Кадыр эмес, кадрың барбы?

Керим Сарбашев, Салык кызматынын бөлүм башчысы:
"Өкмөт уруксат берсе, Чудиновду ит аткандай атмакмын"
- Керим мырза, Сиз "Жылдын мыкты салыкчысы" аталыпсыз, куттуктайбыз.
- Рахмат. Чындыгында мындай наам берилет деп күткөн эмесмин, буйрук экен. Өзүм да билген эмесмин, корпоративдик кечеде жетекчилер жарыя кылышты. Карасам эле Р.Отунбаева менен А.Атамбаевдин жанында турам.
- Эски жылда азыркы спикер А.Келдибеков Салык кызматын жетектеп турганда жегени, тоногону тууралуу кеп-сөздөр тараган. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Сиз башка нерселерди сурабайсызбы?
- Финансы чарбасын жетектеп келесиз, ар бир тыйындын кайда кеткенин билесиз дегеним да…
- Макул анда жооп берейин. Келдибеков Салык кызматына келгиче 18 жылда 16 жетекчи алмашыптыр. 16 жетекчи кылбаганды ушул адам 1,5 жылда жасады. Мисалы, Салык кызматында республика боюнча 614 компьютер 172 принтери болсо, анын жарымы бузук турган. Кээ бир райондор жалгыз компьютер менен иштеген. Эмеректер союздагы боюнча калган. Мекемелерде оңдоп-түзөө иштери такыр жүргүзүлгөн эмес. Транспорттордун 80%ы бузук болгон. Кызматкерлердин айлык акысы орточо эсеп менен 2 миң сомду түзгөн. Анын айынан паракорчулук өтө күчөгөн. А.Келдибеков 1,5 жылда 1500 компьютер, 700 принтер, 80 факс алып берди. Райондук жана шаардык 26 салык имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрдү. Бишкек шаарына 5 кабаттуу, Өзгөнгө эки кабаттуу имарат салып берди. 29 кызматтык жаңы унаа алды. Эмеректердин 60%ын жаңылап, орточо айлыкты 10 миң сомго көтөрдү. Азыр Нарында элдер отпускеге чыкканда 120 миң сомго чейин алышат.
- Жомоктогудай эле кеп салып жатасыз, анча акчаны кайдан тапты экен?
- А.Келдибеков 1,5 жылда Темиркул тилемчиден өтүп кетти. Москва, Лондон, Пекинге тынымсыз каттап, АБР банкынан ЮСАИД программасынан миллиондогон долларды грант эсебинде алып келди. Кетип жатканда өкүнүп, дагы бир жыл иштегенимде 10 млн. доллар грант алып келип, Салык кызматын гүлдөтмөкмүн деди. Баса, 21 үйү жок салыкчыга бекер батир алып берди.
- Келдибековдун кемчилиги жок дегени турасызбы?
- Кемчилиги жок жетекчи болбосо керек. Анын деле толтура кемчиликтери бардыгын бала кезден билем. Бирок, жумушка кедергиси тийгенин ушул кезге чейин байкаган жокмун.
- Казино-сауналарды жакшы көрөт дешет го…
- Казиного барганын укканым, көргөнүм да жок. Спикер болгуча саунага грант берген чет өлкөлүктөрдү алып барганын көзүм чалганын жашырбайм. Негизинен ар жекшемби күнү "Байтур" мончосуна барчу. Эл менен кошо шыпыргы чабынып, эл жеген тамакты жеп, эл ичкен аракты иччү. Аталган мончого М.Ниязов, У.Ормонов,Ж.Сатыбалдиевге окшогон лөктөр барат.
- Газ тармагындагы мыкты адистер катары бир нерсени айтсаңыз, "Республика" партиясы газдын наркын 2,5 эсеге түшүрөбүз деген. Бул реалдуубу?
- Реалдуу. Керек болсо бекер кылса болот.
- Кантип…
- Буга болгону саясий чечкиндүүлүк гана керек. Башкасын М.Айбалаев жасап койгон. Негизи Ө.Бабанов ташты эмес, кумду эсептеген жигит. Анын билбегени жоктугун чогуу иштешкенде байкагам. Бекер дегеним, мен "Кыргызгазда" башкы инженер болуп турганда үч жыл Лейлектин Арка айыл өкмөтүнүн жашоочуларын, Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак өкмөтүнүн калкын жана Өтүкчү, Ак-Турпак, Сох, Умай-Эне айылдарын бекер газ менен камсыз кылгам. Ага министр А.Шадиев, губернатор А.Бурканов күбө. Ошондо Арка айылындагы бир көчөгө менин атымды коебуз дешкен.
- Бекер деген биздин түшкө кирбей калды. Андан көрө "Бишкекгаздагы" 31%, "Кыргызгаздагы" 25% жоготуу тууралуу айтсаңыз, бул эмне уурулукпу?
- Биз иштеп турганда жылына 750-900 млн. кубгаз сатып алчубуз. Ошондо коммерциялык жоготуу 11%дан көтөрүлгөн эмес. Азыр т.а. эки жылдан бери жылына 250 млн. куб газ алат. Анан кандайча 31% жоготуу болгонуна түшүнбөйм. Карапайым эл, интеллигенция эч качан уурдабайт, ачка калса да газга төлөйт. Газды заңгыраган үйлөрдө жашаган байлар жана чиновниктер уурдайт. "Кыргызгаздын" жетекчиси Т.Кулмурзаев жана орунбасары А.Маматисаев өтө тажрыйбалуу адамдар, менин устаттарым. Бул адамдар жогорудагыдай чоң жоготууларга жол бергенин түшүнбөй турам. Ал эми "Бишкекгазда" ишкана, кафе, сауна ж.б. көп болгондуктан жоготуу көп болот. Экинчиден, ушуга чейин бул тармак жетекчиликке жарыбагандын айынан көкүрөгүн көтөрө албады. Экономист, тарыхчы сыяктуу газды түшүнбөгөн жогор жактын дилетанттары мамлекеттин кендирин кесүүдө. Учурдагы жетекчи да Т.Кулмурзаевдин макулдугусуз жогор жактан бекиген окшойт, жоготууну 31%га чыгарыптыр. Мындай жетекчини камаш керек.
- Сындаган оңой эмеспи. Дегеним, Сиз эмнеге кетип калдыңыз эле…
- Мени газдан куушкан. Чудинов менен Максим "Кыргызгаздан" 20 млн. доллар уурдашууда деп газетага жазып, бир фирма аркылуу 100 млн. куб газ кымырганын так айтып, финполго бергеним үчүн мени камап коюшту. Ошондо Ө.Бабанов: "байке, ажыдаардын куйругун бастыңыз, эми сак болуңуз" деген. Билип айтканын кийин түшүндүм.
- Чудиновдун кайда экенин билесизби?
- Үй түрмөгө чыгарып коюшкан, Караколдо лыжа тээп, ипподромдо ат минип, жыргап жүрөт. Тоок уурдаган байкуштар түрмөдө, миллиондорду кымыргандар төбөдө жүргөнү өкүндүрөт.
- Уурулардын камаларына ишенбейсизби?
- 100%га айталам, жоопко тартылбайт. Чудинов азыр мүлктөрүн сатууда, жакында жылт коюп кете берет. Эгер өкмөт мага уруксат берсе, Чудиновду ит аткандай атмакмын.
- Мынчалык кастарыңызды тиккенсиз?
- Биринчиден, Чудинов менин үй-бүлөмө көрбөгөн кордукту көрсөттү. Моралдык жактан тебелеп, финансы жактан сындырды. Экинчиден, миңдеген, миллиондогон кыргыздын эмгегин жеп, тентитти, тозутту.
Маектешкен
Зулпукар Сапанов




  Өкмөттө эмне кеп?

Асылдуулукка көңүл бөлүнмөйүнчө
кайтарымдуулук артпайт
Акыркы жылдарда өлкөдө малдардын азыктуулугу, талаачылыктын кайсыл чөйрөсүндө болбосун ар гектардын кайтарымдуулугу төмөндөөдө. Ага дыйкандардын жана фермерлердин колдорундагы үрөндөрдүн сапаттуулуктарынын , төрт түлүк малдын асылдуулуктарынын начарлап кеткендиги себеп болууда. Анткени, мурдагы колхоз, совхоздордун учурундагы малдарды асылдандыруучу станциялардын, үрөнчүлүк чарбаларынын дээрлик бардыгы менчиктештирилип, функциялары өзгөртүлүп, жоюлуп кеткен. Ал эми быйыл айыл чарбасынын 4 пайыздан кем эмес өсүшүн камсыз кылып, кийинки жылдарда да ишенмдүү өнүктүрүү үчүн тармакта иштегендерге жеңилдетилген кредиттерди берүүнү кескин көбөйтүп, аларды жетиштүү өлчөмдөгү күйүүчү жана майлоочу майлар, минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуудан сырткары тез аранын ичинде ар облуста бирден кем эмес малдарды асылдандыруучу станцияларды жана үрөн чарбаларын түзүү керек.
Буларга жана өлкөнүн агро өнөр жай комплексин башкарууну өркүндөтүп, ар облуста бирден канаттуулар фабрикасын, этти, сүттү кайра иштетүүчү заводдорду ишке киргизүү маселелери жакында Өкмөттө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун төрагалыгында өткөрүлгөн кеңешмеде талкууланып, мурдагы ар кандай инспекцияларды жоюп, айыл чарбасындагы абалды көзөмөлдөө боюнча " Мамлекеттик айыл чарба көзөмөл" деген бирдиктүү орган түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Дани Сарыке.