берип узатып коём.
- Өзүнүн кемчиликтери менен артыкчылыктарын билген адам гана ак-караны айырмалай билет деп айтылат. А сиз өзүңүздүн оң жана терс сапаттарыңызды айтып бере аласызбы?
- Кыялымдын өтө татаалдыгынан өзүм да кыйналып кеткен учурлар болгон. Мүнөзүмдөгү оң сапаттар менен терс сапаттар өз ара тирешип турганда, жаман жактарымды жеңип чыгууга умтулчумун. Музыкалык мектебимди ачкандан бери, кулк-мүнөзүм аз да болсо өзгөрдү. Мурда бир нерсе туура эмес болгондо, бат эле жарылып, айтчу сөзүмдү айтып басып кетчүмүн. Азыр болсо, окуучулардын айрым кыла албаган кыймылдарына сабырдуулук менен мамиле кылып, психолог да болуп кеттим. Шартка байланыштуу, психология менен алектенип отуруп, бир көргөн адамга аз убакыттын ичинде баа бергенге үйрөндүм. Бул илимге тереңирээк сүңгүп кириш үчүн быйыл психология факультетине тапшырсамбы деп да турам.
- Жеке турмушуңуз тууралуу да айта кетсеңиз?
- Тилекке каршы, мен бала кезимен баштап, ата мээримин көрбөй, апам менен жалгыз чоңойдум. Ошондон улам, апам "кызымдын үй-бүлөсү чоң болсо"- деп кыялданчу. Бирок, турмушта ойлогон оюңду кыстаган турмуш жеңет болуп, баламдын атасы менен эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Учурда уулумдун атасыз өсүп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Эгерде Кудай мени ылайыктуу мырзага жолуктурса, анда апамдын максатын ишке ашырып, жок эле дегенде алты балалуу болмокмун.
- Мырза демекчи, сизди казак туугандарга келин болот деп уккан жайыбыз бар эле?
- Мен мырзаларга талапты катуу койгондуктан, көпчүлүгү менден айбыгып турушат. Ошентсе да, арасынан менин жүрөгүмдү эрктүүлүгү, жан дүйнөсүнүн байлыгы менен багындырган бир мырзаны катуу сүйгөм. Ал менден бир топ улуу болгондуктан, айрымдар анын байлыгы же бийлиги үчүн жүрөт деп болжолдошкон. Бирок, мен үчүн сүйүүдө жаш-курак да, бийлик да чоң роль ойнобойт. Аны менен болгон келечексиз махабатты айтуудан уялбайм. Анткени, ал адам менен болгон мамиледен турмуш сабактарын үйрөнүп, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Ошон үчүн ал мырза менен азыр бирге болбосом да, ага рахмат дегенден башка эч нерсе айталбайм.
- Чыгармачы-лыгыңызда материалдык жактан колдоо көрсөткөн демөөрчүңүз барбы?
- Ар бир нерсе өз насиби менен болот деп коюшат. Эгерде, өз ырыскың болсо, анда бай атасынын колдоосу жок эле, колунда бар досуңсуз же бийликтеги мырзанын көмөгүсүз эле зарыл болгон нерсеңе акча табылат. Ал эми каражат жагынан колдоо көрсөтөм деген мырзаларга "мен сиздин акчаңызсыз эле Айжан Газиева болгом" деп жооп берип келем. Сахнага мен татаал жолду арбытып, таза эмгегим менен чыккан үчүн ыйык сезилет. Айрым ырчы кыздарыбызга окшоп, чыгармачыл жашоомду оңой келген акчалар менен булгагым келбейт.
- Өзүңүздү профессионалдык деңгээлдеги ырчымын деп эсептейсизби?
- Биринчиден, мен ыр жаздырганда айрым ырчы сөөрөйлөргө окшоп, ар бир нотаны кайрадан ырдап, компьютерден үнүмдү тазалатпайм. Ооба, үн режиссёрлор кандайдыр бир эффектерди кошушу мүмкүн, бирок ал фон деп аталат. Жөнөкөй тил менен айтканда, менин үнүмдү эмес, ал аткарылган ырдын аранжировкасын кооздошот. Мезгил агымы менен жаштар азыр даңкылдап-дүңкүлдөп чыккан ырларды угуп калышты. Заман талабы ушул деп андай жеңил ырларды ырдаганда тумчугуп кетем. Жан дүйнөмө жакын элдик ырларды же джаз стилинде ырдайын десем, ал ырлардын аудиториясы өтө чоң эмес. Ошого байланыштуу, азырынча эстрадалык ырларды аткарганым менен, учуру келгенде мааниси терең, салмактуу ырлардын угармандарын табаарыма шегим жок.
- Сиздин бир фотосессияларыңыздын биринде денеңизге жалбырактар оролгон өзгөчө сүрөтүңүз бар эле. Ал менен сиз эмнени айткыңыз келген?
- Ал мезгилде жан дүйнөм моралдык колдоого муктаж болуп, жабыркап турган. Ички дүйнөмдүн абалын сүрөт аркылуу бергим келип, Еванын образын тандап алгам. Жаңы жашоо, жаңылануу деген ураан менен жылаңач денеме философиялык ойду камтыган сүрөт тарттырганымдын да себеби ушул болчу. Балким, мындай көрүнүш кыргыз элинин менталитетине жат көрүнүшү мүмкүн. Анткен менен, искусство адамдары бардык жагынан эркин болушу керек деген позицияны карманып, арт искусствосуна кайрылгам.

Суроо узаткан
Аида АСАНБЕК кызы









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??