Чыныгы бурулуш оңой-олтоң болбойт, же Кыргызстандагы конституциялык
реформанын түрткү
себеби, маңызы жана
чакырыктары

К ыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Ата Мекен" социалисттик партиясынын депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 2011-жылдын 24-25-февралында Венада өтүп жаткан ЕККУнун (ОБСЕ) Парламенттер Ассамблеясынын ХХ кышкы отурумунда сүйлөгөн сөзү

Урматтуу төрага! Айымдар жана мырзалар!
Бүгүн бүткүл цивилизациялуу дүйнө Араб жарым аралы менен Түндүк Африканы камтыган кеңири региондогу процесстерге өзгөчө кунт коюп, ал окуялардын келип чыгуу себептерин жана кандай натыйжаларга алып келээрин аңдап билүүгө аракет кылып жатат. Ал эми Кыргызстан үчүн Тунис, Египет жана башка араб өлкөлөрүндөгү окуялардын спецификасы өзгөчө: биз аларга сырттан туруп гана баа бербестен, өзүбүзгө жакын алып, салыштырып, ичтен да карай алабыз. Анткени биздин коомубуздагы жогорудагыдай процесстердин тажрыйбасы али эскире элек. Дээрлик бир жыл мурда эле Кыргызстанда К.Бакиевдин авторитардык - үй-бүлөлүк - кландык бийлиги кулатылып, демократиялык реформалар башталды. Бирок бул бурулуш оңой-олтоң боло койгон жок. Реформалоо саясаты айыгышкан каршылыктарга тушукту. Бийлик алмашкандан кийинки дээрлик эки ай аралыгында өлкөнүн айрым региондорунда провокациялар уюштурулуп, адам өмүрүн кыйган массалык кагылышуулар да болду. Өлкөдө салыштырмалуу стабилдүүлүк жаңы Конституцияны кабыл алган 27-июндагы референдумдан жана 10-октябрдагы парламенттин жаңы чакырылышынын шайланышынан кийин гана орноду.
Биз 2010-жылкы окуялар Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою калыптанган саясий системанын терең кризисинин күбөсү деп ойлойбуз. Кыргызстан сындуу постсоветтик мамлекеттин потенциалы саясий өнүгүштүн башка моделдери сыяктуу эле азыркы замандын шартында өз кудуретин жоготуп, жараксыз абалга кептелди. Постсоветтик региондогу кээ бир мамлекет лидерлеринин тигил же бул формада саясий модернизациялоо жүргүзүүнүн зарылдыгын билдирип жатышы буга мисал боло алат. Мына ушинтип, өткөн жылкы окуя жалгыз Кыргызстанга тийиштүү гана шарттардан улам пайда болгон жагдай эмес, постсоветтик өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн өнүгүүсүнө мүнөздүү болгон объективдүү тарыхый зарылдык экени айкындалып турат. Бирок коомдук - саясий мамилелерди мындан ары модернизациялоо жана демократизациялоо маселеси жеке постсоветтик региондогу мамлекеттердин гана күн тартибинде турбагандыгын Магриб мамлекетиндеги революциялык секирик айгинелегендей болду. Акыркы он жылдыкта дүйнө өтө тездик менен өзгөргөндүктөн, көпчүлүк мамлекеттердин саясий системасы мезгилдин агымы менен айкалыша албай, артта калып кеткен.
Бүгүнкү информациялык коомдо саясий уюмдардын жана мамлекеттик башкаруунун эски формасы өзгөрүлгөн сациалдык, экономикалык, маданий процесстердин маңыз-талабына жооп бербейт. Мында демографиялык өсүш, өзгөрүүлөр да өз ролун ойноду. Коомдук - саясий аренага жарандардын жаңы мууну чыкты. А алардын көз карашы, ой жүгүртүүсү жана кызыкчылыктары менен муктаждыктары өздөрүнүн ата-энелери болгон улуу муундукунан кескин айырмаланып турат. Алар - маалымат жана коммуникациялык революциянын туундулары. Миллиондогон жаштар социалдык-саясий активдүүлүктүн курагына жетип, аренага чыкты, бирок өздөрүнө өнүгүш перспективасын, коомдогу абалга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн таппай калышты. Пайдаланылып ачылбаган социалдык энергиянын жана каршылык маанайынын топтолуп жыйылышы мына ушундай шарттан улам болду. Ошондуктан бүгүн жарандардын жаңы мууну саясий системанын альтернативасын жана саясий курс менен башкаруучу кадрлардын ачык, эркин шайлоолор аркылуу алмашуусун талап кылып жатат. Марксизм классиктеринин аныктамасы менен айтканда, бүгүн "жогоркулар мурдагыдай башкара албаган, а төмөнкүлөр мурдагыдай жашагысы келбеген" революциялык кырдаал түзүлдү. Демек эми бурулуш - өзгөрүштөрдүн баары күтүлүү кубулуш. А өзгөрүүнү каалабаган режимдер ал процессти канчалык артка тартып, токтотуп тура алат, маселе мына ушунда.
Жарандардын бийликке массалык каршылыгы каерде болбосун, түпкү себеп -жөнү окшош: авторитардык - үй-бүлөлүк - кландык башкаруу, коррупциянын "гүлдөп өсүшү", баш-аягы көрүнбөгөн экономикалык кризис, социалдык теңсиздиктин жогорулашы, инфляция, жумушсуздук жана аргасыз эмгек миграциясы. Ошондой эле, каерде болбосун жарандар мындай кедергиге кетүү саясий - мамлекеттик башкаруунун кемчилигинин түздөн-түз натыйжасы деп эсептешет. Кыргызстан да бул көрүнүштөн сыртта эмес.
Кыргызстандагы революция 2010-жылдын жазында эле башталып отурган жок. Андан туура беш жыл мурда - 2005-жылдын мартында кыргызстандыктар авторитардык - кландык - үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлүп, бийликти кулатышкан эле. Тилекке каршы кеткен бийликтин ордуна кайра эле авторитардык бийликти эңсеп, аны чыңдап бекемдөөнү көздөгөн команда келди. А бул көрүнүш беш жылдан кийин кайрадан элдик төңкөрүшкө түрттү.
Экинчи авторитардык режим кулагандан кийин биздин алдыбызда: демократия аралчасы - авторитардык режимди калыбына келтирүү - жаңы көтөрүлүш - мына ушундайча тагдыр чечээр айрылыштар турду. Бул кыйчалыш кырдаалдан кандай жол менен чыгуу керек эле?
Биз негизги принциптери авторитардык режимдин кулашына чейин эле иштелип чыккан Конституциялык реформаны сунуш кылдык. Ал реформа эбегейсиз бийликтин бир колго топтолушун жоюп, туруктуу саясий атаандаштыкты камсыз кылууга багытталган. Биз экономика чөйрөсүндөгү акыйкат, адал негиздеги атаандаштык механизмдерин пайдаланып, кийирүү менен саясат айдыңына да өз алдынча антимонополиялык норма түздүк. Реформанын келечек максаты - жаңы социалдык - саясий мамилелерди аныктап, өзүбүздүн регион үчүн жаңы типтеги саясий маданиятты акырындап калыптандыруу. Дал ошондуктан Конституцияга төмөндөгү принциптер кирди:
1. Парламенттик республика формасы
2. Конституция боюнча максималдуу мөөнөтү 6 жыл - бир мөөнөттөн ашпашы белгиленип, президенттин укуктарынын чектелиши
3. Өкмөттү түзүү жана анын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, парламенттин укуктарынын кеңейтилиши
4. Парламенттик оппозициянын ишмердүүлүгүнө жана анын айрым жогорку бийлик органдарын түзүүгө катышуусуна кепилдик берүү
5. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөө жана алардын укуктарынын кеңейтилиши
6. Судьялар корпусун толук алмаштыруу жана жарандык коом менен оппозициянын катышуусунда сот системасынын жаңы курамын түзүү аркылуу сот бийлигин кескин реформалоо
7. Жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жана көп партиялуу демократияны бекемдөөгө багытталган шайлоо системасын түзүү.
Арийне, конституциялык реформа процессинин жүрүшүндө биз саясий системаны түп тамырынан реформалоого жана анын жүрүш темпине таасир эткен каршылыктарга туш болдук:
1. Биринчи каршылык геосаясий жайгашуубузга байланыштуу тескери маанайдагы тегерегибизден чыкты. Айрым коңшу мамлекеттер Кыргызстандын парламенттик республикага айланышына каршылыгын билдиришти. Мындай көрүнүш өлкөбүз үчүн эл аралык изоляцияда, экономикалык блокадада калуу коркунучун туудурду.
2. Коррупциянын көп жылдык "гүлдөп өсүшү" алсыраткан мамлекеттин тышкы жардам, финансылык карыздарга өзгөчө көз карандылыгы. Тыштан андай жардамдарды алуу үчүн көп учурларда жалпы коомдун кызыкчылыктарына карама-каршы келген шарттарга көнүүгө туура келген. Анын ичинде авторитардык башкаруудан баш тартуу аракети да.....
3. Жарандык коомдун негизги институттарынын, асыресе, саясий партиялардын өсүп жетилбегендиги. Мурдагы режимдер саясий партиялардын, алардын идеология, программасынын жана кадрдык потенциалынын өнүгүп - өсүп, бекемделишине максаттуу түрдө тоскоол болуп келген. А бул көрүнүш толук кандуу саясий атаандаштыкка чектөө киргизип, саясий күчтөрдүн эски салттык белгилер (регионалдык, уруучулук, конфессионалдык ж.б.) боюнча гана жасалма топтолушун негиздеп келген. Заманбап, дүйнөлүк стандартка төп өнүккөн партиялык уюмдар жок болгондуктан, биздин өлкөнүн тарыхындагы алгачкы эркин шайлоодо трайбализм, сатып алуу, криминалдык кысым сыяктуу одоно көрүнүштөр кеңири орун алып, пайдаланылды. Бул жагдай шайлоочулардын тандоосуна жана ал аркылуу түптөлгөн парламенттин курамына чоң таасир этти.
4. Баңгибизнесин жүргүзгөн "баңгитрафик" аркылуу оңбогондой киреше тапкандары арасында бар уюмдашкан кылмыш топторунун каршылыгы. Адегенде алар референдумду үзгүлтүккө учуратууга басым жасашты. Анан баары бир анын өтөөрү анык болгон соң, парламенттик шайлоодо реваншисттик мүнөздөгү партияны колдоп, сүрөөгө алышты.
5. Реформа душмандарынын мүмкүн болгон бардык конфликттерди, карама-каршылыктарды уюштурууга далалаты. Көп жылдар бою чечилбей, үйүлүп калган проблемалардын жана борбордук бийликтин алсызданышынын натыйжасында жаралган социалдык-экономикалык оор кырдаалды пайдаланып, алар ар кандай көз караштагы саясий кыймылдардын өкүлдөрүн кагыштырууга, региондор арасындагы анча-мынча айырмачылыкты саясатташтырууга аракет кылышты. А акырында улуттар аралык кагылышуу отун тутандырышты.
6. Кыргызстандагы этникалык араздашууга коңшулаш мамлекеттердин көңүлүн буруп, катыштырууга тартуу аракети. Мындай кийлигишүү конфликтти андан ары күчөтүп, биротоло оожалдырып, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун алкагында саясий кырдаалды туруксуздаштырууга алып бармак.
7. Бийликтен кулаган клан каршы салууну көздөгөн ири өлчөмдөгү финансы каражаттары жана алардын олуттуу уюштуруу мүмкүнчүлүгү. Экономикадагы кирешелүү тармактардын баарын бүт бойдон бир үй-бүлөнүн же кландын колуна уучтатып коюу мамлекет үчүн канчалык деңгээлде кооптуу экендигин биздин өлкөнүн мисалы ачык айгинеледи. Чексиз бийликтин колу менен топтолгон каражат үй-бүлөлүк клан бийлигин жоготкондон кийин да өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырып, коомду ары-бери чайпалтууда роль ойноду.
8. Дээрлик 20 жыл ичи топтолгон социалдык проблемалардын жана түрдүү карама-каршылыктардын өтө ири өлчөмгө жетип, үймөктөлүп калгандыгы. Жылдар бою чечилбей келген көптөгөн проблемалар режимди алмаштыруу менен коштолсо да, социалдык -экономикалык кризистин фонунда ансайын курчуп турду. Мокочо түр алган социалдык теңсиздик, кылмыштуулук жана коррупциядан кол үзүүгө багыт алган коомдун өткөөл мезгили түрдүү провокация, конфликттердин жаралышына чечкиндүү каршы туруп, сактанышы кыйын экен.
Биздин оппоненттердин конституциялык реформаны үзгүлтүккө учуратууга кылган далалаты Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык трагедиялуу конфликтке алып барды. Тилекке каршы, биз ал чырдын алдын алып, болтурбай коё албадык. Андагы зордук-зомбулукту токтотуп, кырдаалды жайгарууга да бир топ күндөр сарп кылынды. Ондогон адамдар каза тапты, демек бул каргашанын ачуу сабактары коомдук аң-сезимде дагы кыйла жылдар бою сакталат. Ошондуктан биз реформалоо жана кайра түзүүлөргө багыт алган өлкөнүн өкмөтүн өтө кыраакы болууга чакырабыз. Анткени кулатылган авторитардык режим жана анын жактоочулары жаңы бийлик үчүн да дагы да кыйла убакытка чейин олуттуу душман катары кала берет. Демек, ар кандай кырдаалга даяр болуу керек.
Чыныгы бурулушка оңой-олтоң жетүүгө болбойт. Бирок бул жагдай адам укуктарынын гармониялуу маңыз алышы, бекем нуктагы демократиялык өнүгүү жана натыйжалуу башкаруу - баары айкалышкан саясий түзүлүш жолун издөөдөн баш тартууга себепчи боло албайт.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.