Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Араб өлкөлөрүндөгү
толкундоолордун чыныгы себептери эмнеде?
Быйылкы жыл Араб өлкөлөрүндөгү перманенттүү төңкөрүштөр жана элдин бийликтегилерге каршы массалык акциялары менен башталды. Элдин кысымынан алгач Тунисти 22 жыл башкарган Бен Али, андан кийин Египетке 31 жылдан бери түшпөс хан болуп келаткан Хосни Мубарак бийликтеринен кетишти. Азыр Йеменде , Иорданияда, Бахрейнде, Мароккодо массалык акциялар улантылып, Ливияда Муаммар Каддафинин 42 жылдык бийлигин кулатууга аракеттенгендер менен аскерлердин ортосунда согуш жүрүп жатат. Булардын баары элдин турмуштары биротоло жакырланып, өлкө экономикалык кризиске, бийлик башындагылар коррупцияга батып, элди ойлобой өздөрү баюуну гана көздөп калгандыктарынан улам келип чыгуудабы же башка себептери да барбы?

Кардылары гана эмес,
кадырларын да ойлошууда
Аталган өлкөлөрдүн бардыгы негизинен өткөн кылымдын экинчи жарымынан кийин толук көз карандысыздыкка жетишип, башкаруу системаларын, экономикаларын жана социалдык чөйрөлөрүн ошол убактардагы шартка жараша реформалап, модернизациялап, жаңыча өнүгүү жолуна түшкөндөр. Андан берки мезгилде дүйнөнүн цивилдүү жолуна түшкөн мамлекеттери экономикаларын жана башкаруу системаларын бир нече ирет модернизациялашты, реформалашты, бирок Араб өлкөлөрүндө андай жаңылануулар жүргүзүлбөй, консервативдик жана сенектик көрүнүштөр бекем орноп, технологиялык жактан алга жылуулар болбой, нефтидоллардын эсебинен гана жашап келе жатышкандыктары да чындык. Чет элдик банктарда миллиарддаган резервдери сакталып турган менен, ата мекендик өндүрүштө инновациялык экономика өнүкмөк түгүл аны түзүүгө аракеттер да көрүлбөсө, жаңы технологияларды өздөштүрүүдө импортко гана негизги басым жасала берсе, ал күндөн күнгө илим билимдери артып, дүйнөлүк экономикага, маалыматтык мейкиндикке тереңирээк аралашып бараткандардын өксүк өкүттөрүн күчөтүп, башка элдердин алдында намыстантып, биротоло түшпөс хандарга айланышып, өткөн кылымдын стандарттары менен жашап калган мамлекет башчыларына карата нааразычылыктарын жана жек көрүүчүлүктөрүн пайда кылбай коймок эмес. Элдин билим деңгээлдери, улуттук аң сезим жогорулаган сайын, эгерде инновациялык технологиялар жагынан артта калуунун аралыгы кыскарбаса, калктын окумалдарынын арасында өксүк комплекси ошончолук күчөй берет. Ошондуктан араб өлкөлөрүндөгү перманенттик көтөрүлүштөрдүн жана толкундоолордун себептерин бир гана социалдык, экономикалык чөйрөлөрдөн издөө туура эмес (бирок, алардын да чоң роль ойногондугу талашсыз), бул жактардан алардын мактана тургандары да аз эмес, маселен, Тунисте акыркы жыйырма жылдын ичинде калктын ар адамга кирешеси 10 эсе өскөн, бизде андай өсүш болсо коммунизмди кура баштадык демекпиз. Ошол эле Египеттин маалыматтык технологияларды колдонуу, кино жана теле индустриясын өнүктүрүү жагынан жетишкендиктерине постсоветтик мейкиндиктеги бир да өлкө тең келе албайт. Жалпысынан Араб өлкөлөрүнүн калктарынын маалыматтык, байланыштык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500дөн ашык спутник кызмат кылат. Сауд Аравиясы, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдү мындай эле коелу, Бахрейндин, Омандын, Иоарданиянын, а түгүл Ливиянын жарандары дүйнөнүн башка континенттериндеги өнүгүп жаткан мамлекеттердин калктарынын көпчүлүгүнөн жакшы жашашат. Айрым араб өлкөлөрүнүн калкты социалдык жактан колдоолору Европалыктардыкынан да күчтүү. Анда Израилге жана нефтипродуктуларынын бааларына карата гана позициялары аздыр-көптүр дал келбесе, башка маселелер боюнча таптакыр бир пикирге келише албаган, көпчүлүк учурда ич ара ачык жана тымызын тирешүүлөр менен жашаган араб дүйнөсүндөгү өлкөлөрдө төңкөрүштөрдүн, көтөрүлүштөрдүн өзгөчө синхрондуу, музыканттардын тили менен айтканда унисондуулукта чыгып, бул жагынан ысык тилектештерден болуп кетишкендиктеринин чыныгы себептери эмнеде?

Де Голлдун, Саддам
Хусейиндин сабактарын
унутушкандар жазаланышууда
2000- 2001-жылдардан тартып Саддам Хусейин Ирактын валюталык резервдеринин баарын доллардан еврого которттуруп, Ирак өндүргөн нефтини жалаң еврого саттыра баштаган. Америкалыктар ага чейин Саддам Хусейиндин бардык жоруктарына чыдап келишкен менен ага чыдай алышкан жок. Ал андай кадамдарга барардын алдында өзү сыйлаган генерал де Голлдун тагдырын эстебесе же эстесе да анча маани бербесе керек. Генерал де Голль экинчи жолу бийликке келгенден кийин АКШнын аскердик, экономикалык диктаттарынан бошонууга активдүү киришкен. Анын демилгеси менен Франция НАТОдон чыгып кеткен. Кариб кризисинен кийин де Голлдун буйругу менен Франциянын банктарындагы нак долларлардын баары чогултулуп, эки чоң кемеге жүктөлүп барылып, АКШнын резервдик банкынан алтындык эквиваленттерине алмаштырылып келинген. Ал прецеденттен коркуп кеткен АКШнын резервдик банкы дүйнөлүк коомчулуктун алдындагы "долларлар кайсыл убакта болбосун эквиваленттүү түрдө алтынга алмаштырылып берилет" деген милдеттенмесин жокко чыгарып таштаган. Чындыгында эле Франциянын артынан башка өлкөлөр да АКШдан долларларды алтынга алмаштырып берүүнү талап кыла баштаса эмне болмок? Ага АКШдагы гана эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык алтын да жетмек эмес. АКШнын аскердик, финансылык беделине доо кетирген андай аракеттер жазасыз калган жок. Америкалык технологдор тарабынан уюштурулуп, ошолор тарабынан каржыланган массалык акциялардан улам генерал де Голль 1968- жылы бийликтен кетүүгө аргасыз болгон. Канчалык колдору кычышпасын андан катаал чараларды уюштурганга америкалыктар эч качан батына алышпайт болчу, Франция деген Нигерия же катардагы араб мамлекеттеринин бири эмес. Бирок, алар де Голлго окшоп долларга тийишкиси келген башка категориядагы араб Саддам Хусейинди аоесуз жазалашты.



МАГАТЕ тарабынан жөнөтүлгөн эл аралык 300дөн ашык эксперттер Иракка бир нече жолу келишип эч кандай химиялык, бактериологиялык жана ядролук куралдарды таба алышпагандыктарына карабастан "Ирак атом бомбасын даярдап жатат" деген шылтоо менен Саддам Хусейиндин бийлигин кулатып, аны дарга астырышты. Анын режими кыйрагандан кийин дүйнөдө нефтинин кору боюнча экинчи орунду ээлеген өлкө толугу менен АКШнын көзөмөлүнө өттү. Ирактын азыркы марионеттик режими Американын администрациясы эмнени буйруса, ошону аткарат. Нефти өндүрүүнүн көлөмүн көбөйт десе көбөйтөт, азайт десе азайтат. Баасы да ОПЕКте эмес, Ак үйдө аныкталат.
2008 - жылдагы дүйнөлүк финансылык, анан экономикалык кризистерден кийин араб өлкөлөрүндө ОПЕКтин алкагында долларга эквиваленттүү жаңы валютаны киргизип, өз ара эсептешүүлөрдү доллар менен эмес, ошол жаңы валюта аркылуу жүргүзүү, нефтини да жаңы валютага сатуу идеясы көтөрүлгөн. Андай идеялар дүйнөнүн көп жерлеринде айтылган. Алсак, Россиянын жетекчилери Евразиялык аймакта юанды өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү валюта катарында таануу тууралуу сунуш киргизишкен. Ага ашкере сыпайы Кытай тараптагылар "рублди деле андай валюта катарында колдонсо болот" деп жооп беришкен. Бирок, башка аймактарда айтылып кала берген менен ал идея араб дүйнөсүндө гана материалдаштырыла баштаган болчу. Сауд Аравиясынын демилгеси, дагы үч өлкөнүн колдоосу менен Кувейттин динарын өз ара төлөмдөрдү жүргүзүүчү валютага айландыруу аракеттери башталган. Анын үстүнө акыркы жылдарда араб өлкөлөрүнүн түшпөс хандары өздөрүн алмаштырылгыстай сезишип, айрым маселелер боюнча АКШнын администрациясынын позициясы менен эсептешкилери келбей баратса, ОПЕКтин да Ак үйгө көбүрөөк каяша кыла баштагандыгы эч кимге жашыруун эмес. Андай тоң моюндуктар бир чегине жеткенде сөзсүз Ак үйдүн адекваттуу реакциясын жаратмак. Мүмкүн, бул жөн эле кокустан дал келип калгандыр, же айрым серепчилер жазып жатышкандай, ошондо эле Ак үй тарабынан ОПЕКке жана динарга каршы уюштурулган чаралардын бир бөлүгү болгондур, бирок 2008 -2009 - жылдарда эле Мамлекеттик департамент тарабынан көзөмөлдөнүүчү айрым уюмдар тарабынан Америкада Араб өлкөлөрүн 2011- жылдан тартып "демократиялаштырууга" киришүү боюнча атайын программа даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар таркатыла баштагандыгы да чындык. Ишенбесеңиздер жаңы жылдан бери Араб өлкөлөрүндөгү кырдаал боюнча Россиянын ЖМКларында жарыяланган, интернетке чыгарылган материалдарды карап көрсөңүздөр болот.
Бул өңүттөн алганда Араб өлкөлөрүндөгү перманенттүү төңкөрүштөрдүн жана массалык акциялардын сценарияларын кимдер даярдагандыгы жана аларды жүзөгө ашырууга көшөгөнүн артынан кимдер режиссердук кылып, кимдер каржылап жатышкандыктары ачык болот.

Папан
Дүйшөнбаев




АЛИШЕР ОРОЗМАТ УУЛУНА
Алишерден айрылганга капабыз,
Аза күтүп туугандарың жатабыз..
Ак ниеттен далай ирет биз берген,
Алишерге тийсе болмок батабыз.

Тунуктугуң Токтекенин суусундай,
Бийиктигиң Чеккенташтын
тоосундай...
Тоо сыяктуу элиң үчүн чеп элең,
Тосуп турган Темиркандын
зоосундай!

Айкөл сымал төгүүчүсүң мээримди,
Ар дайыма тегиз карап элиңди...
Ата журттун керегине жароого,
Алп балбандай байлагансың
белиңди!

Шумкар белең талпып учкан
Буйгадан,
Шуңшурулуп бийик учуп туйлаган...
Ширелерин татаарыңда турмуштун,
Шум ажалга алдырууну туйбагам!

Атакең да таптап сени чабышка,
Анча-мынча салып жүрчүү
жарышка...
Алга койгон максаттарга жеткизбей,
Ажал бизден алып кетти алыска!

Жоро-жолдош, туугандарың
арманда,
Жараланып таза жүрөк калганга...
Жакшылыкты көрсөң болмок
балдардан,
Жаңы гана бойго жетип калганда!

Жүрөгүбүз эзилүүдө алтыным,
Жүзүңдөгү нурду көрүп балкыдым...
Жүргөнсүйсүң арабызда каткырып,
Жүзү сыңар сүймөнчүктүү калкыңын.

Көзүм жумсам, нуруң чачып келесиң,
Көлдөй болуп, саламыңды бересиң...
Көз ачканда, таппай сени муңканам,
Көз алдымда жанат нурлуу элесиң!

Кеткенине азыр жүрөм эзилип,
Карса курса жүрөк барат кесилип...
Капысынан тарсылдаса эшигим,
Келүүчүдөй улам кетет сезилип!

Калды эсте күнгө окшоп күлгөнүң,
Кадыр баркта эл ичинде жүргөнүң...
Караңгыда жол баштаган Данкодой,
Калкың үчүн жарык оттой күйгөнүң!
02.03.2011
Аалы Айыпов









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??