Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Кыргыз эмес кыргыз үчүн таттуу сүйлөйт..."


Ж акында Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун "Жалгыздык ыры" аттуу ыр китеби жарык көрөт. Биз акындын ушул китебинен өзүнчө топтом ыр жарыялоону ылайык таптык.

***
"Президент шайланды
жаңы гана,
Интернационал!
Кудай берди баарыбызга!

Эми кыргыз иши оңолот,
Эшиктеги муң жоголот,
Башыңа бакыт конуп,
Бутуңа кут оролот.
Элиң жыргайт, ташың да ырдайт,
Бул кылганды эч ким кылбайт!..."

"Шайлаганбыз так үшүнтүп
Аскар тазды,
Ал калмагың эл тентитти, жерди сатты.
Каны дунган, жаны кыпчак Бакиевиң
Айныбастан Акаевдин жолун чапты.
Зили башка, дини бөлөк улуттарга
Хандык берип аңкоо кыргыз эмне тапты?
Улутубуздун багы тайып, куту качты.
"Мал-жанымдын, жан-арымдын
садагасы!"
Дегенди унтуп калк көзүнөн каны акты.
"Жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт!"
Ошондуктан
Кыргыздарга кыргыздан хан
болгон жакшы!.."

"Кыргыз эмес кыргыз үчүн
таттуу сүйлөйт,
Бирок жаны кыргыз үчүн
күйбөйт, күйбөйт!
Алат, чачат, бөрү баласы ит болмокпу,
Кыл жугузбай кыргыздарга
жалын үйлөйт.
Кызарганын кесип алып кесирленип
Аңга ыргытып, сазга тыгып,
жарга сүйрөйт.
Сырты адал, ичи арамын жашырышат
Кыргыздардын кырманына
кызыл үйбөйт.
Кыйан жүрүп кыргызың бүт кырылса да
Кысталактар кыл кыйшайтпайт,
кабак түйбөйт.
Маңкурттардын бүт байлыгын
майкандашат
Үйдө баатыр, жоодо жоктор аны
билбейт..."

Билгин кыргыз ыйлай турган
келдиң күнгө,
Кемпай жаттын кесиринен калдың түндө.
Жаманыңдан өз жериңде жатка кулсуң,
Не иш кылбайсың акыл-эсиң өстүрүүгө?!
Кызыл-жаян кан агызып, качты ойрон
Өз кан болсо минтмек эмес тирүүсүндө.
Узун элдин уч кыйрына шылдың болдуң,
Ушул такты ыраа көрбөй бир-бириңе.
Бир-бирине суу кошулуп дайра болот,
Дайрадай бол! оодарылган бу дүйнөдө.
Бир атанын балдарындай бир ооз эл бол,
Ойго ой кош, тилектешке тирек болуп
Керек кезде жан арнашар
жеткин күнгө.."
2006-2010

Эмне деген эл болдуң?

Кубалашып бир бириңден эски кекти,
Эс акылга улуттук келгичекти,-
Келгин ээлеп кен-жериңди, келекелеп
Кыздарыңды көкбөрү тартып кетти.

Келгиндин көп парага берер пулу,
Падышаң да аны аңдып күтүп туру.
Кандашына карабаган кыргызмын деп
Кыйкырса да,
Кыргыз эмес сөздүн чыны...

Аялы - эрин, а ажосу жерин - саткан,
Мен билбеймин дүйнөнүн бир да элин...
Кандай элсиң өзүңдү өзүң сыйлабаган
Бир бириңе бүтпөгөн боор, мээрим?!

Ичип салган намысын арак менен,
Басканың көр келжектеп, кедең-кедең.
Эмне деген эл элек, айланайын
Эмне деген эл болдук, эмне деген?!

Элин таштап
Америкага кеткендерге

Жан турганда кылыч мизи, найза
учунда,
Алмаштырып атпай журтту арам пулга.
Пулун сактап, элин таштап кеткендерди
Ээрге минер эркек дебейм эч убакта.

Ит мекени тойгон жери, эр мекени
Атасы өткөн, бабасы өткөн туулган
жери.
А буларда туулган жер жок, тойгон
жер бар,
Ошондуктан буларга бирдей эл эртеңи...

Эл кулу эмес - топуксуздар, пулдун кулу,
Ошон үчүн оттуу жерден окчун туру.
Башка гана баш саярда жалт бурулат
Так үшүнтүп азайса экен каны буруу.

Чоң болсо алар чоң болушмак чочко
курсак,
Чоң сугунуп дүйнө жыймак ырсалактап.
Кум-Төрдү бүт кулкунуна куйуп анан,
акаевдей элин таштап Маскөө качмак...

... Азыр качып кеткендери жакшы
болду.
Айрып билип алдык минтип касты,
досту.
Чоң сомуңа чокойубуз... чокту чоктой
Кармап келген ... Кыргыз дагы
кармайт чокту...
1910-ж.

Тайкы суроо таасын жооп

Көөнө калаа, көрктүү көчө,
көкмөк асман,
Көчөдө элди санай албай жан жаңылган.
- Канча болду бу калааны тургузганга?..
Сурап калат бир даанышман
шаардыктан.
- Эски калаа, чындыгында, калаа кары,
Ушул жерде жашагандын аталары,-
Кайсы жылы, кандай күндө курулганын
Айталышпайт алар эмес бабалары.
Укумдардан тукумдарга ушул калаа,
Дал үшүнтүп турган, турат Күн
алдында...
Желдин желке чачын сылап сыр
сурасак-
Жаралган дейт Адам Ата жаралганда...

Ал даанышман беш жүз жылды
өткөргөн соң,
Өтүп калат ошол калаа, ошол жолдон.
Чөп чаап жаткан бир дыйканга
собол салат:
- Бу жердеги калаа качан ойрон болгон?..
Дыйкан аң-таң... - Болгон эмес бул
жер калаа,
Аны аталар эскеришпейт эч убакта.
Адам Ата жаралганда кандай болсо
Так ошондой тармалданып
жатат талаа...
ххх
Ал даанышман жазга, кышка
бирдей төнүп,
Жерге келсе беш жүз жылды
дагы өткөрүп.
Мейкин талаа мелмилдеген
көкмөк деңиз:
- Бул жердеги талаа кайда
кеткен чөгүп?..
Собол салат торун жайган балыкчыга:
- Деңиз болуп турган бул жер жер
заманда.

Түбүн издеп түгөлдөсөк суу шылдыры,
Түшкөн дешет бул деңизге Адам Ата...
ххх
Туура беш жүз жылдан кийин ал
даанышман,
Шаарга келет алгач көрүп аң-таң
калган.
- Ким тургузган?.. Сурап калат
жолуккандан.
- Шаарыбыздын тарых,
теги терең, терең,
Шаар кур деп Көктөн Жерге
белги келген...
Аталар да аны даана айтып бербейт
Биз да укпай калыптырбыз элден,
желден...
ххх
Күнөөм кайсы бул азапты көргүдөй,
Сагынычтан болдум, болдум өлгүдөй.
Жакындасам алыстайсың тоолордун
Чокусуна чыгып кеткен мөңгүдөй.

Оо, жарыгым, бийиктебе, ылдыйла,
Айландырба ырдап турган ырды ыйга.
Кудай күбө кусалыктын айынан
Ырдап атып ыйлап ийет булбул да...

ххх

Кел экөөбүз

Кел, экөөбүз көзүбүздү карашабыз,
Жыргалдарды жылдыздарга санатабыз.
Каныбызга терең кирип бара жаткан
Кайгыбызды каяккадыр таратабыз.

Кел, экөөбүз көзүбүздү карашабыз,
Жүрөктөрдү жүрөктөргө саматабыз.
Жан эриткен жаш
күлкүлөр жаңырыктап
Жаңы урушкан жаш балдардай
жарашабыз.

Кел, экөөбүз көзүбүздү карашабыз,
Оңбой калган ойубузду талашабыз.
Баратсак да эки жакка тетир карап,
Кайра экөөбүз жолугууга баратабыз...

Кыйалым сага учат

Кыйла жыл жүргөн бутактап,
Кыйалым сага учат бат.
Жанаша бирге бассам дейм
Жаныңды жаным кучактап.

Шар аккан суунун шарынан,
Жиберем катты сага улам.
Сагыныч жашы мөлтүлдөйт
Ал каттын ар бир сабынан.

Ойлосом жүрөк от болуп,
Оболоп учам оштонуп.
Кабарсыз калсаң убакыт
Калгандай болот токтолуп.

Өзгөчө көрүп баарынан,
Жан бөлүп улам жаныман.
Өрттөнүп күйүп өмүрдө
Өзүңдү гана сагынам.
Анатай ӨМҮРКАНОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??