Кар катуу жаап...

Сууктан эки адам тоңуп өлдү
Күн чекчейип тийип туруп эле, дароо өзгөрө түштү. Аба-ырайынын мындай суук болуп кеткенине, үйсүз көчөдө жүргөн 25-30 жаш курагындагы бир жаш кыз менен 45 жаш чамасындагы кишинин тоңуп өлгөндүгү маалым болду.


Алданганына го ич ачышат, а акчаны кайдан тапты экен!
Жогорку Соттун соттук коллегиясынын чечими менен "Азия Курулуштун" башкы директору А. Турдубаева 16 жылга эркинен ажыраганы белгилүү болду. "Бирөөнүн үй-бүлөсү чытырман токой" дейт. "Азия Курулуш" компаниясынын айланасындагы чыр-чатактан бир аз кабарыбыз бар. А. Турдубаева айым мени Бакиевдер күйгүздү десе, "Азия Курулуштан" күйгөндөр күнөө өзүндө, Бакиевге тимеле шылтап, күнөөдөн качкысы келибатат деп, Бакиевге эмес, Турдубаева айымдын өзүнө кыжыры келгенин жашырышпайт. "Азия Курулушка" алдангандар арасында мамлекеттик катчылар, министрлер, башкы редакторлор, губернаторлор ж.б.лар бар экен. Ушулардын бирөөсү 138 миң АКШ долларына алданыптыр. Алданганына го ич ачышат дейли, акчаны кайдан тапкан десеңиз.




  Иттин өлүгү кайда көмүлгөн...

Жаңжал эмнеден чыгышы мүмкүн?
Роза Отунбаева аз күн мурда бүгүнкү күндөгү коомдук-саясий абалыбыздын чыңалып турганын айтса, айрым эл өкүлдөрү "табышмактатпай ачык айтпайбы" деп чыгышканы маалым. Ошол сөз эмнеден жана кайсы маалыматтардан улам айтылганына өз алдыбызча журналисттик иликтөө жүргүзүп көрсөк, өтө кызыктуу, бирок ошол эле мезгилде өтө опурталдуу бир фактынын башы кылтыйып чыгууда. Тагыраак айтканда, бизге жеткен маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү ордолуу Оштун тегерегинде өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандарына тиешелүү 170 гектар үлүш жер аянты бар экен. Бул үй кура турган эмес, жашылча-жемиш жана өсүмдүктөрдү иштетүү үчүн берилген үлүш жерлер экендигин белгилеп өткүбүз келет.
Эң кызыгы, Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун колунда учурда үй салуу үчүн жер тилкесине муктаж болгон 10 миңден ашык кыргыздардын арызы турат имиш. Жаз келип, күн жылыганда тиги кыргыздар жер талап кылып чыгышканда, Мырзакматов өзбектердин жерин көрсөтүп койбосо экен дегендер четтен чыгууда. Себеби, эгер жери жок кыргыздар аларды "күч менен тартып алабыз!"-деп чыгышса, кайрадан улут аралык жаңжалдын жанданып кетээр ыктымалдыгы бар экен. Андыктан, укук коргоо органдары ушул маселени кылдат жана өтө этияттык менен изилдеп-иликтеп, алдын албаса дагы бир чоң шойкомдун башынан чыкпагай элек.
Анткени, бүгүнкү күндө Орусиялык Алишер Усманов деген миллиардердин Кыргызстандагы бир топ өзбек жигиттерин чет жерге алып кетип, кантип согушуу ыкмасына үйрөтүүнү жана финансылык колдоо көрсөтүүнү өз колуна алгандыгы айтылууда. Кыргыздар шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт деп койчу беле?




  Орун алмаштыруудан сумма өзгөрсө

Башкы прокурордун орун басарлары алмашты
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, Башкы прокурордун орун басары, Аскер прокурору Айбек Турганбаев кызматынан алынып, ал орунга Виктор Иванов дайындалды. Ошол эле учурда, Марат Эшперов да Башкы прокурордун орун басарлык кызматына бекиди. Виктор мырза буга чейин деле Башкы прокурордун орун басары болуп келген. Баса белгилей кетчү нерсе, мындай жогорку кызматка дайындалган Марат мырза коомчулукка анча таанылуу эмес, ушундан улам анын мурда кандай кызматтарды аракалап келгендиги тууралуу кабарыбыз жок. Эмнеси болсо да, кадрларды алмаштыруудан оң натыйжа чыкса...




Кезек Индияга келдиби?
Кыргызстандан араб өлкөлөрүнө өткөн нааразычылык акциялары жүрүп олтуруп, эми дүйнөдө калктын саны боюнча экинчи орундан биринчи орунга чыгайын деп жаткан Индияга жетиптир.
Индустардын борбор калаасы болгон Делиде 23-февралда 100 миңден ашык адам катышкан нааразычылык акциясы болуп өттү. Алдан ала айтылган митингдин уюштуруучуларынын сөзүнө назар салсак, ага катышуу максатында Индиянын 19 жеринен баш-аягы 800 миңден 1 миллионго чейин адам чогулмак экен.
Нааразычылыкка чыккандардын негизги талабы, өлкөнү каптап бараткан жумушсуздукту жоюп, бийликтин коррупциялашып кеткенине бөгөт коюу. Маалыматка караганда, шаардык тартипти камсыз кылууга ал күнү баш-аягы 2 миңге чукул полиция кызматкерлери тартылып, бактыга жараша эч кандай кагылышуулар болбостон, митинг тынч маанайда өткөн.


  Укуктарын тебелеп

Өзбек кыздарына өлкөдөн чыгып жатканда "сойкулук менен алектенбейбиз"- деп жаздырышат
Өзбек бийлиги өз жарандарына катуу талап койгону сыртка чыгып жаткан көпчүлүк айымдардын нааразычылыгын жаратууда. Себеби, Өзбекстандын 18-35 жашка чейинки айымдары чет өлкөгө чыгып жатышса, аэропорттон эле "сойкулук менен алектенбейбиз"- деген милдеттенмелерди жазып берүүгө аргасыз болуп жатыптыр. Себеби, акыркы учурда сойкулук менен гана алектенбестен, өзбек кыздарын алдап чет өлкөгө алып чыгышып, кулчулукка сатып жиберген да бир канча фактылардын бети ачылган.


"Алиби" пресс