Жаштарга орун берет, бербейт...

Тойчубеков кызматка тойбойбу?

Бакиев бийлигинин бекемделишине, өмүрүнүн узартылышына жакшы эле салым кошуп келген Юруслан Тойчубеков деген эрен бар. Апрель окуясына чейин эле ишсиз калып, айласы кеткенде Курманбек Бакиев менен үй-бүлөлүк карым-катнашта болуп жүрүп, ошол кезде Юстиция министри болуп дайындалган Курмантай Абдиевдин "креслого олтурушуң менен!"- деген таризде куттуктамыш этип барган. Ал эми чыныгы максаты, "досуңа айтып, мени бир кызматка олтургузсаң!"- боло деген экен. Бирок, алар антип-минтип эстерин жыйгыча, Бакиев менен кошо анын командасы да иштеринен шыпырылат.

Анан Юруслан акебиз жакшы эле убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тилин табууга бир топ аракет кылат, тилекке каршы "кыздын сыры төркүнгө маалым"- дегендей кылып, тигилер аны жандарына жакын жолотпой коюшат.
Анан өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун алдында "это тоже Бакиевский, то есть свой человек"- деп "Ата-Журт" партиясынын лидерлери өз катарларына кошуп, парламенттик шайлоо учурунда штабга иштетип коюшкан. "Сизди кызматка жолотпой коюшкан убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каяша айтып, кайсы бир маалыматтарга "опровержение" берип турасыз"- деген маанайда. Ошентип, "Ата-Журт" партиясы коалициялык өкмөткө киргенде Юруслан акебиз өзүнчө кудуңдап сүйүнүп, алаканын ушалап калган дешет. Эми кайрадан анын "ити чөп жеп", минтип Финансылык көзөмөлдөө кызматынын креслосун кучактап олтурат. Ушундан улам, "Тойчубеков кызматка тойбойбу?"- деген суроо туулат. Эмесе, жаштарга орун берсе болот эле да. Чынын айтканда, бул кызматты ээлегенге өзү гана сүйүнбөсө, Атамбаев менен аталган кызматтын катардагы кызматкерлери сүйүнбөсө керек.




  Шылтоого шынаа издеп...

Отунбаева Байболовго чабуул баштадыбы?

Аз күн мурда Р.Отунбаева Башкы прокуратурадагы жыл жыйынтыгын караган коллегияга катышып, прокуратура кызматкерлерине карата өзүнүн сын пикирин эмес, ич күптүсүн чыгарып алгандай сезилди.

Балким, ич күптү аныкы эмес, ага тексттин мазмунун даярдап бергендердики чыгар. Мамлекет башчысы өзүнүн мындай сын-пикирлери менен прокуратура кызматкерлеринин ишиндеги кемчиликтерди көрсөтүп, аны жакшыртуу үчүн айттыбы же жетекчини шыпыруу үчүн жасалып жаткан саясий жүрүштөрүнүн бириби? Мындай ойду ортого салып жатканыбыздын себеби, Отунбаева "Альфанын" ишин карап жаткан прокурорлорду жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрдү.
"Атайын операцияда каза болгон Ж.Бабараимов, 7-апрелдеги элди массалык түрдө аткандардын бири катары шектелип, Аскер сотунун жоопкерчилигине тартылып жаткан. Аны соттун чечими чыгып, күчүнө кирмейинче тезинен кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетип, курал кармоого такыр жолотпоо керек эле. Мындан тышкары, Токмоктогу кылмышкерлерди кармоо операциясына да "Альфанын" Кадыров, Цигельников, Ребенок сыяктуу жоопкерчиликке тартылып жаткандар тартылышкан экен. Кубатбек Калбекович, коомчулукка ачык айтыңызчы, сиздин прокурорлоруңуздан ким ушул иш боюнча жоопкерчиликке тартылды же тартылышат?"- деген суроону Отунбаева кабыргасынан койду.
Чындыгында, алардын атайын операцияларга катышканына прокуратура кызматкерлери эле эмес, ошол эле Аскердик соту жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилиги күнөөлүү экендигин Отунбаева өзү деле мыкты билет. Бирок, ушул суроону эмнегедир ошол эле К.Дүйшөбаевге узатканын биз уга элекпиз. Президенттин мындай кадамы Байболовду Башкы прокурорлуктан алып түшүү үчүн жасаган алгачкы аракетиби? Бийлик эгер кадр маселесинде мурдагы бийликтей болуп, оюндагысын оттоп, жакшы иштеп жаткан иш билги адамды кызматтан кетирип, анын ордуна өз кишисин алып келүү практикасын токтотпосо, бул жакшылыкка жана азыркы бийликке аброй алып келбээри бышык.




  Барыбызды барктай албай...

Арзыбекти баалай албаган алсыз өкмөт
Финансы министрлигинде бир канча жылдан бери такшалып, каржы тармагын катыра билген Арзыбек Кожошев аттуу министрдин орун басары бар. Өгүнү Чоробек Имашев аталган министрликтен кеткенде Арзыбек мырза министрдин милдетин аткармай болду дегенин уккан көпчүлүк сүйүнүп калышкан. Эртеси эле дароо өкмөттүн башка буйругу чыгып, Арзыбек мырза четке сүрүлдү. Кыязы бул жерде дагы баягы эле көндүм түндүк-түштүк саясаты ойноп кетсе керек. Минте берсек качан оңолобуз?





  Каргыш менен кан кое бербейт...

Мубарак комага түштү
Египетте эл менен президенттин ортосундагы 18 күндүк тиреште эл акыры Мубаракты кызматынан кетирүүгө жетишти. Албетте, арабдар үчүн бул оңойго турган жок. Себеби, президенттик тактысын сактап калуу үчүн Мубарак ачка элдин кайсы бир бөлүгүн акчанын күчү менен көтөрүп, эки элди кагыштырууга чейин барды. "Мен сентябрь айына чейин кетпейм"- деген 10-февралдагы билдирүүсү миңдеген арабдардын кыжырын кайнатып, жума намазына келген калың эл канкор башчыны аргасыздан качырууга мажбур кылды. Ал үй-бүлөсүн алып Каирден башка тарапка учуп кеткен эле. Маалыматтарга караганда, ал катуу нервденип, учурда комага түшүп калгандыгы айтылууда.




  Кадрдык алмаштыруулар

"Манас" аэропортунун жетекчиси алмашты
Эл аралык аэропорттун директорлор кеңешинин чечими менен Болот Абдрахманов "Манас" аэропортунун директорлук кызматынан алынып, анын ордуна Эрик Шайдинов дайындалды.





  Депутаттын бир тууганы эмеспи?

Кыргызпатентке
Калмаматов барды

Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Зина Исабаева ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Ажыбай Калмаматов дайындалды.


"Алиби" пресс