Баракелде башчы айым!

Баары бир Отунбаева кыйын экен
Маңкасы чыккан май куйрук министрлер
Президент Роза Отунбаеванын Таласка жасаган иш-сапары тууралуу өткөн саныбызда жазган элек. Бул ирет ажо айымдын сапары Нарында уланды. Бул ирет да Президент Ат-Башыдан башталып, Нарынды түрө кыдырган сапарын эң жупуну мүнөздө өткөрдү. Биз Таласка машине менен барганда аба ырайына байланыштуу болсо керек деп божомол кылганыбыз. Көрсө үнөмчүл Президент самолеттон баш тартыптыр. Кыштын кыраан чилдесине карабай Ат-Башыга барып, элдин акыбалын сураганына жетине албай калган тоолуктар "Бакиев бул жакка жайкы саратанда кымыз ичкени гана келчү. Өмүрлүү бол айланайын" деп алкаганындай эле бар. Барган жеринде башка Президенттерден айырмаланып, кой союлбайт экен. Ошондой эле дасторконду жайнатып, дүйүм тамакты түрлөгөнгө дагы Роза айым башынан тыюу салып койгон экен. Анысы аз келгенсип, жанында коштоп жүргөн министрлерди дагы бир бусикке тыгып, кортежди узартпагыла деп зекип коюптур. Буга чейин майлуу сыйга көнүп бүткөн борпоң министрлер абдан ыңгайсыз абалда жүргөнү байкалып эле турду. Элди тосуп, ар кандай чектөөлөрдү жасаган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине дагы катуу эскертип, элдин кыжырына тийбей өз ишиңерди так аткаргыла деп урушуп жатканын кулагым чалып калды.

Баягы эле дүжүрлөр
Баарынан кызык жагдай Ат-Башыдагы "Кошой Коргон" комплексинен башталды. Адатынча коргонго кирип, ата-бабалардын арбагына куран окулгандан кийин келиндерче жоолугун чыкыйта салынган ажо айым ошол жердеги музейдин алдына аксакалдарды чогултуп жыйналыш өткөрүп жаткан. Кызыл-Туу айылынан алдын ала даярдалган Калкан Керималиев аксакал адатынча бийликти мактап сүйлөп баштаганда эле арт жакта жарданып карап тургандардын арасынан бирөөлөр "ааа, бул баягы Акаев менен Бакиевге арнаган ырын дагы ырдап баштады. Бу как баш чалдар оңолбойт" деп наалыганын угуп мыйыгымдан жылмайып карап турсам эле бир убакта элдин арасы "дуу" жаңырып калды. Көрсө Калкан аксакал "мына, заманыбыз оңолгонун ушундан билгиле, Ат-Башыга азыр мал батпай калды. Топоз деген жайнайт. Азыр эң эле кедеймин дегендин үйүндө 100 кой бар" деген экен, карап турган эл каткырып ийип, аксакалдын айыбын ачып коюптур. Акырында бата берилип, каалоо айтылып, жыйын аяктаганда Президент айымга арманын айтмакчы болгон адамдардын нааразычылыгы кулак сыртында калып, кортеж зуу коеру менен чогулган эл үйлөрүнө тарап кетишти. Андан ары Ача-Кайыңды айылындагы кадимки Кыргыз Эл Акыны Шайлообек Дүйшеевдин окуучулук күндөрү өткөн "Ой-Терскен" орто мектебинде болуп, ал жердеги өткөн жылдагы апрель ынкылабынын баатыры, маркум Канатбек Чыңгышевдин арбагына куран окулуп, эстелигине гүл коюлгандан кийин аталган мектепте райондогу бардык мектептердин директорлору менен жолугушуу өттү.

Кагуу жеген губернатор
Ортодо бир топ объекттерди кыдыргандан кийин район борборундагы клубда Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдыгына катышты. Адатынча клубдун алдына атайын адамдарды тизип, кол чаптырып койгонун көргөн Президент "буларды эмне ушутуп эшикке коюп койгонсуңар? Эмнеге клубдун ичине киргизип концерт көргөзбөйсүңөр?" деп губернатор Канатбек Муратбековду катуу зекип алды. Президенттин келишин күтүп жаткан залдагы элге кайрылып, облустук жетекчилердин бири "азыр Президент келгенде туруп кол чаап койсоңуздар" деди эле "биз Розаны сенсиз деле жакшы көрөбүз айланайын, айтпасаң деле турмакпыз" деп бир эне аталган чиновниктин жаагын басып койду. Аңгыча залга кооз чыптама кийип келген Президентти дуу жарыла тосуп алган эл бир топко чейин кол чаап турушту. Атайын даярдап келген Шайлообек агайдын китебин ачып, "Кыргыз айылым" аттуу ырын көркөм окуп берди. Андан соң сөз алган маараке ээси Шайлообек агай Роза айымга ыраазычылыгын билдирип, Президент анын мааракесин туулган айылына келип куттуктайт деп үч уктаса түшүнө кирбегенин, муну менен катуу сыймыктанаарын айтып, бир кезде Кыргызстандын аймактары тууралуу жазган "Кыргаз наркы" аттуу ырын окуп берди. Андан соң Бишкектен куттуктап келишкен Токтобек Асаналиев, Аскат Мусабеков, Нурзат Орозалиева, Руслан Жумабаевдер өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Күтүүсүз жолугушуулар
Андан ары планга киргизилбегенине карабай, райборбордогу бир кезде "Мээрим" кайрымдуулук фондунун карамагында ачылган балдар билим борборуна барып, ал жердеги жаш таланттар менен баарлашып, айрымдары менен англисче сүйлөштү.
Эртеси атайын пландалган объекттерге сапар алган Президент таң эрте аскердик бөлүктөрдө болуп, андан соң Достук шаарчасындагы чеберлердин "Урмат Уз" көркөм борборуна барып таанышкан соң, пландан тышкаркы объекттерди кыдырды. Кечкисин күтүүсүздөн Нарын облустук бириктирилген ооруканасында болгон ажо айым врачтардын көйгөйүн угуп, аларга адаттагыдай эле өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өкмөттүн жакшы иштеп жатканын, Атамбаев баш болгон учурдагы өкмөттүн аракети зор экенин белгилеп, врачтарды сабырдуулукка чакырды. Жолугушуунун башында атайын сценарий менен сөз бере баштаган башкы врачтын аракетине тыюу салып, каалагандар суроолорун беришсин деген Президентке суроолор жаап, акырында баарына жооп узатылды. Андан соң КСДП фракциясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева сөз алып, учурдагы медицинанын абалы тууралуу маалыматтарды берди.
Ошентип эки күн бою тынымсыз уланган жолугушуулар аяктап, келген жагыбызга жөнөдүк. Журналисттерди тынымсыз текшерип, ашкере орой мамиле жасаган мамлекеттик күзөт кызматынын айрым сабатсыз, маданиятсыз, кара мүртөз кызматкерлерин эске албаганда Президенттин жакшы жагдайлар менен коштолду. Сапардын экинчи күнү Достук шаарчасындагы "Урмат уз" көркөм өнөр кооперативине барган Президент аталган ишкананын имаратын кыдырып жүргөндө залдагы маникендердин бири аны көздөй кулап келе жатканда кармап калууга үлгүрбөгөн шалаакы жан сакчылардын журналистке, карапайым элдин кыжырына тийгенден башка колдорунан бир нерсе келеби деген ойдо калат экенсиң.

Адилет АЙТИКЕЕВ
Бишкек-Нарын-Бишкек