Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бишкек жаштыктын жашыл шаары эле...

Базар шаарга айланган
борборубузду маданияттын
ордосуна айланта алабызбы?
Эч ким айтпайт, базарлар түп орду менен жок болсун деп, болсун, баарыбыздын жашообуз базар менен өтүп жатат, жүздөгөн, миңдеген адамдар базар менен үй-бүлөсүн, бала-чакасын багыбатат. Мунун баарын түшүнүп, көрүп-билип турабыз, бирок, кандай болгон күндө да, базарларды тартипке салуу керектигин, сыртта жүргөндөргө караганда, базарда олтургандар жакшы түшүнөт. Базар ээлери эптеп эле баюуну ойлоп, базарда соода кылган сатуучулар гана эмес, базардан соода кылган сатып алуучулардын да укугун тебелеп-тепсеп жаткандыгын ким билбейт. Шаардагы кайсы базарды караба, идеалдуу бир да базар жок. Сатуучулар ачык асмандын алдында, жаап аткан жамгырга, борошо урган карга да кайыл болуп, соода кылышууда. А базарга баргандар болсо, чыла кечип жүрүп соода кылышат. Базарлардын санитардык абалы гана эмес, архитектуралык жагы, мыйзамдуулук жагы бардакка айланып бүткөн. Фонтандардын ордун, гүлзар тигилчү аянттарды базар ээлери жеңил акча табуунун максатында, соода-сатык анты, орунпул чогултуучу орун кылып алышкан. Муну албетте карапайым эл билбейт, билсе орунпул чогулткан базаркомдорду акча менен бетке урар эле. Айрым базаркомдор адамдарды уюштуруп, мэрия алдына чыгып, эл үчүн күйгөн киши болуп көрүнүп жатышат. Бирок, ал базаркомдор эл үчүн күйгөн жок, өздөрүнүн чөнтөгү үчүн күйүп жатышат. Ош базарынын тегерегин карагылачы, фонтан орду соода орунуна айланса, береги Беш-Сарыда гүлзар тигилчү жерлер соода орунуна айланган. Жакында Ош базарында өрт чыкты эле, өрт өчүргүчтөр келгени менен, алоолоп жаткан жерге жеталбады. Себеби, жолдор, киши баса турган тротуарлар да базаркомдордун орунпул чогултуучу жайына айланган. Натыйжада, өрттөн адамдар ар кандай жаракат алышып, иске ууланышты.
Каякты караба, башаламандык, мыйзамсыздык, өзүмдү өзүм билемдик! Бул башаламандыкты, мыйзамсыздыкты ким иретке келтириши керек? Албетте, жергиликтүү бийлик - акимиат жана мэрия. Шаарлыктар үчүн жакыныраак жакта базар керекпи? Албетте, керек! Шаарлыктар үчүн тазалык, базарда кенен-кесири басып, каалаган тамак-аш буюмдарын алуу керекпи? Ооба, керек! А түгүл, бул шаарлыктардын талабы.
Ушул чиймеленген орчундуу маселелерди чечсе болобу? Болот. Кандай жолдор менен? Мэрияда ушул маселе боюнча атайын штаб түзүлүп, анын жетекчилигине Ленин райакими Илья Клименко дайындалыптыр. Мындай демилгени албетте колдоо керек. Айтымда, бүгүнкү күндө мэрия менен акимчиликтин бул маселени чечүү боюнча, этап-этабы менен атайын иштелип чыккан иш багыты - концепциясы бар. Эң биринчиден, соода-сатык кылган карапайым калкты жумушсуз калтырбай, аларды ошол эле соода кылчу комок-павильон түйүндөрү менен кенен ылайыктуу жерлерге көчүрүү жагын айталы. А түгүл, эл-аралык соода борборуна айланган Дордой базарынын жана күндөн күнгө соода-сатымы күч алып бараткан Дыйкан базарынын жанына жүктөп, көчүрүп барып, орнотууну да мэрия тарап өз моюндарына алып жатыптыр.
Эл деген эл. Иштин чоо-жайын айтып, ак менен каранын айырмасын көчө боюндагы сатуучуларга түшүндүрсө, албетте, алар түшүнүшөт. Өлбөгөн жанга жаз дагы келип калды, иши кылып нан таап жегидей ылайыктуу жайга көчүрүшсө, эмнеге каршы болушмак эле. Мындай кадамдарда эч кандай саясат, же бийликтин кыпындай да кызыкчылыгы жок экени көрүнүп турбайбы. Башка сөз, ошол эле Дыйкан базарынын кире беришин, айлана-тегерегин, жалпыле соода жүрүүчү жайларды, ээлери ким болбосун, мелтиретип асфальт менен төшөп, унааларды коюучу жайларды ирээтке келтиришсе, үстүлөрүнөн жаан-чачын болбогудай шарттарды түзүүнү, бийликтегилер кескин түрдө талаптарды коюп, ишке ашыртышы керек. Эшигин көрүп, төргө өтөт эмеспизби.
Ош базары, чынын айтсак борборубуздун "визиттик карточкасы". Башкача айтканда, шаарыбыздын күзгүсү. Өзгөчө ар өлкөлөрдөн келип-кеткен туристтер, меймандар үчүн. Андыктан шаарыбыздын көркүнө, тазалыгына, бытылдабай кенен басып-тургудай көчөлөрүнө, жагымдуу жашыл бак-дарактарга, фонтан, гүлбакчаларыбызга жараша жалпы кыргыз журтун, кыргыз калкын кабыл алышып, ошого жараша мамиле жасашат.
Шаарыбыздын көрктүүлүгү жалгыз эле акимчиликтер менен мэрияга керек эмес. Бишкек - баарыбыздын шаарыбыз. Бишкек - базар шаар, Бишкек - жаштыктын, маданияттын, илим-билимдин куттуу очогу болууга тийиш.

Болотбек
Таштаналиев




Кой терисин жамынган карышкырларбы же чөөлөрбү?
(Башталышы 7-бетте)
Мындан тышкары, Финансы полициясы тарабынан мурдагы жетекчиликке кылмыш ишинин козголгону да маалым.
Эми Кыргызстандын 51% акциясын талашып жаткан "Бимоком Лтднын" артында турган "Евентис" компаниясы тууралуу окурмандарга маалымат берип кетсек. Интернет булактарын казып көрсөк, Eventis компаниясы 2006-жылы Молдовада катталган экен. Ал 2006-жылдын 26-декабрында GSM стандартында уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү укугун тендерден жеңип алып, 2007-жылдын 18-январында лицензия алуу үчүн Молдова өкмөтүнүн казынасына 4 млн. доллар төгүп, калган дагы 4 миллионун кийинки эки жыл ичинде төгүп бермей болушат. 2009-жылы аталган компания карызга белчесинен батып, чыга албай калган.Компанияга акчаларын салышкан 15 кредиторго болгон карызы эле эки миллион доллардан ашык сумманы түзүп калган. Компаниянын мүлктөрү конфискациялана баштаган. Андан тышкары бир жылга чукул кызматкерлерине айлык акы төлөй албай калган. "Евентистин" 51% акциясы Кипрде (мыйзамсыз акчаларды жаап-жашырууга өтө ыңгайлуу жер) катталган Eventis Telecom Holding Ltdга, калган 49% акциясы молдовиялык бизнесмендерге таандык экен.
2010-жылдын 5-январында Молдованын Экономика министри Валериу Лазэр расмий түрдө билдирүү жасап, "Eventis Mobile" компаниясынын банкротко учураганын айтып, анан абонеттеринин башка уюлдук операторго өтүүсү керектигин түшүндүргөн. Ошентип, ошол билдирүүдөн соң, аталган компания Молдовада болгон ишмердүүлүгүн аяктаган. 2010-жылы февраль айында Молдованын Башкы прокуратурасы тарабынан аталган уюлдук операторго (кудум Кыргызстандагы окуядай болуп) "кирешени жашырып, акчаларды сыртка алып чыгып кеткендиги" (отмывание денег) үчүн кылмыш иши козголуптур. Ал жактан да Орусияга эмес, оффшордук аймактарга чыгарып кетишкен. Молдова Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү, Орусиядагы кызыкдар адамдар тарабынан атайы акчаларды сыртка алып чыгып кетүү үчүн (для отмывания денег) Евентис компаниясы түзүлгөнүн айтып чыгышкан.
Демек, "Евентистин" артында тургандар "Орусиялык инвесторбуз" деп канча какшаса да, аларга эч ким ишенбейт, себеби алардын акчаларынын баары Орусияга, "то есть" Орусиянын экономикасына жумшалбастан, башка оффшордук аймактарга чыгарылып кеткенин Кыргызстандын Финансы полициясы да ачыкка чыгарбадыбы. Евентис компаниясынын Молдовада жана Кыргызстандагы кылган кылыктарынын окшоштуктарын эске алсак, алардын мындай жолдо калган жоруктары Эл аралык шылуундар экендиктеринен кабар берет. Андыктан, өздөрүн "Орусиялык инвестордун" терисине жамынып жүргөн шылуундар "Мегаком" уюлдук операторунун акцияларына көз кызартып, талашканды биякка кой, ал тууралуу такыр ойлонуп, баштарын оорутпай эле коюшса болот.Себеби, "Мегаком" шылуундардын эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгына гана иштеши керек.

Улан МАМБЕТОВ










кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??