Бейнелерге сүртүмдөр.

Эки дөңгөлөктөй окшошкондор

Орустун улуу жазуучусу Николай Гогольдун "Текшерүүчү" деген комедиялык драмасында мүнөздөрү, кыял жоруктары эгиздердикиндей окшош, кайда болбосун бирге жүрүшкөн Бобчинский менен Добчинский деген эки майда чиновник бар эмеспи. Эсте калгыс ал эки кейипкерди улуу жазуучу эмне максатта драмасына киргизгендигин билбейбиз, мүмкүн алар аркылуу харизмалык сапаттары жок, өздөрүнүн гана камын ойлоп, ошонун гана көйгөйлөрүндө жүргөндөрдүн сырткы, ички көрүнүштөрү боюнча биринен экинчисинин айрымалары деле болбойт деген идеяны билдирүү үчүндүр, же ошол убакта жазуучу чындап эле ошондой ээрчишип жүргөндөрдү турмуштан кезиктиргендир, айтор, көркөм кейипкерлер боюнча канча ой жорууларды жасасаң боло берет, бирок, таң калыштуусу, кыялдары, ички жана тышкы дүйнөлөрү, а түгүл карьералары жана алдыларына койгон максаттары да, дагы бир адабий кейипкерлер аркылуу айтканда, Помпадур менен Помпадуршалардыкындай окшош жарандар турмушта да кезигет.


Ишенбесеңиздер Бишкектин азыркы мэри Иса Өмүркулов менен мурдагы мэри Нариман Түлеевди салыштырып көрүңүздөр. Бойлору эгиз улактардай болгон эки инсандын ойлору да, максаттары да окшош. Майлуу жер болсо эле биринен өтө экинчиси жулкунуп, күйкө чымчыктарга күн көрсөтпөгөндөй эле баса калалык деп турушат. Ажатканага эле бөлөк барышпаса, калган учурларда бири бирин кубалап, кээде толмочураагы озуп кетсе, анан арыгыраагы аркасынан кууп жетип, биринин изин экинчиси тазалап эле келе жатышат. Алгач Өмүркулов Чүй боорунан чыккан чоң бизнесмендердин бири болду эле, Теңир тоонун боорунда өзүнө окшоштор менен соода кылып жүрүп, эки-үч жылдын ичинде Түлеев андан озуп кетти. Өмүркулов депутаттыгын колко кылып жүрүп, Кыргыз темир жолуна келип, жети жылдай жетекчи болуп иштеген убагында ишкананын эч нерсесин калтырбай темирлерине чейин жеп, акырында банкроттук абалга такап койду деп жар салышса, анын сары изине чөп салып, ордун аңдып жүрүп араң жеткен Түлеевдин барганына бир жылдай өтө электе ал баарын түздөп жиберди, ишканага жаңы вагондор батпай баратат деп мактап киришкен. Ырасын айтуу керек, ал мактоолордун канчасы чын, канчасы калп экендигин билбейбиз, бирок Түлеевди Кыргыз темир жолунда жүргөндө да, Бишкекке мэр болуп иштеген мезгилинде да апендинин кызындай макташып, а түгүл экинчи качкын президенттин ак көңүлү кармаганда "келечекте премьер кылып дайындайм" деп аны тармал чачынан сылай эркелетип жүргөндүгү ырас. Андай мамилеге жаш баладай кубанып кеткен экс-мэр бир жолу "Бакиев деген жаңы аталуу болдум" деп мактанып да жиберген. Бирок, ошондо эле Өмүркулов " Нариманчик шашпа, менин азыркы энем жоолугу менен сабап, сенин бакма атаңды Акаевдин артынан кууп жиберет" деп жогорураактан келген дешет. Экөөсүнүн тең күркө, павильон, сөрө-пөрө дегендерге карата жаш чактарынан чалдыккан айыккыс аллергия ооруулары бар. Түлеев мэр болору менен Бишкекте күркөлөргө каршы түпкү теги Тайлак баатыр калмактарга каршы газават жарыялагандай согуш ачты эле, ал согушту азыркы мэр Өмүркулов аягына чыгара албай кыйналууда. Бул өңүттөн алганда алардын популисттик жактары да окшош. Албетте, чоңураак нерселерди куруп бүткөргөндөн көрө базарларда жана чоңураак ит араң батчудай болгон күркөлөрдө майда-чүйдөлөрдү сатып тиричиликтерин кылып жатышкан бечара кыз-келиндерге чоңсунуп, аларды ары кубалап, бери сүрүп, күркөлөрүн илмекейлүү машиналарга илдирип ыргыттырып тургандан жеңил да, тынч да эч нерсе жок. Жогору жактагыларга, элге мынча үй, тигинче мектеп жана бала бакча курдук дегенден көрө, мынча күркөнү, тигинче павильонду илдирип ыргыттырдык деп отчет берген оңой. Бирок, баалар асмандап, ири базарлардын бардыгынын соода жүгүртүүлөрү азайып, эл аябай кыйналып турган чакта касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы дегендей кылбай күркөлөргө каршы төрт фронтто жүргүзүп жаткан согушун убактылуу токтотуп элдешүү жарыялап турса деле болмок. Эгерде төрт фронтто жабыркаган күркөчүлөр биригип алышып Өмүркуловдун өзүнө каршы согуш жарыялаша турган болсо, абалы аябай чатагына айланып кетип, энекеси түгүл ата бабаларынын арбактары да жардам бере албай калуусу да ыктымал.
Түлеев тротуарлардын жээктеринин баарын бош калтырбай, алардын бетон асфальттарына чейин ойдуруп, кожогаттардын сабактарындай илмийген көчөттөрдү тиктирип кетти эле, азыр аларды Өмүркулов көгөртө албай шайы кетүүдө. Былтыркы ополоң-тополоңдордо мэриядагылардын аларды ойлогонго шайлары жетпей жүрүп, отургузулгандардын жармысы куурап да калган. Быйыл азыркы мэр экс-мэрди туурап жаңы көчөттөрдү отургузабы же күркөлөргө каршы ачкан күрөшүн аягына чыгарып, базарчиктерге жана дүкөндөргө каршы газават жарыялайбы, анысы азырынча белгисиз.
Экөөсүнүн бир автоунаанын дөңгөлөктөрүндөй окшоштуктарына дагы сүртүмдөр: Өмүркулов мурдагы парламенттин эң сөзгө чоркок депутаттарынын биринен болсо, "атакеси" алыска кеткенден бери Түлеев сүйлөгөндү да унутуп калгандай. Ата журтчулардан депутат болуп шайлангандан бери Түлеевдин ооз ачканын көрө элекпиз. Дайыма тегеренме отургучта шыпты карап бир нерсени ойлонуп отурганы отурган. "Атакесин" сагынуудабы, же канткенде кайра мэрликке барам деп ою онго, санаасы санга бөлүнүүдөбү, анысын кудай акы так билбейбиз. Биздин оюбузча, Нариман мырза сагынуу менен санаадан алигиче чыга албай жүрөт окшойт.
Бул экөөсүндөгү мекенчил кыргыздарга таптакыр жакпаган эң негизги окшоштук - экс-мэр да, азыркы мэр да улуттук маданиятка, кыргыз тилине жана рухий дөөлөттөргө таптакыр ынтаа ыкластары жок, кайсыл бир кинонун тили менен айтканда "өздөрдүн ичиндеги жат" инсандар. Экс-мер Бишкектин борбордук аянтына калмактардын айкелдерин орнотуп алып элге шылдың болсо, азыркы мэр мамлекеттик тилди өнүктүрүп, колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча кымындай да иш жасаган жок. Башка республикаларда адатта борбор калааларга жетекчиликке чыныгы мекенчилдер, улуттук маданиятты жакшы билишкендер дайындалышат, анткени, борбор калаадан улуттун, мамлекеттин жүзү көрүнүп туруусу керек. Тилекке каршы, биздин борбор калааны эки ооз сөздүн башын эптеп кошо алышпаган, базаркомдордун деңгээлдериндеги, өздөрүнүн бизнестерин өнүктүргөндөн башка эч нерсеге кызыгышпаган Түлеев менен Өмүркуловго окшогон технократтар энчилерине басып алышып, улуттун рухун которгонго мүмкүндүк бербей жатышат.

Дани Сарыке