Ким мураскор,
Каптагаевби?
Ким мураскор? Кимге, эмнеге экенин айттырбай эле түшүнөбүз да! Бирөөлөр айтат, "Болочок президенттикке бир жараса, ушу Каптагаев жарачудай экен" деп. "Эмнеге" десек, "Эмилбек мырзанын баласы чоңоюп, Айдар менен Максимдин ордун басууга жарап калган турбайбы. Гезит окубайт турбайсыңбы" дейт. Күлөсүңбү? Айласыз күлөсүң да. А мүмкүн маңдайына жазылса, болсо болуп калар. Жакында эле, Каптагаев көлдүк агаиндерин чогултуп, жүдаа масилеттешти дейт. Болду-болбоду, ушу президенттик жөнүндө сүйлөштү болуш керек.
Минтип, президенттикке даяр мураскор турса, кайсы бир бизнесмен шаардын жатаканаларын кыдырып, "Көзү ачыктар айтышты. Буюрса, мен президент болом. Мага иштегиле" деп жүгүрүп жүрөт дейт. Алла ыраазы болсун, пенденин оозундагы нерсе, кудайдын кулагында дечү беле?

Байболовдун ордун "атажуртчулар"
Абдылдаевге сурап атат
Кыргыз парламенти Улуттук банктын төрагалыгына Бактыгүл Жээнбаеваны жана Башкы прокурорлукка Кубатбек Байболовду бекитип берүүнү(макулдук берүүнү) кийинкиге жылдырды. Ал экөө Убактылуу Өкмөттүн декрети менен дайындалып, ушу мезгилге чейин "М.А." ("И.О.")деген кошумча ат менен иштешип келатат. Узун кулактардын айтымында, "Ата-Журт" фракциясы Башкы прокурордун ордуна кызыгып турган имиш. Алар бул орунга Мыктыбек Абдылдаевди кудалап жаткан өңдүү. Бу киши тымпыйган менен, көп нерсе ичинде жаткан окшойт.
"Кыргызпатент", Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, "Айылбанкты" алган "Ата-Журт" фракциясынын аппетити ачылып бараткан жокпу, президенттин ыйгарым укуктарына кол салып.

Өмүракунов спикер болуп шайланды
Жыйырмадан ашуун саясый партия жана коомдук уюмдардан куралган "Кыргызстан саясый партияларынын конгресси" альтернативдик парламент жана альтернативдик өкмөт түзүштү. Альтернативдик парламенттин спикери болуп - "Замандаш" саясый партиясынын төрагасы Муктарбек Өмүракунов, ал эми альтернативдик өкмөт башчы болуп - Аликбек Жекшенкулов шайланды. Учурда альтернативдик парламент менен өкмөттүн структурасы, мүчөлөрүнүн саны, алардын функциялары иштелип чыгууда. Мындай кадамды колдогон Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кызматташууга даяр экенин билдирип, ортодо меморандумга кол коюлду. Мындан ары альтернативдик парламент менен өкмөт саясый, социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоодо жана ар түрдүү мыйзамдарды кабыл алууда альтернативдик варианттарды сунуштап турушат.


Чындыкты айткан эч кимге жакпайт
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев "караларынан" да, "кызылдарынан" да коркпойт экен деп койдук. Кыргызстанда болгону 2-3 гана уюшкан кылмыштуу топтор бардыгын, анын белгилүүлөрү Көлбаевдин, Батукаевдин топтору экенин айткан министрдин орунбасары алардын "крышалары" ИИМде, прокуратурада, УККда, сотто отурганын ачык эле айтып койду. Бирок, минтип "крышалары" ИИМде, прокуратурада, УККда, сотто отурат деп чындыкты айткан киши эч кимге жакчу эмес эле.


Кызыбызды коргогула дейт ко
Бу трайбализм, тууганчылык деген илдет кыргыздын каны менен кошо жаралып, аралашып, жуурулушуп калгандан кийин айыгышы кыйын болуп калды окшойт. Бир кезде Акаевди таластыктар менен кеминдиктер катуу колдошуп, бири күйөө бала дешсе, экинчи тарабы кулунубуз дешип, айтор абдан катуу эле коргоп келишкен. Кийин Курманбек Бакиев бийликке келгени Жалал-Абаддыктар катуу чыгышып, "өзүбүздүн балабыз" таризинде ар кандай митингдерге каршы антимитингдин башы дал ошол аймактан чыгып, жада калса 7-апрелден кийин дагы кылкылдаган эл чыгып, айланта курчап туруп алышкан. Эми кезек таластыктарга келгени бу эжекебиздин кичи мекени катуу күчөдү. "Ата-Журт" десе эле аллергиялары кармап, дароо митингге чыга калып коргомойлору бар. Өгүнү Таласка барган Президенттин жолугушуусунда аксакалдар Роза Отунбаеваны "Манас Ордо" комплексинин бир бөлмөсүнө жашыруун кийрип, аны менен кошо барган таластык министрлер Зарылбек Рысалиев, Бусурманкул Таабалдиев, Алиясбек Алымкулов, Сабыр Жумабековдорду катарга тизип алышып, "апчеңерди коргой албасаңар, алдагы ыштаныңарды эмнеге кийип жүрөсүңөр? Же силерге бийлик эле керекпи? Эмне үчүн жалгыз кызыбызды катуу коргобойсуңар?" дешип катуу такалаганын эшиттик. Кыязы, бир жарым жылдык мөөнөттү аз көрүп жатышкан окшойт го сыягы. Эх трайбализм, трайбализм!


Шайназаров алган дейт,
Кулматов жалган дейт
Парламент депутаты Тынчтык Шайназаров өткөн жумада чуулгандуу маселени көтөрүп чыкты. Анын айтымында Бажы комитетинин башчысы Кубанычбек Кулматов жыл аягында өзүнө 260 миң, ал эми орун басарларына 200 миң сомдон сыйлык жаздырып алган деп билдирди. Ал эми башкы бажычы томдогон документтерди көтөрүп чыгып, журналисттерге актануу аракетинде. Айтымында сүттөн ак имиш. Анда депутат кайсы негизге таянып жатат деген журналисттердин суроосуна Кулматов "анын сөзү карандай калп"- деп кутулду.


Ыргал Кадыралиева
пара бергенби?
Ордолуу Оштон чалыбатышат. Өткөн жумада Ош шаарынын жаштары менен жолугушкан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева көп-көп жакшы ой-тилектерин айтып келип, ЖОЖдордо паракорчулук күчөгөнүн айткан жаштарга: "Эгер силер жакшы окусаңар, ким эле зачет, экзаменден коюп бербесин. Мен физкультурадан башка эч бир сабактан пара берчү эмесмин"- дептир. Ким айтса да, жакшы айткан дечү беле?


"Алиби" пресс