Корчубек Акназаров, Социалисттик Эмгектин Баатыры:
"Элге да, тагдырыма да ыраазымын"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Турдакун Усубалиев менен качан тааныштыңыз?
- Турдакун Усубалиевичти мен "Советтик Кыргызстан" гезитинде башкы редактор болуп иштегенден баштап билип калдым. Ага чейин Кочкордо райондук гезитте иштеп жүргөндө Исхак Раззаков алып келген экен республикалык гезитке. Андан кийин Фрунзе горкомунда биринчи катчы болгон. Андан кийин республикага жетекчи болуп келди. Эми ортодо сөз чыгарышпадыбы Раззаковду Усубалиев кулаткан деп. Болгону экөөнүн ортосунда диалог азыраак болуп калды да. Себеби Исхак Раззаков жумуштан алынгандан кийин Усубалиев ага этияттык менен мамиле жасап калды да. Ал убакта кызматтан алынган мурдагы жетекчини колдоп, экөө байланышып жатат деп ортодон арызкөйлөр анын аркасынан дагы ор казмак. Усубалиев кыраакы киши да, ага жол берген жок.
Ал киши 1962-жылы Ак-Талаага келди. Садыбакасов деген Нарын обкомунун биринчи катчысы экөөн ээрчитип, жол боюндагы бир топ райондорду көрсөтүп, кечинде чай ичип отурсак Турдакун Усубалиевич баягы 20 кашар салган колхозду көрөбүз деп калды. Мен "Турдакун Усубалиевич, ал жакка бара албайбыз, Нарын суусунун наркы өйүзүндө" десем "силер кантип барасыңар?" деп калды. Ат менен барабыз десем, биз деле ат менен барабыз деп эртеси жолго чыктык. Нарын суусунан ат менен өтүп жатканда ал киши тизесинен суу болуп калды. Ошентип суу болгонуна карабай баягы кашарларды кыдырып көрүп аябай ыраазы болду. Караңгы болгонуна карабай менин УАЗ машинеме 4 адам тыгылып алып оокат ичпей кыдырдык. Ошентип ыраазы болуп ал киши Нарынга кетти. Кетээринде жанагы Нарын суусуна көпүрө салдырып бериңиз десем макул болуп, 2-3 жыл ичинде салдырып берген.
- Турдакун Усубалиевдин атасы тууралуу жакшы билсеңиз керек…
- Мен Усубалы аксакалды жакшы билем. Өзү такыбаа, 5 маал намазга жыгылган киши эле. Пайгамбарлардын урук-тукумунан бери жатка билчү. Булар Калыгул олуянын тукуму. Калыгулга 4 атадан барып кошулат. Ал киши согуш маалында колхоздун башкармасы болуп иштеген экен. Кат тааныбаганы менен эсеп-кысапка тың болчу экен. Документтерге кол коюп бериңиз деп ал кишиге барышканда ал киши ат менен бир канча алыс жерде мектепте мугалим болуп иштеген Турдакун Усубалиевичке барып баарын окутуп, көрсөтүп анан кол койчу экен. Жыйналыштарда Усубалиев "менин атам кат тааныбаса дагы бардык жерде так жүрчү. эч бир чыгаша болчу эмес. А силер кат таанып туруп көп нерсени туура эмес жасап коюп жатасыңар" деп чоңдорду урушканын угуп калгам. Усубалы аксакал Шабданды көрүп калгам, бир ирет жолуккам деп айтчу.
- Ал кишини эшек минип жүрүп өткөн, Турдакун аксакал машине алып берсе минбей койгон экен деп жүрүшөт го?
- Бул эми элдин чыгарган жомогу да. Ал киши ат менен эле жүрчү. Мен тууралуу дагы эмне деген сөздөрдү чыгарышкан жок. Бир ирет "Акназаров текшерип келет деп түнкү сугаттагылар эшектин үстүнө фонарик илип коюп өздөрү укташчу экен" деп бирөөлөрдүн айтканын угуп абдан күлгөм. Эми элге айла жок да.
- Сиз түндөп текшерчү белеңиз?
- Текшербей анан. Себеби күндүз суу тийбегендиктен түнкүсүн дагы сугат жүргүзүүгө туура келчү. Анан БСРдеги суу бекер кетип калбас үчүн түндөп текшерчүбүз. Жалкоолор бардык жерде бар. Кээде үрүл танда чабандар кой жайчу тоолордун башына барып алып, алардын койду эртең менен канчада айдап чыкканын, кайра канчада кеткенин эртеден кечке чейин карап отурган учурлар болгон.
- Учурунда эл үчүн чындап берилген райкомдун биринчилери, колхоздун башкармалары тууралуу ар кыл кептер эл арасында айтылып жүрөт. Сиз кайсы жетекчилер менен жакын мамиледе болуп жүрдүңүз?
- Учурунда Таластагы "Каракол" колхозунун башкармасы Рысбек Айдаралиев менен дос элек. Андан тышкары ошол эле Таластагы "Ленин" колхозунун башкармасы Акматбек Нуржанов менен жакшы болчумун. Ошондой эле колхоздун башкармаларынан Дастан Сарыгуловдун атасы Ислам Сарыгулов, көп жерде райкомдун биринчиси болуп иштеген Бекмолдо Эшимов менен ага-инидей ысык мамиледе жүрдүк. Андан тышкары бир топ жетекчилер менен жакшы мамиледе болуп жүрдүм. Эми анын баары азыр маркум болуп кетишти.
- Бекмолдо Эшимовго "Эт жебес Эшимов" деген ылакап атты кимдер койгон?
- Ал киши Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө малдын саны азайып кеткенде Сталин, "себепсиз мал союлбасын" деп буйрук чыгарат. Анан Эшимов бир ирет колхоздорду кыдырып жүрүп бир жерге барса кой союп, эт тартып башташыптыр. Ачууланган Эшимов "Мен силерге баятан бери эмнени айтып жатам? Сталиндин буйругун көзгө илбей калдыңарбы? Бул эмне деген шумдук?" деп ачууланып эттен ооз тийбей туруп бастырып кетет. Ошондо Эт жебес деген ат коюлган экен. Аны мага өзү айтып берген. Бир кезде Кочкордо дагы райкомдун биринчи катчысы болуп иштеген.
- Жумгалда канча иштедиңиз?
- Ал жерде эки жыл иштедим. Жаңы гана көнүп, көп пландарды баштаганда Кочкорго алып кетишти. Кочкорго кетээримде көшөрүп макул болбой койгонума карабай Турдакун Усубалиевич көндүрдү. Баргым келбегенинин себеби ал жер Турдакун Усубалиевичтин туулган жери. Болгон нерсенин баары ал кишиге жетип турат. Анан калса ал жерде кар токтобойт, шамал катуу. Ошентип көшөргөнүмө карабай Кочкорго жөнөтүшкөн.
- Кочкорго барганда ишти эмнеден баштадыңыз?
- Шарты татаал болгону менен мал чарбасы боюнча алдыңкы район болучу. Жери Ак-Талаадан жакшы, Жумгалдыкынан начарыраак. Анан калса жердин баары таш болучу. Бош, айдалбаган жерлер көп экен. 17 жыл ичинде Кочкордо бир дагы гектар жер бош калган жок. Бардыгын ишке киргиздик. Суу чыкпай турган жерлерге насос менен суу чыгарып дегендей. Насос болгондо дагы күчтүү насосторду койдурдук. Бир ирет насос керек деп Турдакун Усубалиевичке кайрылып насос керек десем ал киши "жолдош Акназаров, сенин баатыр деген наамың бар. Төш белгиңди тагынып, Москвага бар, сенин айтканыңды эки кылышпайт" деп мени Москвага жөнөткөн. Ал жактагы тийиштүү жетекчилер айткандай эле маселени чечип беришкен. Андан тышкары дыйканчылыкты өнүктүрүү керек эле. Эң биринчи болуп кайрак жерлерди өздөштүрүү үчүн 17 БСР(суу топтолуучу жай) курдук. Анан таштак жерлердин таштарын терүү үчүн райондогу бардык мекеме-ишканаларды, жалпы журтту жардамга чакырып, миңдеген гектар жерлердин ташын тердирдик. Болбосо ага чейин трактор деле, соко деле сына берчү. Бир ирет таштак талаага ошол кездеги министрлер кеңешинин төрагасы Акматбек Сүйүнбаев менен чогуу барып, таштарды тазалатып, ал жерди ишке киргизебиз десем ишке ашпасына ишенбегендей мамиле кылган. Кийинки жылы ошол жерди көрсөтсөм абдан таң калган. Мээнетти текке кетирбей терилген таштарды бир жерге жыйып, анын баарын мамлекеттик курулуштардын фундаменттерине колдондук. Жогорудагы аракеттердин натыйжасында биз айыл-чарбасын көтөрүп алдык. Элдин карды тоюнуп, малдын саны өстү. Буга чейин жем жебеген малдар тоют менен камсыз болду.
Элдин турмушу жалпысынан 3 эсеге өстү. Кочкордо 3 микрорайон пайда болду. Райборбордо башка облус борборлорунда курулбаган 800 орундук маданият үйүн курдурдук. Анын жабдууларын Прибалтикадан алдырдык. Ошондой эле ага чейин каралбай калган паркты кайра куруп, тиешелүү шарттардын баарын айлануучу машинадан баштап каруселге чейин курдурдук. Ошол паркка элди алып келүү үчүн чоңдордун баарын ар бир дем алышта жубайларыңар менен паркта болосуңар деп милдеттендирип койдум. Ошентип паркка эл агылып келе баштады. Районго асфальт завод куруп, кырмандардын баарын тең стандартка ылайык асфальттадык. Андан тышкары бардык көчөлөр, аллеяларга асфальт төшөлдү. Баарынан орчундуусу ар бир колхоздо 500-600 орундук клубдар курулду. Эгерде маданиятка көңүл буруп, жаштарды алаксытпаса региондор өнүкпөйт, эл токтобой азыркыдай болуп кете берет. Мен барганда Кочкордун борборунда бир эле 2 кабаттуу мектеп бар болучу. Мен кетип жатканда 11 стандарттуу 2-3 кабат мектептер пайда болду. Бир кабаттуу 3 мектеп курулду. Андан тышкары чоң театр курулду. Комсомол совхозунда 2 кабаттуу чоң маданият үйү курулду.
Эми мындай цифраларды тизе берсем аягы түгөнбөйт балам. Мунун баары менин жашоодогу баскан жолум, эмгегим, сыймыгым. Кудай өмүр берген экен мына тээ жетим жүрүп жетилген Акназаров бүгүн бүтүндөй журттун аксакалы болуп 90ду багынта жашап жатат. Мен кудайга дагы, элиме дагы ыраазымын. Ар дайым жаштарга, калың журтка кетпес дөөлөт, түбөлүктүү бакыт, биримдик, мамлекетибизге жаркын келечек каалайм!
- Корчубек ата, атайын убактыңызды бөлүп, баа жеткис маек куруп бергениңиз үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым эл-журттун кашында аман болуңуз!

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ